Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет159/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   155   156   157   158   159   160   161   162   ...   183
Калия Кулалиева
 Окуйлу
1. Баш тартуу катынын маалым даректерин толуктап жазыңыз.
2. Баш тартуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарынын алдын сызыңыз.
Заказ алуудан баш тартуу каты
Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери 
жөнүндө сөз болуп жаткандыгына байланыштуу, биз бул талапты орундата 
албаганыбызды билдиребиз. Биз кызматташкан чет элдик фирмаларда сиздер 
сураган баада эң акыркы моделдеги компьютер жана анын жабдыктары өтө 
кымбат баада болгондуктан, сиздердин заказ аткарылбай калат.
Борборубуздагы башка «Басма» фирмасына кайрылып көрүүңүздөрдү су-
нуштайбыз.
Бул жолку заказыңыздарды аткара албагандыгыбыз үчүн өкүнөбүз. Мын-
дан ары кызматташтыгыбыз уланат деп ойлойбуз.
3. Баш тартуу катындагы боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Кечирим суроо менен чакыруудан баш тартууну билдирүү каты
Окуу ………………………… уюшулганынын 20 жылдыгына арналган 
салтанатка чакыргандыгыңыздар ……………. терең ыраазычылык 
билдиремин.
Биздин республиканын ……………….. Россия Федерациясына 
баруучу расмий ………………… болуп, бул күндөрү чет өлкөдө боло 
турганыма ……………………… бул иш-чарага катыша албай турганымды 
............................... . 
Сиздерди куттуктап, университеттин ………………….. ийгилик каалай-
мын. Катыша албагандыгым үчүн кечирим …………………… ……………… 
куттуктоо телеграммасын кошо жиберемин.
4. Бош аянтты ижарага берүүдөн баш тартуу катын жазыңыз.
5. Туура толуктаңыз?
кызматташтык, кечирим сурайм, сунушталат, талап кылат, ылайык
аткарба, катышпа, көмөк көрсөтпө / ..................................................................
изилдөө, күч, убакыт, каражат / ..........................................................................
устав, нускама, эреже / ........................................................................................
өркүндөйт, уланат, жүргүзүлөт / ........................................................................
кайрылуу, жазуу, баруу / .....................................................................................


179


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   155   156   157   158   159   160   161   162   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет