- 15 -
тан 80 жашка чейин эркектер.
9. Узакка жашоочулар 80 жаштан жогору.
2. Эмбрионалдык мезгил.
А) Жыныстык клеткардын түзүлүшү. Киши бардык эле тирүү
организмдер сыяктуу өзү көбөйүүгө, башкача айтканда өзүнүн
биологиялык түрүн сактоого жана улантууга жөндөмдүү.
Эркектин жыныс системасы
ички жана сырткы жыныс ор-
гандарына бөлүнөт. Эркектин ички жыныс органдарына жы-
ныс бези – уруктуктар же жумурткалар, жумурткалыктын урук
исиркеги, простата жана купер бездери кирет. Уруктукта бойго
жеткенден баштап өлгөнгө чейин сперматозоиддер пайда болот.
Белгисиз себептерге байланыштуу сперматозоиддерди пайда
кылуу үчүн зарыл болгон температура дененикинен төмөн бо-
лот. Сперматозоиддер кыпчыкейде топтолот. Урук исиркекте-
ринен, простата жана купер бездеринен бөлүнгөн суюктуктар
сперматозоиддер үчүн белгилүү химиялык чөйрөсүн түзүшөт.
Сырткы жыныс органдарына урук безинин тери баштыкчасы
калта жана сперманы аялдын жыныс жолуна киргизүү үчүн
кызмат кылуучу жыныс мүчөсү кирет. Уруктун ичинде өтө көп
сандаган сперматозоиддер пайда кылуучу каналчаларынын ке-
регелериндеги клеткаларда эркектин жыныс системасы гормону
– тестостерон пайда болот. Ургаачы жыныс системасында сырт-
кы жана ички жыныс органдарына бөлүнөт. Ички жыныс орган-
дары жыныс бездери – жумурткалыктардын түтүкчөлөрүнөн,
жатындан жана ургаачынын жыныс мүчөсүнөн, кындан турат.
Кындын оозу тутумдаштыргыч ткандан пайда болгон чел бел-
гиси менен жабышат. Ал челдин ортосунда айызды чыгаруучу
жылчыкча болот. Кыз белгиси, учурда болгондугуна карабастан,
коргоочу кызматты аткарышы ыктымал. Сырткы жыныс орган-
дары чоң жана кичине жыныс узуруттарынан жана түзүлүшү
жантай эркектин мүчөсүнө окшош өлчөмү
жагынан анчалык
чоң эмес органдардан турат. Жумурткалыктар эркектин уруктук-
тары сыяктуу кош функцияны аткарат. Жыныстык клеткаларды
(жумурткалык клеткалары) пайда кылуу жана түшүүчү ургаачы-
лык жыныс гармондорун иштеп чыгуу. Жетилген ургаачылык
организмде ай сайын энелик бездеринин биринде гипофиз гор-
монунун таасири астында болочоктогу энелик клеткалары бар
- 16 -
фолликул жетилет.
Жетилген фолликул энелик бездин бетине домпоюп чыга
баштайт, энелик безинин тышкы керегеси жукарат. Фолликул
пайда болуу мөөнөтүнө эки жума сарпталат жана анын акыркы
(9-10 күн) жакын ыйлакча жарылат жана жумуртка клетка фол-
ликулдан чыгат.
Бул процесс овуляция деп аталат.
Жетиле элек клетка чачыла куйгуч аркылуу жатын түтүгүнө
түшөт, бул жерде клетка жетилет. 7 күн бою энелик клетка жа-
тын түтүгү менен жатынды көздөй жылып отурат.
Жарылган фолликулдун көңдөйү
май сымал сары заты бар
клеткалар менен акырындап толот жана андан кийин сары зат –
ички секрециянын убактылуу безине айланат. Фолликул менен
сары зат аялдардын жыныс гормондорун бөлүп чыгарат. Сары
зат фолликулдун жетилишин токтотуп, жатындын былжыр че-
лин түйүлдүктү кабыл алышына даярдайт. Эгерде энелик клетка
уруктанбай калса, сары заттын чели овуляциядан кийинки 13-
14 күнү гормон чыгарууну токтотот. Шартынын өзгөргөндүгүнө
байланыштуу жатындын былжыр чели кан баштыкчасын пайда
кылат. Былжыр челдин кырындылары кан менен бирге агып тү-
шөт. Бул мезгил айыз деп аталат, 3-5 күнгө созулат. Андан кийин
жатындын былжыр чели калыбына келет. Овуляция айына бир
жолу болгондуктан айыз цикли ай сайын кайталанып турат жана
бул цикл 20-30 күнгө, көбүнчө 28 күнгө созулат.
Достарыңызбен бөлісу: