Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги



бет2/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

7

Өзгөлөрдү соттобогула!

1 Өзгөлөрдү соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. 2 Анткени өзгөлөрдү кандай соттосок, өзүбүз да ошондой соттолобуз. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат. 3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү байкабай боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң? 4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Кел, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», — деп кантип айтасың? 5 Эй эки жүздүү, адегенде өзүңдүн көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты көрөсүң.

6 Ыйык нерселериңди иттерге бербегиле, асыл берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларыңарды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.

Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла

7 Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшиктер ачылат. 8 Анткени сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат. 9 Араңарда баласы нан сураса таш бергендер барбы? 10 Балык сураса жыланды кармата салганчы? 11 Ошондуктан силер табиятыңардан начар болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бере алсаңар, анда асмандагы Атаңар муктаждыктарын айтып ага кайрылгандарга силерден бетер берет.

12 Ошентип, бардыгында, өзүңөргө өзгөлөрдүн кандай мамиле кылса экен деп күтсөңөр, өзүңөр да өзгөлөргө ошондой мамиле кылгыла. Тоорат менен Пайгамбарлардын жазмаларынын мааниси ушунда.

Өмүр дарбазасы тар

13 Тар дарбазадан киргиле, анткени тозоктогу азапка алып баруучу жол менен дарбаза кенен жана ал жолдо бараткандар көп. 14 Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал жолду тапкандар аз.

Дарак жана анын жемиши

15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар. 16 Аларды кылган иштеринин жемиштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм, шашырдан инжир теришпейт. 17 Ошондой эле жакшы өсүмдүктүн жемиши да жакшы, жаман өсүмдүктүн жемиши да жаман болот. 18 Жакшы өсүмдүк жаман жемиш бербейт, ал эми жаман өсүмдүк жакшы жемиш бербейт. 19 Жакшы жемиш бербеген өсүмдүк чабылат да отко ыргытылат. 20 Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.

Мен силерди тааныбайм

21 Мени «Теңир, Теңир» дегендердин баары эле Асман падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет. 22 Кыяматтагы сот күнү көп адамдар мага: «Теңир! Теңир! Сенин атыңды жарыя кылып, пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жин-шайтандарды кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» — дешет. 23 Ошондо мен аларга мындай дейм: «Силер мага чоочунсуңар, көзүмө көрүнбөй жоголгула, ыймансыз бейбаштар!»

Эки куруучу

24 Ошондуктан менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткаргандар үйүн ташка курган акылдуу адамга окшош болот. 25 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйраган жок, анткени таштын үстүнө курулган. 26 Ал эми менин ушул сөздөрүмдү угуп, аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош болот. 27 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрап калды. Кыйраганда да катуу кыйрады.

Бийлиги бар Инсан

28 Иса сөзүн аяктаганда, эл анын таалимине таңданды. 29 Анткени Иса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди.

8

Пес оорулуунун айыктырылышы

1 Иса тоодон түшүп келгенде, көп эл анын артынан ээрчиди. 2 Аңгыча денесин жара баскан 8:2 бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди:

— Эгер кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.



3 Иса ага колун тийгизди да:

— Каалайм, айык! — деди.

Ошол замат ал пес оорусунан айыгып кетти. 4 Ошондо Иса ага айтты:

— Эч кимге айтпа, бирок өзүңдү диний кызматкерге көргөзүп, аларга күбөлүк катары Муса дайындаган тартууларды алып бар.



Жүзбашынын кызматчысынын айыгышы

5 Иса Капарнаумга киргенде ага жүзбашы басып келди да:

6 — Таксыр, кызматчым үйдө шал болуп, катуу азап чегип жатат, — деген өтүнүч менен кайрылды. 7 Ошондо Иса ага:

— Мен барып, айыктырайын, — деди.



8 Бирок жүзбашы:

— Таксыр, сиз менин босогомду атташыңызга татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле айыгып кетет. 9 Мен да бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн кол алдымда да жоокерлерим бар. Бар деген жагыма барып, кел деген жагыма келишет. Мына бул кулума да эмне кыл десем кылат, — деп жооп берди.



10 Муну укканда Иса таң калып, жанындагыларга айтты:

— Чынын айтам: мен Израилден мындай ишенимди жолуктурган эмесмин. 11 Силерге айтып коеюн: туш тараптан келген көптөгөн адамдар Асман падышачылыгында Ибраим, Исхак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат. 12 Падышачылыктын тургуну болуу үчүн тандалган эл тыштагы капкараңгы туңгуюкка ыргытылат. Ал жакка ыргыталгандар оор азаптан өкүрүп, тиштерин кычыратышат. 13 Анан Иса жүзбашыга:

— Бара бер, кандай ишенген болсоң, ишенимиң ошондой ишке ашсын, — деди.

Ушул саатта бала айыгып кеткен эле.



Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы

14 Иса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү. 15 Иса аялдын колун кармаганда дароо ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Ордунан туруп, Исаны коноктой баштады.

16 Кеч киргенде Исага көптөгөн жин тийип ооругандарды алып келишти. Иса алардагы жин-шайтандарды сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты жана илдеттеринен айыктырды.

17 Илгери Исая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал бизди алсыздыктарыбызды өзүнө алды жана оорууларыбызды көтөрүп кетти». Иса аларды айыктырганы менен ушул пайгамбардык сөздү аткарды.

Исаны ээрчип, шакирт болгусу келгендер тууралуу

18 Айланасындагы элди көрүп, Иса көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду. 19 Ошондо бир дин мугалими басып келип:

— Устат, кайда бара турган болсоң да артыңдан калбайм, — деди.



20 Иса ага:

— Түлкүлөрдүн ийини бар, чымчыктардын уясы бар. Көктөн келген Адамдын болсо бир аз жамбаштап жатып, эс аларга жайы жок, — деп жооп берди.



21 Дагы бир шакирти Исага:

— Таксыр, атам каза болуп калды эле, аны көмүп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксаат этиңиз, — деди.



22 Иса ага:

— Сен артыман түш. Өлүктөр өз өлүктөрүн өздөрү койсун, — деди.



Исанын бороон—чапкынды токтотушу

23 Исаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү. 24 Аңгыча деңиз катуу толкундап, кайыктын кырынан суу аша баштады. Иса болсо уктап жатты. 25 Шакирттери жанына келип:

— Устат! Куткар! Кыйрап калдык! — деп аны ойготушту.



26 Ошондо Иса аларга:

— Эмне мынчалык коркоксуңар, ишеними аздар! — деди да бороон-чапкындын токтошу үчүн буйрук берди.

Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү. 27 Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп:

— Бороон-чапкынга да бийлиги жүргөн бул кандай адам? — дешти.



Исанын жин ооруулуу эки кишини айыктырышы.

28 Көлдүн ар жагындагы Гадара жерине сүзүп барышканда жин ооруулуу эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Исанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес. 29 Аңгыча алар кыйкырып жиберишти:

— Эй Кудай Уулу, биз менен сенин кандай ишиң бар!? Бизди күн мурунтан эле кыйнаганы келдиңби?



30 Арыраакта болсо бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. 31 Арам рухтар Исадан:

— Эгер бизди кубаласаң, чочкордун бадасына жибер, — деп өтүнүштү.

32 Баргыла! — деди Иса.

Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор бадасы менен жардан деңизге боюн таштап, сууга чөгүп өлүштү. 33 Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты. 34 Ошондо бүткүл шаар эли Исаны утурлай чыгып, ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», — деп жалбарышты.



9

Исанын шал болгон адамды айыктырышы

1 Иса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү өз шаарына келди. 2 Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бир баланы төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Иса алардын ишенимин көрүп:

— Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! — деди.



3 Ошондо кээ бир дин мугалимдери:

— Бул Кудайга акарат келтирип атат! — деп күңкүлдөштү.



4 Иса алардын оюн билип:

— Силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман. 5 Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби? 6 Көктөн келген Адамдын жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар экенин билип алгыла! — деди.

Анан шалга карап:

— Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! — деди.



7 Бала ордунан туруп, үйүнө жөнөдү. 8 Чогулгандарды Кудайдын коркунучу басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.

Салыкчы Матайдын шакирттикке тандалышы

9 Иса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага:

— Мени ээрчигин! — деди.

Матай ордунан турду да Исаны ээрчип жөнөдү.

10 Ошол күнү кечинде, Иса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана күнөөкөр делинип четке кагылгандар да ошол үйгө келип, Иса менен анын шакирттеринин катарынан орун алышты. 11 Муну көргөн фарисейлер Исанын шакирттерине:

— Эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? — дешти.



12 Иса муну угуп, аларга айтты:

— Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. 13 Баргыла, Кудай өзүнүн Ыйык Жазмасында: «Адамдардын мага курмандык чалышын эмес, бири-бирине боорукер болушун каалайм» дегенин түшүнүп алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү чакыруу үчүн келдим.



Орозо тутуу маселеси

14 Ушул окуядан соң Исага Жакыянын шакирттери келип, суроо беришти:

— Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң такыр орозо тутушпайт?



15 Иса аларга мындай жооп берди:

— Yйлөнүп жаткан жигит араларында турганда тойго чакырылгандар кантип кайгырмак эле? Бирок, араларынан жигит алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат. 16 Жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгы мурдагыдан бетер аңырайып калат. 17 Жаңы шарапты эски чаначка куюшпайт. Антпесе чаначтар айрылып, шарабы агып кетет да чаначтар иштен чыгат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат, ошондо чанач да, шарап да аман калат.



Рим кызматчысынын кызынын тирилтилиши жана оорулуунун айыктырылышы

18 Иса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып:

— Кызым каза болуп калды. Бирок сен келип, колуңду тийгизсең эле тирилип кеткени турат, — деди.



19 Иса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду. 20 Аңгыча он эки жыл бою кан акканы токтобой ооруган бир аял Исанын арка жагынан басып келип, анын чапанынын этегине колун тийгизди. 21 «Чапанына эле колум тийсе, бул ооруумдан айыгам!» — деди аял өзүнчө. 22 Иса болсо артына кайрылып, аны көрдү да:

— Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени куткарды, — деди.

Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду. 23 Иса башкаруучунун үйүнө келгенде муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү. 24 Анан аларга:

— Чыккыла биерден! Кыз өлгөн жок, жөн гана уктап жатат! — деди.

Ошондо Исаны шылдыңдап күлүштү. 25 Чогулгандарды үйдөн сыртка кууп чыгышканда Иса үйгө кирди да, кызды колунан алды. Кыз ордунан турду. 26 Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр бүтүндөй аймакка тарады.

Эки сокурдун айыгышы

27 Иса андан ары баратканда эки сокур киши артынан түшүп:

— Дөөттүн уулу, бизге ырайым кыла гөр! — деп кыйкырышты.



28 Иса үйгө киргенде сокурлар анын жанына келишти. Иса аларга:

— Силерди айыктыра аларыма ишенесиңерби? — деди.

Алар:

— Ооба, ишенебиз, таксыр, — деп жооп кайтарышты.



29 Ошондо Иса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп:

— Ишенгениңердей болсун, — деди.

Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты. 30 Анан Иса катуу эскертип:

— Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! — деди.



31 Алар болсо үйдөн чыгары менен ошол аймактагылардын баарына Иса тууралуу айтып киришти.

Дудуктун айыгышы

32 Айыккан сокурлар сыртка чыгышканда, кимдир бирөөлөр Исага жин оорулуу бир дудук кишини алып келишти. 33 Иса жинди кууп чыкканда дудук сүйлөп кирди. Эл:

— Эч качан мындай укмуш Израилде болгон эмес! — деп таңданышты. 34 Ал эми фарисейлер:

— Андагы жиндерди кубалаган күч — шайтандардын башчысынан, — дешти.

Чабансыз калган койлор

35 Иса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, иудейлердин синагогаларында таалим берип, Падышачылыктын Жакшы кабарын жарыялап, адамдардын ар кандай оорууларын жана алсыздыктарын айыктырып жүрдү. 36 Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар жардам бере турган эч ким жок, сулап калган чабансыз койлордой болчу. 37 Ошондо шакирттерине:

— Түшүм мол, бирок жыйнаганга кол аз. Ошондуктан өзүнүн эгин талаасына жумушчуларды жиберсин үчүн түшүм Ээсине жалбаргыла, — деди.



10

Исанын он эки шакирттин элчи кылып дайындашы

1 Иса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай жин-шайтандарды кууп чыга турган бийлик, ар кандай ооруулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди. 2 Булар Исанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай:

Биринчиси — Петир деп да аталган Ысман,

— Петирдин иниси Идрис,

— Зебедейдин уулу Жакып,

— Жакыптын иниси Жакан,

3 Филип,

— Бартоломай,

— Тамас,

— Салыкчы Матай,

— Алпейдин уулу Жакып,

— Фаддей,

4 Улутчул Ысман,

— ошондой эле Исаны анын душмандарына кармап берген Жүйүт Искариот.

Он эки элчинин милдети

5 Ушул он эки кишини Иса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди:

— Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле. 6 Анын ордуна адашкан койлордой болгон Израил элине баргыла. 7 Барганыңарда: «Кудай өзү силерге бийлик кыла турган убакка абдан аз калды!» — деп жар салгыла. 8 Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес ооруулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле. 9 Алтын, күмүш, жез теңге да жаныңарга салбагыла. 10 Жолго баштык да, ашыкча көйнөк да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар. 11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ал жактан кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө. 12 Босогону аттаарыңарда: «Тынчтык болсун!» 10:12 дегиле. 13 Yйдө чындап эле кабыл алууга даяр адам бар болсо, саламыңар алик алынсын, эгер болбосо өзүңөргө кайтып келсин. 14 Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ал шаарга же айылга наалат катары бутуңардын чаңын күбүгүлө 10:14 да кетип калгыла. 15 Чынын айтам, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда Содом жана Гоморра шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.



Келечекте боло турган куугунтуктар

16 Мен силерди койлорду карышкырлардын арасына жибергендей жиберип жатам. Ошондуктан жыландай акылдуу болгула, көгүчкөндөй аруу болгула. 17 Адамдардан абайлагыла, алар силерди соттордун колуна тапшырып, синагогалардын ичинде камчы менен сабатышат. 18 Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын алдында мен жөнүндө күбөлүк берип, элдерге мен жөнүндө айтып бересиңер. 19 Ошондо кандайча жана эмне жөнүндө айтабыз деп алдын ала кам жебегиле. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет. 20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт. 21 Бир туугандар бири-бирине чыккынчылык кылып, бири-бирин өлүмгө салып беришет. Атасы баласына кыянаттык кылып, балдары ата-энелерине кол кайрып, аларды өлүмгө салып беришет. 22 Менин атым үчүн баардыгына жек көрүндү болосуңар. Ким аягына чейин чыдап көтөрсө, кутулат. 23 Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Израилдин шаарларын кыдырып чыккыча Адам Уулу келип калат. 24 Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес. 25 Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Yй ээсин Баалзабул10:25 деп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн соо коймок беле. 26 Ошондуктан алардан коркпогула, анткени ачыкка чыкпаган купуя сыр, билинбей кала турган жашырын нерсе жок. 27 Силерге караңгыда сүйлөгөнүмдү жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтканымды, үйдүн төбөсүнө чыгып алып, жарыялагыла. 28 Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула. 29 Эки чымчык бир эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо алардын бири да топ этип жерге кулабайт. 30 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. 31 Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

Исаны кабыл алуу жана андан баш тартуу

32 Ким мени эл алдында ачык тааныса, мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. 33 Мени эл алдында четке какканды мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.

Иса бул дүйнөгө рухий «кылыч» алып келди

34 Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула! 35 Мен тынчтык эмес, уулду атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим. 36 Адам баласынын душмандары — өз үйүндөгүлөрү. 37 Атасын же энесин менден артык сүйгөн адам мага татыктуу эмес. Баласын же кызын менден артык сүйгөн адам мага татыктуу эмес. 38 Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн мени ээрчиген адам да мага татыксыз. 39 Жанын аяган адам, кайра андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны кайрадан табат.

Чыныгы сыйлык

40 Ким силерди кабыл алса, ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса мени Жибергенди кабыл алат. 41 Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосундай жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат. 42 Шакирттеримдин эң кичинесин менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

11

Жакыянын cуроосу

1 Иса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү. 2 Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Исага жиберип:

3 Келүүгө тийиш болгон сенсиңби же... башканы күтүшүбүз керекпи? — деп суратты.



4 Иса:

— Уккан-көргөнүңөрдү Яхьяга айтып бергиле: 5 сокурлардын көздөрү көрүп, баса албай калгандар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлүктөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар таратылып жатат. 6 Менин ким экенимен шектенбегендер бактылуу, — деп жооп берди.



Машаяктын Жакыя тууралуу айтканы

7 Жакыянын жиберген адамдары кетип калганда, Иса элге Яхья тууралуу айта баштады:

— Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы? 8 Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Адеми кийим кийген адамдыбы? Адеми кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда. 9 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коеюн: ал пайгамбардан да улуу. 10 Ыйык китепте мындай деп жазылган жер бар: «Мына, сенин алдыңан кабарчымды жиберемин, ал сенин басаар жолуңду даярдап берет». Бул Яхья тууралуу айтылган сөз.



11 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардан Яхья чөмүлдүрүүчүдөн улуусу болгон эмес, бирок Асман падышачылыгындагы эң кичинекей деп эсептелген киши да андан улуу. 12 Яхья чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман падышачылыгына күч колдонушууда жана күчтүүлөр аны тартып алышууда. 13 Анткени Муса жана башка пайгамбарлардын китептери да Яхьяга чейин пайгамбарчылык кылып келишкен. 14 Эгер мага ишенип, сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Яхья — бул келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү. 15 Кимдин кулагы бар болсо, айткандарымды аңдап алсын!

Исанын замандаштары

16-17 Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Базарда олтуруп алып бири-бирине: «Силерге чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок айтсак, эмнеге боздоп ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош. 18 Ичип-жебеген Яхья келди эле: «буга жин тийиптир» дешти. 19 Ичип-жеген көктөн түшкөн Адам келди эле: «бул тойбос, шарап дегенде жантагынан жата калган неме экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» дешти. Кудайдын акылмандыгы ушинтип эле өзүнүн натыйжалары аркылуу ырасталып калат.

Машаякка ишенбей койгон шаарлар

20 Ошондо Иса өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар күнөөлөрүнөн баш тартып, Кудайга кайрылышпады:

21 Шоруң куруйт сенин, эй, Хоразин, шоруң куруйт сенин, эй, Бетсаида! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак катуу кийим кийип, күлгө олтуруп, 11:21 күнөөлөрүнөн баш тартып, Кудайга кайрылышмак. 22 А бирок силерге айтып коеюн: кыяматтагы сот күнүндө силерге караганда Тир менен Сидонго жеңилирээк болот. 23 А сен, Капарнаум, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок, Кудай сени көрдүн түбүнө житире чабат. Анткени эгерде сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок. 24 Бирок мен силерге айтып коеюн: кыяматтагы сот күнүндө силерге караганда Содомго жеңилирээк болот.



Жашоодон чарчап-чаалыккандарга сүйүнчү

25 Ошол убакта Иса мындай деди:

— Сага рахмат, о Ата, асман-жердин Ээси, анткени сен муну акылмандар менен аалымдардан жашырып, жаш баладай жөнөкөйлөргө ачып бердиң. 26 Ооба, Ата, анткени ушундай болушун сен кааладың. 27 Мага бардыгы Атамдан берилген. Уулун Атасынан башка эч ким терең билбейт, ал эми Атасын Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келгенден башка эч ким терең билбейт. 28 Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар мага келгиле! Мен силерди эс алдырам. 29 Менин каамытымды кийип, менден таалим алгыла, анткени мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңарга жай табасыңар. 30 Анткени менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет