“Философия” терминин грек тилинен биздин тилге которгондо “фило” – “сүйүү”, “софия”-
“акылмандуулук” дегенди түшүндүрөт. Философия илими жаратылыштын,
коомдун жана аң
сезимдин жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтөт.
Философия предмети 4 бөлүккө бөлүнөт:
1. Онтология;
2.
Гносеология
;
3. Адам;
4. Коом.
Философиянын мифологиядан жана динден айырмачылыгы төмөндөгүдөй:
1. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш билимге негизделет, ал эми мифология
ойлоп чыгарылат;
2. Философиялык дүйнөгө
болгон көз караш логикалуу, ички биримдик жана
системалар;
3. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш түшүнүктөргө, категорияларга таянат.
Философиялык дүйнөгө болгон көз караштын калыптануусунун негизги эволюциялык
стадиялары:
1. Космоцентризм;
2.Теоцентризм;
3. Антропоцентризм.
Космоцентризм - бул курчап турган дүйнөдөгү жана жаратылыштагы көрүнүштөрдү
кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасир этүүсү аркылуу түшүндүрүү, ал тышкы күч
“Космос” деп аталат.
Теоцентризм - бул бардык нерселер табияттын күчүнөн жогору турган күчкө,
б.а.кудайга көз каранды деп түшүндүрүлөт. Мындай көз караш орто кылымдагы
европага таандык.
Антропоцентризм- бул философиялык көз караштын борборунда адам орун алган.
Мындай көз караштар
кайра жаралуу мезгилине, жаңы мезгилге жана бүгүнкү
күндөгү философиялык мектептерге таандык.
Философиялык методдор:
1. диалектика;
2. метафизика;
3. догматизм,
4. диалектика.
1.
Диалектика - бул нерселерди жана көрүнүштөрдү карама каршылыкта, өнүгүүдө
өзгөрүүдө жана себеп натыйжада кароо же изилдөө жүргүзүү деген түшүндүрөт;
2.
Метафизика - бул диалектикага
карама каршы турган метод
,
каралуучу обьект өз
алдынча байланышсыз каралат;
3.
Догматизм - бул курчап турган чөйрөнү догма аркылуу же болбосо, такталбаган,
далилденбеген абсалюттук мүнөздөгү ойлор аркылуу кабыл алуу;
4.
Эклектика - бул чыгармачылык башаты жок фактыларды, түшүнүктөрдү,
концепцияларды жасалма түрдө бириктирүү жана үстүрттөн
гана чындыкка окшогон
жыйынтык чыгаруу.
Философиянын функциялары:
1. Дүйнөгө болгон көз караштык функциясы;
2. Методологиялык функциясы;
3. Гносеологиялык функциясы (обьективдүү чындыкты түзүү);
4. Критикалык функциясы (эски билимдин ордуна жаңы билим келиши);
5. Прогноздоо функциясы (коомдун жана адамдын жашоосун алдын ала айтуу);
6. Аксиологиялык функциясы (курчап турган чындыкка баа берүү);
7. Социологиялык функциясы (коомдогу кыймылдуу күчтөр);
8. Логикалуулук функциясы.
Философиянын негизги маселеси.
Ойлоонун бытиеге, аң сезимдин материяга болгон катышы.
Достарыңызбен бөлісу: