Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет86/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   82   83   84   85   86   87   88   89   ...   183
Калия Кулалиева
Жазуу эрежелери
Кыскартылган сөздөрдүн жазылышы
1. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: 
УИА (Улуттук илимдер академиясы), К. Карасаев атындагы БГУ (Бишкек 
гуманитардык университети), МАИ (Мамлекеттик авто инспекциясы).
2. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө уланганда, 
жалганган мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КТРдин, КРнын ж.б.
Биринчи муунунан кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен 
башталып, бирге жазылат: турфирма, геофак, филфак ж.б.
Кош сөздөрдүн жазылышы
Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: улуу-
кичүү, кыз-жигит, тарс-турс, бака-шака, каада-салт, жүрүм-турум, чай-чамек
аман-эсен, үй-бүлө ж.б.
1. Кыскартылган сөздөрдүн толук аталыштарын жазыңыз.
ТИМ –
ИИМ –
БШК –
ӨКМ –
ММК –
АЧМ –
БДБ –
ААК –
БСУ –
ЖЧК – 
2. Кыскартылган сөздөргө мүчөлөрдү улап жазыңыз.
УАК………. төрагасы болуп дайындалды.
Ж. Баласагын атындагы КУУ................ декан болуп иштейт.
КР……… ТИМ…….. тарабынан билдирүү жасалды.
АРИС……… долбоору боюнча көпүрө салынды. 
Ал 2005-2007-жылдары КР……… ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук 
комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.
3. Кош сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Жаш-кары, чарт-чурт, даңгыр-дүңгүр, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр.
4. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?
А) ден-соолук, адат-салт, уул-кыз
Б) кол кап, тил кат, бат-бат
В) үй-бүлө, жар-жар, кыргыз-тил
Г) орус тил, тапыр-тупур, темир-жол


97
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
5. Кайсы катардагы энчилүү аттын баарына мүчө туура уланган?
А) КРнын, БУУна, ТИМде
Б) ИИМнин, БААУда, КМгин
В) УАКтын, ЖОЖда, МАИде
Г) ФАПта, УКтун, ОМБнын


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   82   83   84   85   86   87   88   89   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет