Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги



бет3/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

12

Ишемби маселеси

1 Ошол күндөрдүн биринде Исага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жанындагы шакирттери ачка болуп, буудайдын башын жулуп жей башташты. 2 Муну фарисейлер көрүп калышып Исага:

— Карачы, шакирттериң ишемби күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти. 3 Иса мындай жооп берди:

— Дөөт жанындагы адамдар менен бирге ач калышканда эмне кылганын окуган жок белеңер? 4 Кудай үйүнө кирип, Жараткан Эгебизге тартуу катары коюлган нанды алып чыгып, жанындагылар менен бирге жеген. Кудайдын мыйзамы боюнча ал нандарды жегенге Дөөттүн да, анын жанындагылардын да эч акысы жок болчу. Аларды жешке жалаң гана диний кызматчылардын акысы болгон. 5 Диний кызматчылар ибадатканада ишемби күндүн эс алуу мыйзамын бузуп коюшса да айыпсыз экендиги тууралуу Кудайдын мыйзамынан окуган эмес белеңер? 6 Силерге айтып коеюн: бул жерде ибадатканадан да улуу бирөө турат. 7 Эгерде силер Кудайдын: «курмандыкты эмес, боорукердикти каалайм!» деген сөзүнүн маанисин түшүнгөн болсоңор, анда айыпсыз адамдарды соттобос элеңер. 8 Анткени Көктөн келген Адам ишембинин да Эгедери.

Колу сенек болгон адам

9 Иса ал жактан кетип, иудейлердин синагогасына келди. 10 Синагогада колу сенек бир адам бар эле. Ошол жерде тургандардан бирөөлөр Исадан кынтык таап, айыпка жыгуу максатында:

— Кудайдын мыйзамы боюнча ишемби күндөрү адамды айыктырууга болобу? — деп сурашты.



11 Иса:

— Араңардан кимиңер жалгыз кою болуп, анысы ишембиде чуңкурга түшүп калса, аны кармап, алып чыкпай таштап коёт? — деди. 12 Адам баласы койдон канчалык өйдө эмеспи! Демек, ишемби күнү жакшылык кылса болот, — деди.



13 Андан соң колу сенек адамга кайрылып:

— Колуңду сунчу! — деди.

Тигил адам колун сунары менен айыгып, ооруган колу соо колундай болуп калды. 14 Сыртка чыгып кетишкен фарисейлер болсо өз ара Исаны кантип өлтүрүш керектигин акылдашты.

Кудай тандаган кызматчылар

15 Иса болсо алардын бул ниетин билип, ал жактан кетип калды. Исанын аркасынан көп эл ээрчиди. Иса алардын баарын айыктырып, 16 адамдарга өзү жөнүндө жарыя кылууга тыюу салды. 17 Кудайдын Исаия пайгамбар аркылуу айткан сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду:

18 «Бул менин тандап алган Кулум,

Жаным ыраазы болгон Сүйүктүүм.

Мен аны өз Рухума толтурам,

Ал башка элдерге өкүмүмдү жарыя кылат.



19 Талашпайт да кыйкырбайт,

Көчөдө кыйкырып жатканын эч ким укпайт.



20 Менин өкүмүмдү аягына жеткирмейин,

Бүктөлгөн камышты сындырбайт,

Быкшыган шамды өчүрбөйт.

21 Ага бардык улуттар үмүттөрүн артышат».

Иса жана Баалзабул 12:21

[Исаны көптөгөн эл ээрчиди.] 22 Аңгыча жин ооруусуна чалдыккан бир сокур дудукту Исанын алдына алып келишти. Иса аны айыктырды. Сокур дудук сүйлөп, көзү көрүп калды.



23 Элдин баары таң калып:

— Бул Дөөттүн урпагынан чыккан Куткаруучу эмеспи? — дей башташты.



24 Муну угуп калган фарисейлер:

— Бул жиндерди жин-шайтандардын башчысы Иблистин 12:24 күчү менен кубалап жатат. Башкача болушу мүмкүн эмес! — дешти.



25 Алардын оюн билген Иса мындай деди:

— Ичинен ыркы кеткен ар падышачылык ээн чөлгө айланат, өз ара ынтымагы кеткен шаар же үй-бүлө аман калбайт. 26 Эгерде шайтан шайтанды кубалап жатса, демек, ал өз ичинен бөлүнүп-жарылып, өзүнө-өзү каршы чыкканы. Анан анын падышачылыгы кантип аман калмак эле? 27 Эгер мен Иблистин күчү менен жин-шайтандарды кубалап жаткан болсом, анда өзүңөрдүн шакирттериңер кимдин күчү менен кубалап жүрөт? Ушул себептен шакирттериңердин кылган иштери силерге калыс болсун. 28 А эгер мен жин-шайтандарды Кудайдын Руху менен кубалап жаткан болсом, анда, демек, силерге Кудай өз Падышачылыгын орното турган мезгил келип жетти. 29 Алдуу адамды байлабай туруп, анын үйүнө даап кирип, үй-мүлкүн ким тоноп кете алат? А эгер таңып салса, анда үйүн тоноп кете алат. 30 Ким мени менен бирге болбосо, мага каршы. Ким мени менен бирге жыйнабаса, чачат. 31 Ошондуктан силерге айтып коёюн: күнөөлөр менен жаман сөздөрдүн баары кечирилет, а бирок кимде ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. 32 Кимде ким Көктөн келген Адамга каршы сөз айтса кечирилет, а бирок Ыйык Рухка каршы сүйлөгөн адам бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечирилбейт.



Дарак жана анын мөмөлөрү

33 Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет.

34 Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса ошол тилине чыгат. 35 Жакшы адам дилиндеги жакшы кампасынан жакшылыкты алып чыгат, жаман адам жаман кампасынан жамандыкты алып чыгат.

36 Силерге айтып коеюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет. 37 Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.

Өзгөчө бир укмуш көргүсү келген ишенбестер

38 Ошондо дин мугалимдери менен фарисейлердин кээ бири Исага:

— Устат, сиздин бизге бир кереметтүү жышаан көрсөтүшүңүздү каалайбыз, — дешти.



39 Иса мындай жооп берди:

— Жаман жана күнөөкөр муундун эңсегени — укмуштуу жышаан. Бирок Жунус пайгамбар көргөндөн башка укмуштуу жышаан ага көрсөтүлбөйт. 40 Жунус деңиз жырткычынын курсагында үч күн, үч түн болгон сыяктуу Көктөн түшкөн Адам да жер түбүндө үч күн үч түн болот. 41 Ниневиялыктар 12:41 кыяматта ушул муун менен бирге кайра тирилтилет да аны айыпка жыгат, анткени ал эл Жунустун сөзүнөн күнөөлөрүн моюнга алып, тобо келтиришкен. Ал эми бул жерде болсо Жунустан улуу Бирөө турат. 42 Түштүктөн 12:42 келген ханыша бул муунга каршы турат да, аны айыптайт, анткени ал Сулаймандын акылмандыгын угуп кетүү үчүн жердин четинен келген. Ал эми бул жерде болсо Сулаймандан улуу Бирөө турат.



Кайта келген жиндер

43 Жин адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып, таппайт. 44 Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. 45 Кайра барып, өзүнөн өткөн жети жинди ээрчите келет да, алиги адамга кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот.

Исанын энеси жана бир туугандары

46 Иса чогулгандарга сүйлөп жаткан. Аңгыча энеси жана бир туугандары келип, аны менен сүйлөшөлү деп сыртта күтүп турушту. 47 Ошондо кимдир бирөө:

— Сени менен сүйлөшкүсү келип, энең жана бир туугандарың сыртта турушат, — деди.



48 Иса ушул сөздү айтканга карап:

— Менин энем ким, бир туугандарым кимдер? — деди.



49 Анан колун шакирттери тарапка сунуп:

— Менин энем жана бир туугандарым мына. 50 Ким менин асмандагы Атамдын эркин аткарса, менин ага-иним да, эже-карындашым да, энем да ошол, — деди.



13

Дыйкан жана Кудай

1 Ушундан соң Иса үйдөн чыгып, көл тарапка басты. Жээкке жетип, жайгашып олтурду да таалим берүүгө камданды. 2 Калың эл чогулгандыктан кайыкка түшүүгө туура келди. Эл жарданып, жээкте карап турду. 3 Иса көп нерселерди ибаратташтырып 13:3 айтты. 13:3b Ал мындай деди:

— Бир дыйкан эгин себүү үчүн талаага чыгат. 4 Сепкен үрөндөрдүн кээ бири талаадагы жалгыз аяк жолдун боюна түшөт. Чымчыктар учуп келип, аларды чокулап, жеп кетишет. 5 Кээ бири бир аз гана топурагы бар, таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6 Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры жоктугунан куурап калышат. 7 Кээ бирлери тикенектин тамырлаган жерге түшүп, өсүп чыккан тикенектин астында басылып калат. 8 Кээ бирлери болсо жакшы жерге түшүп, жемиш беришет: кээси жүз эселеп, кээси алтымыш эселеп, кээси отуз эселеп. 9 Кулагы барлар айтканымдын маанисин угуп алышсын.



Ибараттын чечмелениши

10 Шакирттер Исага келип:

— Эмне үчүн аларга ибаратташтырып айтып жатасың? — деп сурашты.



11 Иса мындай жооп берди:

— Анткени Асман падышачылыгынын сырларын таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн Кудай силерге берген. Аларга болсо берген эмес. 12 Кимде Кудайдын сырлары тууралуу түшүнүк бар болсо, Кудай ага дагы берет жана анда эмне керек болсо баары болот. Ал эми кимде түшүнүк жок болсо, анда бар болгонун да Кудай тартып алат. 13 Ушул себептүү мен аларга «көздөрү бар болсо да көрүшпөйт, кулактары бар болсо да угушпайт» деп ибарат менен сүйлөп жатам. 14 Ошондуктан Исаия пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген:

«Кулагыңар бар болгон менен эч качан түшүнбөй угасыңар,

Көзүңөр бар болгон менен эч качан кабыл албай карайсыңар.



15 Анткени бул элдин дилин дат басып,

Кулагы оорлошуп,

Көзү тунарып калган.

Антпесе көзү көрмөк,

Кулагы укмак,

Көкүрөгү менен сезмек,

Мага кайтып келишмек.

Анан мен аларды айыктырмакмын».



16 А силер бактылуусуңар, анткени силердин көзүңөр көрүп, кулагыңар уга алат. 17 Мен силерге чындыкты айтып коёюн: азыркы силер көрүп жана угуп жаткан окуяларды көптөгөн пайгамбарлар менен адилдер көргүсү, уккусу келген, бирок буга жетишпеди.

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

18 Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла: 19 Кудайдын падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө шайтан келет да анын жандүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн уруктун мааниси ушуну билдирет. 20 Ал эми ташка түшкөн урук болсо — Кудайдын сөзүн угуп, ошол замат кубанып кабыл алган адамды билдирет. 21 Бирок анын тамыры жок болгондуктан бир азга гана ишенип, ишенгендиги үчүн кыйынчылыктар менен куугунтуктар башталары менен ишенимден тайып кетет. 22 Тикендин арасына түшкөн үрөн болсо, Кудайдын сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн куру убайымдары менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Андагы сөздү ошолор муунтуп, ал сөз жашоосуна таасир тийгиздирбей коёт. 23 Ал эми жакшы топуракка түшкөн урук болсо Кудайдын сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз эселеп, алтымыш эселеп, отуз эселеп мол жемиш берген уруктай.

Отоо чөптөр тууралуу ибарат

24 Иса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди:

— Асман падышачылыгы өз талаасына жакшы урук сепкен адамга окшош. 25 Бирок эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн уругун себет да кетип калат. 26 Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат. 27 Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы урук эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» — дешет. 28 Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», — деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» — дешет. 29 Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн. 30 Күзгө чейин тим койгула. Оруу-жыюу маалында орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулуп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүрөм».



Сары кычынын даны тууралуу ибарат

31 Иса аларга дагы бир ибарат айтты:

«Асман падышачылыгы бир адам алып, талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош. 32 Сары кычынын башка уруктардын бардыгынан кичинекей болсо да, өсүп чыкканда, бардык мөмө жемиштерден чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип, уялаган даракка айланат».



Камыртуруш тууралуу ибарат

33 Иса аларга дагы бир ибарат айтып берди:

«Асман падышачылыгы бир аял үч чара 13:33 өлчөм камырга салып, толук ачыгыча таштап койгон камыртурушка окшош».



Ибараттардын чечмелениши

34 Ушунун баарын Иса ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок. 35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылсын үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Кудай дүйнө жаратылгандан бери адамдардан жашырын сактап келген нерселерди жарыя кылам».

Отоо чөп тууралуу ибараттын чечмелениши

36 Ошондо Иса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип:

— Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — дешти.



37 Иса аларга мындай деди:

— Жакшы урук сепкени — бул көктөн түшкөн Адам. 38 Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы урук — бул Кудай падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр — шайтандын адамдары. 39 Отоо чөптөрдү сээп кеткен — шайтан, күз — акыр заман, орокчулар — периштелер. 40 Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот. 41 Көктөн түшкөн Адам өз периштелерин жиберип, өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен бейбаштарды тердирет. 42 Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштердин кычыратышат. 43 Ошондо Кудайдын эркин аткарып жашагандар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат.

Кимдин кулагы бар болсо айткандарымды аңдап алсын!

Катылган кенч тууралуу ибарат

44 «Асман падышачылыгы талаага көмүлгөн кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, катып коет да кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, ошол талааны сатып алат».

Бермет тууралуу ибарат

45 «Дагы Асман падышачылыгы таза берметти издеген көпөскө окшош. 46 Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн кетип, колундагысынын баарын сатып жиберип, түшкөн акчасына ошол берметти сатып алат».

Тор тууралуу ибарат

47 «Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош. 48 Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет. 49 Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да 50 жалындаган мешке ыргытышат. Анын ичинде өкүрүк-бакырык менен тиштин кычыраганы басылбайт».

Асман падышачылыгы тууралуу билим

51 Анан Иса шакирттерине:

— Айткандарымды түшүндүңөрбү? — деди.

Шакирттери:

— Ооба, — деп жооп беришти.



52 Иса сөзүн улады:

— Ошондуктан Асман падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.



Исанын өз шаарында четке кагылышы

53 Иса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды. 54 Анан өзүнүн чоңоюп-өскөн шаарына келип, алардын синагогасында таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти кайдан алды экен? 55 Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Мария анын энеси, Жакып, Жусуп, Ысман жана Иуда бир туугандары эмеспи?! 56 Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуретти кайдан алды болду экен?!» — дешип, 57 Исага ишене албай баштары катты. Иса болсо:

— Кадыр-барксыз пайгамбар болбойт, бирок өз ата-мекени менен үй-бүлөсүнөн башка жерде, — деди аларга. 58 Алардын ишенбестигинен улам Иса ал жерде көптөгөн кудуреттүү иштерин жасаган жок.



14

Жакыянын өлүмү

1 Ошол убакта Иса жөнүндөгү кабар Галилеянын башкаруучусу 14:1 болгон Иродко жетти. 2 Ал малайларына:

— Бул чөмүлдүрүүчү Яхья, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, — деди.



3 Ироддун мындай дегени, Яхьяны карматып, бир тууганы Филиптин аялы Иродиаданын айынан аны буттарынан кишен салып, түрмөгө отургузуп койгонунан эле. 4 Анткен себеби Яхья: «Сенин Иродиадага үйлөнгөнүң мыйзамсыздык!» — деп бетке айткан. 5 Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлүм жазасына тарткысы келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Яхьяны пайгамбар деп эсептечү. 6 Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиаданын кызы коноктордун алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду; 7 ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди.

8 Иродиаданын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын табакка салып, азыр алдыма алып келиңиз» деди. 9 Кыздын сураганы падышаны абдан капаланса да, конокторунун алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду. 10 Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди. 11 Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди. 12 Ошондо Яхьянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, мүрзөгө коюшту да, Исага барып, болгон ишти айтып беришти.

Исанын беш миң кишини тойгузушу.

13 Бул кабарды уккан Иса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Исанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап, артынан түштү. 14 Иса кайыктан чыкканда көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды. 15 Кеч киргенде шакирттери ага келип:

— Бул жер ээн экен, кеч да кирип кетти, ошондуктан элди кое бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти.



16 Бирок Иса аларга:

— Алардын кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, — деди.



17 Алар:

— Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, — дешти.



18 Иса:

— Ошоңорду мага алып келгиле, — деди.



19 Анан элди чөптүн үстүнө жаткыла деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты колуна алып, асманды карап, Кудайга сыйынып туруп, нанды сындырып шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 20 Эл жеп, баары тоюшту, арткан нандын үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 21 Беш миңге жакын киши жеди ошол тамакты. Беш миң кишиден сырткары көптөгөн аялдар менен балдар да жеди.

Исанын суу үстү менен басып келип, шакирттерине көрүнүшү

22 Ушундан соң Иса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду. 23 Алар сүзүп кетишкенде, элди таркатып, өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Кеч киргенге чейин тоодо жалгыз калды. 24 Кайык болсо жээктен алыста, бет маңдайдан соккон шамалдан улам толкундарды жирей, араң жылып баратты. 25 Түн жарымынан оогондо Иса суу үстү менен басып, шакирттерине келди. 26 Анын суунун үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, "бул арбак" деп, корккондугунан бакырып жиберишти.

27 Ошол замат Иса үнүн чыгарып:

— Коркпогула, бул менмин, баары жайында! — деди.



28 Петир болсо:

— Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, — деди.



29 Иса:

— Кел, — деди. Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Исага жөнөдү. 30 Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып:

— Эгем, мени куткар! — деп кыйкырып жиберди.

31 Иса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да:

— Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? — деди.



32 Петир кайыкка түшүшкөндө шамал басылды. 33 Кайыктагылар Исага таазим кылышып:

— Сен чындыгында Кудай Уулусуң, — дешти.



Исанын Генисаретте оорулууларды айыктырышы

34 Көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, алар Генисарет аймагына жетишти. 35 Жергиликтүү эл Исаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, анын алдына бардык оорулууларды алып келишти. 36 Алар Исадан:

— Кийимиңиздин этегине гана колубузду тийгизүүгө уруксат этиңиз, — деп суранып жатышты.

Ал эми тийгизгендин баары куландан соо болуп, айыгып кетип жатты.

15

Ата-бабалар салты

1 Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, мындай дешти:

2 Эмне үчүн сенин шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп жатышат? Алар колдорун жуубай нан жешет экен. 3 Иса аларга мындай жооп берди:

— А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөрдүн салттарыңар деп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? 4 Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла!», «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!» — деген. 5 А силер: «Эгер ким ата-энесине: 'силерге белек катары бере алар нерсемдин баарын Кудайга арнап койгом' десе, 6 анда ата-энесин сыйлабай эле койсун» деп окутуп жүрөсүңөр. Ошентип Кудайдын сөзүн салттарыңардан ылдый коюп, жоюп салдыңар.

7 Эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Исаия пайгамбар жакшы пайгамбарчылык кылган: « 8 Бул эл мени тили менен урматтаса да, дили менден алыс. 9 Ошондуктан алардын мага табынгандары пайдасыз. Анткени алар адамдар өздөрү ойлоп тапкан каада-салттарды окутушат».

Адамды арам кылган эмне?

10 Анан Иса элди өзүнө чакырып алып мындай деди:

— Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла. 11 Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан сөз арам кылат. Мына, адамды арам кылган нерсе ушу. 12 Иса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да:

— Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? — дешти.

13 Иса болсо аларга:

— Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. 14 Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, — деп жооп берди.



15 Ошондо Петир буга:

— Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — деди.



16 Иса: Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? 17 Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка ташталарын билбейсиңерби? 18 Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктүн чыгат да аны арам кылат. 19 Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, бузукулук, уурулук, жалган күбөлүктөр, уу сөздөр чыгат. 20 Адамды ушулар арам кылат. Ал эми колду жуубай жегендик адамды арам кылбайт, — деп жооп берди.

Исага терең ишенген аял

21 Иса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды. 22 Аңгыча алдынан ошол жердин Канаан аталган аймагында жашаган аял тосуп чыгып:

— О Дөөттүн уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды кара күч катуу кыйнап жатат! — деп кыйкырды.



23 Иса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери ага жакындашып:

— Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, — деп суранышты.



24 Бирок Иса:

— Мен Израилдин жоголгон койлоруна гана жиберилгем, — деп жооп берди.



25 Аял болсо Исага келип, чөк түшүп:

— Таксыр, мага жардам кылагөр, — деп жалынды. 26 Иса:

— Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы болбойт, — деди.

27 Аял:

— Ооба таксырым, бирок иттер да кожоюндарынын дасторконунан ыргытылган калдыктарды жешет ко, — деди.



28 Ошондо Иса:

— О аял, ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, — деди.

Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет