Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет87/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   183
Грамматика
Кызматчы сөздөр 
Өз алдынча турганда эч кандай лексикалык маанини билдире албаган, сүй-
лөмдөгү сөздөр менен бирге айтылып, тиешелүү болуп турган сөзгө кошумча маа-
ни берген, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып турган сөздөр 
кызматчы сөздөр деп аталат. 
Кызматчы сөздөргө: жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модаль 
сөздөр кирет.
Жандоочтор
Атоочторду жөндөмөлөр боюнча башкарып, сүйлөм мүчөлөрүн байланыштыруу 
үчүн колдонулган сөздөр жандоочтор деп аталат.
Жандоочтор жөндөмөлөр менен айкалышына карата төмөндөгүчө бөлүнөт:
1. Атооч жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: менен, тууралуу, жөнүндө, 
аркылуу, боюнча, сайын, сыяктуу, үчүн, бою, бойдон. Айкөл Манас тууралуу 
баян жазыптыр.
2. Табыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: карай, көздөй, карата, 
катарШиретүүчү жаңы курулуп жаткан имаратты көздөй жөнөдү.
3. Барыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: караганда, жараша, чейин, 
дейре, карай, каратаАмерикага караганда Казакстан бул жерде эле го. 
4. Чыгыш жөндөмөсүн талап кылуучу жандоочтор: көрө, көрөкчө, ары, бери, 
мурун, кийин, соң. Менден кийин Жамалга сөз берилди.
1. Боштуктарга жандоочторду жазыңыз.
«Beko» фирмасынын тиричилик техникасына ……..…………. «Indesit» 
фирмасыныкы жакшы деп жатышат.
Жакында «Мектепке чейинки билим берүү ……………………..» мыйзам 
кабыл алынды.
Комитеттин жыйыны жума …………………….. өткөрүлмөй болду.
Бул иш 25-майга ………………….. бүткөрүлүшү керек.
Чет элдик делегацияны кабыл алууга ……………………………. даярдык 
көрүлүүдө.
Катты кызы ………………….. берип жибериптир.
Капчыгайдан чыккандан ………………………… көл көрүнөт.
Аа, балдарым андан ………………….. канча мезгил өттү, канча суу акты.


98


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет