Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет88/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   183
Калия Кулалиева
2. Тексттеги сүйлөмдөр башаламан тартипте жайгаштырылды. Кандай тартипте келсе текст 
туура түзүлгөн болот?
Эми Түркия менен ээн-эркин катташа алабыз
Эскерте кетсек, кыргыз-түрк визасыз режими тууралуу келишимге 2011-жылдын 
26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган. ( )
Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты. ( )
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн визасыз режим тууралуу 
кызматташтык 10-февралдан тартып күчүнө кирет. ( )
Мындай жеңилдик жүк ташуучу автоунааларга, жарандык самолётторго жана 
автобустарга да тиешелүү. ( )
Демек, ушул күндөн тартып түрк жарандары Кыргызстанга, ал эми кыр-
гыз жарандары Түркияга виза ачтырбай эле кирип чыга беришсе болот. ( ) 
3. Жогорудагы тексттеги жандооч сөздөрдү табыңыз, кайсы жөндөмө боюнча башкарып тур-
ганын белгилеңиз.
4. Жандооч сөздөрдү катыштырып иш кагазынын бир түрүн жазыңыз.
Угалы
1-кѳнүгүү. Билдирмени угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Билдирмени жазыңыз, маалым даректерин туура жайгаштырыңыз.
  Сүйлөшөлү
1. Сиз чарчап иш сапарынан келдиңиз. Келсеңиз жумуш үйүлүп калыптыр. Билдирүү жазуу-
ну да унутуп, иштей бердиңиз. Беш күндөн кийин айлык тийди. Сиздин айлык акыңыздан 
жумушка чыкпаган күндөр үчүн кармап коюшуптур.
Жетекчиңизге абалды түшүндүрүңүз.
2. «Отузунда ойду омкоро албаган, кыркында кырдан аша албайт» деген макал бар. Чын эле 
ошондойбу? Макалдын маанисин чечмелеңиз.
Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу мазмунда билдирүү жазыңыз.
2. Төмөнкү темада дилбаян жазыңыз.
Мен жөнүндө… 


99
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КӨРСӨТМӨ
Көрсөтмө – маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча жогору турган 
уюмдун, мекеменин буйруктарын, нускамаларын жана башка ченемдик-укуктук 
актыларын аткарууну уюштурууга байланыштуу мамлекеттик башкаруу органы 
тарабынан жазылган укуктук акт. Мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери 
да оперативдүү жана административдик (кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү, 
чыгашаны төлөтүү ж.б.) маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугуна ээ. 
Көрсөтмө буйрук менен тескемеге окшош формада жазылат. Жогорку орган-
дардын кайсы актысын аткарууга байланыштуу чыгарылып жатканы сөз болгон 
көрсөтмөнүн биринчи бөлүгүндө, ошол актынын толук аталышы берилиш керек 
(КРнын Президентинин Жарлыгы, КРнын Өкмөтүнүн Токтому ж.б.).
Көрсөтмөлөрдө конкреттүү аткаруучулары болот, анын тескөөчү бөлүгү «сунуш 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет