Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет64/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   60   61   62   63   64   65   66   67   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Арстанбек Буйлаш уулу. XIX кылымдын орто чениндеги Калыгул 
акындан кийин «Заман» темасында ырдаган акындардын бири Арстанбек 
Буйлаш уулу. Анын дүйнө таанымы чыгармачылык багыты патриархалдык-
феодалдык коомдо түзүлүп жана калыптангандыктан, ошол мезгилде 
социалдык чындыкты ырдоодон сырткары боло алган эмес. Чыгармаларында 
өзү көргөн, күбөсү болгон реалдуулукту чагылдырат. Кыргыз коомундагы 
өзгөрүүлөр, жаңыдан пайда болуп келе жаткан акча-товар мамилелеринин 
өсүшү Арстанбектин «Заман» темасына кайрылып, ырдоосуна негиз болгон. 
Кыргызстан Россиянын карамагына кошулгандан кийинки реалдуулук, коомдук 
өзгөрүүлөр акынга «тар замандын» белгиси катары кабылданган. Падышалык 
Россиянын жүргүзгөн агрардык реформасы жана жергиликтүү ири 
феодалдардын бийлигине чек коюуга жасаган аракети кыргыз төбөлдөрүнүн 
ичинде да нааразылыкты жараткан. Ушуга байланыштуу «Замана» темасында 
ырдаган акындардын чыгармачылыгындагы орустарга болгон көз караштар 
белгилүү даражада ошол маанайдын чагылышы болгон. 
Арстанбектин негизги чыгармасы «Тар заман» деп аталат. Бул 
Калыгулдун «Акыр заман» деген чыгармасына окшош. Бирок Арстанбек 
Калыгулду көргөн эмес, аны менен жолугуп, беттешип сүйлөшпөгөн. Ошентсе 
да Калыгулдун чыгармачылыгынын таасири болгондугун айтпай кетүүгө 
болбос. Анткени Арстанбектин ырларынын багыты мазмуну Калыгулга 
окшошуп кетет. 
Ушундай эле тарыхый шартта элдин мүдөөсүн, кайгы муңун, социалдык 
оор турмушун өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу чагылдырган акындардын 
жаңы мууну пайда болот. Алар – Тоголок Молдо, Токтогул Сатылганов, Барпы 
Алыкулов жана башкалар. 
Тоголок Молдо (Абдрахманов Байымбет) (1860-1942-жж.). Т.Молдо – 
кат тааныган, сабаттуу жана төкмө акын эле. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн жалаң 
чыгармачылыкка арнады. Ошол мезгилде ар түрдүү темадагы чыгармаларды, 


72 
көбүнчө: кошоктор, армандар, сүйүү ырлары, тамсилдер, лирикалык жана 
эпикалык жанрдагы чыгармаларды, аллегориялык поэмаларды жараткан. 
Тоголок Молдо жаш кезинен эле элдик оозеки чыгармачылыкка көп көңүл 
буруп, угуп келгендиктен анын элдик поэзия жана жомоктор, тарыхый 
санжырасы менен тыгыз байланышкан бир нече жомоктору, армандары бар. 
Мейли кошоктордо болсун, мейли армандарда болсун, теңсиздик ашкереленип, 
эмгек даңазаланат. Армандарында болсо көбүнчө кыргыз кыздарынын, 
аялдарынын оор турмушу баяндалып, үмүт тилектери жазылган. Тоголок 
Молдо «Куштардын аңгемеси» деген чыгармасында адамдардын кадимки 
турмушун сүрөттөгөн. Негизинен бул поэма ошол маалдагы бай-кедей 
ортосунда жүргөн күрөштөрдү баяндайт.
Тоголок Молдо «Жер жана анын балдары» поэмасын бөтөнчө ыкма менен 
жазган. «Талым кыз менен Көбөктүн айтышында» биринин табышмагына 
экинчиси жооп берип, чыныгы айтыш түрү колдонулса, бул поэмада жердин 
балдары: жамгыр, суу, шамал, от – төртөө кезек менен өз пайдасы жөнүндө сөз 
кылышат. Тоголок Молдо жаратылыштагы кубулуштардын өз ара айланышы, 
башкаларга тийгизген пайдасы жөнүндө поэзия аркылуу чагылдырууну 
көздөгөн. Тоголок Молдонун чыгармалары бири биринен өзгөчө айырмаланат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   60   61   62   63   64   65   66   67   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет