Манас биринчи бөлүк


МАНАСТЫН КОЛУНУН АЛА-ТООГО КЕЛИШИ



бет9/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   21

МАНАСТЫН КОЛУНУН АЛА-ТООГО КЕЛИШИ



Алтайга Манас жеткенде,

Айдыңы көпкө кеткенде,

Кыйры менен чыңданып,

Кыргыз бүткөн жыйналып,

Улук жыйып, топ болду,

Укса камбас кеп болду,

Кеп Манаска токтолду.
Жайлоо эмес, жаз эмес,

Ачыган кымыз аз экен.

Кер очокту каздырып,

Жез капкактуу казандан,

Жетимишин астырып,

Күчтүү болсун арак деп,

Күчаладан салдырып,

Үч элиге келгенде,

Үзүп, үзүп алдырып*,

Каалагандар жутушуп,

Кайраттуулар курчушуп,

Алып келген кымызды,

Ак сакал бою балкышып,

Аны ичкен соң карпаңдап,

Аңгемени кылышып;

Көк ала майдан шиберди

Көнкү каптай отур деп,

Көк жалың айтып жиберди.

Тегерек тартып, тең болду.

Ортосу ачык, кең болду.

Ар кандай опкок сунганды,

Аппак майга тойдурду.

Эки жүз чанач кымызды,

Эңсегени жутсун деп,

Элдин ортосуна койдурду.
Арыстан Манас кеп айтат,

"Ага-ини, журтум! — деп айтат.

Баарыңарга эп болсо,

Бала да болсом, кан кылдың,

Мен бийлеген кеп болсо,

Көңкү кыргыз балдары

Колумду байла күңдөгө*,

Корстон болбо дүйнөгө.

Короодо жатат коюм деп,

Кор болбоймун оюм деп,

Комсоо кепти сүйлөбө!

Өрүштө жылкы малым деп,

Өзгөчө кыйын алым деп,

Өкүнүчтүү болор айткан кеп.

Жайытта жатыр уюм деп,

Сандыкта дүйнө — пулум деп,

Санаага салсаң, жаман кеп!

Жүк артсам арбын төөм деп,

Төөм бардан жүрөм деп,

Дөөрүгөнүң, — жүдөө кеп!

Конокко сой бир койду,

Корооңо кой миң койду.

Бир карышкыр кириптир,

Миң койду кайдан тим койду!

Корооңо канды толтурду,

Таң атырбай таптаза

Кырып баарын болтурду.

Курсагым жеп, тойдум деп,

Күнүм бүттү койдум деп,

Бекер кайдан олтурду?

Аны кылды бөрүңүз,

Артын байкап көрүңүз!


"Жылдырып жылкы айдадың,

Сызылтып казы чайнадың,

Зыңкыйтып күлүк байладың

Сыдырым сыртты жайладың;

Жоо сыртыңдан багыптыр,

Кыйкырып добул кагыптыр, —

Куюндай учуп жылкыңыз

Жоого кетип калыптыр.

Ээн мында калды деп,

Ээлеген мендей малды деп,

Эстебей турган болгон соң,

Жылкым менин арбын деп,

Жыргап жатыш кандай кеп?

Желеде малым, уюм деп,

Сандыкта зээрим, пулум деп,

Көңүлүңө жетиптир;

Көмүр жанып, от жанып,

Көмүркөй күйүп кетиптир.

Көп деп турган уюңду,

Көтөрмөсүн колго алып,

Көк көйнөк чалып өтүптүр.

Көрө-сала койгун деп,

Айрып албас болгон соң,

Аны көрбөй койсоң нетиптир?!


"Көрүп турсуң көп кыргыз,

Көбүңө айтам мен бир иш.

Көрдүңбү төөнүн чоңдугун,

Жүрүмүнүн тоңдугун,

Жолго сыйбайт таманы,

Тикенек сайбайт тамагы.

Кирпигиңдей чымындан,

Бирок, кидирбестен кырылган.

Кандайлыктан дүйнө деп,

Кайрат бизге кылынган?

Кече Терс-Моёнун оюнда,

Темирдиктин боюнда,

Калмактар Текеске кабар

бериптир,

Куяс деген баатырын

Куп чакырып алыптыр.

Кужулдашып калмакты

Кудай уруп салыптыр.

Илебин канга чапканы,

Издетип аны тапканы.

Анын баары келген соң

Мына бул экен айтканы:

"Кыпчак, казак, кыргызын,

Калтырбай кырып таштайлы".


"Алты күн болду келгени,

Агабыз Ошпур угуптур,

Анжы-муру калмактын

Арасынан чыгыптыр.

Жалпы олтурган ага-ини,

Жалынсаң жаның калабы?

Жабылып кирсе көп калмак,

Сени корксоң коё салабы?

Казан асып, кар салып,

Катын алып, үй тигип,

Аспап алып, ат минип,

Адам болуп турган соң,

Жолун күткүн бабаңдын

Жоодон качып калбагын.

Каарын төккөн калмактан

Кутулар жагың карагын.

Арбагы бийик Ала-Тоо

Барбай кантип коёюн;

Атамдан калган жеримди

Албай кантип коёюн.


"Жердеп турат жеримди,

Ээлеп турат элимди,

Текес менен Алооке

Кетирип турат кебимди.

Алтайда кантип туралык,

Арбын кошуун жыялык.

Атышкандан баш тартпай,

Атанын жолун кууалык.

Барсылдашып жеңбесек,

Маңгул берер тогоңду;

Карган адам өлөт деп,

Бас ойлобо оюңду.

Энеден не деп тубамын,

Эрлердин жолун кууамын.

Эзелки жерим албасам,

Эс алып кантип сууамын?!

Ак асаба, кызыл туу

Аягын жерге, сайбасам,

Асабасын жайбасам,

Атым өчүп калбайбы,

Атамдан калган Ала-Тоо

Алтайдан калбай албасам!?


"Алтымыш уруу журтумдун

Азганы болсо жыяйын.

Арбак урган калмакка

Азапты мындай кылайын.

Ала-Тоо менен Алайдыр,

Аркы жагы Самаркан;

Ата конуш анда экен

Абалтан журтум самаган.

Жердин кени Илени;

Жети өзөндө суусу бар,

Жер соорусу ушулар,

Жердебесе билеби?

Ат-Башы, Нарын ортону,

Эсиңе алгын ошону.

Ысык-Көл менен Соң-Көлдү,

Сүргөн экен бул калмак

Ошондогу көп элди.

Азыр турган жериңер

Алтай тоонун арасы.

Ала-Тоого жетпесек,

Элиңдин кетер чамасы!".
Айтып Манас токтоду,

Ал жыйылган көп элде

Кой дээр киши жок болду.

Акылмандын баары бар,

Ак сакал Жакып дагы бар.

"Манастын сөзү макул" — деп,

Баш ийкеген чагы бар.

Сары казы, жал берип,

Кымызга чайкап, бал берип,

"Тарагын, — деди, көпчүлүк!

Так он беш күндөн калганың,

Башыңа түшөр көп түлүк.

Атка минип, эрбейген,

Найза кармап, сербейген,

Адаммын деп дердейген

Азаматтан калбасын!

Казан асып, кар салган,

Катын алып, үй тиккен

Кары, жаштан калбасын.

Сундуруп найза салчуулар,

Жулкушканын алчуулар

Журтта жатып албасын.

Союл чабар камбылдан,

Жоопко жүйрүк, даңгылдан,

Балтыры жоон, балбандан,

Басташканын алгандан,

Кылыч чабар машынан, —

Кылайып бирөө калбасын!

Айбалта чабар ыктуулар,

Айбаты артык мыктуулар

Айылда жатып албасын.

Жол адашпас жерчиден,

Жолду билген ченчиден,

Өнөрү бар өткүрдөн,

Өлүмдөн коркпос жеткирден,

Молтолуу дуба* билгенден,

Болумдуу күлүк мингенден, —

Асты бирөө калбасын!

"Айткан Манас сөзү" — деп,

Аңдабай жатып албасын,

Алыска сапар жүрөбүз,

Азыгын арбын камдасын!


"Барскан чапкан усталар

Бейкабар жатып албасын.

Бабамдан калган жерди алам,

Бар жарагын шайласын!

Келгенди черүү* алармын

Керденкечтик* кылганды

Мен качанга күтүп чыдармын?

Жүргөндү жолго алармын,

Жүрөгү майсыз, жүүнү бош

Жаманды эмне кылармын?

Ойротко* айтам мен Манас,

Ойнойт экен Манас деп,

Ойлобосун кары-жаш.

Кылымга айтам мен Манас,

Кыят беле бизди деп,

Кыйшаңдабай жолго бас!

Уктуңарбы баарыңар?

Улуу-кичүү карыңар?!..".


* * *
Эки ай мурун эр Манас

Элге кабар салганы;

Чубак менен Ажыбай

Чакырчууга барганы.


Ажыбайды бек койгон,

Айтканын болсун, деп койгон.

Жер жайнаган кол менен,

Аксыдан ашып, жол менен

А да келди, кол менен.
Кошойго болгон кайната,

Кошуунун алып жайната,

Ат арытып жол менен

Алыстагы Мунар кан

А да келди кол менен.

Канчасы аяр, айлакер,

Эсебин санап биле бер.

Бегиш, Көйүш бектери

Жер майышкан кол алып,

Булар да келип калыптыр.


Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу,

Көк асаба, көпкөк туу,

Көк жадырган улуу чуу.

Кыргыз топтоп мол болду,

Кылкылдаган кол болду.

Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй,

Асаба туудан бөлүнбөй,

Алтайдын бою көрүнбөй,

Найзанын учу жылтылдап,

Адамдын башы кылкылдап,

Жер соголуп, былкылдап,

Желеги алтын туу болду.

Жергеден түмөн кол келип,

Жер жарылган чуу болду.

Арыстаның жүрөт аралап,

Ушул келген көп колду.

Алтайдын арал талаасы

Адам менен жык толду.


Кебээ курсак чалдарды,

Кейпи жаман балдарды,

Жарасы бар майыбын,

Барып бак деп зайыбын,

Тил чыкпаган дудугун,

Кулагы укпас мулугун,

Көзү көрбөс кароосун,

Көңүлгө толбос жадоосун,

Аягы майып чологун,

Айтышкан кепке мокогун,

Кайра үйүнө кайтарды.

Көксөө болгон карысын

Көрүп туруп баарысын,

Эгебей жарак майтарды,

Элин кайта кайтарды.

Ала-Тоо алыс жер, деди,

Адырмак канча бел, деди.

Үй көчүрүп, мал айдап

Калганың кийин кел деди.

Азар түмөн кол менен

Азыр жөнөйм мен деди.
Албан түркүн кол менен,

Аралдан өзөн жол менен,

Айгайлап колу жүргөндө

Алтайдын жери титиреп,

Адыр менен айланып,

Күдүр менен күтүрөп,

Караанына көз жетпей,

Караган көзү кайышып,

Кара талаа, боз чыбыр, —

Жердин бети кайышып,

Күрөөкө, соот жаркылдап,

Күлүк буудан алкылдап,

Кемерлер белде шаркылдап,

Кең багалек балкылдап,

Калың черүү кол болуп,

Жөнөй берди шартылдап.

Кылычтар белде кыңгырап,

Найзалар колдо зыңгырап,

Айбалта, канжар кагышып,

Аралаша шыңгырап,

Калкандын баары калкылдап,

Каруу-жарак шаркылдап,

Кас бууданды минишип,

Кайнаган кыргыз черүүсү

Кайкалап жолго киришип,

Ала-Тоо көздөй бет алып,

Айланып кошуун аттанып,

Бара турсун аралаш,

Башкарганы эр Манас.
Аны таштай салыңар,

Ала-Тоодон не кабар,

Эртелеп кабар алыңар.

Үч-Турпанды жердеген,

Урушуп адам жеңбеген,

Кара-Сууда калаасы,

Каар аярдын баласы

Кутурган Култаң качыптыр,

Арадан Жылдыз* басыптыр,

Терс-Маёдо Текес кан,

Темселеп ага барыптыр.

"Оён Манас келет"-деп,

Озунуп кабар салыптыр.

"Чоң атасы Ороз кан,

Оңбой турган бул бир жан!

Уругу кыргыз абалтан,

Уйгурлуктун баарысы

Урушуп өлдүк Манастан.

Камынбасаң, курудук,

Кабарга келип турумун,

Жалганы жок мунумун!

Эртелеп кабар салбасаң,

Эстүүнү жыйып албасаң,

Эртең-бүгүн билбеймин,

Эгер келбей койбойт ко.

Беленденип турбаса,

Бет алган андан сойлотко!?

Текестин бутун кучактап,

Көзүнүн жашы бурчактап,

Манасты айтып майышып,

Кошойду айтып, кайышып,

Коркуп Култаң турганы.


Кабар угуп кан Текес

Калтырады бу дагы:

"Келип улук болгонум,

Кыргыздардын арасы,

Бээжин түгүл бул жерден

Кара шаар, Кумулдун

Түк көрүнбөйт карасы.

Лаилама колдой көр,

Кыйыныраак болгон бейм,

Кыргыздардын Манасы.

Ар канча мыкты болсо да,

Алоокени алалбас,

Даап уруш салалбас.

Элүү-кыркың аттанып,

Эңкейип жолго салыңар.

Күңгөй тоо барып түгөнөт,

Күн чыгыш жакка барыңар.

Эчки-Өлбөстөн жоо чыкса,

Көрүп алып качыңар,

Келип кабар айтыңар.

Эчки-Өлбөстүн бийик чат,

Эңкейип бар да, карап жат.

Жолдон душман көрүнсө,

Жармың чапсаң кайра тарт!".


Аны айтканда Текес кан,

Алдында турган канча жан

Көзгө аткан мерген машынан,

Көз жалтанбас башынан,

Айтууга дангыл сөздүдөн,

Алысты көрөр көздүдөн

Дүрбөтүп Текес калганы.

Түн ортосу болгондо

Куяс аяр барганы.

Куяс аяр келгенде,

Маңгулдуктун баарысы

Куп сүйүнүп калганы:

"Кең Алтайды жердеген

Азганакай буруттур,

Ажат айдап, как тартып,

Ал чокчоңдоп туруптур.

Ошондон коркуп жүргөнүң,

Сени көкө теңир уруптур!".


Ошону айтып Куясы

Атына минип алганы,

Карагайлуу чоң бетке

Чаап жетип барганы.

Сыйкыр окуп, дубалап,

Жайыттагы малдарын

Алда кайда кубалал,

Бул пери ургурдун өнөрүн

Арып дуба* салыптыр.

Мейли терек, мейли тал,

Адам болуп калыптыр.

Мейли камыш, мейли чий,

Баатыр болсоң, барып тий.

Мейли куурай, мейли чөп,

Кошуун болду сансыз көп.

Карагайы, кайыңы,

Каптап барган кошуундун

Чыгар эмес дайыны.

Суунун үстүн өрт кылды,

Туу көтөргөн ар жерге

Баатырларын көп кылды.

Ат минбеген жөө болду,

Ар бир чынар теректер

Адам эмес, дөө болду.

Мылтык, кылыч, бар жарак

Бутагынан бөлүндү.

Найза, кылыч көтөргөн

Айбаттары көрүндү.


"Көргүн, мына каным, — деп,

Келгис кылдым баарын, — деп,

Кыргыз деген эмине,

Кыйналбаңыз тим эле!

Алтай тоонун арада

Алакандай журттур,

Ары-бери урушуп,

Азап тартып жүрүптүр.

Текес, артык каным, — деп,

Тек чоочуптур жаның, — деп,

Тентиреген бурутту,

Келип калса бул жерге

Кетирейин санын" — деп

Куяс айтып салганы.

"Бул кошууңду качан жыйды? —

деп,


Текес кан айран калганы.
Текес кан баштап кубанып,

Кол көрүүгө барганы.

Жогор жагын карасаң,

Муздак ашуу, бел болгон.

Орто жерин карасаң,

Өрт күйгөн кызыл сел болгон.

Өйүз менен бүйүзү

Күрсүлөрүн көтөргөн

Күлдү балбан эр болгон.

Жаңы көргөн адамдар

"Бул кайдан келген кошуун" — деп,

Башы катып, тел болгон.

"Аралайлы колду" — деп,

Айтып Текес мындай кеп

Дабырата желгени,

Колго жакын келгени.

Жарагын колго алышты,

Жалпы аламан жалдырап

Келе жаткан буларга

Кезенип көзүн салышты.

Шүңгүр деген баатыры,

Кандай экен, билмекке,

Найзасын алып качырды.

Найзасы жакын жеткени,

Түк билбеди сайганын,

Сээрден найза өткөнү.

Шалак этип Шүңгүрү

Чалкасынан кеткени.

Кутуруп кеткен Куястын

(Өнөрү өмей неткени)

Өлтүргөнчө дем алып,

Айрып алып кеткени.


Куястын көрдү өнөрүн:

"Куясым барда коркпойм" — деп,

Уруп кеткен Текес кан

Унутуп койду өлөрүн.

"Келсе бурут келсин" — деп,

Кенебей жатып алганы.

Төртүнчү күндө Текеске

Манас жетип барганы.

Калдайган колуңкөргөндө

Карап туруп калганы.


Күлдүрдүн уулу Чалыбай,

Күлдүргүчү Ажыбай,

Кырандын бири Кутубий,

Кыпчактардын Таз чечен,

Кымырылган Үрбү бар.

Каратоко, Мажиги,

Кайраты ашык Чалиги,

Кабылан Манас баатырга

Кан Айдаркан баш болуп,

Баары келди акылга.

"Аяк-башы күнчүлүк

Колу басып калыптыр,

Ай талаага кол батпай,

Адам туруп алыптыр.

Аябай келген көп черүү

Алтымыш тууга бөлүндүк,

Төгөрөктү карасам,

Төрт кишидей көрүндүк.

Кан Текеске мынча кол

Кайдан келип калды деп,

Кашайгырга катылбай;

Кайтсак кандай болду?" — деп,

Айдаркан айтып салганы.

Кабагына Манастын

Каары келе калганы:

"Эми калмактан качып кетесиң?

Кайнаган кошуун каптаса,

Ошондо калкым нетесиң?

Же жер алдында жатпасаң,

Малың менен башыңдын

Баарын жерге катпасаң,

Мынча черүү коёбу,

Же асманга чыга качпасаң!".

Түрү кетип сүйлөнүп,

Аймаңбоз менен күүлөнүп,

Бармак болуп калганы,

Бастырып жолго салганы.

Абасы Бакай кеп айтат,

"Ай, токтогун! — деп айтат.

Кароолду мен бир карайын,

Төбөмдү алар көргөндө,

Качкан болуп калайын.

Кууган болсо мени деп,

Мен кармайын сени деп,

Тосуп уруш саларсың,

Тос-тос кылып баарысын,

Мени ажыратып аларсың".
Аны айтып эр Бакай

Быйыл отуз жашында,

Дөөлөт кушу башында;

Жаракты белге чалынып,

Жаратканга жалынып,

Алма баш мылтык жонунда,

Ботосун салган моюнга;

Саадакты белге байланып,

Абакеңиз жөнөдү,

Сары-Учуктан айланып.

Моюнду деген бел менен,

Боз-Талаа, Кубаң жер менен,

Жердин түбү желпинип,

Желпиниште туулган,

Ойротко салган чуулган,

Кабары көпкө угулган,

Калмакка салган чуулган,

Кабылан Бакай барыптыр.

Кууганы болсо саям деп,

Куп ажалын табам деп,

Арт жагында чуңкурда

Көк жал Манас калыптыр.


Көк чолок атты чуратып,

Артынан чаңын буратып,

Колго жакын жеткени,

Абакеңиз Бакайдын

Акылы эмей неткени.

"Көрүп мени турду, — деп,

Көптү кудай урду, — деп,

Кандай мени качырбайт?

Бул өзү амал жумуш болбосун?

Бир арып кылып койбосун?".


Аны ойлонуп шер Бакай,

Жарым бута жаш какын

Жанына барып туруптур.

Качырсам деп кыялы,

Кабыланың найза сунуптур.

Жайнап турган көп черүү

Жалпы найза сундурду, —

Мындай шумдук ким кылды?

"Кантесиңер силер?!" — деп,

Кайран Бакай акырды,

Алиги турган көп черүү

Андан бетер бакырды.

Тундурду кулак айгайы,

Аттан кулап түшүүгө

Аз жеринен калганы.
Атсамбы деп бирөөнү,

Бакай колуна мылтык алганы.

Жалпы мылтык сундуруп,

Калмактар кесеп калыптыр.

Кантер экен дагы деп,

Абаңыз кылыч алыптыр.

Карап турган көп черүү

Кылыч алат, кыңк этпейт.

Кыйкырбаса эр Бакай,

Унчугуп бирөө былк этпейт.

Аста-асталап эр Бакай,

Ар кандай сөздү сүйлөдү.

Эмнени айтса, ошону айтып,

Алигилер үндөдү.


Абаң Бакай билди эми,

Амал экен бул иш деп,

Арсаң-арсаң күлдү эми.

Кол да күлүп калганы,

Катылбастан эр Бакай

Кайра жолго салганы.

Арыстан Манас баатырга

Айтып кабар калганы:

"Аткан болсо, аткандай,

Мыктысып мылтык аткан жан

Бир балаага баткандай.

Сайган болсо, сайгандай,

Өнөр экен ар кандай.

Чапкан болсо, чапкандай,

Турат экен жазганбай.

Күрөшсө, күрөш кылгандай,

Акылын мунун таппасак,

Колду бөөдө кыргандай.

Азыр мындан кайталы,

Акылмандар кыйла бар,

Аларга барып айталы".
Муну уккан соң эр Манас

Бакайына кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Не дейсиң аба? — деп айтат.

Бекерге карап турбаска,

Бет алды жоодон бурбаска,

Айтып койгон сөзүм бар,

Ант кылып койгон өзүм бар.

Ушул жерде турайын,

Жоодон качкан немедей

Эми жүзүмдү кантип бурайын!".

Манас айта салганы,

Колду көздөй эр Бакай

Кайра тартып калганы.

Карап туруп кабылан

Кайраты боюн кармады,

Аккелте мылтык алганы,

Акыл кыла салганы.

"Арасы алыс, кыйла бар,

Аккелте огу жетер деп,

Ок чыгарбай кетишип,

Ойлоп турсам бекер -деп,

Аккелте менен бир койду,

Алиги турган көп кошуун

Баары да мылтык күр койду,

Мылтыктын үнү күркүрөп,

Шашкелик жаткан калың кол,

Тула бою дүркүрөп,

"Жер оюлуп кеттиби?

Же болбосо, капырай,

Бир учкан тоо жеттиби?

Жер дүңгүрөп калды, — деп,

Жеке Манас барды эле,

Не шумдук кыла салды?" — деп,

Абыр-шабыр ат минип,

Ат минсе да бат минип,

Кошуун жолго салыптыр.

Сары сеңир уурчуктан,

Ач кайкалаң бурчуктан

Бакай чыга калыптыр;

Көрмөк болуп Манасты

Көңкү кол жетип барыптыр.

Көп кол мылтык аткандан

Көк жал Манас баатырдын

Көзү көрбөй калыптыр.
"Эрдигиң бар, эсиң жок,

Эчтеме менен ишиң жок,

Кагылайын каралдым,

Карап турган черүүгө

Кайрат кылар кезиң жок.

Бул адам эмес, сээр экен,

Сээр да болсо түгөнсүн,

Адам жүрбөс жер экен.

Карап туруп кабыланым,

Суу карек болуп калганың,

Как өзүңө эп экен!.

Ачууланып эр Бакай,

Айгайлады бир далай.
Моюн салып кылкыйып,

Арыстан Манас аш бышым

Жерге карап шылкыйып:

"Айтсаң ушул сөз, — деди,

Айласын кылчы абаке,

Деги ачылар бекен көз?" — деди.

Жанында экен Бозуул,

Бозуулду "Чап!" — деди.

"Кайдан-жайдан болсо да

Даригерди тап! — деди.

Аттан балам, сен, — деди.

Аш бышымга жеткирбей

Дарыгер алып кел!" — деди.

Бакай тиктеп калганы,

Тазкара атын каргытып,

Бозуул жолго салганы.


Жетип келди дарыгер

Дарынын деми чачылды,

Алиги Манас баатырдын

Айнектей көзү ачылды.

Жер жайнаган көп колдо

Жетик эрдин баарысы,

Дарыгер аяр билгичтин

Чекседе* белен дарысы.


Колдон тандап эр Бакай

Кыйындарды алыптыр.

Сээрлеген кошуунга

Балбан баатыр барыптыр.

Байкап колдун баарысын

Аягы турган жериңде

Аябай төктү дарысын.

Өздөрү оолак качышып,

Өзөн бойлоп жатышып,

Дүрбөй түшүп от берди,

Дүйнө жүзү солк деди.

Аябай күндү жайлады,

Кара шамал дубасын-

Кара сууга байлады.

Жалын чыкты дүркүрөп,

Шамал тийди күркүрөп,

Камыш, чийи, куурайы

Жалынга токтоо кылбады.

Жалпы күйдү бу дагы.

Кайың, талы, тереги,

Түк болбоду кереги.

Такыр өрттөп салганы,

(Ошо күндөн ушу күн,

Ошол жердин атагы

"Өрттөң" атка калганы).

Алиги каптап эл турган

Аянсынбы ушундан!
Эрөөлгө чапты эрендер*,

Бууданды минген берендер,

Мен баатырмын дегендер

Карап турбай бурулуп,

Калаага кирди куюлуп.

Жалпы журту дуркүрөп,

Баатырлар күндөй күркүрөп,

Кышкы кирген буурадай

Балбандын баары зиркиреп,

Караламан көп черүү

Чабуул коюп буркурап,

Жер жаңыртып чуркурап,

Найзанын учу чабышып,

Адамдын башы кагышып,

Аламан коюп калышты,

Айдап жылкы салышты.

Чакчелекей калмактар

Чагалалап*, чуркурап,

Талаага качты быркырап,

Катын менен баласы

Үй-үйүндө чыркырап.

"Кармап бурут алат, — деп,

Кайрат кылган кишинин

Канын төгүп салат, — деп,

Көрөр күнүн көрө албай

Көмүлүп жатып калат, — деп,

Көрбөйбүз бири бирибиз,

Көкө теңир ордого*

Төгүлдү минтип жинибиз.

Кече биз не кылбадык бурутка,

Ушул бурут деген журутка!

Эми мына ургаачыбыз күң болдук,

Урууга минтип дүң болдук.

Келме кезек экен го,

Минтип, эркегибиз кул болдук.

Эрлердин баары өлгөн соң,

Жалаң катындар калып тул болдук.

Кан Текес, Куяс жатыр деп,

Көргөнүбүз бул болдук!".
Жүгөнүн кармап жүгүрүп,

Жөө жүргөнү дагы бар.

Кай бирөөнү карасаң,

Желдиктерин колтуктап,

Тегеренен чагы бар.

Коюн айдап мааратып,

Уюн айдап мөөрөтүп,

Төөсүн айдап топтотуп,

Эсебин кийин алмакка

Ата уулусун жоктотуп,

Кара журт олжо алыптыр.

Кандарга Манас бет алып,

Каптап кирип калыптыр.
Эр Манастын кошунун

Арбындыгын көргөн соң,

Жаалына чыдабай,

Жанындагы Куясты

Жара тартып салыптыр.

Куясты Текес жарганы,

Текес кандын ордого

Эр Манастын көп кошуң

Куюлуп кирип барганы,

Кутуларга жер койбой,

Курчап колу алганы.

Өжөрлөнүп Текес кан

Өзүнө бычак салганы.
Эми Манас кеп айтат,

Кеп айтканда бек айтат:

"Кылыч чаппай, ок атпай,

Кыйынсынып жаа тартпай,

Алдырып салган ким дейсиң?

Албаңар жырык ийнесин!

Не кылабыз калмактын

Эзелден жыйган дүйнөсүн!

Кош-кошко союш алыңар;

Корооңдо калды малыңар.

Байынан союш алсаң да,

Бакырын коюп салыңар.

Дүйнөдөн куруп калгандай,

Кантесиңер баарыңар!?..".


Кабылан айтып акырын,

Колдун четин жапырып,

Арыстан Манас токтотту,

Ата уулунун баарысын

Айдап кел деп, жоктотту.

Коктулардын башына

Кол келгенде кашына,

Колдорун кагып чапкылап,

Чагалалап*, буркурап,

Жан соогалап, чуркурап,

Айылдан чыгып, дүрбөшүп,

Ата-энесин жүр дешип,

Жаштары ыйлайт, чыркырап,

Жайыттагы жылкысы

Жарышып үркөт, дыркырап.
Кабылан Манас жоокерди

Ойдон-тоодон жыйнады;

"Сенин баланчаң кайда кетти?" —

деп,


Башчыларын кыйнады.

"Каран калган дүйнөнү

Каалабасак кээ кылат,

Калабалуу бул Манас

Каңгайды аяп не кылат?".

Күңкүү сөзүн айтышып,

Ак Ыястын оюна

Кошуун келди кайтышып.


Ошондо да көпчүлүк,

Кара чоктуу ойротко

Бүгүн түштү көп түлүк!

"Кайрып алып берет, — деп, —

Катүгүн, Манас көрөт" — деп,

Капыл-тапыл дүйнөсүн

Катып жүргөн дагы бар.

"Жолобогун, алба, — деп,

Жоонун мүлкү эч качан,

Опо болбойт жанга" — деп,

Айтып жүргөн дагы бар
* * *
Кыраан Манас, жаш бала,

Чегине келди жеринин,

Четине келди элинин.

Токою бар, чери бар,

Тоодон түшкөн жолу бар,

Толкуп жаткан колу бар,

Токтоп турган көлү бар.

Жерине келген баатырдын

Желигишин көрүп ал.

Төрө Манас зор менен,

Таштуу күйгөн жол менен,

Ак асаба туу менен,

Айгайлаган чуу менен,

Көк асаба туу менен,

Көк жаңырган чуу менен,

Добулбас согуп күңгүрөп,

Тоо көчкөндөй дүңгүрөп,

Сел жүргөндөй күркүрөп,

Өрт күйгөндөй дүркүрөп,

Эркин күңгөй жол менен,

Эсеп жеткис кол менен,

Эр Манас жолго салыптыр.

Ысык-Көлдү кыркалап,

Ызгып жөнөп калыптыр.


Адыр-күдүр коосу бар,

Ар тарабын карасаң,

Аркайган бийик тоосу бар.

Ач кайкалаң бели бар,

Аркырап шамал, жели бар.

Жойкундуу жолун караса,

Үч бөлүнгөн жери бар.

Артуу жолго салыптыр,

Ар тарапка из кеткен,

Баатыр айран калыптыр.

Тилке-тилке коо жакка,

Капчал* бийик зоо жакка

Кошуун батпайт кыжылдап,

Кыр-кырга чыгып быжылдап,

Күн чыгыш жакы тоосуна,

Көз учкан бийик зоосуна.

Чыкканы тоонун башы экен,

Чылгый мөңгү,таш экен.

Эңкүүсүндө эчки бар,

Тектиринде теке бар,

Курбусунда кулжа бар,

Кайыптын баары мында бар.


Арага түшүп калганы

Бу колдон чакса,а колго,

А колдон чакса.бул колго

Бурулуп жүрүп оң-солго,

Чарчап болду кийиги,

Адамга толуп кетиптир

Тоо-ташынын бийиги.

Текенин баары жайылып,

Таш бетине сайылып,

Топ-топ болуп калыптыр,

Токтоп туруп алыптыр.

Көрүнө келип атышып,

Көп кызыкка батышып,

Ок тийген теке шалактап,

Ойго түшүп жатышып,

Ойдогусу союшуп,

Отту жага коюшуп,

Шишкебек кылып какташып,

"Топ эчки тиги турат" — деп,

Аны түнкүсүнө сакташып,

Урунуп жүрүп чарчаган

Жүрбөй калган кийигин,

Адам тосуп алыптыр

Кийик чыкчуу бийигин.

Күн батыш жагын караса,

Көз учунда мунарык,

Көз жетпеген тунарык.

Асты жагын караса,

Аккан кашка суусу бар,

Ар түрдүү бийик көп экен,

Аңгемеси ушу бар.

Ар жагын байкап караса,

Аз гана кызыл жары бар.
Андан өтүп кеткенде

Капчыгайдын тары бар.

Арыстан Манас баатырың

Кыл чокуга барыптыр.

Кыйлага көзүн салыптыр.

Дүрбүсүн колго алыптыр.

Оболоп жаткан тоолордо

Оюна түшүп көп неме,

Баатырың олжуп карап

калыптыр.


* * *
Муну мындай таштайлы,

Ала-Тоодо кыргыздан

Азыр кабар баштайлы.

Ойрон болуп калыптыр

Олуята калаасы,

Жармы калмак,кытайдан,

Жармы кыргыз баласы.

Угушкан экен мурунтан

"Калмакты сүрүп келет — деп, —

Кыргыздын кыраан Манасы."

Ал жердеги кыргыздар

А,кудай,келсе гана!? — деп,

Абыдан калды табасы.

Кабарын уккан калмактар

Көзүнүн жашын тыялбай,

Көбү качып жөнөлдү

Жайытта малын жыя албай.
"Бурут сенден көрдүк — деп, —

Баштатан өчү бар эле,

Бул жерге келсе, өлдүк — деп, —

Эми букара неге кылалы?

Булар да түбү буруттан,

Бирин койбой кыралы.

Өткүрө кылыч салалы,

Өлтүрүп ийип баарысын

Өчтү үшүнтүп алалы!".

Кеңеши катуу болгону,

Чыңоолду мыктап койгону.

Кеңеши бүттү калмактын,

Кыргыздан тукум калтырбай

Эртенки күнү сойгону.

Ары-бери турушуп

Аябай насаат кылышып,

Ал жерде жүргөн кыргызды

Тукум койбой кырышып,

Ошондо аттанмак болду кол

тартып,

Анжиян көздөй жол тартып.
Акылдашып турушту,

Адам уулу көрбөсүн,

Теги ал өңдөнгөн жумушту!

Кудуңбай деген бар экен,

Кудунбайды караган

Кыргыздан токсон жан экен.

Кетмек болгон калмактын

Кеңешин угуп алыптыр.

Кетелик деген бир калмак

"Качпасаң Кудуң өлдүң!" — деп,

Кабарды катуу салыптыр.

Аны укканда Кудуңбай

Элүү киши чаптырып,

Эртелеп кабар айттырып,

Кыргызынан түк койбой,

Киши түгүл үйүнөн

Көзгө илинер мүлк койбой,

Кум-Арык менен Чалдыбар,

Куймадагы кыргызга

Куп кабарды салыптыр,

Койбой жыйнап алыптыр.

Кудуңбай болду эл башы,

Эми Кудуңдун сөзүн тыңдачы:

"Алтайдан келген кыргызы,

Ал да буга тууган деп,

Укурук кайрар чама жок,

Амалсыздан турган деп,

Качаңгы бабам жери деп,

Каптап келет тууганы;

Кадимки кыргыз бул экен,

Кантип карап туралы;

Өңгөсү колго тийген жок,

Өчтү үшүнтүп алалы;

Өңкөй бурут балдарын

Ит өлүмү кылалы.

Кылычтын баарын машта, — деп,

Айбалтаң болсо ашта, — деп,

Калмакты чапмак болуптур,

Эртелеп журтум качпасаң,

Эми шоруң катмак болуптур!".

Кудуңбай оозун жыйганда,

Күйүттө журту турганда,

Арыстан Манас кыраандан,

Алгын кабар булардан.


* * *
Жер көчкөндөй дүңгүрөп,

Ашуу ашып, таш басып,

Ач кайкалаң бел басып,

Аркыраган суу кечип,

Асмандаган тоону өтүп,

Түнт токойлуу жер көрүп

Түнөрүңкү эл көрүп,

Арадан канча күн өтүп,

Аттанарга чак жетип,

Октой болгон Аймаңбоз

Оңдоп ээр салганы.

Ойду көздөй бет алып,

Оён Манас аттанып,

Жети бугу, үч аркар

Кийик атып алганы.

Мүйүздөрүн байланып,

Улар-Тоону айланып,

Алты гана, Келтелик

Ашып кетип баратат,

Кошуун көрүп, кол көрүп,

Шашып кетип баратат.

Чыйырчыктуу кара адыр

Басып кетип баратат,

Эңкейиштин элигин

Атып кетип баратат.
Тоорулуп тоодон келгени,

Токсон экен мергени.

Жаа тартканын алганы,

Жанында жыйырма беш балбаны,

Алтымыш беш мылтыктуу, —

Жолдоштору мына бу!

Саадак тарткан, жаа тарткан,

Сайышкан жоосун жадаткан,

"Баянды" деген бир жерге

Барды кыргыз бир элге.

Көкөтөйдүн тобу экен,

Көк жал Манас баатырды

Көргөндөрү жок экен.
Үч койчу, бир жылкычы,

Малчыны көрүп алганы.

Малчыны көрүп баатырың

Салам айтып салганы.

Аң-таң болуп шумурай

Арыстанга көзүн салыптыр,

Аттан кулап жыгылып,

"Атаке!" — деп калыптыр.

"Кирпигиң жалын, көзүн чок

Кишиде сендей щумдук жок.

Атам айтып берген, — деп, —

Айбаты сендей деген, — деп, —

Айбатыңды болжоймун,

Алчубу деп ойлоймун.

Перисиңби, дөөсүңбү?

Пенде сендей, болобу?

Бет алышкан оңорбу?

Жолоочу болсоң, жол алгын,

Жортуулчу болсоң, койду алгын.

Сүйлөшпөймүн өзүм, — деп,

Окус өлө жаздадым,

От экен эки көзүң!" — деп,

Манаска айтты бул бала

Ал баланы сооротуп,

Баарысы болду убара.
Эр Манас турган кези экен

Эркелетип баланы..

Бала менен турганда

Асты жакы сеңирден

Айгай чыгып калганы.

"Не балаа болуп кетти" — деп,

Көзүн Манас салыптыр:

Келе жатат бир адам,

Көк жээк найза алыптыр.

Көкөтөйдүн айлына

Кыйтучу деген калмактын

Кошууну бир миң барыптыр.

Алооке буйрук кылган сон,

Атайын чыгып алыптыр.

Манастын тоодо жүргөнүн

Байкабай келип калыптыр.

Жайытта жаткан жылкыга

Добулбас кагып салыптыр.

Добулдун үнү күңгүрөп,

Үркүп жылкы дүнгүрөп

Жабуулашып кыйкырып,

Жабыла калмак кириптир;

Жайнап жаткан жылкынын

Жалпы баарын тийиптир.


Кытай менен калмагы

Бир миң экен барганы.

"Жылкы тийген кимсиң, — деп,

Эр Манас айгай салганы,

Айдаган жылкы жапырып,

Асманга чаңын сапырып,

Кыйтучу деген менмин! — деп,

Кызыкты көрөр жериңе

Кызталак эми келдиң! — деп,

Табылган экен тууганың,

Талаалап жүргөн кыргызга

Ишенип, белиң бууганың!

Чыйырчык кара Чаткалга,

Көрөрмүн сенин турганың!".


Тарсылдатып мылтыгын

Атып жүргөн калмак бар,

Кыркыратып жааларын

Тартып жүргөн калмак бар.

Бар кайраты толгонсуп,

Баатыр өзү болгонсуп,

Кыйкырып жылкы тийиптир.

Көрө сала эр Манас

Кыр алды чаап кириптир.

Жылкычы, койчу баарысы

Жылкысынан айрылып,

Жыла алышпай калыптыр.

Манасты билбей калмак деп,

Кыргыздар карап туруптур.

Катыларга катылбай,

Калмакты кудай уруптур.


Урбаганда неткени, —

Кабылан Манас жеткени.

Найза менен койгондо

Тебетейдин ордуна,

Кыйтучу тегеренип кеткени.

Кыйгактуу найза майлады,

Кыйтучуну жайлады.

Эр Манастын жолдошу,

Токсон экен мергени,

Тополоң кылып келгени.

Калмак качып, сыйлыгып,

Дүргүп кетип баратыр,

Аты жүрбөй кыйласы

Мүргүп кетип баратыр.

Астынан Манас чыкканда

Кайра качып жылкысы,

Үркүп кетип баратыр.

Кыргактуу найза көк түпөк

Кыр аркага мылгытып,

Малып кетип баратыр.

Кызыл кыргын калмакка

Салып кетип баратыр.


Эли кайсы биле албай,

Эрегишип туралбай,

Жоосу кайсы биле албай,

Жолдош болуп кире албай,

Казагы калды каңкайып,

Кыргызы калды аңкайып.

Жылкы тийген калмактар

Жыгылып жатыр даңкайып.

Жарадары андан көп,

Тура албай жатат тамтайып.

Жылкы алуучу калмактар

Куруп кетип баратыр,

Ар жылгага ат башын

Буруп кетип баратыр.

Бирин кармап, бирине

Өткүр Манас кек жалың,

Уруп кетип баратыр.

Этектерин башына

Түрүп кетип баратыр.

Түштүк жакка бет алып,

Сүрүп кетип баратыр.

Ителги тийген эмедей

Айдап кетип баратыр.

Он чактыдан аттарды,

Орой чалып чылбырын,

Байлап кетип баратыр.

Манастын токсон жолдошу

Жайлап кетип баратыр.


Аркасынан ат коюп,

Ат койсо да бат коюп,

Куралып атка минишип,

Кужулдап жолго киришип,

Кайраттанды кыргыздар,

Кол сала келген калмактар

Кантерин билбей болду дал.

Бир-биринен кеп сурап:

"Билдиңерби акелер?

Айдаган – калмак айырган,

Ким болду жылкың кайырган?

Жерден чыга калгандай,

Жер дүйнөгө кол толсо,

Жеке сайып алгандай,

Суудан чыга калгандай,

Суру катуу ар кандай.

Аймаңбоз тулпар астында,

Топтошкон киши кашында,

Кайдан келип турган жан

Чыйырчыктын башында?

Жаңыдан келген тууганбы?

Алооке колу келет деп,

Аңдып келип турганбы?

Аты-жөнүн бир сурап,

Билсек, — дешип, буларды".

Жыйырма-отуздан топтошуп,

Жылкыларын жоктошуп,

Кур аттарын карашып,

Кулун, тайын санашты,

Калмактан түшкөн аттарын

Кужулдашып талашты.

Кырк-элүү калмак байлатып,

Манас келип калганы,

Алдына көп эл барганы.

Эр Манасты караса,

Ажыдаар түрү бар,

Арыстандай сүрү бар.

Капталдан кара кан болгон,

Караган бенде таң болгон,

Качкан жоону кубалап,

Кара бою чаң болгон.

Мурду кырдач, көзү үңкүр,

Адамда болбойт мындай түр.

Бир далай сөз сүйлөдү,

Бара албадым бетине.

Тиктеп, талып калыпмын,

Араң келдим эсиме.

Караламан киши эмес,

Нускасы турат улуктан,

Чоң баатырдын бири окшойт,

Урушканын куруткан.

Башка журттун түрү бар,

Маңдайынан байкасам,

Бала жолборс сүрү бар.

А, дегенде карасам,

Ак шумкар куштун үнү бар".

Баланын сөзү басылды,

Чогулган жыйын жазылды.

Суу боюна кош токтоп,

Сырттаның тикти чатырды!

Чатырды тигип салганы,

Колго түшкөн калмагы

Көк жорудай уңкуюп,

Көк кутандай зуңкуюп,

Кырка олтуруп калганы.

Жолдош токсон мергени

Чогулушуп келгени.

Жондо турган буларды

"Бери келгиле!" — дегени.

Кырдан булар барганы,

Сунган колун алганы.

Учурашып көрүштү

Эми кыргыз балдары!

Аралашып калышты,

Эми алар айтат ар ишти.

Мурун көргөн эл эмес,

Бүт дүйнөгө кол толсо,

Бура тартар неме эмес.

Жалаяк ооз, жар кабак,

Жаалына карап бак

Жылма кабак, жылдыз көз,

Катуу дабыш, каар сөз,

Кабыланды көрүп алышты.

"Адам эмес, дөө го?" — деп,

Айран азыр калышты.

Жүргөнүн бенде көргөндөй,

Жүр деген жакка көнгөндөй;

Белестен чыгып бет алса,

Түрүн кергөн коркоктор

Жүрөгү чыгып өлгөндөй.

Абайлап көзүн салышып,

Көргөндөрдүн баарысы

Арт жакка тартып калышып,

Айылга түш деп айта албай,

Алда кандай адам деп,

Кеп суроого бата албай,

Кеңгирешип келатыр,

Эстен танып эчени

Эңгирешип келатыр.
"Алоокенин калмагы

Жылкыны тийди эрге окшоп,

Бул жогортон келгенде

Жыгылды баары жерге окшоп.

Акыр болду, болбоду,

Алтайдан келген тууган го?

Абайлап бизди турган го?

Кийинки келген элден го,

Кийик издеп келген го?

Оторчу бар мында деп,

Ортолуктан көргөн го?

Биле коюп калмакты,

Бизди көздөй жүргөн го?

Кантер экен деп ойлоп,

Капталдан карап турган го?

Көз алдынан калмактар

Калдайтып жылкы кууган го?

Кол салганын билген го?

Кокту ылдый бу да кирген го?

Кужураган калмакка

Ителгидей тийген го?".

Отор башы Чабагы

Ол сөздү айтып салганы.

Ак ала сакал Атайбек

"Ат, аты жөнүн билсек" — деп,

А да сүйлөп калганы


Койчу бала кеп айтат,

“Коюңар аке! — деп айтат.

Жондо жүргөн жеринде

Жоон темир белинде,

Жолугуп мага сүйлөшкөн

Сөзүнө жооп бербестен,

Өнүп көрүп алгамын,

Өлө жаздап калгамын".

Эми келип эсине

Келишти койдун четине.


"Кылдыңар жакшы жакшылык,

Жыпжылмакай алдырып,

Жана биз жылкыбыздан какшыдык.

Кыруу дээр мал калбай,

Кыл куйруктан тай калбай

Айрылдык эле анык, — деп,

Алоокенин кошууну

Кетмек эле алып, — деп,

Кыргыздын бербей бир тайын

Жакшылык кылдың акыр, — деп.

Жаңы тууган окшойсуз,

Деги сиз, ким дегенсиз, баатыр?"

— деп,

Сурап турду кыргыздар.


Эми айткан кепке кулак сал;

"Уругун уксаң кыргыздан,

Улуу черүү кол алып,

Бу жерге келген Жылдыздан*

Манас деген бу бала

Бай Жакыптан туулган.

Башын ачып кыргыздын

Калмакка салган чуулган.

Саятка* чыккан чатыр, — деп,

Салышар жоого азыр,-деп,

Ушул жерге келгени

Алда нече күн болду,

Уктуңуз бекен мурунтан

Улук Манас баатыр — деп?".

Абалкысы сүйлөдү,

"Манас деген бубу?" — деп,

Анык тактап көрө албай

Айбатынан жүдөдү.


Кабарын угуп алышты,

Кайра тарап калышты.

Тоодо жаткан оторчу

Кош башына бир семиз

Тай жетелеп келишти.

Үчтөн, төрттөн семиз кой

Кошо апкелип беришти.

Алты койдон, бир тайдан

Ар кошуна союшуп,

Колго түшкөн калмагы

Кошо этине тоюшуп.

Айылдан киши чаптырды,

"Кошуун ылдам келсин" — деп,

Арыстан Манас чакырды.


Эми Манас кеп айтат,

"Тургандар уккун! — деп айтат.

Уруна турган тоо жатат,

Уруша турган жоо жатат.

Аша турган бел жатат,

Капталыңда кычырап,

Кан Алооке бул жатат.

Ажал жетсе өлөрбүз,

Келген окшойт кезеги,

Кылымдын каны Алооке

Буга бир кырчылдашып көрөрбүз.

Аккуулар сүзгөн көл таптым,

Тулпарым токтоор төр таптым.

Калмакты көрсө кайышкан,

Маңгулду көрсө майышкан,

Тууганым кыргыз эл таптым.

Капчыгай таптым, төр таптым

Айдаган малым толорго,

Айдыңдуу Талас жер таптым,

Айлым көчүп конорго.

Калкым, кабыл болсун тилегиң,

Эми ордуна келсин жүрөгүң.

Ажал жетпей, күн бүтпөй,

Анча эмне жүдөдүң!

Жанына жандын бара албай,

Журтум, жалтак болгон экенсиң.

Жабууласа* көп калмак,

Коркок болгон экенсиң.

Тукумдан тукум ээлеген

Тоо сеники турбайбы.

Тунуп аккан өзөндөн

Суу сеники турбайбы.

Калдайып калмак басыптыр

Кечээ атабыз өткөн бул жайды.

Адам болуп сөз билип,

Эркек болуп ат минип,

Атадан калган конушту

Эми алдырсак кудай урбайбы!

Баарыңарга эп болсо,

Эми, Манасың билген кеп болсо,

Эрбейип атка минипмин,

Эр атанып жүрүпмүн.

Барбайып атка минипмин,

Баатырсынып жүрүпмүн.

Кимге караан болоюн?

Кереге жайып, уук сайып,

Келип мында коноюн!

Өкүмсүгөн жоо келсе,

Өр талаша жүрөйүн.

Карөзгөй калың доо келсе,

Төр талаша жүрөйүн.

Оолукса калмак кол салып,

Мен бир үрпөңдөшүп көрөйүн.

Андаалап кыргыз калыпсын,

Аттиң, дүйнө, не дейин!..".
Манас мындай дегенде

Келгендер уюп кебине,

Көздөрүнө жаш толуп,

Беттерине кан толуп,

Кыргыз бүткөн кеп салат

Бейли жибип олтуруп:

"Үйүр сагыньш ат келет,

Эл сагынып эр келет.

Эл башына күн тууса,

Эл жараткан эр келет.

Кара — бороон күн жааса,

Бул Манас калка болот экен го.

Калдайган калың эл курап,

Бул Манас арка болот экен го?

Ээр токунуп ат минип,

Белеске чыгып үй тигип,

Адам болот экенбиз.

Кол жыйса кошо барышып,

Кош колдоп найза сайышьш,

Бала Манас кыраанга

Эми караан болот экенбиз.

Көңкү кыргыз болгону

Көрө турган күн бар го?

Иче турган суу бар го?

Башыбызга кармоочу,

Байкуш болгон бул журтта,

Эми бала Манас — туу бар го?".




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет