Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги


Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы



бет4/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
1   2   3   4   5   6   7

Исанын көптөгөн адамдарды айыктырышы

29 Иса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып, отурду. 30 Ошондо ага чолок, сокур, баса албаган, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, калың эл келди. Аларды Исанын алдына коюшту жана Иса баарын сакайтты. 31 Ошондо калың эл дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп, алар Израил табынган Кудайды даңктады.

Исанын төрт миң кишини тойгузушу

32 Иса шакирттерин чакырып алып:

— Элге боорум ооруп турат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерсеси жок турушат. Алар жолдо алсырап жыгылып калышпасын үчүн мен аларды ачка коё бергим келбей турат, — деди.



33 Шакирттери:

— Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? — дешти.



34 Иса:

— Канча наныңар бар? — деп сурады.

Алар:

— Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, — деп жооп беришти.



35 Ошондо Иса элди жамбаштап жаткыла деп буйруду да 36 алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга ыраазычылык айтып, сындырып, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 37 Баары жеп, тоюшту. Калган нандын үзүмдөрүн жыйнашканда жети себет толду. 38 Жегендер, аялдар менен балдарды кошпогондо, төрт миң киши болчу. 39 Ушундан соң Иса элди коё берип, өзү Магадан аймагы тарапка келди.

16

Фарисейлердин өтүнүчү

1 Фарисейлер менен саддукейлер келип, Исаны сынап, асмандан бир жышаан 16:1 көрсөтүшүн суранышты. 2 Ошондо Иса айтты:

— Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», — дейсиңер. 3 Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени күндүн көзүн каптаган кара булуттар кызарып турат», — дейсиңер. Асманды карап, аба-ырайын ажыратканды го билет экенсиңер, ал эми мезгилдердин белгилерин ажыратканды билбейсиңерби? 4 Күнөөкөр жана Кудайга ак болбогон эл укмуштуу жышаандарды көргүсү келет, бирок ага Жунус көргөн укмуштуу жышаандан башка жышаан көрсөтүлбөйт! Иса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.



Фарисейлер менен саддуккейлердин таалимдери тууралуу

5 Шакирттер аркы өйүзгө жетишкенде, нанды албай, унутуп кетишкенин билишти. 6 Иса аларга айтты:

— Абайлагыла, фарисей менен саддукей ачыткысынан сак болгула. 7 Шакирттер муну угуп, өздөрүнчө: «Биз нанды албаганыбыз үчүн айтып жатат ко», — деп ойлонушту.



8 Иса алардын бул оюн туюп:

— Ай, ишеними аздар, эмнеге ичиңерден нан ала келбептирбиз деп ойлоп жатасыңар? 9 Алиге чейин түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эсиңерге салбайсыңарбы? Беш нан беш миң кишиге жетип, калдыктарын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле? 10 Жети нан төрт миң кишиге жетип, калдыктарын жыйнагандачы? 11 Фарисейлер менен саддукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр?



12 Ошондо алар Исанын камыртуруштан эмес, фарисейлер менен саддукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.

Исанын Машаяк экендиги

13-14 Иса Филип Кесариясы деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди:

— Мени, Көктөн келген Адамды эл ким деп эсептешет?

Шакирттери:

— Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, кээ бирлери Иеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти.

15 А силерчи, — деди Иса аларга, — силер мени ким деп эсептейсиңер?

16 Ошондо Ысман Петир:

— Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! — деп жооп берди.

17 Сен бактылуу адамсың, Жунус уулу Ысман, анткени муну сага пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди. 18 Мен да сага айтам: сен Петирсиң 16:18, ушул аска таштын үстүнө мен өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны тозоктун өзү да жеңе албайт. 19 Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек.

20 Ушундан соң Иса шакирттерине:

— Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.



Иса өзүнүн азап тартып, өлөөрүн алдын ала айтат.

21 Ошол мезгилден баштап Иса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, дин башчылары жана дин мугалимдери тарабынан көп азаптарга салынары жана өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады. 22 Петир аны четке чакырып алып:

— Анын бетин ары кылсын, Устатым, сени Кудай сактасын! — деп аны жемеледи.



23 Иса Петирге бурулуп:

— Жогол менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн айттың! — деди.



24 Анан шакирттерине мындай деди:

— Кимде ким мени ээрчигиси келсе, жеке кызыкчылыктарынан баш тартып, өлүүгө даяр болуп, өз айкаш жыгачын көтөрүп, артыман түшсүн! 25 Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын мен үчүн берсе, ал чыныгы өмүрдү табат. 26 Бүткүл дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 27 Ошондуктан билип алгыла: Көктөн келген Адам Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда келет да кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет.



28 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын арасынан кээ бирлери Көктөн келген Адамдын өз Падышачылыгында келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.

17

Исанын кебетесинин өзгөрүүcү

1 Алты күндөн кийин Иса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоонун башына алып чыкты. 2 Алардын алдында Исанын кебетеси кубулуп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап калды. 3 Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Иса менен маек курушту. 4 Ошондо Петир мындай деди:

— Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы. Кааласаң, үч чатыр жасай салайын: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.



5 Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булуттун көлөкөсү аларга тийип, булуттан үн чыкты:

— Бул менин сүйүктүү Уулум. Мен андан рахат таптым. Силер аны уккула.



6 Шакирттердин үрөйү учуп, жүзтөмөндөп жыгылышты. 7 Ошондо Иса келип, аларга колун тийгизди да:

— Коркпогула, өйдө тургула! — деди.



8 Шакирттер үйдү карап, жалгыз Исадан башка эч кимди көрө алышпады. 9 Тоодон түшүп келатышканда Иса аларга:

— Көктөн түшкөн Адам кайра тирилген убакка чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! — деп буйруду.



10 Ошондо шакирттери:

— Кандайча дин мугалимдери Машаяк келерден мурун Илияс келиш керек дешет? — деп сурашты.



11 Иса:

— Туура, Илияс келип, баарын ордуна келтирет. 12 Силерге айтып коеюн: Илияс келди, бирок аны таанышкан жок. Ага өз каалаганын кылышты. Эми Көктөн келген Адамды да алардын колунан азап чегүү күтүп турат, — деп жооп берди. 13 Ошондо шакирттери анын Яхья чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.



Жин тийген уландын айыктырылышы

14 Иса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Исанын алдына чөгөлөп:

15 Устат, менин балама боорукерлик кылагөр, анын талмасы бар, ошондон абдан азап чегет. Көп ирет от менен сууга кулады. 16 Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, — деди.



17 Ошондо Иса:

— О, ишенимсиз, бузулган эл! Качанга чейин силер менен болор экем? Качанга чейин силерге чыдар экем? Бул жакка алып келгиле! — деди. 18 Баланы алып келишкенде, Иса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Бала ошол замат айыгып кетти. 19 Ошондо шакирттери Исаны четке чыгарып алып:

— Эмне себептен биз кубалап чыга албадык? — деп сурашты.

20 Ишенимиңердин аздыгынан, — деп жооп берди Иса аларга, — силерге чындыкты айтып коеюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» — десеңер которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.



Иса өзүнүн кандайча өлөөрүн алдын ала айтат

22 Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда Иса аларга айтты:

— Көктөн түшкөн Адам пенделердин колуна тапшырылат, 23 аны өлтүрүшөт, бирок ал үчүнчү күнү кайра тирилтилет.

Муну укканда шакирттери терең кайгыга батышты.

Ибадатканага салынган салык

24 Иса шакирттери менен Капарнаумга барганда ибадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип:

— Устатыңар салык төлөмөк беле? — дешти. 25 Петир:

— Төлөйт, — деди. Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде Иса озунуп:

— Жердеги падышалар салык менен жылдык төлөм 17:25 кимдерден алышат? Балдарынанбы же башкаларданбы? — деген сурооду узатты.



26 Петир:

— Башкалардан, — дегенде Иса:

— Анда балдары — эркин адамдар. 27 Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң бир сөлкөбай17:27 бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, — деди.

18

Ким улуу

1 Ошол убакта Исага шакирттери келип:

— Асман падышачылыгында ким улуу болот болду экен? — деп сурашты. 2 Иса бир наристе баланы чакырып алып, шакиртеринин арасына тургузуп койду да:

3 Силерге чындыкты айтып коёюн: жандүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман падышачылыгына кирбейсиңер. 4 Ким өзүн ушул наристе баладай кылса, Асман падышачылыгындагы улуу — ошол. 5 Ким мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, ал мени кабыл алганы.

Азгырыктар

6 Ким мага ишенген ушул карапайым адамдардын бирин азгырып, күнөөгө батырса, анда ага тегирмендин ташын мойнуна салып туруп, деңиздин эң терең жерине чөктүрүп жиберүү дурусураак болот. 7 Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөнүн шору куруйт. Ишенимден тайгыза турган нерселер болбой койбойт, бирок азгырык ким тараптан келсе, ошонун шору. 8 Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо түбөлүк тозок отуна ыргытылганыңдан көрө, колу-бутсуз бейишке киргениң жакшы. 9 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анын оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна түшкөндөн көрө, жалгыз көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

Жоголгон кой тууралуу ибарат

10 Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.

12 Кандай деп ойлойсуңар: жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы? 13 Эгер таап алса, анда, силерге чындыкты айтып коеюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда таап алганына көбүрөөк кубанат. 14 Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.

Күнөө кылган боордошуң тууралуу

15 Эгер боордошуң сага каршы күнөө кетирсе, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн айт. Эгер укса, утуп аласың. 16 Укпаса, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн» 18:16 өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар. 17 Аларды да укпаса, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн бутпарас же салыкчы катары болсун.

18 Силерге чындыкты айтып коеюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксаат кылынган нерсе болушу керек. 19 Силерге дагы бир чындыкты айтайын: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн кылып берет. 20 Анткени менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында мен өзүм болом.

Ырайымсыз малай туурасында

21 Ошондо Петир Исага келип:

— Устат, менин боордошум мага каршы күнөө кылса канча ирет кечиришим керек? Жети иретпи? — деди.



22 Иса ага айтты:

— Жети ирет дебейин, бирок жетиден жетимиш ирет. Мындай дегенимдин себеби — Асман падышачылыгы өз кулдары менен эсептешкиси келген падышага окшош. 24 Адегенде ага он миң талант 18:24 карызы бар адамды алып келишет. 25 Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен кожоюну аялын, бала-чакасын кулчулукка сатсын, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын берсин деген буйрук берет. 26 Тиги киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», — деп жалынат. 27 Ошондо ээсинин боору ооруп, кулду бошотуп, бардык карызын кечип коет. 28 Кул азаттыкка чыгып, өзүнө жүз динарий карыздар болгон бир кызматташ жолдошун табат да: "бардык карызыңды төлө!" — деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет. 29 Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», — деп суранат. 30 Кул көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп зынданга салып, өзү кетип калат. 31 Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, кожоюнуна болгон ишти болгондой айтып беришет. 32 Ошондо баягы кулду кожоюн өзүнө чакырып алып мындай дейт: «Эй, адепсиз кул! Сенин суранганыңдан баягы карызыңдын баарын мен кечип койгон элем. 33 Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?» 34 Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче эркиндикке чыкпайсың!» — деп, аны желдеттердин колуна салып берет.



35 (Иса сөзүн мындайча аяктады:)

— Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат.



19

Ажырашуу маселеси

1 Иса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагынан өтүп, Иудея аймагына келди. 2 Көп эл аны ээрчип барды. Иса ошол жакта баарын айыктырды. 3 Ошондо фарисейлер бир кынтык таап айыпка жыгуу ниетинде Исага келишип:

— Адамга ар кандай себептер менен эле аялы менен ажырашса болобу? — деп сурашты.

4 Жараткан башында адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган эмес белеңер? — деди Иса аларга жооп берип. — 5 Андан соң Кудай: «Эркек ата-энесин калтырсын да, аялына жармашып, экөө бир дене болушсун!» — деген. 6 Ошондуктан алар мындан ары экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын.

7 Алар:

— Анда кандайча Муса талак катын жазып берип, коё берсин деп жазып кеткен? — дешти.



8 Иса:

— Муса силердин тоңмоюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксаат берген, бирок башында мындай болгон эмес. 9 Силерге айтып коёюн: аялы ойноштук кылып койгондугу себептүү болбосо деле аны менен ажырашып, башка аялга үйлөнгөн адам ойноштук кылганы, — деди.



10 Ошондо шакирттери мындай дешти:

— Эгерде эркектин нике алдында милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң.



11 Иса аларга:

— Менин азыр силерге айта турган сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кудай кимге аял албай так өтүү жөндөмүн берген болсо, ошолор гана кабыл алыша алат. 12 Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат.

Кимдин түшүнүүгө кудурети жетсе, муну кабыл алсын.

Исанын жаш балдарга батасын бериши

13 Ошондо колун коюп батасын берсин деп, анын алдына жаш балдарды алып келишти. Бирок шакирттери болсо аларды жемелеп, уруша башташты. 14 Бирок Иса:

— Балдардын мага келишине тоскоол болуп, аларга тыюу салбагыла! Себеби Асман падышачылыгы ошондойлордуку, — деди да, 15 алардын башына колун коюп, батасын берди. Андан соң ал жактан башка жакка жөнөп кетти.



Бай жигит

16 Аңгыча бир жаш жигит Исага жакын басып келип:

— Устат, түбөлүк өмүргө жетишим үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? — деп сурады.



17 Иса:

— Жакшы иш тууралуу менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө жеткиң келсе, Кудайдын осуяттарын сакта, — деп жооп берди.



18 Жигит:

— Кайсы осуяттарын? — дегенде, Иса:

— Киши Өлтүрбө! Нике бузба! Уурдаба! Калп айтпа! 19 Ата-энеңди сыйла! Жаныңдагы кишини өзүңдөй жакшы көр! — деди.

20 Жигит:

— Мунун баарын сактап жүрөм, дагы эмне жетишпейт? — деди.



21 Иса:

— Жеткилең болгуң келсе, анда бар да мал-мүлкүңдү сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Анан кайра келип, аркаман ээрчи, ошондо байлыгың асманда болот, — деди.



22 Муну укканда жигиттин кабагы бүркөлдү, анткени ал бай болчу.

23 Иса болсо шакирттерине кайрылып мындай деди:

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: байдын Асман падышачылыгына кириши кыйын болот. 24 Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Асман падышачылыгына киргенинен төөнүн ийненин көзүнөн өтүп кетиши жеңилирээк. 25 Муну укканда шакирттери:

— Анда ким тозоктон кутула алат? — дешти айран-таң калышып. 26 Иса аларга карап:

— Бул иш адамдардын колунан келбейт, бирок Кудайдын колунан баары келет, — деди.



27 Ошондо Петир ордунан тура калып:

— Карачы, биз бүт-баарын таштап, сенин артыңан ээрчидик. Эми бизге кандай сыйлык берилет? — деди.



28 Иса жооп кылып, шакирттерине мындай деди:

— Силер, мени ээрчигендер, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Көктөн түшкөн Адам өзүнүн асмандагы даңкка оронгон тактысына олтурганда, силер да Израилдин он эки уруусун бийлөө үчүн он эки тактыга олтурасыңар. 29 Кимде-ким мен үчүн үйүн, же бир туугандарын, же ата-энесин, же бала-чакасын, же талаасын таштаса, ал таштаганын жүз эселеп кайтарып, түбөлүк өмүрдү мураска алат. 30 Азыр биринчи болуп жүрүшкөн адамдардын көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.



20

Жүзүмзар жана жалчылар

(Иса дагы мындай деди:)

1 Асман падышачылыгы орногондо бардык нерселер төмөндөгү ибараттай болот:

«Бир киши өзүнүн жүзүмзарына жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыгат. 2 Тапканда күнүнө бир динарийден 20:2 төлөп берем деп сүйлөшүп, аларды жүзүмзарына жиберет. 3 Саат ондордо сыртка чыгып, базардан кыларга иши жок турган дагы бир нече адамды көрөт. 4 Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем», — дейт. Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт.



5 Жүзүмзардын ээси саат он экилерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат. 6 Акырында саат бештерде дагы бир ирет сыртка чыгып, дагы ишсиз турган башка адамдарды көрөт да аларга:

— Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар? — дейт.



7 Тигилер:

— Анткени эч ким бизди жалдаган жок! — деп жооп беришет.

— Силер да жүзүмзарга баргыла, — дейт жүзүмзардын ээси. 8 Кеч киргенде жүзүмзардын кожоюну чарба башчысына мындай дейт:

— Жумушчуларды чакыр да баарына эмгек акыларын бер. Оболу акыркыларынан башта. 9 Ошондо саат бештерде келгендери бир динарийден алат. 10 Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир динарийден алып калышат. 11 Ошондо алар кожоюнга даттана башташты:

— Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди буларга теңеп салдың. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен:

— Дос, мен сени кемсинткеним жок. Башында бир динарийден деп сүйлөшпөдүң беле. 14 Ошондуктан акыңды ал да жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет. 15 Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлдүгүмө сенин ичиң күйүп жатабы?» 16 Ушул сыяктуу акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.



Иса өзүнүн өлүп, кайра тирилерин үчүнчү ирет айтат

17 Иса Иерусалимге карай өр тартып баратып, жолдо он эки шакиртин четке чыгарды да аларга мындай деди:

18 — Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Көктөн келген Адамды дин башчылары менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Аны өлүм жазасына кесишет да, 19 кордоп, сабап, жыгачка керип туруп мыктап салуу үчүн башка элдиктердин колуна тапшырышат жана Кудай аны үчүнчү күнү кайра тирилтет.

Зебедейдин аялынын өтүнүчү

20 Ошондо Зебедейдин аялы балдары менен келип, Исанын бутуна жыгылып, андан эмненидир суранып жатты. 21 Иса ага:

— Сизге эмне керек? — деди.

Аял:

— Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, 20:21 — деди.



22 Иса:

— Эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? — деди.

Алар:

— Иче алабыз, — дешти.



23 Иса:

— Менин чөйчөгүмдөн ичерин ичесиңер, бирок кимди менин оң жана сол жагыма отургузууну мен эмес, Атам чечет. Ал кимди өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, — деди.



24 Зебедейдин аялынын сөзүн укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады. 25 Бирок Иса аларды чакырып алып мындай деди:

— Башка улуттук өкүмдарлар өз элине үстөмдүк кылышып, вазирлери бийлигин көрсөтүшөрүн силер билесиңер. 26 Бирок силерде мындай болбосун, тескерсинче, араңардан бирөөңөр улуу болгусу келсе, силерге кызматчы болсун, 27 биринчи болгусу келсе силерге кул болсун. 28 Көктөн келген Адам бирөөлөрдү өзүнө кызмат кылдырайын деп эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көп адамдар үчүн өз өмүрүн кун катары төлөп берейин деп келген. Силерде да ушундай болсун.



Исанын эки сокурду айыктырышы

29 Иса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү. 30 Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Исанын өтүп баратканын угуп, кыйкырып киришти:

— Оо мырза, Дөөттүн уулу, бизге ырайым кылагөр! — дешти алар.



31 Эл болсо жаагыңарды баскыла деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып:

— Оо таксыр, Дөөттүн уулу, бизге кайрым кыл! — дешти.



32 Ошондо Иса токтоп, аларды чакырды да:

— Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? — деди.



33 Алар:

— Устат, көзүбүз көрүп калса экен, — дешти.



34 Исанын боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү ачылган алар Исанын артынан түшүштү.

21

Исанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

1 Иса шакирттери менен Иерусалимге жакындап, Май Тоосунун 21:1 жанындагы Бетфаге айылына келгенде эки шакиртине мындай деди:

2 Маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирээриңер менен коделеги жанында өзү байлануу турган эшекти көрөсүңөр. Аны чечип, мага жетелеп келгиле. 3 Бирөө жарым силерге бирдеме десе: «Жараткан Эгеге керек болуп жатат», — дегиле. Ошондо силерге дароо беришет.



4 Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол пайгамбар айткан экен: 5 «Иерусалимдиктерге мындай деп айтып койгула:

— Мына, силердин Падышаңар момундук менен эшек минип келет. Ооба, ал эшек эмес, алтургай эшектин коделегин минип келет 21:5».



6 Шакирттери барып, Исанын айтканындай кылышты. 7 Эшекти такайы менен жетелеп келишти да кийимдерин үстүнө жабышканда аларга Иса минди. 8 Көптөгөн адамдар анын жолуна кийимдерин чечип, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты. 9 Ал эми анын алдынан жана артынан ээрчип бараткандар:

— Дөөттүн уулуна урмат! 21:9 Эгебиздин атынан келе жатканга даңк! Көктө Кудайга урмат! — деп кыйкырып жатышты.



10 Иса шаарга киргенде бүт шаар эли кыймылга келип: «Бул ким болду экен?» — деп, бири-биринен сурап жүрүштү. 11 Исанын жанындагы эл: «Бул Галилеядагы Назарет шаарынан чыккан Иса Пайгамбар», — дешти.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет