Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз



Pdf көрінісі
бет162/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   158   159   160   161   162   163   164   165   ...   183
3. Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
...................................................................................................... !
Биз ардактуу агабыз, ...................... кесиптешибиз (маркумдун аты-жөнү) 
мезгилсиз ................................ кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу 
менен Сиздердин ................................... ортоктош экенибизди билдиребиз.
Агабыз бизге бардык ...................... үлгү болор эле. Анын адамгерчилиги, 
ак ........................ эч качан унутулбайт. Аны жоктоо бардыгыбыз үчүн 
..................... экендигин түшүнөбүз. Арты ........................ болсун.
........................................................................... 
 Пунктуация
Кош чекит
1. Эгер жалпылагыч сөз сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнөн мурда колдонул-
са, жалпылагыч сөздөн кийин кош чекит колдонулат: Комиссияга киргендердин 
үчөө: Аскат, Динара, Дөөлөт биздин ишканадан. Келгендер: коңшулар, туугандар, 
достор ыраазы болуп кайтышты.
2. Тике сөздөн мурда айтылган төл сөздөн кийин кош чекит коюлат: 1. Жыйындын 
аягында Жазгүл Исаковна: «Ишиңерге ийгилик каалайм. Жолуңар шыдыр болсун!» 
– деп каалоо-тилегин айтты.2. Жакып чурулдаган элге кайрылып: – Ай, бир аз сөз 
тыңдасаңар боло. Асек оюн айтып бүтсүн эми, – деди.
3. Биринчи сүйлөм жалпылоо маанисинде болуп, кийинки сүйлөмдөр анын 
жалпы маанисин тактап, чечмелеп турса, биринчи сүйлөмдөн кийин кош чекит 
коюлат: Ишеним кат төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат: ишеним кат берүүчүнүн 
аты-жөнү, жашаган жери, кызматы, күбөлөндүрүүчү документи, эмне алуу 
керектиги, суммасы, дата, колу; күбөлөндүрүүчү адамдын кызматы, дата, колу.


182
Калия Кулалиева
Сызыкча
1. Сызыкча бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздүн арасына коюлат:
Директор, бухгалтер, катчы – баары келиптир.
2. Сүйлөмдүн баяндоочу ат атооч жөндөмөдөгү зат атоочтон же заттык маа-
нидеги башка сөздөрдөн болсо, ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун арасына 
сызыкча коюлат: Билимдин булагы – китеп. Адам болуу – аста-аста, акмак болуу 
– бир паста.
3. Тике сөздү төл сөздөн ажыратуу үчүн, арасына сызыкча коюлат: Келечек, – 
деди ректор, – ар бириңердин колуңарда.
4. Диалог иретинде түзүлгөн сүйлөмдөрдүн ар бири жол башынан башталып 
жазылат жана алдына сызыкча коюлат:
– Кай багытка кетти?! – деп Нескара дагы бакырды.
– Ит билеби… Жыбыт-жыбытка кирип жок болушту.(А.Ж.)
5. Географиялык аттар берилген эки сөздүн ортосун бөлдүрүү үчүн сызыкча 
коюлат: Бишкек – Ош жолунун 220-километринде кар көчкү жүрдү.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   158   159   160   161   162   163   164   165   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет