Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги


Исанын ибадатканадан соодагерлерди кууп чыгышы



бет5/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

Исанын ибадатканадан соодагерлерди кууп чыгышы.

12 Иса ибадатканага кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын тактайларын оодарып салды. 13 «Менин Yйүм сыйынуу үйү аталат деп жазылган, — деди ал, — ал эми силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жиберипсиңер!»

Майыптардын айыгышы, наристелердин Исаны даңкташы жана фарисейлердин көрө албастыгы

14 Ошондо ага сокурлар менен чолоктор келишти жана Иса аларды айыктырды. 15 Исанын жасаган кереметтери менен ибадатканда жаш балдардын: «Дөөттүн Уулуна урмат!» деп кыйкырып жатканын көргөн дин башчылары менен дин мугалимдеринин кыжыры кайнап, 16 Исага:

— Булардын эмне деп жаткандарын уктуңарбы? — дешти.

— Ооба, — деп жооп берди Иса, — «Наристелер менен эмчектеги балдардын оозуна өзүңдү мактоонун сөздөрүн салдың» деген Ыйык жазуудагы сөздү эч качан окуган эмес белеңер? 17 Ушундан соң Иса ибадатканадагыларды таштап, шаардан сыртына чыкты да Бетания айылына барып, анда түнөп калды.

Соолуган анжир дарагы

18 Эртең менен эрте шаарга кайтып келе жатканда Иса ачка болгонун сезди. 19 Жол боюнда өскөн бир анжир дарагына көзү түштү. Жакын басып келип жалбырактан башканы таппай:

— Ылайым жемиш байлабай кал! — деди. Анжир ошол замат куурап калды.



20 Муну көргөн шакирттери аң-таң калышып:

— Ой, тообо, кантип анжир бир паста соолуп калды! — дешти.



21 Иса:

— Силерге айтып коёюн: эгерде ишенимиңер болуп, шектенбесеңер анжирге кылынган иштен алда канча укмуш иштерди кыласыңар. Мисалы, мына бул тоого: «Омкорул да деңизге кула!» — десеңер, орундалат жана 22 сыйынганда ишеним менен эмне сурасаңар да аласыңар.



Исанын бийлиги тууралуу

23 Иса ибадатканага келип таалим берип жатканда дин башчылары менен эл аксакалдары басып келишип:

— Сен муну кимдин бийлик менен кылып жатасың? Мындай кылууга бийликти сага ким берди! — дешти. 24 Иса аларга мындай жооп берди:

— Мен да силерден бир нерсени сурайын, жооп берсеңер мен да кимдин бийлиги менен кылып жатканымды айтам. 25 Жакыя чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы?

Алар өзүнчө акылдаша башташты: «Эгер Кудайдан десек, анда эмнеге ага ишенбедиңер дейт. 26 Адамдардан дейин десек, элден коркобуз, анткени баары Яхьяны пайгамбар деп эсептешет». 27 Анан Исага:

— Билбейбиз, — деп жооп беришти.

Иса да аларга:

— Анда мен да силерге кимдин бийлиги менен кылып жатканымды айтпайм, — деди.

Атасы жана анын эки уулу.
« 28 Төмөнкү ибаратты кандай түшүнөсүңөр? — деди Иса, — Бир кишинин эки уулу болот. Ал биринчисине келип:

— Балам, бүгүн сен жүзүмзарга барып иштеп кел, — дейт. 29 Баласы болсо:

— Баргым келбей жатат, — дейт. Бирок кийин оюн өзгөртөт да жөнөп кетет. 30 Экинчисине барып, ага да биринчисине айтканын айтат. Анысы:

— Ляппай, мырзам, — дейт да бирок барбай коёт».



31 Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?

Исага:


— Биринчиси, — деп жооп беришти.

Иса:


— Силерге чындыкты айтайын: салыкчылар менен сойкулар Кудайдын падышачылыгына силердин алдыңардан барат. 32 Жакыя пайгамбар адилеттик жолу менен келди эле силер ага ишенбей койдуңар, ал эми салыкчылар менен сойкулар ишеништи. Муну көргөндөн кийин да оюңарды өзгөртүп, ишенген жоксуңар, — деди.

Ижарачылар тууралуу ибарат

33 Иса сөзүн улантып мындай деди:

— Дагы бир ибаратты угуп алгыла:

«Бир дыйкан болуптур. Ал жүзүмзар отургузуп, айланасын коргондойт. Сыгылган жүзүм ширесин сактай турган чуңкур казат. Кароол мунара курат. Анан ижарачыларга тапшырып, өзү кетип калат. 34 Жүзүм тере турган маал жакындаганда түшүмүнөн алып келгиле деп ижарачыларга кулдарын жиберет. 35 Ижарачылар болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабап, бирин өлтүрүп, дагы бирин ташбараңга алышат. 36 Дыйкан кайрадан мындан да көбүрөөк кулдарын жөнөтөт. Тигилер болсо буларды да биринчилердей кылышат. 37 Кийинчерээк: "Кой, уулумду жиберейин, андан айбыгышар", — деп аларга өз уулун жиберет. 38 Ижарачылар болсо уулун көргөндө өз ара: "Бул мураскор, жүргүлө, муну өлтүрсөк, анын мурасы бизге тиет", — деп, 39 аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына алып чыгып, өлтүрүп ташташат»

40 Эми жүзүмзардын ээси келгенде ижарачыларга эмне кылат?

41 Бул начар ижарачыларга катуу жаза колдонуп, шорун курутат. Ал эми жүзүмзарды болсо түшүмүн өз убагында берип тура турган башка ижарачыларга берет, — деп жооп беришти ага.



42 Ошондо Иса мындай деди:

— «Куруучулар четке чыгарып таштаган таш эң негизги ташы болуп калды» деген сөздү Ыйык жазмалардан эч качан окуган эмес белеңер? Бул Жараткан Эгебиздин колунан келди, ошондуктан биз көргөн бул иш кереметтүү. 43 Ушул себептүү Кудайдын падышачылыгы силерден алынат да анын жемиштерин бере турган башка элге берилет. [ 44 Ким бул таштын үстүнө куласа талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат.] 45 Исанын ибаратын уккан дин башчылары менен фарисейлер өздөрү тууралуу айтылганын түшүнүштү да 46 Исаны кармап жазалайын дешти. Бирок чогулган элден коркушту. Себеп дегенде эл Исаны пайгамбар деп эсептешер эле.



22

Нике тою тууралуу ибарат

1 Иса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:

2 Асман падышачылыгы баласын үйлөп, той берген падыша сыяктуу. 3 Ал конокторго үйлөнүү үлпөтүнө чакыруу кагазын таратат. Анан үйлөнүү үлпөтү башталганда тойго келиңиздер деп айттырып, кулдарын жиберет. Бирок тигилердин келгиси келбеди. 4 Ошондо ал кайрадан башка кулдарын жиберип:

— Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букалар менен бордолгон малдарым союлуп, баарын даярдап койдум, тойго келиңиздер», — деп айткыла, — деди. 5 Тигилер болсо анын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчилери соодасына, дагы 6 башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты. 7 Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү. 8 Анан кулдарына айтты:

— Yйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен. 9 Ошондуктан баргыла да жолдордун кесилиштерине чыгып, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла. 10 Баягы кулдар жолдорго чыгып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду. 11 Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген 22:11 бир кишини байкады. 12 Анан ага айтты:

— Дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң?

Тигил болсо унчукпады. 13 Ошондо падыша кызматкерлерине: «Мунун колу-бутун байлап туруп сыртка, караңгыга ыргытып жибергиле! Ал жакка түшкөндөр тиштерин кычыратып, өкүрүшөт».



14 Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.

Салык маселеси

15 Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да Исанын айтканынан бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашты. 16 Анан Исага өз шакирттери менен Ирод падышанын таламын талашкандарды мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү:

— Устат, сиздин чынчыл экениңизди биз билебиз. Кудай жолунда кандай жашоо керектигин туура окутасыз. Эч кимдин пикиринен коркпойсуз, анткени адамдардын көзүн карабайсыз. 17 Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим императору талап кылган салыкты төлөгөн туурабы же жокпу? 18 Иса алардын арам оюн билип:

— Эмне үчүн менин сөзүмдөн кармагыңар келип жатат, эки жүздүүлөр? 19 Мага салыкка төлөнө турган бир сөлкөбайды көрсөткүлөчү! — деди. Алар бир сөлкөбайды алып келишти.

20 Андагы сүрөт менен жазуу кимдики? — деди Иса ошондо.

Алар:

21 Императордуку, — деп жооп беришти.



Иса:

— Анда императордукун императорго, Кудайдыкын Кудайга бергиле, — деди.



22 Тигилер мындай сөздү укканда келмелери оозунан түшүп, Исаны калтырып, кетип калышты.

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү тууралуу суроо

23 Ошол күнү эле өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен саддукей тобуна кирген адамдар келишти да Исага:

24 Устат, Муса: «Эгер бирөө тукумсуз көзү өтүп кетсе, анын аялын бир тууганы алып, маркумдун тукумун уласын!» — деп жазып кеткен экен. 22:24



25 Бизде жети бир тууган бар эле. Биринчи үйлөнгөнү каза болуп калган. Аркасынан бала калтырбаган соң, аялын инисине таштап кеткен. 26 Бирок экинчиси да, үчүнчүсү да, анан жетинчисине чейин — баары тең ушундай болуп каза болушту. 27 Эң аягында аялдын өзү да өлдү. 28 Эми кыяматта кайра тирилишкенде аял кимисиники болот? Баары ага үйлөнүп чыгышпадыбы, — дешти.

29 Иса аларга мындай жооп берди:

— Ыйык жазмаларды да, Кудайдын кудуретин да жакшы билбей, жаңылышып жатасыңар. 30 Анткени адамдар кайра тирилишкенде асмандагы периштелердей болуп, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт. 31-32 Ал эми кайра тирилүү туурасында силерге Кудай: "Мен Ибаримдин Кудайымын, Исхактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын" дегенин окуган эмес белеңер? Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. 33 Ошондо Исанын таалимин угуп турган калайык анын сөзүнө таң калышты.



Улуу осуят

34 Исанын саддукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер болсо өз ара чогулуп келишти. 35 Алардын арасынан бир дин мугалими Исанын сөзүнөн кармамакчы болуп мындай деди:

36 Устат, диний мыйзамдагы кайсыл осуят баарынан улуу болуп эсептелет?

Иса ага мындай жооп берди:

37 «Кудай Эгеңди бүткүл аң-сезимиң, жан-дилиң Жана түшүнүгүң менен берилип сүй!» 38 Бул эң улуу жана биринчи осуят. 39 Экинчиси ага окшош: «Жаныңдагы кишини өзүңдү сүйгөндөй сүй!» 40 Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.



Машаяк тууралуу суроо

41 Фарисейлер чогулганда Иса мындай суроо берди:

42 Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин уулу?

— Дөөттүн, — деп жооп беришти алар.

43 Иса:

— Анда кандайча Дөөт Кудайдын деми менен аны Эгем деп айткан. 44 Ал:

«Жараткан Эгем Эгеме деди мындай,

Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

Олтура тур сыйлуу жер — оң жагымда», — деген.

45 Демек, эгер Дөөт Машаякты Эгем деп атаса, анда кандайча кайра анын баласы болуп калат? — деди аларга.

46 Эч ким бул суроого жооп бере албады. Ушул күндөн тартып эч ким Исага суроо берүүгө батынбады.

23

Диний кызматкерлердин эки жүздүүлүгү

1 Иса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди:

2 Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар. 3 Ошондуктан алардын айтканын аткаргыла да сактагыла, бирок кылганын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт. 4 Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди 23:4 башкаларга артышып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт. 5 Бир нерсе кылышса, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ыйык жазмалардан алынган сөздөр жазылган селделерин кеңейтишип, 23:5 Кудайга берилгендиктерин эл көрсүн деп чапандарынын этегин узартышат. 6 Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда эл алдында олтурганды жакшы көрүшөт. 7 Базарларда элдин: "Рабби, Устат" деп бөйтөңдөп саламдашып турганын сүйүшөт. 8 А силер болсо бири-бириңерге боордошсуңар, ошондуктан рабби деп аталбай эле койгула, анткени баарыңардын Устатыңар бир. 9 Эч кимди «Ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10 Эч кимди «ол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. 11 Араңарда чоңуңар силерге кызматчы болсун. 12 Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт.



Иса диний кызматкерлердин эки жүздүүлүгүн ашкерелейт.

13 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени Асман падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. өзүңөр да кирбейсиңер, киргенге аракет кылгандарды да киргизбейсиңер. 14 [Кээ бир кол жазмаларда 14-сүйлөм бар: Дин мугалимдери менен фарисейлер, силерге кайгы! Силер эки жүздүүсүңөр! Жесирлердин ырыскысын жеп, үйлөрүн тонойсуңар да көзгө түшүү үчүн узакка сыйынымыш болосуңар! Ушундай кылганыңар үчүн силердин жазаңар оорураак болот.] 15 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар. 16 Сокур жол башчылар, силерге кайгы. Анткени силер: "Ким ибадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ибадатканадыгы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек" дейсиңер. 17 Акылсыздар жана сокурлар, ким улуу: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ибадатканабы? " 18 Ким курмандык чалчу жай менен анттанса, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен анттанса, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек" дейсиңер. 19 Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык чалчу жайбы? 20 Курмандык чалчу жай менен анттанган адам курмандык чалчу жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да анттанат. 21 Ибадаткана менен анттанган адам, ибадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да анттанат. 22 Асман менен анттанган адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да анттанат. 23 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин курмандыкка бересиңер, бирок Мыйзамдын 23:23 маанилүү жеринен аттап кетип жатасыңар. 23:23b Ал эми Мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүк. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу. 24 Сокур жол башчылар, чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар! 23:24 25 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңер уурулук менен сугалактыктан ашып-ташыйт. 26 Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал. 27 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер акталган күмбөз сыяктуусуңар. Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи толо өлүктөрдүн сөөк-саагы, ар кандай ыпластыктарга толгон. 28 Ошонун сыңарындай силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө.

Иса диний кызматкерлердин жазасын жарыялайт

29 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз салып, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан: 30 «Эгер биз ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө кошулмак эмеспис», — дейсиңер. 31 Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар. 32 Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен.

33 Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозок отунан кантип качып кутулар экенсиңер? 34 Карагыла, мен силерге пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин 23:34 жиберем. Алардын кээсин силер өлтүрөсүңөр жана жыгачка кересиңер, кээсин синагогаларыңарда сабатасыңар жана шаардан шаарга кубалайсыңар. 35 Ылайым адилеттүү Абылдын канынан тартып, ибадаткана менен курмандык чалчу жайдын ортосунда силер өлтүрүп салган Барахтын уулу Закариянын канына чейинки бардык жер бетинде төгүлгөн жазыксыз кандын каргышы силерге тийсин. 36 Силерге чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары силер айыптуу болосуңар.

Иерусалим элине Исанын эскертүүсү

37 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, жиберген адамдарымды ташбараңга алуучу шаар! Балапандарын бооруна чогултуп, калкалаган тоок сымал канча ирет мен сенин адамдарыңды чогултайын дедим, бирок алар каалашпады. 38 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. 39 Силерге айтып коёюн: «Жараткан Эгебиздин атынан келе жаткан сага Кудай жар болсун!» демейинче мени экинчи көрбөйсүңөр.

24

Иса ибадаткананын кыйрай турганын алдын ала айтат

1 Иса ибадатканадан чыгып, кетип бара жатканда шакирттери ага келишип, ибадаткананы көрүп чыгууну сунуш кылышты. 2 Иса аларга:

— Карагылачы буларды. Силерге чындыкты айтып коёюн: мунун баарынын таш-талканы чыгат.



Кырсыктардын башталышы

3 Иса Май Тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, анын алдына келишти:

— Бизге айтып берсең, ал качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот?



4 Иса аларга мындай жооп берди:

— Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин. 5 Анткени менин атымды жамынып келгендер көп болот. Алар: «Машаяк менмин!» деп көп адамдарды алдап кетишет. 6 Туш-тарабыңардан согуштарды жана согуштар тууралуу имиш-имиштерди эшитесиңер. Абайлагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын. Себеп дегенде мунун баары боло турган нерселер, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 7 Анткени элдер бири-бири менен согушуп, мамлекеттер ич ара ыркы кетип, жер-жерлерде ачарчылык, зилзалалар болот. 8 Бирок, булардын баары толгоонун башталышындагыдай, азаптардын башталышы гана. 9 Силерди кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгондугуңар үчүн бардык улуттарга жек көрүндү болосуңар. 10 Ошондо көп адамдар мага болгон ишенимден баш тартышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт. 11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет. 12 Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет. 13 Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат. 14 Кудай падышачылыгынын Жакшы кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.



Улуу алаамат

15 Касиеттүү ибадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арамдыктын турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), 16 Иудеядагылар тоолорго качсын, 17 ким үйдүн төбөсүндө турса, үйдө калган нерсесин алам деп төмөн түшпөсүн, 18 ким талаада жүрсө кийимин алам деп артына кайтпасын.

19 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчектеги баласы бар аялдардын шору куруйт. 20 Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла. 21 Анткени ошол кез келгенде улуу алаамат болот. Мындай алаамат дүйнө жаралгандан бери болуп көргөн эмес жана кайра дагы эч качан болбойт. 22 Эгерде Кудай ошол күндөрдү кыскартпаса эч бир жан аман калмак эмес. Бирок өзү тандап алган адамдары үчүн Кудай ал күндөрдүн санын кыскартат. 23 Ошондо эгер силерге бирөө: «Машаяк бул жакта!», же «Машаяк тигил жакта!» десе, ишенбегиле. 24 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар улуу жышаандарды көрсөтүшүп, эгерде мүмкүн болсо, Кудайдын тандап алган адамдарын да алдап кетүү үчүн укмуш нерселерди жасашат. 25 Мына, мен муну силерге алдын ала айтып бердим. 26 Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле. 27 Анткени Көктөн түшкөн Адамдын келиши чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылгандай болот. 28 Ошондой эле тарп жаткан жерди жорулар айланып учат эмеспи.

Көктөн түшкөн Адамдын келиши

29 Ошол алааматтуу күндөрдөн кийин дароо эле күндүн бети карайып, ай өзүнүн нурун төкпөй калат. Жылдыздар кулашат жана асман күчтөрү кыймылдап калат. 30 Ошондо асманда Көктөн келген Адамдын жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана салтанат менен асман булуттарында келе жаткан Көктөн түшкөн Адамды көрүшөт. 31 Сурнайдын катуу үнү менен ал өзүнүн периштелерин жиберет. Алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

Исанын келишине даяр болгула

32 Мисалга анжирди алгыла: анын бутактары жумшарып, бүчүр байлай баштаганынан жаздын келе жатканын билесиңер. 33 Ошонун сыңарындай жогоруда айткандарымдын баарын көргөнүңөрдө кыяматтын босогодо турганын билгиле. 34 Силерге чындыкты айтып коеюн: баары аткарылмайынча ушул тукум өтүп кетпейт. 35 Асман-жер өтүп кетет, ал эми менин айткан сөздөрүм түбөлүккө жашай берет.

Исанын келер күнү менен саатын Кудайдан башка эч ким билбейт

36 Кыямат кайым кайсы күнү, саат канчада болорун Атамдан башка эч ким билбейт. Ал убак периштелерге да, ал тургай мага 24:36 да белгисиз. 37 Анткени менин келишим Нуктун убагындагыдай болот. 38 Топон суунун алдында да, Нук кемеге кирген күнгө чейин адамдар жеп-ичишип, аял алышып, турмушка чыгышып, күндөлүк турмуш менен алек болушту. 39 Топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшкөн жок. Менин келишим да ошондой болот. 40 Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат. 41 Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат. 42 Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер. 43 Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсыл саатта келерин алдын ала билген болсо, үйүнүн түбүн казганга жол бермек эмес. 44 Ошондуктан силер да даяр болуп тургула, анткени мен силер ойлобогон саатта келем.

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

45 Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлаган ишеничтүү жана зирек кулду элестеткиле. 46 Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу. 47 Силерге чындыкты айтып жатам: аны кожоюну бүт үй-мүлкүнө башчы кылып коёт. 48 Эгерде ошол начар кул ичинен: "кожоюнум кармалып жатат", — деп, 49 башка кулдарды ура баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе, 50 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келип калат да, 51 аны жара чаап, эки жүздүүлөр ала турган жазага тартат. Ал эми эки жүздүүлөр жаза тарткан жайда өкүрүк менен тиштин кычыраганы басылбайт.

25

Он кыз тууралуу ибарат

1 Асман падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат. 25:1 2 Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат. 3 Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт. 4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат. 5 Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет.

6 Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат. 7 Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот. 8 Акылсыздары болсо акылдууларга:

— Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат! — дешет.



9 Бирок акылдуулары:

— Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла, — деп жооп беришет.



10 Тигилер май сатып алганы кетишкенде күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат. 11 Кийинчерээк берки кыздар да келип:

— Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу, — деп суранышат.



12 Күйөө болсо:

— Чынын айтсам, мен силерди тааныбайм, — деп жооп берет.



13 Ошондуктан сергек болгула, анткени менин келер күнүмдү да, саатымды да силер билбейсиңер.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет