Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Окуйлу 1. Окуӊуз, энчилүү аттардын жазалыш ѳзгѳчѳлүгүнѳ кѳӊүл буруӊуз



Pdf көрінісі
бет124/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   120   121   122   123   124   125   126   127   ...   183
 Окуйлу
1. Окуӊуз, энчилүү аттардын жазалыш ѳзгѳчѳлүгүнѳ кѳӊүл буруӊуз.
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖЕКЕЧЕ ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШУ 
ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА 
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын 
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган


141
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1-берене. «Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө» Кыр- 
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети-
нин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн дол-
боорлонушун контролдоо.
Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбо-
орлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп 
чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө 
ашырат.
16-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архи-
тектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын» де-
ген сөздөр «архитектура-курулуши иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо 
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 
17-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери 
жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына» 
деген сөздөр «архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо 
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти 
 
 
 
 
 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   120   121   122   123   124   125   126   127   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет