Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 22 - 2. Скелеттин эң негизги функционалдык бирдиги болуп



Pdf көрінісі
бет8/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 22 -
2. Скелеттин эң негизги функционалдык бирдиги болуп
 сөөк 
эсептелет. Адам организмин түзүп турган ар бир сөөк бул тирүү, 
пластинкалык, өзгөрмөлүү органы болуп саналат. Сөөк бир кан-
ча ткандардан түзүлгөн болуп, алар биригип скелеттин форма-
сын жана функциясын белгилеп турат. Сөөктү түзүп турган 
негизги ткань бул- сөөк тканы. Мындан сырткары скелетте 
–байланыштыруучу, ретикулярдуу, нерв ткандары кездешет. 
Алардын ар бири өзүнчө бири-бирине окшобогон формага ээ 
болот жана кемирчектүү пластинкалар аркылуу биригет. Ске-
летте жалпысынан 206 сөөк болуп алардын ичинен 85 жуптуу, 
39 жупсуз болот. Адам скелети бүт организмдин салмагынын 
10%тин түзүп турат. 
Сөөктүн химиялык курамы - 2 түрдүү химиялык органика-
лык жана органикалык эмес заттардан куралган. Органикалык 
эмес заттар-суу жана туз (1-иретте Са). Сөөктө куралган орга-
никалык заттар 
оссеин д. а. Тирүү адамдын сөөгүнүн составын 
50%ке чейин суу, 22% туз (кальций, фосфор) 12% оссеин (белок, 
углевод) жана май 16% түзөт. Жалпысынан алганда 2, 3 бөлүк 
органикалык эмес заттар түзөт. Эгер сөөктү HCI (туз кислотасы-
на) салынса, анда анын курамындагы минералдык туздар эрип, 
сөөк жумшак жана эластикалык болуп калат. Эгер сөөктү оттун 
жалынына күйгүзсөк анда ал формасын сактайт, бирок курамын-
дагы органикалык заттар күйүп жок болот да, сөөк морт болуп 
калат жана тез эле сынат. 
Мындан сөөктүн ийилчектиги органикалык заттарга, ошон-
дой эле бекем жана катуулугу органикалык эмес заттарга байла-
ныштуу экендигин билсек болот. Адам сөөгүнүн 1 мм
2
ти 15 кг 
жүктү көтөрө алат. Сөөктүн химиялык составы адамдын жаш өз-
гөчөлүгүнөн, аткарган жумушунан, тамактануусунан жана баш-
ка факторлордон көз каранды болот. Жаш балдардын сөөгүндө 
органикалык зат оссеин көп болот жана ийилчээк болот. Эгер 
организмде «Д» витамини жетишпесе сөөк тканынын туура эмес 
өсүшүнө алып келет. Адам улгайган сайын сөөктүн составын-
дагы оссеин төмөндөп, органикалык эмес заттар тескерисинче 
(минералдык туздар) жогорулайт жана сөөктө ийилчектүүлүк 
жоголо баштайт. Натыйжада сөөк кокусунан сынып кала турган 
болсо, анда анын калыбына келиши көп убакытты талап кылат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет