Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


XIX жана XX-кылымдын башындагы философиялык ойлордун



Pdf көрінісі
бет63/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

XIX жана XX-кылымдын башындагы философиялык ойлордун 
өнүгүшү 
Кыргыз элинин бул мезгилдеги социалдык-философиялык ой 
жүгүртүүлөрү ошол учурдагы социалдык чындык, саясий окуялар
экономикалык өнүгүүлөрү менен шартталган. Ушуга байланыштуу «заманизм» 
жана демократиялык көз караштагы акын-ойчулдардын ой жүгүртүүнүн 
белгилүү болот. «Заманчы» акын-ойчулдар шарттуу түрдөгү аталыш, анын 
белгилүү өкүлү болуп Молдо Кылыч эспетелет 
Молдо Кылыч (1866-1917-жж.). Молдо Кылычтын дүйнө таанымынын 
анализдеп келип коомдун кээ бир кубулуштарына пессимисттик көз караш 
менен 
карагандыгын 
байкоого 
болот. 
Патриархалдык-феодалдык 
мамилелердеги өзгөрүүлөр, капиталисттик мамилелердин элементтеринин 
пайда боло башташы адамзаттын жок болуу коркунучуна, замандын бузулуп, 
талкаланышына алып келе турган белги экендигин ынандырууга аракет жасайт. 
Уруу башчыларынын, төбөлдөрдүн ата-бабалардын жолун жолдобой, андан 
алыстоосун жалпы тартиптен баш тартуу деп белгилейт. Анткени анын оюу 
боюнча адамдын иш-аракеттери, жүрүш-турушу алдын-ала аныкталат. 1911-
жылы Молдо кылычтын «Кыса-и-Зилзала» деген поэмасы жарык көргөн. Анда 
1910-жылы декабрда болуп өткөн жер титирөө жөнүндө жазып, жаратылыштын 
стихиялуу күчтөрү кудайдын күчү катары баяндалат. Молдо Кылычтын оюу 
боюнча стихиялуу кырсыктар адамдарды диндин жолунан чыккандыгы, 
эрежелерди бузгандыгы үчүн аларды жазалоо катары кабылданат 
Молдо Кылычтын эң көлөмдүү чыгармасы «Зар заман». Бул чыгармасын 
анализдеп келип мындай жыйынтык чыгарууга болот: адамдардын жер 
бетиндеги жашоосу өтмө мааниге ээ. «Тиги дүйнө» түбөлүктүү; бул дүйнө тиги 
түбөлүктүү дүйнөгө карата болгон даярдык. Бул чыгарма санат түрүндө 
жазылган.
Калыгул Бай уулу (1785-1855-жж.) кыргыз элинде аттын кашкасындай 
таанымал акын. Калыгул чыгарган ырларын обонго салбай, жөн эле 
маселдентип айтып берген. Ал кезде ырларын обонго салып, комузга кошуп 
ырдагандарды «ырчы» дешкен. Ал эми Калыгул болсо, чечендик 
искусствосунун өкүлү катарында өзүнүн терең образдуу, санат, накыл, макал-
лакап иретиндеги сөздөрүнө философиялык маани киргизип даанышмандык 


71 
көркөмдүк менен бергендиктен, аны «акын» аташкан. Анын үстүнө анын 
манаптык даражасы да ырдап отурууга же комуз кармоого жол бербеген. 
Мындай даражадагы адамдардын ырдашы ал кездин шарты боюнча «чоң 
намыстын иши болгон» деп жазат Ыбырай Абдрахманов.
Калыгул Бай уулунун жазган кээ казалдарын санат-насыят түрүндө 
жазгандарын атасак «Калыгулдун өмүр жөнүндө айтканы», «Калыгулдун 
масел-санаттары», «Калыгулдун хан Ормонго айтканы», «Санаттар», «Ысык-
Көл жөнүндө айтканы».
Анын кээ бир ырлары терең лирикалуу. Алардын баарын элдин ар кандай 
катмары терең урматтай турган. Калыгул Бай уулу өзүнүн укмуштуудай санат, 
насыят, ырларына жана терме-насилдерине адамдын философиялык ой-
жүгүртүүлөрүн, аны менен бирге жүрүш туруш жактарын көзөмөлдөп жана 
дагы дүйнө жөнүндөгү не бир ой жорумдарды албетте өз чыгармаларына жана 
санаттарына чагылдырган десек жаңылышпайбыз. Көп кырдуу акындын «Акыр 
заман» жана «Кыямат кайым» деген мистикалык философиялык ырлары эл 
оозунда айтылып калган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет