Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги



бет7/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

28

Исанын тирилиши

1 Ишемби күндөн кийинки жуманын биринчи күнү, таң азанда магдалалык Мария менен дагы башка Мария көрдү көргөнү келишти. 2 Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени асмандан Жараткан Эгенин периштеси түшүп, көрдүн оозундагы ташты оодарып таштап, үстүнө отуруп алды. 3 Анын жүзү чагылгандай жаркырап, кийими кардай аппак эле. 4 Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей катып калышты. 5 Периште болсо аялдарга сүйлөдү:

— Силер коркпогула, анткени айкаш жыгачка кадалган Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. 6 Ал мында жок, өзү айткандай тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла. 7 Анан тез барып, шакирттерине: «Иса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, аны ошол жактан жолуктурасыңар» дегиле. Силерге айтарым ушул.



8 Бир чети коркунучка, бир чети чексиз кубанычка толгон аялдар көрдөн шарт бурулуп, Исанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү.

9 Аңгыча алдыларынан Иса жолугуп:

— Саламатсыңарбы, — деди.

Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты.

10 Иса аларга:

— Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилеяга барышсын, мени ошол жактан көрүшөт, — деди.



Диний кызматкерлердин сакчыларга пара берип, аларды сатып алышы

11 Аялдар жолдо баратышканда сакчылардын кээ бири шаарга барып, диний башчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти. 12 Дин башчылар иудей аксакалдары менен чогулуш өткөрүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип:

13 — «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле. 14 Эгер муну прокуратор угуп калса, биз аны көңүлүн тынчтандырабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — дешти.

15 Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап жүрөт.

Исанын шакирттерге көрүнүшү

16 Он бир шакирт болсо Иса баргыла деп буюрган Галилеядагы тоого келишти. 17 Ал жерден Исаны көрүшүп, анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты, башкалар болсо ишене албай турушту. 18 Иса шакирттерине жакын келип, мындай деди:

— Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары менин колума берилди. 19-20 Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, мага шакирт кылгыла. Мына, мен акыр заманга чейин, бардык күндөрдө, силер менен бирге болом.



81:18Израилдиктердин салты боюнча кызга бир жыл мурда куда түшүп, сөйкө салышат.

1:21Иса деген аттын мааниси 'куткаруучу'

12:1Астрологдор же жылдыз саноочулар. Бул адамдар падышалар алдында кызмат кылган өтө билимдүү адамдар болушкан.

4:24Сирия — Рим империясындагы Жер Ортолук Дењиздин чыгыш жээгинде жайгашкан бир катар аймактарды — азыркы Израил, Ливан, Сирия жана Түштүк Чыгыш Түркияны камтыган аймак

35:3Байыркы грек тилинен сөзмө-сөз: рухта жакырлар бактылуу

25:22Грек тилинде "Боордошуња "рака" деп айтсањ" деп берилген. Рака деген сөз жек көрүү, кемсинтүү катары айтылган сөз.

25:32грекче «порней» деген сөз жыныстык жактан күнөө кылууну билдирет. Бул күнөөлөрдүн толук тизмесин Муса пайгамбардын 3-китебинин 18:6-23 саптарынан окусањыз болот.

28:2Абдан жугуштуу илдет. Грек тилинде бул сөз пес, ала оорусун да билдирет.

210:12Түп нускадагы грек сөзү арабча "салам алейкум", кыргызча "үйүњөрдө тынчтык болсун" дегенди билдирет

410:14Түп нускадагы грек сөзү арабча "салам алейкум", кыргызча "үйүњөрдө тынчтык болсун" дегенди билдирет

510:25Грекчесиндеги "Баалзабул" деген сөз шайтандын бир аталышын билдирет.

11:21Катуу кийим кийип, күлгө олтуруу — бул күнөөдөн баш тартып, тобо кылгандыкты билдирет

12:21Грекчесиндеги «Баалзабул» деген сөз Шайтандын дагы бир аталышын билдирет.

412:24Бул жердеги жана 27-сүйлөмдөгү "Иблис" деген сөздүн ордунда грекчесинде "Баалзабул" деп турат. Баалзабул шайтандын дагы бир аталышы.

12:41Шаардын аталышы

212:42Бул жер түштүк Арабия болушу мүмкүн.

313:3Ибарат: терењ ойдун маанисин түшүндүрүү үчүн келтирилген кыскача ањгеме. Эгер жаныбарларды мисал кыла турган болсок, анда тамсил деп аталат.

b13:3b[Притча на киргизском языке делится на два вида: 1) ибарат, 2) тамсил. Используемое нынешними церквами слово «үлгүлүү ањгеме» не является общепринятым в киргизской литературе]

313:33Грекчесиндеги үч сата деген 22 литрдей

14:1Грекче бул жерде «тетраархейс» деген сөз колдонуп, ал сөз өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүн башкарып турган адамды билдирет. Ирод ошол Галилея деген аймакта тетраархейс болуп турган. Лука 3:1, 23:6-7 ди карањыз.

16:1Фарисейлер Исага ишенбей анын Кудайдан келгенин далилдей турган өзгөчө белги талап кылышты

816:18Петир деген аттын мааниси аска таш

517:25Салык: соода—сатык үчүн салык, жылдык төлөм: жылдык киреше үчүн салык

717:27грекче статир, же 4 драхмага тењ акча бирдиги

618:16Муса пайгамбардын 5-китебинин 19:15 сүйлөмдү келтирип жатат.

418:2450 000 мињ күмүш тењгеге тете акча

20:2Динарий: ошол убактагы бир күндүк эмгек акы үчүн төлөнүүчү акча бирдиги

120:21Аял Иса жакында падыша болот деп ойлоп, Исадан эки баласын вазирликке алуусун суранып жатат.

121:1Зайтун тоо, Май дарактуу тоо же дөбө: Иерусалимдин сырт жагында жайгашкан, мөмөсү май берүүчү дарактар жыш өскөн тоонун аталышы.

521:5Бул аяттын мааниси: Иса Иерусалимге ат минип, аскер катары эмес, согушка колдонулбай турган жаныбар — эшекти минип, ал тургай коделекти минип тынчтык менен келет дегенди билдирет. (Закария пайгамбардын китебинин 9:9-10 аяттарын карањыз.)

921:9Түп нускада бул жерде "Осанна!" деп берилген еврей сөзү сөзмө-сөз "Куткарагөр!" дегенди билдирет, бул сөз кийин урматтоону, мактоону билдирген чакырыкка айланып кеткен.

122:11Байыркы жакынкы Азияда падышалык тойго чакырылгандарга падыша ошол тойго кийгенге ылайык атайын чапанын тартуулоо салты бар болчу.

422:24Муса пайгамбардын 5-китебинде эгерде бир туугандардын бири өлсө анда анын аялын бир туугандардын бири алсын деп жазып кеткен. Анан бул никеден туулган тун бала ошол өлгөн кишинин тукуму деп эсептелген. Ушуну менен өлгөн адам тукум курут болбостон анын аты Израилде унутулбай кала берген.

423:4Сөзмө-сөз: жүктөрдү

523:5Алар Муса пайгамбардын мыйзамынан алынган сөздөр жазылган тумарларды тагынып алышчу. Исанын убагында болсо алар эл алдында динчилдигин көрсөтүү үчүн ошол тумарларды көлөмүн өтө эле чоњойтуп жиберишкен.

323:23Тоорат мыйзамы

b23:23bТамакка кошо турган жашылчалар. Булардын ондон бир бөлүгүн берүү үчүн өтө так диний кызматкерлер болуш керек болгон. Муса пайгамбардын 5-китебинин 14:23 аятында ондуктун дагы башка түрлөрү айтылган.

423:24Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча чымын да, төө да арам эсептелет. Муса пайгамбардын 3-китебинин 11:4, 11:20 аяттарын карањыз.

423:34Мында бул сөз «Кудайдын мыйзамын окутуучулар» деген мааниде колдонулган жана ушул жерде гана бул сөз иудейлерге карата эмес, машаякчыларга карата айтылган.

624:36Грекчесинде: Уулга да белгисиз.

125:1Салт боюнча жигит биринчи кыздын ата-энесинин үйүнө барып, куда түшөт. Ушундан соњ колуктусу бир нече адамдар менен бирге жигиттин үйүнө барышат. Анан той башталат.

525:15Грекчеде талант деп берилген. 1 талант 35 килограммга жакын.

626;6Ысман мурда пес ооруу менен ооругандыктан, «Ысман пес» атка конуп, кийин айыкканда деле ошол аты кала берген

426:14Он эки: эл арасындагы Исанын он эки шакиртинин аталышы

326:53Грекче он эки легион деп берилген. 1 легион = 6000 жакын аскер.

526:65Еврей салты боюнча, кыргызча айтканда бир нерсе үчүн "күйүп кеткенде" кийимин тытып жиберишет

27:2Прокуратор: римдик башкаруучу

727:27Аскер гарнизону

427:34¤ттүн наркотикалык эффекти бар, ошондуктан оорууну жењилдетет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет