Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет9/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Сөөктөрдүн формасы. Адам скелетин түзүп турган сөөктөр 


- 23 -
формасы боюнча ар түрдүү болот. М: кыска, узун, жалпак жана 
аралаш. 
Узун сөөктөр - көп кыймылдуулукка ээ болгон сөөктөр ричаг 
функциясын аткарат. Алар трубка сымал формага ээ болуп 
2 башы 
эпифиз, ортосу диафиз деп аталат.
Эпифиз 2 түрдүү болот: 
1. Проксималдуу 2. Дисталдык
Проксималдуу эпифиз жакын жайланышкан абалда болот. 
Мындай узун сөөктөргө кол, буттун сөөктөрүн киргизебиз. 
Кыска сөөктөр. Мындай сөөктөргө алакан, манжа, бут кет-
мен сөөктөрү кирет. Алар кыска жана кыймылдуу келет. 
Жалпак сөөктөр- кыймылсыз кабырга жана далы сөөктөрү 
кирет. 
Адам баласынын скелети сөөк клеткаларынан туруп, алар 
ос-
теобласт деп аталат. Ал формасы боюнча куб сымал, көп бурч-
туу болот. 
Сөөктүн түзүлүшү: Ар бир сөөк сыртынан тыгыз каптоо ме-
нен ошондой эле ички бөлүгү сырткы жана ички болуп бөлүнгөн 
каптоо менен капталган. Алар тыгыз заттан жана борпоң заттан 
түзүлгөн болуп, сырткы бөлүк тыгыз заттан, ошондой эле ички 
бөлүк борпоң заттан куралган болот. Борпоң зат өтө ичке келген 
клеткалары тордомо катмарды түзөт. Бул тордомо катмардын ор-
тосунда сөөктүн мээси орун алган. Сөөк сыртындагы тыгыз кап-
тоо менен капталган борпоң катмар нерв жана кан тамырларга 
бай келет. Сөөк узунунан эпифиздик пластинка менен курчалып 
ал пластинка эсебинен өсөт. Бул катмар метафиздик катмар деп 
аталып, жаш балдарда ал качан узунунан өсүп бүтмөйүнчө сак-
талат. Метофиз эркек балдарда 25 жашка чейин, ошондой эле 
кыз балдарда 18 жашка чейин сакталат. 
Сөөк ичиндеги сөөк мээси 2 түрдүү болот, 
кызыл жана сары
Кызыл сөөк сөөктүн эпифиздик бөлүгүндө жайланышып, неги-
зинен кан клеткаларын пайда кылуу функциясын аткарат. Ал 
эми сары мээ сөөктүн диафиздик бөлүгүндө болуп, май клетка-
ларына бай. Алгач эмбрионалдык мезгилде бардык сөөктөрдүн 
ичи кызыл сөөк мээси менен толгон болот. Ал эми төрөлгөндөн 
кийин 12-15 жылдын ичинде сары мээ пайда болот. Жаңы кызыл 
мээнин көлөмү 1500 см
3
түзөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет