Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?



Pdf көрінісі
бет164/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   160   161   162   163   164   165   166   167   ...   183
4. Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?
А)  Кош… Ошондойбу.
Б)  Бирөө барбы?  деген үн чыкты.
В) Бали, жигиттер бүгүн жеңиш силердики.
Г) Бишкек – Кара-Балта, Бишкек – Сокулук каттамындагылар кайда?
 Грамматика
Татаал сүйлөм
Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик, грамматикалык жактан би-
ри-бири менен өз ара тутумдашып татаал ойду билдирсе, татаал сүйлөм деп аталат.
Татаал сүйлөмдөр бири-бири менен интонация, байламталар (ал эми, 
ошондуктан ж.б), сөз мүчөлөрү (-ып, -гандыктан, -са ж.б.), жандоочтор (кийин, 
сайын ж.б.), мезгилди билдирген (замат, убакта ж.б.) сөздөрдүн жардамы менен 
тутумдашат. Мисалы:
1. Шамал токтоп, күн чакчайып чыкты.
2. Чакыруу каты келген, ошондуктан ишканадан эки өкүл жиберели.
3. Бардык документтер толук болбогондуктан, тендерге катыша албай калдык.
4. Бул жердеги талкуудан өткөндөн кийин, ишти башка окуу жайга жиберишет.
5. Ишканадагы акыркы кызматкер сыртка чыккан убакта, жарык өчүрүлүшү 
керек.
Татаал сүйлөмдөр багынычсыз татаал сүйлөм жана багыныңкы татаал 
сүйлөм болуп экиге бөлүнөт. 


184
Калия Кулалиева
Багынычсыз татаал сүйлөмдөр
Багынычсыз татаал сүйлөмдө тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр грамматика-
лык түзүлүшү жагынан бири бирине багынбай, өз ара тең укукта болот. Багыныч-
сыз татаал сүйлөмдөр байламталуу жана байламтасыз болот.
1. Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдөр төмөнкүдөй маанилик 
катышта колдонулат:
1. Мезгилдеш мааниде: Кабарларды окудум да, ишке кириштим.
2. Кайчылаш мааниде: Булар ушул жылдын отчёту, ал эми тигилер өткөн 
жылдыкы.
3. Ажыраткыч мааниде: Эмне үчүн аларга телефон чалбайсыңар, же болбосо 
өздөрү билип алсын дедиңерби?
4. Себеп-натыйжалаш мааниде: Бүгүн мектептерди жаптырдык, себеби 
мектептеги окуучулардын 70% пайызы ооруп жатат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   160   161   162   163   164   165   166   167   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет