Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет52/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Жан-Жак Руссо (1772-1778-жж.) – француз агартуу философиясынын 
көрүнүктүү өкүлү. Жан-Жак Руссо – тарых философу, моралист, педагог жана 
психолог болгон. Аны түйшөлткөн эң негизги маселе – жамандыктын булагы 
жөнүндөгү проблема, теңсиздик проблемасы. Эгерде башка агартуучулар 
күнөөнү жаман закон чыгарган закон чыгаруучулардан издесе, Руссо адамдар 
өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө өздөрүн боштондукка жана азап-тозокко алып 
келишти деген ойду айткан. Ал айтат: «Адам! Сырттан күнөөкөрдү издебе, ал 
күнөөкөр сен өзүң». Коомдо прогресс бар, бирок ал карама каршылыктуу. 
Адамдар өздөрү, адамдардын каалоолору, кулдукка алып келет жана жамандык 
кылат. Ал өзүнүн «Теңсиздиктин себеби жөнүндө» деген чыгармасында 
теңсиздиктин келип чыгышы жана цивилизациянын кемчиликтерине жооп 
берүүгө аракет жасаган.
Теңсиздиктин проблемасы. Руссо физикалык, саясий жана мүлктүк 
теңсиздикти көрсөткөн. Физикалык теңсиздик жаратылыштан келип чыгат, аны 
жок кыла албайбыз. Саясий теңсиздик коомдогу сословиялык абал жана 
юридикалык привилегиялар менен байланышкан. Аристократтар жакшы 
турмушта, ал эми эл массасы зарыл нерселерге муктаж абалда. Руссо ошол 
цивилизацияны теңсиздик цивилизациясы деп, аны сындаган. Руссо боюнча 
түбөлүк болгон эки башбашталыш – кудай жана материя бар. Бирөө активдүү, 
экинчиси пассивдүү жана өзгөрүлүүнүн обьектиси. Ошондой эле ал мындай 
дейт: Кудай материяны жараткан эмес жана аны жок кыла албайт. Адам 
жаратылышы эки жактуу: ал телодон жана жандын биримдигинен турат. 
Таанып билүүдө Руссо сезимдерге чон маани берген. Сезимдер гана күмөнсүз 
чындыкты берет. Ал эми ой жүгүртүү адашууларга алып келет. Руссо динге 
каршы чыкканы менен башка динди сунуш кылган. Ал дин храм, ырым-
жырымы жок моралдык жана граждандык милдеттерди алып жүргөн дин 
болуш керек деген ойду билдирет.
Француз материализми. Агартуучулардан айырмаланып XVIII-
кылымдагы ойчулдар болуп эсептелген Ламетри, Гельвеций, Дидро, Гольбах 
туруктуу материалисттер жана атеисттер болушкан. Алардан көз караштары 
XVIII-кылымдын 30-40-жылдарында калыптанган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   48   49   50   51   52   53   54   55   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет