Манас биринчи бөлүк


АЛООКЕ КАНДЫН БААТЫР МАНАСТАН КОРКУП КАЧЫШЫ



бет11/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   21

АЛООКЕ КАНДЫН БААТЫР МАНАСТАН КОРКУП КАЧЫШЫ



Арыстан Манас баатыры

Айбатын кара акыры:

Астыңкы эрди арбайып,

Үстүнкү эрди далбайып,

Ал муруту сеңирдей,

Айбаты албарс темирдей,

Мурду тоонун кырдачтай,

Муруту чөлдүн камыштай,

Көзү көлдүн буткулдай,

Каарданып караса,

Көрүнгөндү жуткандай.

Ар мүнөзүн карасан,

Ажыдаар болсо туткандай.
Көркү калча, көзү тик,

Көбүнө айтса, сөзү тик.

Жолборс жүрөк, таш билек,

Жооруну калың, жар кабак, —

Жоругуна карап бак.
Атасы Жакып болсо да,

Мойнуна койсо кылмышын

(Кара кылды как жарып,

Карагын сурак кылышын),

Кылая карап күлбөгөн,

Күлгөндүн сырын билбеген.

Күнгүрөнө сүйлөгөн,

Күчү артылган дүйнөдөн.

Жаны калбай аянып,

Жатпай чыкты үч күнү

Жалаң кылыч таянып.

Чыканак жерге салбады,

Чырм этип уйку албады.

Сырын билген чоролор

Коркуп жаны калбады:

"Тилимди билген журт болсо,

Тилим менен келсин, — деп, —

Тил билбеген журт болсо,

Тилмечи жооп берсин, — деп, —

Өзүмдү билген журт болсо,

Өзүмдү билип келсин, — деп, —

Өзүмдү билбей калганы,

Сөзүмдү билип келсин!" — деп,

Кабар салды калкына —

Калың кыргыз жалпыга.

Атасы Жакып кары бар,

Акылмандын баары бар.

Акбалта, Ошпур дагы бар.

Айдаркан уулу эр Көкчө, —

Баары келген чагы бар.

Үмөт уулу Жайсаң бар,

Өлүмдөн коркпос көп жандар:

Пилдин жүгүн кийгендер,

Бири миңге тийгендер,

Жарагын темир кийгендер,

Жалгызы санга тийгендер,

Башчысы Бакай дагы бар, —

Баатырлардын баары бар.


Күлдүрдүн уулу Чалыбай,

Күлдүргүчү Ажыбай,

Кыраандын бири Кутунай,

Сары Үйшүндүн Сатайы,

Алчындардын Атайы,

Үйшүндөрдүн Үмөтү,

Үмөт уулу Жайсаңы,

Аргын кара Кожосу,

Бообек, Шаабек, Шүкүрү,

(Болгон иште пикири),

Арбандардын Алтайы,

Астына келип жыйылды

Акылмандын далайы.
Дөрбөндөрдүн Төртайы,

(Төп сүйлөгөн сөз жайы),

Төлгөчү кара Төлөгү

(Төгүн эмес өнөрү),

Агыбай далы көрүүчү

(Ашкере айтып берүүчү),

Топтун башы Токотой,

Эл бийлеген Элеман,

Калк башчысы Калкаман –

Кабылан Манас баатырга

Качып келген аркадан.

Сырттан Сыргак, Сереги

Сырттан Манас баатырга

Кысылса тийген кереги.

Кош баштаган Ыбышы,

Козголбойт ар кез кылышы,

Алымдын уулу Алакен,

Манжурия калмактан

Манжуусуна бек койгон

Баатырдан канча бар экен.

Караңгыда кол жүрсө,

Калкылдап ыраак жол жүрсө,

Карсактын изин жаңылбас

Кадыр, Жайнак, Шууту –

Калктан чыккан куусу.

Түн ичинде кол жүрсө,

Түмөн кыргыз жол жүрсө,

Түлкүнүн изин жаңылбас,

Түмөн, Жайнак, Шууту –

Түмөндөн чыккан куусу.

Казактардын жоорунчу,

Кайгыл, Бөгөөл, Тоорулчу,

Шыңгынын уулу Кербени,

Шыпты кашка Дөрбөнү,

Бөрү жалдуу Бөгөлү,

Жоону алыстан көрөрү.

Ыраман уулу ыктуусу,

Эр Тазбаймат мыктуусу,

Казат десе камданып,

Кашкая жоого чыкчуусу.

Акбалтанын Чубагы,

Арыстандын бири бу дагы.

Кырктын башы Кыргылы

Кылымды жеңген дыңгылы.

Наабаттардын Калдары,

Ушу бүгүн жыйылган

Атпай кыргыз балдары.
Баатыр Манас кеп айтат:

"Кеңешиме келгениң

Кенен уккун, — деп айтат. —

Атамдан калган жер үчүн.

Аттанганы турамын.

Акылмандын баарынан

Бабаңардын жоругун

Баштан-аяк сурадым.

Калмакка каар салбасам,

Кара жаным тынчыбас,

Анжыянда Алооке

Калаасын бузуп албасам!

Атамдан калган жер экен,

Намысты кыргыз санайбы,

Ынтызар болдум алууга

Ыспара мекен Алайды.

Көрбөгөндү көрүпсүң,

Көрүнөө көбүң өлүпсүң.

Алдырып коюп калмакка

Намысың жоктон жүрүпсүң.

Чапкан балта өтөбү

Чакырлоонун* ташына,

Нелер келип, не кетпейт

Эр жигиттин башына.


"Өлүм жагын ойлонбо,

Өмүр тиле башыңа.

Өмүр берсе жашыңа,

Кеткен душман дос болуп,

Кайра келер кашыңа.

Көңкү калмак элин көр,

Көптүгүнө ишенген,

Абайлап жүрсөң бул күндө,

Аягын чыгар кишенден.

Арбак урган калмактар,

Арбынмын деп ишенген,

Зарыкпай аяк чечишип,

Саныңды чыгар кишенден.

"Конгон жерден көчкүн"деп,

"Бачымыраак кеткин"деп,

"Же кол куушуруп, бел бүгүп,

Кашыма менин жеткин» — деп

Алооке элчи жиберди.

Журтум, буга не дейсиң?

Оболтон журтум билесиң,

Алоокенин кордугун,

Көтөрөм кантип мен өзүм

Аны кыргызга кылган зордугун.

Күүлөнсе, күчүн көрөйүн,

Күнүм бүтсө, өлөйүн.

Жүр, жүргө салып көчүрүп,

Жүдөтпөсүн майдасын,

Ата уулулар, малдуулар,

Алайга барып жайласын!*.

Кабыланың кепти салганы,

Көңкү журт уюп калганы...
Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө

(Айбаты журттан бөлөкчө)

Ордунан туруп кеп баштап,

"Ой, калайык! — деп баштап,

Биринчиси жер пайда,

Билим керек мындайда.

Экинчиси эл пайда,

Эмгек кылып баш байлап,

Эл табуучу эр кайда?

Казак, кыргыз чачылып,

Качанга жүрөт ар жайда?

Эсирген экен Алооке

Ээсин жерден көчкүн деп,

Кашына барсак канетет,

"Кай жерден көчүп сен келсең,

Алооке, кайрылып турбай кеткин" —

деп?

Көкчө мындай деген соң



Көпчүлүк камын жеген соң,

Маакул көрдү баарысы -

Жашы менен карысы.
Ошондо Манас баатырың,

Асемин элден арттырды,

Алтын ооз кернейди

Арылдата тарттырды,

Алтын кээжим абайын*

Аргымакка жаптырды.

Коколору көнөктөй

Коңгуроолуу кара нар —

Колго күчү барабар.
Козголгондо төрөңдүн,

Салтанатын караңар.

Кайратын көрсөң — кара тоо,

Катылган пенде калбайт соо.

Айбатын көрсөң — Ала-Тоо,

Асылган калбайт аман-соо.

Болжолуна караса, —

Болот өтпөс кара таш.

Күрсү тийсе оюлгус

Туюк сөөк, чулу баш.

Аз кийгеним дегени

Атан төөнүн жүгү бар.

Адам уулу тик бакпас

Ажыдаардын түрү бар.

Ызгаарлуу айткан сөзү бар,

Шыркыраган ширенди

Кызыл жалын көзү бар.

Жүзүнүн каары жайылып,

Күркүрөшү күн болул,

Күндүз күнү түн болуп,

Бетинен чыккан каары

Беш байпактык жүн болуп,

Арыстаның жөнөп калганы.
* * *
Аларды таштап салыңар,

Алооке деген каны бар,

Андан кабар алыңар.

Черүүнү чексиз алыптыр,

Беленденип калыптыр.

Туура жагы Коконду,

Жалпы журтун которду.

Аяк жагы Маргалаң,

Асты койбой кол жыйьш,

Атка токтоор калбаган.

Чоң Анжиян, Созогу,

Чогулткан экен ошону.


Көк-Арт суунун бою шаар,

Үйдүн үстү үй болгон,

Үйгө жери карк толгон;

Там үстүнө там болгон,

Талаасында чоло жок,

Кайнап калың калк толгон.

Каптал тоонун баарынан

Кара кытай кайнаган.

Оюнда бар Самаркан,

Ошондон бар канча жан.

Кожонт менен Тузу бар,

Колго келген ушулар.

Кайнап жатыр калмагы,

Катуу душман келди деп,

Калкына кабар салганы.

Карк алтын туусун көтөрүп,

Кан Алооке аштады.

Котолотуп кол жыйып,

Мээнетти минтип баштады.

Баатыр менен балбанды,

Баарын жыйып алганы.

Баягы бурут деп ойлоп,

Баштап турат шумдукту,

Балакетти салганы.


* * *
Аттанды Манас шоодурап,

"Алоокеси кайда?" — деп,

Адамдардан жол сурап,

Ойротту жеңген көй* баатыр.

Улуу суунун боюнда

Уюган кошуун кол жатыр.

Кытайдын колу кыжылдайт,

Кара калмак, маңгулу

Кара курттай быжылдайт.

Манас аралап жолго салыптыр.

Айбатын көргөн адамдар,

Айран болуп калыптыр.

Саадагы өгүз белиндей,

Астындагы сай* тулпар,

Басканы Сырттын желиндей.

Көрүп турган калмагы

"Көпсүнбөйлүк буга" — деп,

Көңүлү чоочуп калганы.

"Манасы барбы мында?" — деп,

"Албарс кылыч кында"' — деп,

"Баарысы бирдей жолборспу?

Манасыңар бул болсо,

Жарашкан экен жолдошу!".
Көчөнүн бою жол болуп,

Көз кайгыткан кол болуп,

Маргалаңдын башында

Алоокенин чарбагы

Кара-Суунун кашында,

Улуу Анжиян учунда,

Арабанты тоосунда

Алооке кандын сарайы,

Анын үчүн зарп болгон

Арбын дүйнө.далайы.

Соколоп* чоюн түптөгөн,

Дүнүйө малы түтпөгөн,

Кокок деген жемиш бар,

Ар бирөө киши башындай,

Телегейи тегиз бар.

Алма менен жаңгагы,

Анжир, курма бар дагы,

Мисте менен алча бар,

Биз көрбөгөн канча бар.

Жүзүмү жерде төгүлүп,

Көргөндүн көөнү бөлүнүп,

Аралап өтүп анысын,

Аңдап" көргүн арыстан эр

Алоокеге барышын.


Сейил кылып Алооке

Чыккан экен багына,

Отурган экен ал күнү

Падышалык тагына.

Чатыры сексен кубулган,

Жан жагынын баарынан

Сандыгач салган чуулган,

Сары барпы таңшыган,

Канкуулуу чымчык каңшыган,

Булбулу сайрап, таңшыган,

Булагы агып, ташыган,

Милтелүү булбул сүйлөгөн, –

Кызыгы артык дүйнөдөн.

Тоту куш куйрук сүйрөгөн;

Асем тоту деген бар,

Адамдын тилин сүйлөгөн.

Көлүндө бака чардаган,

Көгүндө күкүк сайрагаң,

Бир-бирине окшошпой,

Миң түрлүү гүлдөр жайнаган.

Атагы жок, аты жок,

Андан бетер көп жатыр

Адамга пайда майдадан.
Бакма кылган шери бар,

Байкабай кирген адамдын,

Барса келбес жери бар.

Тайбастан* тапкан үчү бар,

Бир тайбастын өзүндө

Токсон жолборс күчү бар.

Кылыч куйрук баяс* бар,

Кызыл аюу саяс* бар.

Маймыл дарек деген бар.

Жабыр баян* бир жандар

Пил, керкти жеген бар.

Кериги бар, пили бар,

Мамонттун дагы бири бар.

Жолборсу он үч төлдөгөн,

Ошолордун баарысы

Бирин бири көрбөгөн.

Катын аюу Кетелик,

Карышкырдан жүз баккан,

Ажайыбын нетелик.

Илбирси бар, чөөсү бар,

Желмаян, Айса төөсү бар,

Мүйүзү бар аты бар,

Жан бүткөндүн баарысын

Күткөн экен каркыбар.


Алоокенин өзүндө

Ар ишти билген аян бар,

Коё берген көлүнө

Алтымыш кулач жаян бар.

Чоңдугу аттын башындай

Салагын деген чаян бар.

Ажайыпка киргизген

Алты жүздөй кулан бар.

Ажыдаарды багыптыр,

Төрт жүз кулач узуну,

Жети таш* жерден оп тартып,

Жеп коёт экен кишини.

Жалгыз канат кушу бар,

Куштун аты өгөрөк,

Шалдыр кирпи деген бар.

Алооке бака баккан чарадай,

Чулу сөөк төгөрөк,

Аркардан багып миң кылган,

Асемди мындай ким кылган?

Кулжасын багып жүз кылган,

Ажайып койгон жерлери

Аяк-башы түшчүлүк.

Ар орунун түз кылган,

Маралды багып мал кылган,

Байкап көргөн кишинин

Акылын жоюп дал кылган.


Алтын комуз — домбура,

Колдоруна алган бар.

Дүйнөдө болгон тарыхты

Түркүн-түркүн чалган бар.

Акын кыздан алтымыш,

Ар түрдүү оюн салган бар.

Кыл тагылткан кыягы

Кыйын окшойт сыягы.

Куралы деген жылкы бар,

Куйган чоюн туягы,

Алоокенин дагы бар,

(Нурку турган чагы бар)

Дайрадан алган арыгы,

Арзан эмес, ойлосоң,

Алоокенин калыбы.

Падышалык багы бар,

Казандай күрсү көтөргөн

Төрт жүз балбан дагы бар.

Акындар айтып жомокту,

Аңгемесин көргөндөр

Акылын баштан жоготту.

Ырчылар ырдап ырларын,

Кайдан таап айтайын

Калп кошулбай чындарын.

Асеми минтип артылды,

Бакка пашаа киргенде,

Барпылдаган кернейдин

Алты жүзү тартылды.

Сыбызгы чоор ызылдайт,

Жезнан үнү тызылдайт.

Жезден кылып куйдурган, .

Пил терисин чойдурган, .

Каптатып пилдин терисин,

Каккан болсо көчүрөт

Маргаландын керисин*.

Узундугу үч кулач,

Үнүн уксаң оолак кач.

Жоондугу үч кучак,

Доолбасын карап бак.

Казандай күрсү алганы,

Кагаарда чабат балбаны,

Чапкан кезде балбаны,

Жаман-жумак тамдардын

Чыгат экен далдалы.

Ал добулбас кагылса,

Аманат айбан жыгылган.

Алты күндүк жерлерге

Ашпай-шашпай угулган.

Бүгүн добулбасы согулуп,

Маңгул, манжуриясы,

Тыргооту тыйпыл чогулуп,

Алооке маңгүү* кытайы

Арыстан Манас келер деп,

Күтүнгөн экен атайы

Салтанаттык чатырын.

Паашалык бакка куруптур,

Калдай менен жайсаңдан*

Кашында төрт жүз туруптур,


Ортон колдун шадысы

Он жашар бала билектей,

Билектерин караса,

Бир казан батчуу челектей;

Күчү кайнап ташкандан

Күрөшүүгө жан таппай,

Өз күчүнөн шашкандан

Мойну бука белиндей,

Оп тартканда деми бар

Улуу белдин желиндей;

Териси пилдин теридей

Төш жайыгын карасан,

Дөбөлүү тоонун керидей;

Кышкы кирген буурадай

Качырлап тишин чайнаган,

Кылып иер балаа деп,

Кынжы салып байлаган

Токсон экен балбаны,

Согушуучу адамдын

Чыга турган далдалы.

Алты миң киши тим жаткан,

Саябаны, чатыры,

Он эки миң санаты,

Ордо баккан баатыры.

Манастын жайын айталык,

Баштай түшүп кайталык.

Себилдүүсү* сексен төрт,

Серп салган жагы — кызыл өрт.

Карала байрак, сыр найза

Карылыкка салгандай,

Ажыдаар, жылааны

Артынан сойлоп калгандай.

Көсөө куйрук көк бөрү —

Көк жал эрдин жөкөрү

Капталдап ээрчип алгандай.

Асман жаккы айбаты,

Алп кара куш арбайып,

Асмандан бутун салгандай.

Кара башыл ак буура,

Он, капталдан туптуура,

Калжаң уруп качырып,

Кабактан чыкканга окшойт атылып,

Каршы алдынан көрүндү

Кара чаар жолборсу,

Караса жүрөк титирейт:

Бу да кабыландын жолдошу.

Чагарак куйрук, чаар жон,

Чамынганы соо болбос

Айкөлдүн сүрү бул жолборс.
Аяр экен Алооке,

Алыстан көзүн салыптыр.

Айбатын көрүп баатырдын

Айран азыр калыптыр.

Астында бар жыйырмасы,

Адис баатыр жыласы.

Арыстан Манас жолдошу,

Атканын жазбас жолборсу.

Ата турган баштанып,

Мылтыгын бетине алыптыр.

Кароолго көзүн салыптыр.

Алоокеге бет алып,

Каптап кирип барыптыр.

Добул согуп күңгүрөп,

Тоо көчкөндөй дүңгүрөп,

Толкуган көлдөй шарданып,

Токтолбостон жарданып,

Арыстан Манас барыптыр,

Айбатынан чыдабай,

Алооке сындуу падыша

Тагынан түшүп алыптыр.

Коомасын* айтып кол берип,

Чатыры жакка жол берип,

Баштап калды баатырды

Падышалык ордого.

Баатырлар тикти чатырды.


Аярдык көзүн салыптыр;

Айбатын көрүп, Алооке

Айран азыр калыптыр:

Кирпиги жалын, көзү чок,

Кишиде мындай сонун жок.

Айткан кеби – аткан ок,

Адамда мындай порум жок.

Кирпигине караса,

Курч албарстын учу бар.

Бир өзүнүн башында

Миң балбандын күчү бар.

Жолборс мандай, таш жүрөк,

Жооруну калың, пил билек,

Кыр мурундуу, кызыл көз,

Кыйгаш каштуу, заар сөз,

Жалжагай ооз, жар кабак,

Жаалы катуу көрүндү,

Качырганы соо болбос,

Каары катуу көрүндү.

Алооке деген кан экен,

Аяр чалыш жан экен,

Сынчылыгы бар экен,

Көрүп көк жал Манасты

Аңдай албай Алооке

Акылынан адашты:

Беттешкени мерт болбой

"Кетүүчүдөн көрүнбөйт,

Талабына тартышкан

Жетүүчүдөн көрүнбөйт.

Катылбайын кол салып,

Кара жанга зор салып.

Баштабайын буга уруш,

Балакетке жол салып,

Ажайыпта жерлер бар,

Күнөкөрдөн бир миңин,

Айдап кийрип жиберсе,

Аш кайнамда жеген бар.

Баарысынан кыйыны

Жабыр баян* деген бар.

Көрөмүн десе окустан,

Барса келбес жолуна

Баарын кийрип иейин.

Кабыландар жеген соң,

Калган мунун элине

Эрким менен кирейин".

Көөнүнө муну алыптыр,

Ажайып кана көрсөм деп,

Көк жал айтып салыптыр.

Алсырады каныңыз,

Аш ич дөөгө жарабай,

Айбалтасын таянып,

Арыстан Манас жөнөдү.

Айбалтанын чокусу

Анча-мынча чарадай,

Барса келбес жолуна

Баары басты сексен төрт

Баатырынын соңуна.

Темир коргон тешиги,

Башын салган соо болбос,

Бирине бири жете албай,

Күркүрөп жаткан көп жолборс.

Темирден салган дубалдын

Тешиктен киши көрүнсө,

Адамды алып жесем деп,

Термелтер эле буларың.

Сом темирди кажашып,

Чыгып тышка кете албай,

Көрүнгөн жанга жете албай,

Урунуп жүрүп тажашып,

Калуучу экен токтолуп.'

Караанын көрсө кишинин,

Качыруучу экен октолуп.

Кабылан Манас барыптыр,

Капкасын ачып алыптыр.

Бир башында миң жаны

Болсо да бири калбас деп,

Көчөгө ийрип салыптыр.

Качты жолборс көк жалдан,

Катылары болбоду.

Кармап алып кай бирөөн

Куйруктарын толгоду.

Жолборстор турду жыйылып,

Башын ийип баатырга,

Ишаарат кылып сыйынып.

Наадан экен ашкере,

Качырууга камданды.

Качырып башын саларда,

Кабылан Манас кармады,

Аның айбандан башка узуну,

Алтайдын карсак* түлкүдөй,

Айландырып башынан

Урду жерге ушуну.


Мамонт өлдү суналып,

Бу канетет деп Алооке

Байкап турат муңайып.

Агулук деген башчысы

Айбан атка жем берип,

Ар качан күтүп, бакчуусу.

Ачыгып турган арыстандар

Агулугун талады:

Бөлүп кетип жолборстор,

Алакандай калбады.

Алооке карап сыртынан,

Акылынан танганы.

Тайбас, кылыч куйругу

Жалпы турду токтолуп,

Залал кылып кол салып,

Катылары жок болуп.

Илбирстер иттей ирешип,

Ичинде жүрөт зор Манас,

Бир күнү кечке кеңешип.
"Ажыдаар бар, көрсүн деп» —

Алооке айгай салды тышынан.

Ажыдаар жутар бекен деп,

Үмүт кылды ушундан.

Жетип Манас барганы,

Ажыдаарды желкесинен кармады.

Сүйрөгөн бойдон чыгыптыр,

Көчөдөгү адамды

Аштымкана тамына

Коркутуп баарын тыгыптыр.



Бошонгон соң ажыдаар

Дүркүрөтүп ышкырды.

Бакмадагы куландар

Баары да үркүп бышкырды.

Падышалык чарбакка,

Ажыдаары сойлоду;

Алиги турган Алооке

Арыстан Манас баатырды

"Не жан бу?" — деп ойлоду.
Ажыдаар барды жайына,

Аттуу киши көрүнгүс,

Сойлоп кеткен сайына.

Сойлогон жери коо болду,

Барганы Соктун тоо болду.

Тоого барып жоголду


"Урушуп күчүм кетбес, — деп,

Ушул дүйнө жыйылса,

Бул Манасты жеңбес, — деп,

Атышып алым келбес, — деп,

Ааламдын баары жыйылса,

Акыры муну жеңбес, — деп".

Оюна муну алыптыр.

Ордокана чатырга

Ал күнү кайра барыптыр.
"Заар салсам ашка" — деп,

Санаасына алыптыр.

Ою терең Алооке

Айланы мындай издеген,

Ал күнү туруп Манасты

"Коносузбу сиз?» — деген.

Эли, жоосун байкабас,

Баатырлык менен күчүнөн

Өз боюна болгон мас, —

"Кономун» — деди баатыры;

Конок ашка Алооке

Даярданды акыры.

Саясы салкын терек бар,

Сандыргалуу Манаста

Салтанаттуу Серек бар.

"Алооке кылар конокту,

Алоокеден аш жесең,

Арбыттыңар домокту*.

Аш жегенди коюңар,

Малынан алып союңар.

Өзүңөр колго бышырып,

Өлчөө менен тоюңар!".


Ал сөзүн макул алганы,

Абакеси эр Бакай

Алты бээ, төрт өгүз,

Он мал салык салганы.

Союш малды союшуп,

Сексен төртү бул этке

Чала-була тоюшуп,

Кызмат кылган калмакка

Кыйласын берип коюшуп,

Эми жатты конушуп.


Эртең менен болуптур,

Алоокенин ордого

Баңдулусун* уруптур;

Алоокенин кошуну

Бири калбай аттанып,

Майдан тартып туруптур.

"Кармайлык" — деп Манасты,

Калмактардын кыйласы

Бул санааны санашты.

Манасты кармап алууга,

Мыктысы жолду талашты
Уруш башчы Түкүрүк

Арыстандай болуп бүгүлүп,

Барып калган кези экен

Алоокеге жүгүнүп.

"Көчүп келген көп бурут

Лайлама* жар болуп,

Келиптир сизге көп журут.

Оң кылууга келген жок,

Боз үйлүү экен көчмөндүү,

Болгон бизге өлчөмдүү

Ордого окус келиптир,

Лайлама жар болуп,

Сизге жардам бериптир.

Чакырсаңыз келгени,

Чамасын билбес бурутту

Сизге чындап бергени.

Уруксат берсең өзүмө,

Ушуну азыр тутайын;

Узатып тирүү жибербей,

Ушу бүгүн жутайын.

Мыкты болсо, миңдиктир,

Күчү болсо, пилдиктир.

Жырткычтан болсо жолборстур,

Көпчүлүк камап кирген соң,

Жолборс да болсо, оңбостур.

Арыстан болор, шер болор,

Мен киргенде кол салып,

Ондурбаймын акыры,

Оруну кара жер болор!".
Кан Алооке кеп айтат,

"Кандай жансың? — деп айтат,

Кылымга булар даң салган,

Кыргыз болуп аттанган;

Кыргыздардын кабыланы

Кыстап келип калганы.

Кыйыгына тийгендин,

Кыркышса, чыккан дал-далы.

Найза сайса тешпеген

Эр үмөтү көрүнөт,

Чапса кылыч кеспеген

Керемети көрүнөт

Баң-баң башчы* Түкүрүк

Басташам деп Манаска,

Мага турсун жүгүнүп

Мен турамын жанымдан

Чыным менен түңүлүп.

Чакырсам келди жап жалгыз,

Кидиртпей бизге жөнөптүр,

Алты сан* сенин колуңду

Алты адамча көрбөптүр.
"Кырк алты жылы кан болгон,

Кылганы журтка даң болгон

Алооке деген мен элем;

Акыл-айлам менин да,

Бир кишилик эр элем.

Чылгый айран таң калдым,

Чыйрактык айткан сөзүңдөн.

Какан, Каңгай шаары

Менин учуп турат көзүмдөн.

Конду Манас бакчага,

Коё бергин ага деп,

Өтүнүп менден какшаба,

Зыяпат гана чатыр бар,

Падышалык тактада

Барсаң Манас баатыр бар.

Биздер койгон кечээтен

Кызматкерден кыркча бар,

Кыйынсынбай Түкүрүк

Бу кебимди тыңшап ал;

Кызматкерге кошулуп,

Кыраан эрге көзүң сал!

Байкап көрүп сен өзүң,

Келер болсо колумдан,

Кетирбестен байлап ал.

"Келер болсо колумдан,

Керденкеч тартып не турам?

Алар болсом, ал келип,

Айнып коркуп, не турам?

Кыңк этсек кыргын салар деп,

Кыпчынып араң мен турам.

Оолукса ойрон салар деп,

Ойлонуп, коркуп, мен турам.

Көрүп туруп, Түкүрүк

Көтөрүңкү сүйлөйсүн,

Көчүктү кысып, тим барып,

Көрүп кел, — деп, — мүнөзүн!"

Алооке айтып жумшады.

Кошуун башчы Түкүрүк

"Айтканың куп" деп тыңшады.
Манас жаткан бакчага

Баскан бойдон барганы.

Келе жаткак Манаска

Каршы учурап калганы.

"Лайлама-лаху" — деп,

Качып жолго салганы.

"Токто, келгин мында!" — деп,

Манас айтып турганы.

Баатырсынган Түкүрүк

Бара жатып жүгүрүп,

Кош арыкка жыгылып,

Жүрөгү кетип кабынан,

Билеги кетип сабынан,

Түкүрүгү өлүптүр.

Арт жагынан байкаган

Алооке аны көрүптүр.

Айран болду Алооке,

Амандыгын тиледи

Айласы тыйпыл түгөнүп,

Эми эр Манаска келгени:

"Душманыңмын мен,-деди.

Душман да болсом жан кыйбай,

Амандык бергин сен,-деди.

Катылбадым, карадым,

Тынччылыкты кааладым.

Канатым сынды, кол чыкты,

Азыр мени камадың.

Күрөшүүгө күчүм жок,

Жүдөп жаным сүрүндүм,

Жүрөгүмдө бүтүн жок.

Ар кандай айтсаң көтөрдүк,

Көтөрбөскө чараа жок.

Анжуу-Манжуу*, Таңшаңды*,

Караган менен кара жок.

Орчун Кокон, Анжыян,

Оболдон муну жердедиң.

Түп атаңдын жери эле,

Түк бир жерин бербедим.

Жооп берсең, турайын,

Жоолошпой моюн сунайын;

Жол берсең, кетип тынайын.

Уруксат сизден жок болсо,

Кантип жердеп турайын?

Өкүнчүм жок сөзүмдө,

Өлүм жакын өзүмдө.

Арыстан Манас экенсиң,

Ажал огу сайылып,

Турат экен көзүңдө.

Алтайдан берки жерди алдың,

Албан түрлүү эрди алдың.

Аягында келдиң да,

Алоокеге кол салдың.

Корктум салган колуңдан,

Уруксат болсо, өтпөйүн


Өзүңдүн баскан жолуңдан;

Куш кутулбас абада

Кылымга жайган торуңдан.

Жайдары Манас төрөсүң,

Жамандык келбес колуңдан!".
Кыйын экен Алооке, -

Кыйла сүйлөп кеп салды;

Аяр экен Алооке, -

Жанын тилеп жалбарды.

Каарын көрүп иш кылды

Кашында Манас кайбарды*.


Эми кыраан Манас кеп айтат:

"Мынча эмне кыстадың,

Эй, Алооке?! — деп айтат. -

Жалбарып жаның сурадың,

Жайыңды көрүп турамын.

Чакырсам эгер жинимди,

Кең Анжыян боорунан

Кетирбес элем бириңди,

Кесер элем тилиңди.

Чет Бээжинде жериңиз,

Түмөн кытай элиңиз.

Кытайды Манас тим койду,

Кыргыздын жерин жердөөнү

Алооке сага ким койду?

Капкайда жатыр жериңиз,

Калмак, маңгул элиңиз.

Калмакты Манас тим койду.

Атамдын жерин ээлөөнү

Аят ургур, сага ким койду?!

Көп чукуба жарамды,

Көмкөрүп салам калааңды.

Көчүп алып, тез жогол,

Көргөзбөгүн карааңды.

Өлүмдөн билсең кообуңду,

Айтышар болсоң мен мына,

Азыр бергин жообуңду!".


Күчөдү Манас күркүрөп,

Жаалына чыдабай,

Алты дуу-дуу Алооке,

Булардын өнө бою дүркүрөп.

Байлануу төрт жүз балбаны,

Балбандарга бет алып,

Манас басып барганы.

Манасты көрүп балбандар,

Масы тарап калганы.

Ланге деген балбаны

Ылдам тура калганы,

Кара башы казандай,

Күрсүнү кармап алганы;

Жалтанып Манас калбады;

Чабам деген күрсүнүн

Сабын чапа кармады.

Оң колунан бир толгоп,

Камчыдай жерге салганы.

Лаңге жерге чабылды,

Башы кетип жарылып,

Мээси ташка жабылды.

Аны көргөн балбандар

Акылынан жаңылды.

Сонун көрсөң өлүмдү,

Согушка бер — деп көөнүңдү,

Кагышканын соо койбос

Кабыландыгы көрүндү.
"Энеси талак Манастын

Эли мында турбайбы,

Эптеп бузук салууга,

Жери мында турбайбы!

Урушпайлык, карайлык;

Карап бердик деп туруп,

Орконду көздөй тарайлык!

Азыркысын жарайлык;

Карап бердик деп туруп,

Алтайды көздөй тарайлык.

Какандын* барып четине,

Каспандын барып бетине,

Анан ишке жарайлык.

Азыркысын Манаска,

Амал иштеп тарайлык!

Ал сөздү айтып Алооке,

Калкынын көөнүн басыптыр.

Тирүүлөй өлүк болбойм деп,

Түн киргенде качыптыр.

Төктү жашын балдары,

Төөдөй боздоп чалдары;

Жылып качты астыртан

Алоокенин калмагы.

Найза тийип, ок жебей,

Булар тополоңдоп калганы.

Сакчылардын баарысы,

Нокто колго алышып,

Сарайдагы тулпарга,

Чуркап жөнөп калышып,

Камгак учкан эмедей,

Казына оозу ачылып,

Толуп жаткан алтындар

Талаага кетти чачылып,

Чачылып кеткен алтынды

Бакырлар таап алышып,

"Бали, ушундай болсун" — деп,

Кубанышып калышып.

Ар кай жерде дүрбөшүп,

Калмак, кытай антаңдап,

Чоң Алооке канына

Тулпар токуп ат камдап,

Улук экен Алооке, -

Ушунчаны бат камдап.
Кымбат торко* буулумду

Кыйгачынан бүктөтүп,

Кудайым деп сыйынган

Колодон кылган бурканды*

Кызыл пилге жүктөтүп,

Азууларын аркайтып,

Алдыңкы эрдин шалпайтып,

Өрдөктөй мойнун койкойтуп,

Эки өркөчүн көрүнтүп.

Чуудаларын бөлүнтүп,

Төө күчтүүсүн алыптыр, —

Төбөңдөн тийген Алооке

Алтын жүктөп калыптыр.

Айгыр жалдуу, бээ курсак,

Кара байыр казанат,

Ат мыктысын алыптыр,

Арбак урган Алооке

Аянбай качып калыптыр.


Эркеч-Тамды ашыптыр,

Кашкардын каны Алабек

Төбөсүнөн басыптыр.

Как кашкардык өзүнө

Катуу мүшкүл салыптыр.

Качыр, төөсүн калтырбай,

Алооке тартып алыптыр.

Күн чыгыш бойлоп жакалап,

Таштуу жерди бакалап,

Ат качырдын баарысын

Абыдан мыкты такалап, —

Ошентип качып жөнөдү

Көңүлдү жаман оорутуп,
Көлүктүн баарын жоорутуп.

Көлүк жыйнап, бүлүнүп,

"Кызыталак Алооке

Көргөн экен бирди!" — деп,

Көп адам тилдеп күйүнүп,

Качып, үркүп, антаңдап,

Кошуундары шыбырап,

Бир-бирине кобурап,

"Бээжин ысык жер эле,

Кытай ыраак эл эле,

Кээ бир жери Бээжиндин

Кырк күнчүлүк чөл эле.

Жандуулар чыдап барбаган,

Кез болгон аман калбаган,

Кумга койгон кумганы

Куркурап чыгып кайнаган,

Чамаа чарчап, ал бүтүп,
Белде калар бекенбиз?

Таңдай кургап, көз жайнап,

Чөлдө калар бекенбиз?

Жаш күчүктөй кынылдап,

Арам өлөр бекенбиз.

Чөөлүктүрдү Алооке,

Чөлдөн кашык суу таппай,

Жаман өлөр бекенбиз!

Алты шаар Кокон кан,

Аяк жагы Самаркан

Алым салып абыдан,

Бажыга* малын жечү эле,

Казына күтүп малынан,

Күтүп жаткан кезинде

Катуу мушкүл доо келсе,

Чалдырбаймын дечү эле.

Кулак угуп, көз көргөн

Алп-дөөлөрдүн бирине

Алдырбаймын дечү эле.

Эми көрсөң көп дүйнө

Топурактай чачканы:

Күндөп, түндөп тынч албай,

Тополоң салып качканы!"
Кошуундун баары муну ойлоп,

Кетип барат бой-бойлоп.

Жалпы Какшаал сыдырып,

Жаман-Сууну кыдырып,

Кара-Талаа басыптыр;

Чыканак жерге салбастан,

Чырм этип уйку албастан,

Чычая тынбай качыптыр.

Жылгын-Талаа, Таш-Кечүү —

Ал Алооке каныңдын

Өзү көргөн маш кечүү,

Куралган Ак-Жар тыягы.

"Кутулдук кулдан эми» — деп,

Көңүлү танган сыягы.

Куланак, Ак-Чий, Кең-Талаа,

Жүк түшүрүп салды дейт.

Манасың эми келбейт деп,

Мал өргүтүп калды дейт.






Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет