Книга публикуется с письменного разрешения Р. Х. Уразгильдеева



бет17/19
Дата17.06.2016
өлшемі3.65 Mb.
#143768
түріКнига
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

КЫЗЫКТУУ КИТЕП
Мен «Кыргыз балети» деген жаңы китептин барактарын өзгөчө толкундануу менен ача баштадым. Бул толкундануу, албетте, окуучуларга түшүнүктүү болсо керек. Анткени бул китеп бир кезде Ленин­град хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү Ж. Арсыгулова, Г. Даниярова, Б. Бейшеналиева, Н. Тугөлов, Э.Мадемилова сыяктуу артисттер бүткүл өмүрүн арнап келе жаткан кыргыз балетине арналган.

Бирок бул китеп Кыргызстандагы улуттук классикалык балет искусствосун баштаган мага замандаш артист­тер жөнүндө гана жазылган баян эмес. Бул социалисттик искусствонун феномендеринин бири болгон кыргыз балетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүү тарыхына баштан аяк көз жүгүртүп чыккан көлөмдүү жана чоң эмгек. Мен аны кунт коюп окуп жатып, ар дайым китепте жазылган сөз менен улуттук балетибизде турмушка ашырылган нерселерди салыштырдым. Баяндама так жана чындыктуу экенднгине күбө болдум.

Мунун баары кокусунан болчу нерсе эмес. Бнринчиден, китептин автору Роберт Хасанович Уразгильдеев балалык чагынан бери балет ме­нен байланыштуу иштеп келди. Кичинекей кезинде ал Перм хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, балеттин солисти болгон. Андан кийин Москвадагы А. В. Луначар­ский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүрүп, театр таануу боюнча кесип алган. Биздин театрда ал балеттин солисти, анан мугалим - хореограф болуп иштеген. Ошол эле мез-гилде Кыргыз ССР илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, искусство таануу боюнча кандидаттыгын коргогон. Ал «Бүбүсара Бейше­налиева» (эки жолу басылган), «Уран Сарбагышев» жа­на «Бий искусствосу жөнүн­дө» деген монографиялардын, балет искусствосунун проблемаларына арналган көптөгөн макалалардын автору. Р.Уразгильдеевдин хореогра­фия жаатындагы кеңири масштабдуу үгүтчүлүк иши анын илимий изилдөө иши менен да айкалышып турат. Кыргыздын балет искусствосун республикадан тышкары жерлерге да кеңири тааныштырууда үзүрдүү эмгектенип келе жа-тат. Менин оюмча, Р. Уразгильдеевдин «Кыргыз балети» деген китеби көп улуттуу советтик театрдын изилдөө адабиятындагы жана автордун жеке турмушундагы өзгөчө бир сөзгө алына турган эм­гек. Р. Уразгильдеев архивден, басма сөз беттеринен бай материалдарды чогултуп, өзүнүн көптөгөн жолугушууларын, кыргыз искусствосунун ветерандары менен болгон маектерин жалпылап, өзүнүн тажрыйбалык, изилдөөчүлүк кудуретине таянып китептин маани-мазмунун терең ачып берген. Бүгүнкү күндө окуучулар менен адистердин арасында оң баага ээ болуп, эл ичине кеңири тарап кеткен бул китепке кайрылбай туруп, Кыргызстандын ис­кусствосу менен маданияты жөнүндө сөз кылуу кыйын. Анда улуттук, классикалык, азыркы мезгилдеги спектаклдердин сахнага коюлуу тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилип, 30-жылдардан тартып бүгүнкү күнгө чейинки артисттердин бардык муундарынын чыгармачылык иштери чагылды-рылган. Менин оюмча, «Кыргыз балети» деген китеп улуттук балет театры бо­юнча кызыккандар үчүн сөздүк-жолдомо, окуу куралы катарында кызмат кылат. Анын ар бир бөлүгүн кызыктуу лекция катарын­да окуса да болот.

Окуучулар китептин «Кыр­гызстан хореография ис­кусствосунун калыптанышы жана өсүп-өнүгүшү» деген бөлүгүнөн кызыктуу маалы- маттарды алат. Ал эми этаптык «Анар», «Чолпон» жа­на «Куйручук» балеттерине өз алдынча кеңири жазыл­ган главалар арналган. Аларда ар бир спектаклдин коюлушунда пайда болгон ой-максаттар, сахнага чыга-рылышы, авторлор тарабынан чечилген проблемалар жөнүндө кеңири токтолгон.

Китептин ичинде биздин театрда классикалык балеттердин коюлушу жөнүн­дө да кызыктуу барактар бар. «Раймонда», «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», «Коппелия» жана башка спектаклдерде мен да ар кандай ролдорду ойногон болчумун. Башка артисттер ме­нен бирдикте далай-далай репетицияларды баштан өткөргөн элек. Р. Уразгиль­деевдин ошол мезгилдерди жазган жерлерин окуп алып, ошол күндөрдүн чыгармачылык маанайы, андагы ийгиликтер менен кемчиликтер, кыйынчылык менен пайда болгон балеттик образдар көз алдыма тартылып жатат.

Китептин акыркы эки главасында ар кайсы муундун өкүлдөрү жөнүндө сөз болот. Алардын айрымдары, маселен, Ж. Арсыгулова, Б. Бейшеналиева, Н. Түгөлов сыяктуу кыргыз балетинин жылдыздары биздин арабызда жок. Алардын бийлеген бийлери, балеттик сахнада жаратып кеткен образдары так жана таамай жазылган, адабий баяндарда, замандаштарынын эсинде га­на сакталып калды. Р. Ураз­гильдеев мына ошолорду эң сонун жазган. Ошон үчүн кубанам.

Бүгүнкү күнү кыргыз балетинде дасыккан чеберлер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисттери эмгектенип жатышат. Окурмандар У. Сарбагышев, Р. Чокоева, А. Токомбаева, Ч. Базарбаев, А. Ирсалиев сы­яктуу артисттер менек тереңирээк, кененирээк таанышышат. Ошону менен бирге акыркы жылдарда элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло баштаган жаш артисттер жөнүндө да маалымат алышат.

«Кыргыз балети» фото-сүрөттөр менен кеңири жабдылып, «Кыргызстан» басмасы тарабынан жарыкка чыгарылган. Балет искусство-суна кызыккандар үчүн бул китеп Кыргыз ССРинин жа­на Кыргызстан Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60-жылдык юбилейинин алдындагы эң сонун белек болуп каларына эч шек жок.


Сафарбек Кабеков, Кыргыз ССРинин

искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.

Газ. «Кыргызстан маданияты», 1984-ж., 13-сентябрь.

БАЛЕТ КЕСИПКЕРИ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Былтыр күзүндө Кыргыз ССРинин жана анын Компартиясынын 60 жылдык юбилейин салтанаттуу түрдө майрамдадык. Өткөн жылдарды барактап олтурсак биздин коммунисттик партия жана совет өкмөтү тарабынан совет адамдарынын турмуш деңгээлин, анын жыргалчылыгын жакшыртуу, ошондой эле социалисттик маданияттын, искусствонун калыптануу, өсүп - өнүгүүсүндө аябаган зор иштер жүргүзүлгөн экен. Өзгөчө советтик доордо улуттук адабият менен тең катар эле профессионалдык искусствонун дагы бир түрү – балет келип чыкты. Орус совет балетмейстерлери, дирижерлору художниктери менен бирге иштешкен Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгелов, Уран Сарбагышевге окшогон кыргыздын сонун артисттеринин демилгелери менен кыргыз балети жогорку ийгиликке жетишип олтурат, аны баардык жерде жакшы билишет.

Бүткүл элдик урматка жетишип олтурган мыкты мастерлердин катарына Кыргыз опера жана балет театрынын атактуу балеринасы жана актрисасы Айсулуу Токомбаеваны да сыймыктануу менен кошо алабыз. Анын чыгармасы тууралуу юбилейлик жылда «Кыргызстан» басмасы аркылуу чыгарылган Р. Уразгильдеевдин «Айсулуу Токомбаева» аттуу китебинен окусаңыздар болот.

Бул китеп балеринанын чыгармачылыгы тууралуу жазылган эң кызык китептердин бири болуп калды десек жаңылбайбыз, китептин тышы да абдан кооз сүрөттөлгөн эң негизгиси – түшүнүктүү, жеткиликтүү. Балет искусствосуна кызыккандарга, профессионал – искусствоведдерге да бирдей десек болот.

Китептин мындай түшүнүктүү болуп жазылгандыгынын бир себеби, автор өзү искусство таануу илиминин кандидаты, балет боюнча чоң кесипкер. Ал «Бүбүсара Бейшеналиева», «Уран Сарбагышев», «Бий искусствосу жөнүндө», «Кыргыз балети» аттуу китептерди жазган. Борбордук жана республикалык газета – журналдарга да үзбөй макалалары жарыяланып турат. Ал мурда театрда солист, педагог – репетитор,балетмейстер болуп иштеген. Ошентип ал көптөгөн артисттер менен өзү чогуу иштешип, алар жөнүндө китептерди жаратып жатат. Ал артисттердин иштерине кылдат мамиле жасайт, такай байкап жүрөт. Айсулуу Токомбаева жөнүндө жазган китебинде да балеринанын балалык чагы, ошондой эле Ленинградда А. Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн учурлары, андагы ленинграддык сонун педагогдордун берген таасирлери жөнүндө сөз козгойт.

Айсулуу актриса катары биздин көз алдыбызда жетилди. Балетте аткарган анын алгачкы ролдорунда салтанаттуулук жана өзүнө таандык сапаттар арбын эле.

Аткаруучулук искусствосунун эстафетасын өзүнүн сүйүктүү эжеси, биз бардыгыбыз берилип сүйгөн Бүбүсара Бейшеналиевадан алуу менен бирге, Айсулуу Токомбаева биздин театрдын көркүн ачты, көптөгөн ар кандай образдарды түздү, кыргыз балетинин кадыр-баркын дагы бир кыйла көтөрдү.

«Айсулуу Токомбаева, - дейт автор, - сахналык жаратуулары ар убак көркөм ачылыштарды жарата алган актерлордун катарына кирет. Хореография искусствосу кыргыз балеринасы үчүн бул адегенде чоң нравалык жана граждандык идеяга кызмат өтөөгө түрткү берген. Элдин сезимин, ой-жоруусун, турмуштун эң негизги нерсесин түшүнүүгө далалаттанат. Мына ушунун өзүнөн эле актрисанын нравалык - эстетикалык идеалы, социалдык – саясий мааниси анын партиялык позициясынын активдүүлүгүн байкатып турат».

Алиге болсо да арабыздан жазуучу менен акындын, же болбосо артисттин иштери жеңил түйшүгү жок дегендерибиз бар. Ал эми балерина жөнүндө жазылган китепти окуп көрүп, балеринанын ишинин кандай кыйын, канчалык азап-тозокту, эмгек менен чыдамкайлыкты талап этээрин билдик. Өзүнүн тайманбаган искусствосу менен Айсулуу Токомбаева ар кандай курактагы көрүүчүлөрдүн урмат-сыйына бөлөнүп олтурат. Анын бийи элге жаккандыгын мен бир нече жолу көрдүм. Ал ар бир оюнга, концертке, жолугушууга жан дили менен даярданат. Ал кыргыз искусствосунун сыймыгын биздин гана өлкөдө эмес, чет өлкөдө да ошондой эле бийик алып жүрөт. Болгария менен Польшада, Италия менен Данияда, Швеция менен Финляндияда, Чехословакия менен Югославияда, Тунис менен Ливияда, Венгрия менен Румынияда болду. Кыргыз эли мурда биздин кызыбыз өзүнүн тууган жеринин кооздугун башка элдерге ушинтип өзүнүн искусствосу аркылуу көрсөтүп бере алат деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

Советтер Союзунун Чоң театрынын сахнасынан биздин артисттердин оюнун көрүп, көрүүчүлөр менен кесипкерлердин берген баасына сыймыктанбай коө албайбыз. Айсулуу Токомбаеванын «Саманчынын жолу», «Чолпон», «Жизель», «Томирис», «Макбет», «Шоленияна» балеттериндеги негизги партиялары тууралуу борбордук жана республикалык газеталарда эң жакшы пикирлер көп эле жазылды.

Биздин республикабызда ар бир эле булуң - бурчунда менимче атактуу балерина эжесиндей мыкты кыз болсун деп тилек менен коюлган «Айсулуу» деген кыздар бардыр. Эмесе Айсулуу Токомбаева жөнүндө бул китеп турмушка жаңы гана кадам таштаган жаш жеткинчектер балет искусствосунун сулуулугун жана татаалдыгын талыкпай үйрөнө берүүсүнө түрткү берсин, чыгармачылыктын чокусуна умтула беришсин!


Аалы Токомбаев.

Газ. “Кыргызстан маданияты”. 1985-ж., 20-апрель

АЙСУЛУУ ЖӨНҮНДӨГҮ КИТЕП
«Кыргызстан» басмасынан 1984-жылы жарык көргөн бул китеп «Айсулуу Токомбаева» деп аталат. Автору белгилуу искусствовед Роберт Хасанович Уразгильдеев. Окуп чыгып, аябай кубандым. Кандай жакшы жазылган, жасалгаланышы да мазмунуна жараша жакшы аткарылган. Бирок мени кубандырган башкы себеп: көрүнүктүү балерина, кыргыз балетинин Чолпон, сары жылдызы.

Айсулуу Токомбаеванын чыгармачылык портретинин мүмкүн болушунча толук тартылганы. Айсулуу азыр биздин республикага гана эмес, жалпы союздук көрүүчүлөргө аттын кашкасындай таанымал, белгилүү. СССРдин эл артисткасы, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болуу оңойбу. Мына ушул жогорку баалардын өзү эле балеринанын талантынын бийик даражага өнүккөнүн айгинелеп турат.

Бул китептин каарманы Айсулууну бала күнүнөн тааныймын, секелек кыз кезинен билемин. П.Ф.Шубин атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүрчү. Жаш музыканттардын концертине эл көп чогулду. Көпчүлүгү ата-энелер болучу. Угуучулар балдардын өнөрлөрү тууралуу өз ара сүйлөшүп, пикирлерин, каалоолорун айтышты. Ошол концертке Айсулуу да катышып өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнү менин эсимде турат. Андан кийин Ленинградга барып Ва­ганова атындагы хореографиялык окуу жайынан окуду.

Ал окуу жайынан кыргыз балетинин көрүнүктүү чеберлеринин бардыгы окуп чыгышканы белгилүү. Китепти окуп, мен Айсулуунун балет искусствосун, музыканы, ошондой эле, поэзияны билүү жагынан терең маалыматтуу экенин баамдадым. Советтик маданияттын бирден-бир очогу болгон Ленинграддан окушу Айсулуунун терең билим алышына негизги өбөлгө болду. Андагы эң сонун театрлар, музейлер, концерттик залдар, билимдүү жана тажрыйбалуу педагогдор Айсулуунун искусствого шыктуулугун арттырып, жогору маданияттуу адам болушуна шарт түзүп беришти. Уразгильдеев ушунун баарын терең ачып көргөзгөн.

Искусствонун ар түркүн өзгөчөлүгү бар. Ал өзгөчөлүктөрдүн кээ бирлери өтө зарыл керектүү болуп саналышат.

Аларсыз искусство болушу да мүмкүн эмес. Поэзия менен балетти бир бирине жакындаштырып, байланыштырып турган нерсе - бул сезимдердин ширелишип, көңүлдүн көтөрүлүп турушунда. Поэзияны көркүнө чыгарып турган сөз болсо балетти, жаркылдаткан бий, пластика, жест (белги берүү). Искусствонун бул түрлөрүн машыгуу баш коштураары айдан ачык. Күн сайын денеден алка-шалка тер кетип, эс оогончо машыгуу талап кылынат. Ошондо гана көрүүчүлөрдүн жүрөгүн кубандырган чыгарма жаралаары бышык. Бул үчүн көп күч жумшоо керек. Буга эмгектен коркпогон адамдар гана чыдай алышат. Ошондой адамдардын бири Айсулуу. Ал өзү­нүн бүт өмүрүн театрда ар күнү репетиция жасоо, сабак окуу, сахнада бийлөө менен өткөрүп келе жатат.

«Шопениана», «Уйкудагы сулуу», «Ак куу көлү», «Чолпон», «Жизель», «Баядерка» сыяктуу классикалык балеттерде Айсулуу жараткан образдарды колдон келишинче то­лук сурөттөөгө аракет кылып отурат китептин автору.

Ки­тептин алты главасынын ар биринде Айсулуу Токомбаеванын талантынын улам өркүндөп-өсүп бараткандыгы жөнүндө сөз болот. «Спартак», «Прометей», «Макбет», «Томирис», «Кармен-Сюита», «Болеро» жана башка балеттерде ал өзүнүн драмалык таланттуу ба­лерина катары таанытты. Ай­сулуу «Ак куу», «Кыргыз музыкасы» аттуу бий номерлерин аткарууда чоң, чеберчиликти көрсөтө алганы баарыга бел-гилүү. Ошону менен бирге көрүүчүлөргө кеңири жеткиликтүү болгон сахналык ири мүнөздөрдү түзүүгө да жетишти.

Китептин автору Токомбаеванын чыгармачылыгы кыргыз балетинин калыптанышы жана өсүшү менен бирдикте экендигин, ошондой эле, Бүбүсара Бейшеналиеванын, Уран Сарбагышевдин, Нурдин Тугөловдун чыгармаларынын таасирлери менен да байланыштуу экенин туура көрсөткөн. Айсулуу Токомбаева орус совет балетинин традицияларын, улуттук хореографияны өнүктүрүп жатат. Аларды өзүнүн жаңы бийи менен, жаңыча аткарышы менен байытууда. Балеринанын өзүнө жана анын чыгармачылыгына гана эмес, окурмандар бул китеп­тин авторуна да кызыгып отурушат. Анткени китеп кеңири массага да, профессионалдарга да бирдей эле түшүнүктүү. Китептин автору Уразгильдеев Фрунзедеги искусство институтунун доценти, кыргыз балет искусствосунун пропагандисти катарында көптөн бе­ри белгилүү.

Айсулуу коомдук иштерге да активдүү катышат. Искусство ишмерлеринин тобу менен бирге өлкө боюнча көптөгөн жолугушууларга Айсулуу ме­нен бирге бардым. Ал жолугушууларда ал жалаң, эле талант­туу бийчи эмес, көптөгөн аудиторияны өзүнө тарта билген сөзмөр катары да өзүн көрсөт­көн. Ал Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарып берүү боюнча комитеттин мүчөсү, тынчтыкты сактоонун республикалык комитетинин, СССР-Кампуччия достук коомунун, Кыргызстандын театрлар коомунун мүчөсү, Ленин комсомолу тарбиялаган жалындуу пропагандист, КПССтин мүчөсү, Айсулуу Токомбаеванын чыгармачылык чабыты кеңип, өркүндөп турган убагы. Китепте ушунун баары тууралуу маалымат берилген.



ОКУГАНДАН КИЙИНКИ ОЙ
Айсулуу Токомбаева жөнүндө жазылган китепти барактап отуруп, Уразгильдеевдин Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө да китеп жазганын эске түшүрдүм. Бул эки мыкты актрисанын көп жактан окшоштугу бар десе болот: улут­тук хореографияга алардын кошкон салымдарын, алар­дын искусствосунун эл тарабынан бийик бааланышы көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүн көтөрүп, алардын сезимине сезим кошкон сыяктуу. Экөөнүн ойногон ролдору биздин көзүбүзгө элестеп турушат.

Ийиктей чимирилип бир заматта,

Күн болуп көрүнөсүң туш тарапка.

Атайдын комузга маш колдорундай

Бутарың, көзгө илешпей ойноп жатса...

Зырп этпес, бир туйлабас кандай жүрөк!

Сыйкырдуу канаты бар сен Айчүрөк.

Кыргыздын өзүң, сүйгөн бий өнөрүң

Байгеден чыгара көр өзүң сүрөп!

дегим келет. Бул ыр саптарын өз убагында Бүбүсара Бейшеналиевага арнаган элем. Азыр бул саптар чып-чыргасы коробой бүт бойдон Айсулууга да арналган сыяктуу сезилип турат. Ушунун өзү Бүбүсаралар ме­нен Айсулуулар элдик ырларга өтүп, жашай бере тургандыктарын көрсөтөт.


Темиркул Уметалиев. Газ. «Кыргызстан маданияты»; 1985-ж., 13-июнь.


НАЕДИНЕ С КНИГОЙ. ВОЗРОЖДЕНИЕ ТАНЦА
Несомненной удачей издательства “Искусство” являются сборники, посвященные танцевальным культурам народов СССР, и публикуемые в серии “Самодеятельный театр” (хореографический редактор – В.И.Уральскя).

Вот уже на протяжении десяти лет сборники пользуются неизменной популярностью читателей. Их отличает стилевое единство, высокий профессионализм авторов, грамотная подача материала и его лексическое разнообразие. К достоинствам изданий относятся также логика и четкость в расположении материала, наиболее удобная для хореографов форма его записи, дополненная схемами и рисунками, эскизами костюмов, а также нотами музыкального сопровождения.

Сегодня перед нами новый выпуск серии – “Киргизский народный танец”. Автор – кандидат искусствоведения, ведущий исследователь хореографического искусства Киргизии Р.Уразгильдеев свободно и непринужденно вводит читателя в мир киргизского народного танца, освещает его историю, раскрывает специфические черты и особенности.

Киргизская народная хореография сравнительно молода, ибо ее возрождение и развитие началось после победы Великого Октября. Только в советское время в Киргизии начался процесс воссоздания традиций народных плясок на основе музыкальных ритмов и народных игр, создания танцев, воспроизводящих трудовые процессы.

Огромную роль в процессе становления народного хореографического искусства в Киргизии сыграли советские мастера балета. Одним из первых был Н.Холфин, постановщик киргизских танцев, ставших подлинно народными, популярными и любимыми у разных поколений.

Танцы трудовой тематики, танцы-игры, соревнования джигитов-наездников, коммузистов, лирические девичьи танцы – обширный репертуар киргизской народной хореографии давно стал требовать записи, серьезного методического осмысления, теоретических разработок и практических рекомендаций. До сегодняшнего дня такие работы отсутствовали, и тем отраднее факт появления книги Р.Уразгильдеева, с успехом выполняющей перечисленные выше функции.

Доступно и лаконично изложена в ней методика разучивания основных движений киргизского народного танца, движений рук, корпуса, плеч, головы, основных ходов. Освещена история киргизского народного танца, подробно описаны сценические костюмы, дополненные красочными фотографиями.

Интересны и разнообразны композиции танцев, предложенные в 3-ей главе книги, с различными формами построения и количественным составом исполнителей: пляски девушек, юношей, смешанные танцы. Если массовый танец “ Комузчу” предполагает наличие 10-и пар исполнителей, то молодежный танец “В горах Ала-Тоо” могут исполнять от 4-х до 16-и пар, “Танец джигитов” рассчитан на исполнение шестью юношами, а “Киргизский лирический”- на одну исполнительницу. Таким образом, любой самодеятельный хореографический коллектив, независимо от своего количественного состава, найдет в книге материал для обогащения своего репертуара. Это особенно ценно сегодня, в период второго Всесоюзного фестиваля народного творчества, посвященного 70-летию Великой Октябрьской социалистической революции.


Тамара Пуртова, заведующая отделом

хореографического искусства Всесоюзного

научно-методического центра народного

творчества и культурно-просветительной

работы. Газета “Советская Киргизия”.

1987 г., 28 февраля.

РАССКАЗ О НАРОДНОМ ТАНЦЕ
Издательство “Искусство” (Москва) выпустило книгу “Киргизский народный танец”, написанную кандидатом искусствоведения, доцентом Киргизского государственного института искусств им. Б.Бейшеналиевой Р.Уразгильдеевым.

Народный танец органично вошел в наш быт, нашу культуру. Древнейший из искусств, созданный поколениями народных умельцев, сегодня он переживает пору небывалого расцвета. В танце – душа народа, его прошлое, настоящее, характер, темперамент, эстетические пристрастия. Время создает танец, шлифует его форму, оставляя для потомков образцы, жить которым века. И не зря танец называют вторым языком народа.

Из шагов, поз, движений рук, пространственных рисунков слагаются веселые и лирические пляски, девичьи хороводы и полные кипучей энергии мужские танцы. В народной пляске вырисовывается и портрет юности наших дней – убыстряются ритмы, шире, энергичнее становятся движения, тонкие пластические нюансы передают душевное волнение. В пляске, как и в песне, - широкое поле для самовыражения, для активного художественного творчества. За это пляску любит и хранит народ.

Киргизская классическая и народная хореография – явление уникальное в истории отечественной и мировой хореографии. По сути дела за полвека киргизы сделали то, что другие делали за столетия. Киргизский балет знают не только в нашей стране. Его одаренные мастера – Б.Бейшеналиева, А.Токомбаева, У.Сарбагишев – справедливо причислены к выдающимся мастерам времени. А вот о народном киргизском танце знают меньше. Его нужно было воссоздать, вернуть из небытия. И этот народный танец мы вправе назвать современным, ибо он родился в советскую эпоху.

В написанных ранее книгах Р.Уразгильдеева талантливо запечатлена история киргизского балета, биография его корифеев. В книгах этих оживают контуры национальных балетов, пленительные сказочные и реалистические образы. К этой зафиксированной картине даются эстетические, теоретические расшифровки.

Подлинно современный ученый-искусствовед Р.Уразгильдеев, владеющий точным идейно-эстетическим инструментарием, не мог не обратиться и к народному танцу – основе всех основ пластического искусства. Книга Р.Уразгильдеева “ Киргизский народный танец” обращена к практикам профессионального и самодеятельного искусства. Она поможет им обогатить репертуар своих коллективов.

Хочется сразу подчеркнуть популяризаторскую функцию книги. Она, несомненно, будет способствовать утверждению киргизского танца в репертуаре других республик. Написана книга образно, доходчиво, просто. Пользуясь ею, нетрудно будет воссоздать хореографический текст. А какую огромную пользу принесет она сельским коллективам, клубам, кружкам художественной самодеятельности.

Автор книги стремился не только описать танцы, манеру их исполнения, костюм. Он хочет, чтобы читатель почувствовал душу танца, его связь с жизнью, его становление. Небольшая первая глава: “Из истории киргизского народного танца”, будет интересна широкому читателю, любителям танцевального искусства. Здесь автор сообщает массу интересных фактов, прослеживает увлекательную эволюцию воссоздания киргизской пляски. Пишет он об этом с любовью, увлеченно, раскрывая сложный художественный процесс. Такая манера письма доступна ученому, практически знающему хореографию, ее формы, методику сочинения танцевальных композиций.

Вторую главу – “ Методика разучивания киргизского народного танца” – я бы назвал школой танца. В ней представлены все основные движения, позы мужской и женской пляски. Она поможет не только правильно воссоздавать представленные в тексте образцы, но станет огромным подспорьем при создании новых танцев и танцевальных сюит.

Из множества киргизских плясок Уразгильдеев выбрал пять примеров и, как нам кажется, выбрал точно. В этот список вошли: “Киргизский лирический” - сольный женский танец; “Кокетливая девушка” – парный танец для девушки и юноши; “Беш ыргай” – массовый парный танец, сопровождаемый песней; “ Комузчу” – массовый молодежный танец, спутник вечеров, общественных празднеств.

Репертуарный список завершается сценическим вариантом народного танца, сочиненным известным советским хореографом Ураном Сарбагишевым.

Читатель сам делает вывод – современная киргизская народная хореография включает самые разнообразные формы танца – от сольного парного до развернутой массовой пляски.

К тексту прилагаются схемы, нотные примеры, образцы костюмов. Все они выполнены тщательно и наглядно.

Убежден, что в самое ближайшее время на фестивалях и смотрах мы увидим киргизскую пляску в исполнении русских, украинцев, армян, азербайджанцев, литовцев и других народов нашей страны. И благодарны за это мы будем книге, написанной с такой любовью к народному танцу Р.Уразгильдеевым.



Николай Эльяш, профессор, заслуженный

деятель искусств РСФСР, доктор Парижской

академии танца. Газета “Вечерний Фрунзе”,

1987 г., 2 марта.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет