Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Токтогул Сатылганов (1864-1933-жж.)



Pdf көрінісі
бет65/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Токтогул Сатылганов (1864-1933-жж.). XIX-XX кылымдардагы кыргыз 
эл ырчыларынын көпчүлүгүнүн устаты болгон улуу акын Токтогул Сатылганов 
эки доордо өмүр сүрүп, чыгармачылыгын да ошол мезгилде улантып, ар кандай 
темадагы чыгармаларды жаратып, мезгил сыноосунан ийгиликтүү өткөн чоң 
талант. Анын калтырган мурасы тематикалык жактан көп кырдуу. Демек, улуу 
акындын чыгармачылыгы эки доордун тарыхый окуялары менен социалдык 
абалын камтыды. Ошого карап, биз акындын жалпы чыгармачылыгын эки 
доорго бөлөбүз.. Философиялык маанидеги бир катар ырларды жараткан. Анын 
акындар чыгармачылыгында өмүр темасына көп кайрылып, бир нече 
чыгармаларды жараткан. Кыргыздын Токтогул башында турган Тоголок Молдо 
Барпы, Коргоол сыяктуу акындары өмүр темасына бир топ ырды арнаганын, 
ушундай мазмундагы чыгармаларында тигил же бул кубулуштарды өз көз 
карашында түрдүүчө чагылдырганын билебиз. Токтогулдун «Балалык», 
«Күлгүн жаш өтүп эскирет», «Өмүр», «Карылык» жана башка өмүр темасына 
арнаган ырлары бар. Булардын ичинен өмүргө, жаратылыштагы өзгөрүү 
кубулуштарына ой жүгүртүү жана көркөмдүгү жагынан «Өмүр» аттуу 
чыгармасы өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Акындын өмүрүндөгү акыркы чыгармасы. 
Анын: «Кайран өмүр жыйырма беш жашка барар болсочу» - деп, өмүрүнүн 
өткөнүнө кейийт. Мында жашоо менен өлүмдүн маңызы чечмеленет. Акындын 
философиялык ой чабыты улам тереңдеп, адам өмүрүнүн, жашоо маңызынын 
маанисин чечмелөө жагындагы нукура даанышман түшүнүктөрү «Дүнүйө» 
аттуу көлөмдүү чыгармасынан көрүнөт. Токтогул дүйнөнүн чексиздигин учкай 
эскерип өтүп («Опосу жок дүйнөнүн, түбүнө ким жетерсиң»), улам оюн 
тереңдетип олтуруп, дүйнөнүн жарык-караңгы тарабы жөнүндө ой жүгүртөт. 
Дүнүйө келеринде «толукшуп чыккан айга окшоп, асмандагы күнгө окшойт», 
«өзөндөгү тал менен мөмөлүү дарак, шакка окшойт. Аргымак минип ойногон, 


73 
алтымыш күнү тойлогон, байгеден чыккан атка окшойт». Токтогул мында 
төкмөлүк өнөрдүн зор күчү менен өзүнүн турмушка, дүйнөгө, адам жашоосуна 
болгон мамилесин айланага жүз берип жаткан табият кубулуштарына 
философиялык мамилесин, табият диалектикасын өз алдынча түшүнгөнүн 
билдирет. Жашоо – бул жарык менен караңгынын, ак менен каранын, бийик 
менен жапыздын, жаратуу менен кыйроонун, өлүм менен өмүрдүн, сулуулук 
менен ырайсыздыктын, адилет менен жалгандын түбөлүк элдешпес күрөшү. 
Демек, өлүм көздү байлай электе адамда кайрат-күч барында жашоонун 
кубанычын көрүп, адамдык милдет-парсты аткарып, өрнөктүү өмүр сүрүш 
керек. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет