Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги



бет6/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

Yч кул тууралуу ибарат

14 Бир киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт. 15 Бир кулуна беш кап алтын, 25:15 экинчисине эки кап, дагы бирине бир кап, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат. 16 Беш кап алганы ошол замат аны ишке жумшап, беш кап алтын киреше табат. 17 Эки кап алганы да ошентип, дагы эки кап кошуп алат. 18 Бир кап алганы болсо барат да, жерди казып туруп, кожоюнунун акчасын көмүп салат. 19 Көп убакыт өткөн соң баягы кулдардын кожоюну келет да алар менен эсептеше баштайт. 20 Беш кап акча алганы дагы беш кап алтын алып келип:

— Мырзам, сиз мага беш кап алтын бердиңиз эле, мына, дагы беш кап киреше таптым, — дейт.



21 Кожоюну:

— Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Азга ишеничтүү болдуң, мен сени көпкө ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол, — дейт.



22 Эки кап алтын алганы келип:

— Мырзам, сиз мага эки кап алтын бердиңиз эле, мына, дагы эки кап киреше таптым, — дейт.



23 Кожоюну:

— Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Азга ишеничтүү болдуң, мен сени көпкө ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол, — дейт.



24 Ал эми бир кап алтын алганы болсо келип:

— Мырзам, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем. 25 Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, алтыныңызды катып койгон элем. Мына алтыныңыз, алыңыз, — дейт.



26 Ошондо кожоюну

— Эй, жаман, жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең? 27 Анда алтынымды акча иштеткендерге эмне үчүн берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем. 28 Кана, буга берген бир кап алтынды алгыла да он кап алтыны барга бергиле. 29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 30 Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жактагылар оор азаптан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.



Акыр заманда болуучу сот

31 Көктөн түшкөн Адам бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен жерге келгенде, ал өзүнүн падышалык тактысына олтурат. 32 Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн чабан сыяктуу, ал элдерди бири-биринен бөлөт. 33 Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат. 34 Анан Падыша оң жагындагыларга айтат:

— Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла. 35 Анткени мен ачка болгондо, силер тамак бергенсиңер, суусаганда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө үйүңөргө кабыл алгансыңар, 36 жылаңач калганымда кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда көргөнү келгенсиңер. 37 Ошондо адил адамдар:

— Устат, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле? 38 Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле? 39 Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле? — деп сурашат. 40 Ошондо Падыша мындай жооп берет:

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, мага кылганыңар.



41 Ошондо сол жагындагыларга айтат:

— Менин жанымдан кеткиле, шайтан менен анын жин-перилерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар! 42 Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар, 43 сапарда жүргөнүмдө үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө отурганымда көргөнү келбедиңер.



44 Ошондо булар да:

— Устат, качан биз сенин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле? — дешет.



45 Ошондо аларга да жооп берет:

— Силерге чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар — мага кылбаганыңар.



46 Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет.

26

Исага каршы жашырын бүтүм

1 Иса сөзүн бүткөндө шакирттерине карап:

2 Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Көктөн келген Адам кармап берилет, — деди. 3 Ошол кезде баш дин кызматкерлери жана иудей аксакалдары Каяфа деген баш диний кызматкердин короосуна чогулушту да, 4 Исаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти. 5 Бирок эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, майрам болуп жатканда коё туралы дешти.



Иса Бетания айылында

6 Иса Бетаниядагы Ысман пес 26;6 атка конгон кишинин үйүндө жамбаштап жатканда, 7 кымбат баалуу атыр май куюлган идиш көтөргөн бир аял келип, башына идишиндеги майды куюп жиберди. 8 Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап:

— Мындай ысырапчылыктын не кереги бар? 9 Андан көрө кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, — дешти.



10 Иса алардын бул оюн билип:

— Эмнеге бул аялды кыйнап жатасыңар? Ал мага жакшы иш кылды. 11 Жакырлар дайыма эле жаныңарда болот, ал эми мен жакында араңардан кетем. 12 Бул аял мага май куюп, денемди жерге берүүгө даярдады. 13 Силерге чындыкты айтып жатам: ушул Жакшы кабар дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.



Жүйүттүн чыккынчылыгы

14 Ошондо Жүйүт Искариот аталган «Он экинин» 26:14 бири дин башчыларына барып:

15 Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? — деди. Дин башчылар отуз күмүш сөлкөбай сунуш кылышты. 16 Ошол убактан баштап, Жүйүт Исаны кармап берүүнүн оңтойлуу учурун издей баштады.



Куткарылуу майрамынын тамагы

17 Калама майрамынын биринчи күнү Исага шакирттери келип:

— Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? — дешти. 18 Иса аларга мындай деди:

— Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: 'менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы' деди» — деп айткыла.

19 Шакирттери Исанын буйруганындай кылышты да Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты. 20 Кеч киргенде Иса шакирттери менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты. 21 Тамактанып жатканда мындай деди:

— Силерге чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө мени сатып кетет.



22 Шакирттери абдан капа болуп, биринин артынан бири:

— Эгем, мени айтып жаткан жоксуңбу? — дей башташты.



23 Иса:

— Тамакка менин менен бирге колун салган киши мени сатып кетет.



24 Көктөн түшкөн Адам Ыйык жазууда ал тууралуу алдын ала айтылган боюнча бара жатат, бирок аны сатып кеткен кишиге кайгы. Төрөлбөй эле койсо ага жакшы болмок.

25 Исага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да:

— Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? — деп сурады.

Иса:

— Сен муну өзүң айттың, — деди.



Эгебиздин кечки тамагы

26 Шакирттери тамак жеп жатканда Иса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:

— Алгыла, жегиле, бул силер үчүн сындырылып жаткан менин денем, — деди. 27 Анан чыныны алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп:

— Баарыңар мындан ичкиле, 28 анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүүчү жана Кудайдын келишимин бекитүүчү менин каным. 29 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай шараптан ичпейм, — деди.

30 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да Май Тоого жөнөштү.

Иса Петирдин баш тарта турганын алдын ала айтат

31 Ошондо аларга Иса мындай деди:

— Баарыңар ушул түнү мени таштап кетесиңер. Анткени Ыйык жазмаларда: «Мен алардын чабанын өлтүрөм, анан короодогу койлору чачырайт!» деп жазылган. 32 Кайра тирилтилгенден кийин Галилеяда силерден мурда болом. 33 Ошондо Петир:

— Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! — деди.

34 Иса:

— Сага чындыкты айтып коёюн: ушул түнү корооз кыйкыргычакты сен менден үч ирет баш тартып кетесиң, — деди.



35 Петир:

— Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да сенден баш тартпайм, — деди.

Башка шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

Иса Гефсимания багында

36 Ушундан соң Иса шакирттери менен бирге Гефсимания деген жерге келди. Шакирттерине: «Мен тигиндей барып сыйынып келгенимче ушул жерде отуруп тургула», — деди. 37 Анан Петир менен Зебедейдин эки уулун өзү менен кошо алып кетти да, өзү терең кайгыга батып, кыйнала баштады.

38 Ошондо Иса аларга:

— Жаным өлөөрчө кайгырып турат, силер ушул жерде калып, мени менен бирге сергек болуп тургулачы, — деди.



39 Өзү бир аз ары барып, жүзтөмөндөп жыгылды да: «Атакем ай, эгер мүмкүн болсо ушул азап кесеси менин жанымдан өтүп кетсинчи. Бирок менин каалаганымдай эмес, сенин каалаганыңдай болсун», — деп сыйынды.

40 Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү. Петирге кайрылып:

— Бир саат мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы!? 41 Шайтандын азгырыгына кирип кетпөө үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Анткени рухуңарда сергек болгонуңар менен, адамдык табиятыңар алсыз! — деди.



42 Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды: «Атакебай, эгер бул азап кесесин ичмейинче ал менден өтүп кете албаса, анда сенин каалаганыңдай болсун».

43 Шакирттерине кайтып келсе, алар кайра эле уктап жатыптыр. Себеби аларды уйку басып, кирпиктери жабышып калган эле. 44 Иса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды.

45 Сыйынып бүткөндө шакирттерине дагы келип:

— Эх, силер уктап, эс алып жатасыңар. Быякта болсо Көктөн түшкөн Адамдын күнөөкөрлөрдүн колуна салып бериле турган сааты жакындап калды. 46 Тургула эми, кеттик. Мына, мага чыккынчылык кыла турган киши келе жатат, — деди.



Исанын кармалышы

47 Иса сүйлөп бүтө электе он эки шакирттин бири — Жүйүт көрүндү. Жанында дин башчылар менен иудей аксакалдары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 48 Чыккынчы аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, ал — ошонун өзү. Ошону кармагыла», — деп белги берди. 49 Анан дароо Исага басып келип:

— Саламатсыңбы, Устат, — деп, бетинен өптү.



50 Иса болсо ага:

— Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? — деди.

Ошондо тигилер Исага кол салып, аны кармашты. 51 Исанын жанында тургандардын бири кылычын кынынан сууруп алып, дин башчынын кулунун кулагын шылый чапты. 52 Ошондо Иса шылый чапканга: "Кылычыңы кынына сал. Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат. 53 Же мен азыр Атамдан сурансам, ал мага миңдеген 26:53 периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу? 54 Бирок кантип анда Ыйык жазмада ушундай болуш керек деген сөз аткарылат?» — деди.

55 Анан дароо чогулгандарга карап:

— Каракчыга каршы аттангандай, мени кармаш үчүн кылыч, токмок менен куралданып чыктыңарбы? Күн сайын ибадатканада таалим берип отурганымда мени кармаган жок элеңер. 56 А бирок эмне болсо да, мунун баары пайгамбарлар жазмаларынын аткарылышы үчүн болду, — деди.

Ошондо шакирттеринин баары Исаны таштап, качып кетишти.

Иса синедриондун алдында

57 Исаны кармагандар дин мугалимдери менен иудей аксакалдарын чогулуп, күтүп турушкан Каяфа дин башчысынын үйүнө алып келишти. 58 Петир болсо алардын артынан дин башчынын короосуна чейин алыстан ээрчип барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн кызматчылардын арасына отурду.

59 Дин башчылары менен синедрион Исаны өлтүрүү үчүн ага каршы жалган күбөлүк издешти жана 60 көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да андай күбөлүк таба алышпады. Бирок кийинчерээк келген экөө:

61 — Бул киши: «Кудайдын ыйык ибадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, — дешти.

62 Ошондо дин башчы ордунан тура калып:

— Булардын сага каршы күбөлүк бергенине жообуң жокпу? — деди Исага.



63 Иса болсо унчуккан жок. Дин башчы:

— Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк, сенсиңби? — деди.



64 Иса ага:

— Өзүңүз айттыңыз. Бирок мен сиздерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Көктөн түшкөн Адам Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келе жатканын көрөсүздөр, — деп жооп берди.



65 Ошондо дин башчы кийимин жыртып 26:65 :

— Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөнүн кереги бар? Көрдүңөрбү, ал азыр Кудайга акарат келтирди! 66 Эмне кылыш керек деп ойлойсуңар? — деди.

Тигилер:

— Өлүм жазасына тартылышы керек! — дешти.



67 Анан Исанын бетине жаба түкүрүп, бетине муштап, жаакка чапкылашты. 68 Дагы бирөөлөрү аны уруп:

— Кана, Машаяк, бизге пайгамбарчылык кылып койчу, сени ким урду? — дешти.



Петирдин Исадан баш тартышы

69 Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип:

— Сен! Сен да галилеялык Иса менен бирге болгонсуң! — деди.



70 Петир болсо:

— Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, — деп бардыгынын алдында танып кетти. 71 Дарбазага тарапка баратканда ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып:

— Мына, бул киши да назареттик Иса менен бирге жүргөн, — деди.

72 Петир карганып:

Мен ал кишини тааныбайм, — деп дагы танып кетти.



73 Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келип:

— Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, — деди.



74 Ошондо Петир:

— Кудай урсун, мен ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди. Ошол кезде корооз кыйкырды. 75 Ошондо Петирдин эсине Исанын: «Ушул түнү корооз кыйкыргычакты, сен менден үч ирет баш тартып кетесиң!» деген сөзү түштү да, сыртка чыгып, өңгүрөп ыйлады.



27

Исанын Пилаттын алдына алынып келиниши

1 Таң атканда дин башчы менен иудей аксакалдары Исаны өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгаруу үчүн чогулушту. 2 Исаны байлап, алып кетишти да римдик прокуратор 27:2 Пилаттын колуна тапшырышты.

Жүйүттүн өлүмү

3 Ошондо Исага чыккынчылык кылган Жүйүт, Исанын өлүм жазасына кесилгенин көрүп, оюн өзгөрттү да, дин башчылар берген 30 күмүш теңгени кайра кайтарып берди.

4 Бейкүнөө кишиге чыккынчылык кылып, күнөө кетириптирмин, — деди ал дин башчылар менен иудей аксакалдарына. Бирок алар:

— А биздин кандай тиешебиз бар? Өзүң бил, — деп жооп беришти.

5 Жүйүт теңгелерди ибадатканага ыргытып жиберип, сыртка чыгып, асылып өлдү. 6 Дин башчылар теңгелерди терип алып:

— Бул теңгелерди курмандыкка бергенге болбойт, анткени бул адам канынын куну, — дешти да, 7 өз ара акылдашып туруп, чет элдиктердин сөөгүн коюу үчүн «Карапачынын талаасы» аталган жерди сатып алышты. 8 Ошондон улам ал талаа ушул күнгө чейин «Кан талаа» деп аталган. 9 Иеремия пайгамбардын: «Алар Израилдин урпактары отуз күмүш теңгеге баалаган Кишинин баасын алышты да 10 Эгем мага буйрук кылгандай, "Карапачынын талаасын" сатып алышты», — деген сөзү аткарылды.



Иса Пилаттын алдында

11 Исаны болсо римдик прокуратордун алдына алып келишти. Прокуратор:

— Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.

Иса:

— Өзүң айттың, — деди.



12 Дин башчылар менен иудей аксакалдарынын таккан айыптарына эч нерсе деп жооп кайтарбады. 13 Ошондо Пилат ага:

— Канча киши сага каршы күбөлүк айтып жатат, сен эмне укпай жатасыңбы? — деди. 14 Иса прокуратордун бир да сөзүнө жооп бербей, аны абдан таң калтырды.



Өлүм жазасы

15 Прокуратордун Куткарылуу майрамына карата чогулган элге алар каалаган бир кылмышкерди түрмөдөн чыгарып берүү адаты бар эле. 16 Ошол кезде алардын Барабас деген абдан белгилүү бир адамы түрмөдө болчу. 17 Ошондуктан алар чогулушканда Пилат:

— Силерге кимди бошотуп беришимди каалайсыңар: Бараббаныбы же Машаяк аталган Исаныбы? — деди.



18 Анткени Пилат алардын Исаны көрө албастыктан кармап бергенин билчү.

19 Пилат сот орундугуна олтурганда, анын аялы бир кишини жиберип: «Жанагы кишиге тийбе, анткени таңга жуук көргөн түшүмдө ал үчүн көп азап чектим», — деп айттырды. 20 Бирок баш диний кызматкерлер менен иудей аксакалдары Бараббаны чыгарып, Исаны өлтүрүүнү сурангыла деп чогулгандарды көндүрүп коюшкан эле.

21 Прокуратор аларга:

— Силерге экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар? — деди.

Алар:

— Бараббаны, — деп жооп беришти.



22 Пилат:

— Анда Машаяк аталган Исаны эмне кылайын? — деди.

Тигилер болсо баары бир ооздон:

— Айкаш жыгачка кадалсын! — дешти.



23 Пилат:

— Эмне үчүн? Ал кандай жамандык кылды? — дегенде, тигилер:

— Айкаш жыгачка кадалсын! — деп жаны чыкканча бакырышты.

24 Пилат сөзүнөн эч кандай пайда чыкпасын жана ызы-чуунун күчөп баратканын көрүп, сууну алды да, чогулгандардын алдында колун жууп:

— Мен бул кишинин канына айыпкер эмесмин, өзүңөр жооп бересиңер, — деди.



25 Элдин баары:

— Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда, — деди.



26 Ошондо Пилат Бараббаны бошотуп, Исаны камчы менен сабатып туруп, жаза жыгачка кадоону буйруду.

Тикенек таажы

27 Прокуратордун жоокерлери Исаны преторияга 27:27 алып барышып, анын алдына бүтүндөй полкту чогултушту. 28 Исаны чечинтишип, үстүнө кызыл чапан жабышты, 29 тикенектен таажы өрүп, башына кийгизишти жана оң колуна таяк карматышты. Анан алдына чөгөлөй калышып: «Иудейлердин падышасына даңк!» — деп келекелешти. 30 Бетине жаба түкүрүшүп, таякты алып, башка ургулай башташты.

31 Шылдыңдап бүтүшкөндө, үстүндөгү кызыл чапанды сыйрып алып, өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадоо үчүн алып кетишти.

Исанын айкаш жыгачка кадалышы

32 Жолдо киреналык Ысманды жолуктурушуп, аны Исанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбурлашты. 33 Голгота деп аталган жерге келишкенде (Голготанын мааниси: «баш сөөк»), 34 алар Исага өт аралаштырылган шарапты 27:34 беришти. Иса ооз тийип көрүп, ичкиси келбеди.

35 Айкаш жыгачка кадагандар чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүшүп, 36 ошол жерде Исаны кайтарып олтурушту. 37 Алар Исанын башынын жогору жагына анын айыбы жазылган тактайды бекитишти. Тактайда: "БУЛ — ИСА, ИУДЕЙЛЕРДИН ПАДЫШАСЫ" деген жазуу бар эле.

38 Аны менен бирге эки каракчыны да жыгачтарга кадашты: бирөөсүн оң жагына, бирөөсүн сол жагына.

39 Көчөдөн өтүп бараткандар Исаны тилдеп, баштарын ийкегилешип:

40 Эй, ибадаткананы бузуп, үч күндө кайра куруучу, Кудайдын Уулу болсоң өзүңдү куткарбайсыңбы, айкаш жыгачтан түшүп кетпейсиңби! — деп жатышты.



41 Дин башчылар да аларга кошулуп, дин мугалимдери жана иудей аксакалдары менен бирге:

42 Башкаларды куткарган, өзүн куткара албай турат. Израилдин падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшүп келсинчи, кана, биз ишенели. 43 Кудайга таянчу эле, кана, ага жакса бошотсунчу, анткени «мен Кудайдын Уулумун» дечү эмес беле, — дешти.



44 Иса менен бирге айкаш жыгачка кадалган каракчылар да аны ашата сөгүп жатышты.

Иса Машаяктын өлүмү

45 Чак түштөн баштап, үч саат бою бүт жер жүзүн караңгылык басты. 46 Саат үчтөрдө Иса: "Или, Или! Лема сабахтани?" — деп катуу үн менен боздоп жиберди.

Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Неге сен мени калтырдың?» 47 Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп калып: «Бул Илиясты чакырып жатат», — дешти. 48 Ошол замат алардын бири жүгүрүп барып, соргучту кычкыл ичимдикке малып көтөрүп келди да Исанын оозуна такады. 49 Ал эми башкалары: «Тим койчу, көрөлү, куткарам деген Илиясы келер бекен», — дешти.



50 Иса болсо дагы катуу кыйкырып, жан таслим болду.

51 Ошол замат ибадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге айрылды. Кудай жерди силкинтип, таштарды быркыратты. 52 Мүрзөлөр ачылып, көптөгөн ыйыктардын денесине жан кирди. 53 Иса тирилгенден кийин мүрзөлөрүнөн чыга келишип, ыйык шаар Иерусалимге киришти да көп адамдардын көзүнө көрүнүштү.

54 Жердин силкингенин жана андан башка болуп жаткан окуяларды көрүп, үрөйлөрү учкан жүз башы жана анын менен бирге Исаны кайтарып тургандар:

— Бул акыйкатта Кудайдын баласы болгон экен, — дешти.



55 Ошол жерде алыстан карап турган көптөгөн аялдар да бар эле. Алар Исага кызмат кылып, Галилеядан бери ээрчип жүргөндөр болчу. 56 Алардын арасында магдалалык Мария, Жакып менен Жусуптун энеси — Мария жана Зебедейдин балдарынын энеси бар эле.

Исанын көргө коюлушу

57 Кеч киргенде Ариматея шаарында жашаган Жусуп аттуу бир бай адам келди. Ал да Исанын шакирти болчу. 58 Ал Пилатка келип, Исанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүгө буйрук берди. 59 Жусуп сөөктү алып, таза кездемеге ороп, 60 өзү үчүн казган жаңы көргө жаткырып койду да, оозун чоң таш менен бекитип туруп, кетип калды. 61 Магдалалык Мария менен дагы башка Мария болсо ошол жерде, көрдүн маңдайында отурушкан.

Көрдү күзөтүү

62 Куткарылуу майрамына даярдык көрүлө турган күндөн кийинки күнү дин башчылар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулушуп, 63 ага:

— Мырза, жанагы алдамчы көзү тирүүсүндө: «Үч күндөн кийин тирилтилем» дегенин эстедик. 64 Шакирттери келип, сөөгүн уурдап алып, элге: «Ал тирилтилди», деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан үчүнчү күнгө чейин көр жакшылап бекитилсин деп буйрук бериңиз. Эгер алар ушундай кылышса, анда алардын бул алдамчылыгы биринчисинен да жаман болот, — дешти.



65 Пилат:

— Сакчылар мына, алгыла да билгениңердей кайтара бергиле, — деп жооп берди.



66 Ошондо алар барып, көрдүн оозун таш менен жаап, мөөр басып, сакчыга кайтартып коюшту.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет