Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет160/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   156   157   158   159   160   161   162   163   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
1-кѳнүгүү. Баш тартуу катынын маанисин айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Баш тартуу каты боюнча суроолуу сүйлөмдѳрдү түзүңүз.
 Сүйлөшөлү
1. Сизди бир эле ишкана 3 жолку салтанатына чакырды. Эки жолу бара албай калдыңыз. Үчүн-
чү жолу да бара албай тургандайсыз. Эмне кыласыз?
2. Кандай абал же себеп бизди маанилүү иш жасоодон баш тартууга түртүшү мүмкүн. Эки-үч 
жагдайды мисал катары келтириңиз.
  Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу баш тартуу катын жазыңыз.
2. Төмөнкү ыр саптардын маанисин чечмелеп жазыңыз.
Тилге жолдош, үнгө дем
Комузду кошуп ырдайлы.
Бабабыз черткен бул комуз,
Баркына жетип сыйлайлы.
Өрүктөн тандап чабылган,
Карагай капкак жабылган.
Үч кыл тагып жибектей,
Күлүктөй таптап багылган.  
 
 
 
(Алымкул)


180
Калия Кулалиева
КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ
Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл 
айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын 
бир түрү.
Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык 
маанидеги маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык 
маалымат каражаттары аркылуу берилет. Көңүл айтуу катын жазууда сөздөрдү 
кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга 
күч-кубат бергидей касиетке ээ болушу керек. 
1. Көңүл айтуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
байланыштуу кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, … байланыштуу терең 
кайгыруубузду кабыл алыңыздар, … байланыштуу Сизге чын жүрөктөн 
кайгыга ортоктош экенибизди билдиребиз, … боюнча Сизге терең 
кайгыбызды билдиребиз, … жөнүндө кабар биз үчүн абдан чоң кайгы болду 
ж.б.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   156   157   158   159   160   161   162   163   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет