Төгө бер, Жамгыр!
Балдар китептери тарбия үчүн жазылат. Келечек ээлерибиз жаш муундарга, балдардын баео дүйнөсүнө бап келген чыгарма жаратуу айтканга оңой, жеңил көрүнгөнү менен турмушта таптакыр башкача. Балдар үчүн жазуу да алардын жан дүйнөсүн терең билген, сезимтал, кыялкеч оптимист жазуучу болуу керек. Анткени жаш жеткинчектердин чыныгы инсан болуп калыптануусунда ошол автор тартуулаган ыр болсун, жомокпу, аңгеме же тамсил болсун балдардын жан дүйнөсүн козгоп, руханий жактан таасир этпей койбойт. Балдар өзгөчө бир кызыктуу көрүнүштөргө кызыгып, баарын билгилери келип өтө ынтызар келишет. Ошондуктан да аларды бекеринен турмуштун эртеңки ээлери, жаратуучулары деп аташпайт. Балдар адабиятындагы чыгармаларда күлкү, юмор, оптимизм орун албаса алардын көңүлүн алуу кыйынга турат.
Бүгүн биз сөз кылып жаткан кесиптешибиз Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Жапарали Осмонкуловдун балдар үчүн жазган жаңы китеби «Төгө бер, жамгыр!» - деп аталат. Бул көркөм-адабий китепте Атажурт айдыңы, кооз жаратылыш, андагы жан-жаныбарлардын сырлары, өзгөчөлүктөрү сүрөттөлүү менен бирге жаш муундарды ата-бабалар салты боюнча тарбиялоого үндөгөн чакан аңгемелер берилген.
«Кышты ким ызалайт?» аттуу аңгемесинде кышты чыдамсыздык менен күтүшүп чана тебүүгө кызыккан балдар кереметтүү кыш чилдесинин каарына кайыл болушуп, үшүгөндү да унутушуп оюн салышкандыгы чебер сүрөттөлүп берилген. «Жамгыр», «Короз» сыяктуу ж. б. аңгемелеринде да автор айтайын деген ойюн жеткинчектерге таасирдүү сөз менен жеткире алган. Белгилей кетчү дагы бир жагдай- китепте ар бир аңгеме өзүнө жараша, ылайыктуу сүрөттөр менен коштолгондугунда. Бул вазыийпаны белгилүү сүрөтчү Султанбек Макашов чебер аткаргандыгын да баса белгилеп кетүүгө болот. Муну китепти колуна алган ар бир окурман байкабай койбойт. Баса китептин өзү, көлөмү, форматы да балдарга арналып жасалып жасалгаланган. Кийинки кездерде дегеле жаштар, тестиер балдар үчүн жазылган чыгармалар азайып, баары эле детективдер менен криминалдык чыгармаларга ооп жаткан кезде кесиптешибиз Ж. Осмонкуловдун китебинин жарык көрүшү жакшы жөрөлгө болуп колдоого ала турган көрүнүш болду десек болот. Анткени Жапарали өзү Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, балдар дүйнөсүн жакшы билет. Балдар адабияты тарбия үчүн жазылат дегендей автордун чоң чыгармачылык жолу дал ушул жаш муундарга тарбия берүүдөн башталгандыгын эске алсак, демек Жапарали тарбия улуу иш, ал балдар адабиятынын ыйык милдети экендигин унутпай эске алып, аз да болсо өзүнчө эмгек жаратканы авторду жаңы чыгармачылык нукка салгандыгынан да кабар берип тургансыйт. Айтмакчы, бул автордун үчүнчү китеби. Сөз соңунда авторго чыгармачылык ийгилик каалап, зор эргүүлөр менен дагы да, мындан мыкты чыгармаларды төгө берүүсүнө тилектешпиз.
«Эркинтоо», 13-апрель, 2004-жыл
Ильгиз Талип, жазуучу, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
Бул биз жашаган жарык дүйнөнүн канчалык көөнө дегенибиз менен, күнүмдүк турмушта адам баласы үчүн түркүн жаңылыктар ачылып турбаса, анын кызыгы жок болуп калар эле. «Күнүнө бир укмушту укпасаң, кулагың керең болуп калат» деген сөз да бекеринен айтылып калбаса керек. Анын сыңарындай бир эле майданда кесиптеш, каруулаш эле болуп жүрүп, атүгүл жакшы ымалада экениңе да карабай, ошол инсандын чыгармачылык дүйнөсүнө үңүлгөнүңдө бир жаңылык ачылбай койбойт. Мен таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы менен таанышып чыккандан кийин жагымдуу таасирлер калып, өзүм үчүн жаңылык ачкандыгымды жашыргым келбейт.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылыгында баса белгилей кетчү жагдай- калеминин кадимкидей төшөлүп, өз почеркине ээ болуп калгандыгы. Адатта адабият майданына киргенде башкалардан айрымалангысы келип (аны өз стилим деп), обу жок ойкуштануу менен чыгарманын архитектоникасына доо келтирип алышат. Эссе жанрынын да өзүнө мүнөздүү усулдары бар. Бул өңүттөн алып караганда, Жапарали аны мыкты өздөштүргөн жана чебердик менен уруна билет. Ал бүткүл адамзатка тиешелүү проблемалар жөнүндө ой жүгүртөбү, же жеке адамдар ортосундагы адеп ахлактык мамилелерге кайрылабы-кыргыз кыртышынан өнүп чыккан олуттуу олуялык накылдар жаралгандыгын кыйкымчыл окурман баамдабай койбойт. Эсселердеги куйкум сөз, жылмаюу жараткан юмор да ата-бабадан калган көркөм сөздү аздектөө салтынын алгоолонгондугун айгинелейт. Буга Хо Ши Миндин устаттарынын артынан о дүйнө аттанышы жөнүндөгү ой түрмөгү эле мисал болчудай. Анан адам эмнеге жаралып, эмне үчүн жашайт? деген ар бир атуулду сестентчү суроо коюлат. «Аттиң-дейт автор, - Кудаанын жараткан пендеси кай дүйнөдө болсо да тынч, бейкуттукта жашай албайт көрүнөт» …Мына ушул жүрөк мыжыккан көйгөлүү маселе эсселердин баарында кызыл өзөк катары өтүп, автордун жандүйнөсү тарткан ташпиши таасын чагылат.
Таланттуу калемгердин кыргыз адабиятындагы эссе жанрын өнүктүрүүчүлөрүнүн чыгаан өкүлү экендигин белгилөө менен анын азыр модада жүргөн укмуш окуялар (приключенческий) жана фантастика жаатында да жигердүү эмгектене аларлыгына далил болорлук татыктуу чыгармалары бар экендигин айткыбыз келет. Чыгармачыл майданда ар ким батына бербеген бул «дыңга» К. Эсенкожоев, Б. Сартов, Э. Өмүракунов сыктуу көйкашкалар «тиш салып», өз алына жараша чыйыр ташташты. Арийне, абалтадан Шекспирдин айтуусу боюнча өнөр Адамы өнтөлөп казый берчү бир эле тема бар. Бирок Г. Тукай: «Махабат алмаңги нерсе, лекин ар бир жүрөк аны жаңыртат»-деп айткандай бул турмуштун өзү талантка жаңы кыры менен көрүнүп, таң каларлык жактарын тартуулай берет окшобойбу. Мына биз тоталитардык коомдун не бир мерестик зобундары жөнүндө тарыхый маалыматтарды алдык, алардын архивдик күбөлөндүрүүлөрүн көрдүк. Бирок, жүрөк үшүн алып, үрөй учурган ошол доордун күбөсү боло туруп, анын каары канчалык болгондугун кийинки муундарга жеткире алабызбы?
Муну биз Ч. Айтматовдун «Кылым карыткан күнүнөн» кеңири масштабдуу тартылган полотнодой көз алдыга келтирип, жандүйнөбүз аркылуу өткөргөнбүз. Ал чыгарма доордун санжырасы катары бааланып, бүткүл трагедияны айкын чагылдырганы үчүн дүйнөлүк резонанска ээ болгондугу бекеринен эмес эле. Арийне, ал системанын адам тагдырын талкалаган апааттары жөнүндө айтып бүтүүгө болбойт окшойт. Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдет» повести да ошол темага арналып, анын каарманы катары айыпсыз репрессияга кабылып, ак жерден атууга кеткендерди жаздап турган желдет алынган. Ал революциянын учурундагы кымкууттан эң жакын адамдарынан, бактылуу балалыгынан айрылып, ит көрбөгөн кордукту көрөт, турмуштун түркүн капшабына кабылат. Мунун баары анан жүрөгүндө өч, өчпөгөн так калтырат. Бир чети жашоо үчүн күрөштүн айынан анын акыркы баш кесер болуп калышы деле мыйзамдуу сыяктанат.
Турмуштук бул коллизиялар чыгармада ынанымдуу берилип, кейипкердин таржымалынан ойдон чыгарылган окуяларды таба албайсың. Бирок, ошол азезилге айланган пенденин да көөдөнүндө көл түбүндөгү берметтей асылдыктын бир тамчысы калган экен. Аны алыскы Ала-Тоодон абактагы атасын издеп барган Айша аттуу кыз ойготот. Албетте, репрессиянын Азрейилине айланган Павел Букреевдин күнөөсү бир жолу тообо келтирүү менен жуулуп кетпеси белгилүү. Аны ошого жеткирген ырайымсыз бийлик, анын көрүндөгү тап душманы санаган саясаты. Букреев ага кың этпес курал гана болуп берген. Бирок, турмуштук ар кандай перипетияларга кабылып жатып, ошол канкордо адамдык сезим ойгоно берет. Анын өзүнүкүнө кошуп төрт жетим баланы багып өстүрүшү да ошого себеп болот.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык ампуласынын көп кырдуулугун аныктаган фантастикалык повесть «Комиссардын жез тумшугу». Анда окуялар улам чиеленишип олтуруп, окурмандын бүйүрүн кызыта берет. Автор өз жеринин энчиси сыңары бир ажайып дүйнөгө жетелеп, кыргыз Ала-Тоосунун адам буту баспаган булуң-бурчуна алпарып, сыйкырдуу сырлары менен тааныштырат. Повестте баяндалгандар канчалык даражада чындыкка жатаарын териштирүүнүн кажети жок. Анткени, биз баарыбыз укмуштуу жомокторду угуп чоңойгонбуз. Бирок, мындагы окуялар тарыхый чындык менен фантастиканын ширөөсүнөн бүткөндүктөн, кадимки көркөм чыгармадай кабыл алынат. Акыйкатында кыргыз жергесинде ар кандай уламыш-аңыздар айтылган аска-тоолор, көлдөр, ашуулар аябагандай арбын. Атыгүл «Кожожаш» дастаны да ошолордун бир варианты эмеспи. Ал эми «Эр Төштүк» эпосунун сюжети бүтүндөй эле мифдик окуялардан куралгандыгын эске алсак, укмуштарды жаратуу табигат күчтөрүнөн калтаарыган караңгы элге мүнөздүү болгон. Бирок, ошондо да ага негиз берген көрүнүштөр сөзсүз болгон. М: азыр деле кар адамы (снежный человек) жөнүндө далай талаш-тартыштар (учуучу табактарды айтпаганда да) жүрүп келүүдө.
Ушул позициядан караганда жез тумшук окуясы реалдуу да сыяктанып, окурман оборун ого бетер кызытат. Биздин айталы дегенибиз-автордун кайсы жанрды качырбасын өзүн дасыккан калемгер катары көрсөтө алгандыгы. Көркөм чыгарманын компоненттеринин бири- тил байлыгы болуп эсептелет. Жапарали бул жаатта «чоң байлыктын» ээси экен. Ошол кордон чебердик менен пайдалануу чыгарманын образдуулугун, таасирдүүлүгүн ого бетер арттырып отурат. Акырында айтарыбыз-бул аталган жыйнактын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, иргөөнүн экинчи туруна өткөндүгү. Келечегинен үмүткөр кылган көйкашка калемгерди мен бул сыйлыкка татыктуу деп эсептеп, ага ыйгарылышы адилеттикке жатмак дээр элем.
«Кыргыз Туусу», 11-14-июнь, 2004-жыл
Максатбек Казакбаев
Көкүрөгү көркөм калемгер
Китеп дүкөнүн аралап жүрүп, ошончо китептердин арасынан таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Адашкан уулу Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебине көзүм түштү. Адегенде, барактап көрсөм башынан өткөргөн кездерин күндөлүккө такай жазып, анан кийин эсселерге айланткан чыгармадай таасир калтырды. Мен өзүм дагы күндөлүктөр жазам, ушундан уламбы, дүкөндүн нары жагына терең сүңүп кирбей эле, пулдадым да, үйгө келип окуй баштап, аябай кызыгып бир отуруш менен окуп чыктым.
Автордун чынчылдыгы, көргөн-билгенин эч жашырбай, болгонун болгондой, бирок сулуу, көркөмдүктө баяндаганы мага жакты. Баарынан ишенимди эң жогору баалайт. Мен күндөлүктөрүмө: «… Сенин улуу башталыштарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырыңдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү ишеним. »-дегенин көчүрүп жаздым. Ырасында эле адамдын ишеними мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык башка түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа-шык кошкон улуу күч эмеспи.
Жазуучу өз өмүр жолунан учураткандарынанбы же бирөөлөрдүн башынан өткөргөндөрдү жаздыбы, тек, иниси менен кой кайтаргандагысын жазабы баары көркөм жазылган. Менин да илгерки жайкы каникулда Таластын Балачычкан, Чоңчычкан жайлоолорунда Ашыр таякем менен кой кайтарышканымды эсиме түшүрдү. Биз да ошондо челегибизден айран куюп ичип, нан жеп отуруп апаларыбызды эстеп, «бүгүн үйдө сарымсак кошуп манты жасашат» деп кеп кылганбыз, айылдын үстүнөн туруп, «кимибиз кыйынбыз, кана, мелдешеличи» деп, колдорубуз талыганча таш ыргытып ойногонбуз, көп-көк чаңкайган асманда канатын каалгытып бизгече чачылган чакмак таштардай чаржайыт оттогон койлорубузга көз салып учуп жүргөн бүркүткө узакка-узакка карап суктанганбыз.
Жазуучу бир кезде «Таласка командировкага барыптыр». Бул эсседен улам: «Ошол командировкасына эмне максат көздөп барды, Ашыр таякеме жолукпады бекен?» деп ойлодум. Анткени, таякем төбөсү көрүнүп келаткан Таластагы жаш фермерлердин биринен болчу.
Айтор, Жапарали Осмонкуловдун кайсы эссесин окубадым, түзбү, каймана түрүндөбү-өз жашоомо салыштыра берем.
Жазуучунун Ата Журтту, Теңирчиликти, өмүр-өлүмдү, сүйүүнү, кайгы, капа-кубанычтарды таасын элестеткен эсселерин окуп жатып кусаланасың, эргийсиң, демденесиң, шыктанасың. «Тоо болуп келип, тоо болуп кетиш үчүн» бирдеме жасаш керек да, ошол тоолорго тарткылыктай, тоолор сыймыктангандай артыңа из калтырууга тырышып, аракеттениш керек да. А күндөр, жумалар, айлар, жылдар биринин артынан бири чууруп кур-жалак агылып өтүүдө…
Жазуучунун ушинтип окурманын терең ойго батырганы, мажбурлаганы чоң ийгилик деп эсептейм. Бул мүмкүн, азыркы учурубуздун стресстерге толгон, газеталарды ачсаң, телевизорду бурасаң, китеп дүкөндөрдү кыдырсаң-туш тараптан баарысында детектив, криминал дүйнө, коррупция, мафия, террорчулук, темасындагы кабарлар, чыгармалар башты айландырат, а эгер наристе балалык, көз тайгылткан кооздукка, кунт коюп мамиле жасасаң ар бир адам дээринде тазалык, жөнөкөйлүк, адептүүлүк, ыйманы ысыктык бардыгын, ал асыл сапаттар жаратылыштан тартууланып өсөөрүн, өчпөстүгүн, эгерде кишилердин баки-жогу тең жокчулуктан, оокат-аш жетишпестиктен мүнчүркөп, чүнчүп, басырынып, тентип, жамандыкка, ыпластыкка оошсо, анда өмүрдү өлүм, жакшылыкты жамандык жеңип кетээрин, чындыгында андай болбостугун, адамзат ошо рухий байлыгынын молдугу, түгөнбөстүгү менен алмуздактан бери жашап, азыр да, эртең-болочокто да өкүм сүрөрү шексиз, чексиз го!
Ж. Осмонкуловдун эсселерин, аңгемелерин окуп, Э. Хемингуей ар бир күнүн майрам катары кабыл алгандай, Жапарали Осмонкулов да айлана-чөйрөсүн, жолуккан, маектешкен кишилерин эч көз жаздымда калтырбай, көңүлү көркөм кабылдап, мүнөздөрү, аракеттери жазууга арзыйбы дегендей сүрөтчүлүк менен иликтеп, уккандарын музыканттай тыңшап ыргагын көкүрөгүнө түйүп, сөздү терең аздектеп баккан жазуучу экендигин баамдадым. Эсселеринде жөнөкөйдөн татаал, кайра тескеринче татаалдан жөнөкөй тыянактар чыгарып, анысын кагаз бетине чебер түшүргөн таланттуу эссеисттикке жетишиптир. Анүстүнө, биздин учур талабы да ошол кыскалыкка муктаж болуп жатпайбы, өз доорунун күрөө тамырын сезе билгендик-жазуучу Ж. Осмонкуловдун көкүрөгү көркөм кыраакылыгы.
Баса, кыраакы демекчи, Буга Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдет» аттуу повести тап-таамай эле күбө. Азыркы шумдуктай детектив заманда жашаган жазуучу детектив темасынан четтеп, буйтап, аттап, секирип, өжөр көшөкөрлөнүп калемин колуна албай койбостур? Саясатчылардын жемесине кор болгон В. И. Ленин убагында айткандай «коомдо жашап туруп, коомдон чыгып кете албайсың», адам болуп төрөлүп, адамча тарбияланган соң акылың иштеп турса, кайда качпагын каякка баш паанек кылбагын-баары бир адамзат коомунан чыгып кетпейсиң. Чын сырым, жазуучунун «Канкор желдет»повестин окубай деле таштагым келди, бирок автордун стилин калем төшөлткөн ыкмаларына көнүгүп үйрөнүшө түшкөнгөбү, «жарайт, көз агытып көрөйүнчү» деп үңүлүп, бачым окуп бүтүрдүм. Автордун повестеги баш каарманы Павел Степанович Букреев: «Нанды ар ким ар кандай табат. Кудаа буйруганын алат»-дегендей, Букреевдин кантип түрмөдө иштеп, түрмөгө түшкөн-атууга сот тарабынан буюрулгандарды таамай кежиге, чекеге атып, өлүм жазасын тапшырмага жараша так-таасын аткарганы ишенимдү.
Ал акырындап «канкор» болду, акырында ага кишилерди өлтүрүү чиркей чакканга да окшобой калды, өспүрүм, жигит чагындагы боорукер, элпек, адамгерчиликтүү мүнөздөрү, шартка жараша, сталиндик репрессияга ылайыкташып өзгөргөнү-тарыхый мыйзам ченемдүүлүк деп түшүнөлү.
Эгерде, Букреев мамлекеттик соттун буйруктарын кыйшаюсуз ишке ашырбаса, өзү атылмак, өз жаны кыйылмак. Букреевдин элесинен адамдын өзүмчүлдүгү күчтүү роль ойноорун көрөбүз. Көрсө, өзүңдүн жаны кылтактанып, өлүм алдында турганда-өңгөлөрдү урганың жок турбайбы, өмүрдү жетелеген өзүмчүлдүк экен го. Жазуучу ушул маселени чечүүнү окурманына тартуулайт. Повесть кыска, курч, чагылгандай чарт-чурт чагылышып бүтөт, качан окуп-качан аягына жеткениңди сезбей да каласың. Жазуучу мына ушу кыска, курч конфликтүү, кызыктуу баяндагандыгы менен өңгө беллетристерден айрымаланып турат. Мажес жазмакердин колуна бул сюжет тийип калса, мүмкүн, килейген «кирпич» роман же экилтик-үчилтик жазып таштамак. Кадыресе окурман катары чынымды айтсам, журналисттин командировкадан үйүнө кайтып келатып, самолетко алган билетин кайра өткөзүп, бир эле жолу сырдашып калган Букреевдин: Кыргызстанда жашагам, кыз сүйүп, акыры аялым кыргыз кызы болот» дегенине ишенип, анын табышмактуу өмүр дарегин укмакка ээрчип кете бергени, адегенде мени анчалык ишендирген жок. Балким, ошондой болсо болоор, журналисттик кесиптин түпкү негизги түйүндү изилдөөчүлүк эмеспи. Кантсе да, »Канкор желдет» повести китептин беделин бийик көтөрмөлөп турат. Букреевдин боштондукка чыкканынан бери кыйла жылдар өткөндөн кийин өзүнүн башынан кечиргенин такай ойлоп, салмактап, баалап, анан: «Гулаг-бул эркек-аялын, кемпир-чалын, кичине-чоңун ылгабай бүкүлү жуткан ажыдаар, эл аны азыктандырган олжосу, чоң мергенчи… Буга ким жооп берет, кимди күнөөгө жыгабыз. Күнү-түнү чарчадым-чаалыктым дебестен, парасын айлантып, жеп, ичип жаткан кубаттуу машинанын жанында алсыз кыбыраган бөкөчөмүн. Чын, азыр ойлосом өзүм ошо парасы тынбай тегеренген машинанын бир тетигине айланыпмын», -дегенине макул болуп, көнүп берет окурман. «Камагыла деди-камадык, аткыла деди-аттык» деген каардуу, канкор заманды жектейт, кайда, кандай учурда болсо да, адам өз-рухий дүйнөсүн бекем сактап, адамгерчиликтүү мүдөөсүн унутпайт, ага жетүүгө дайым умтулуу керектигин түшүнөт окурман. Алыкул Осмонов ырында жазгандай «жамандыгым жакшылыгым жеңгенде» салтанат куруларын моюнуна алат окурман.
Жакында гезиттен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн адабият тармагындагы кандидатуралардын тизмесин окуп, анын ичинде мен былтыр окуган Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери»(повесттер жана аңгемелер) китебинин жүргөнүн көрүп сүйүнүп кеттим. Бул китеп сыйлыкка татыктуу.
«Адабий гезит», июнь, 2004-жыл
Б. Абдубалиева,
№ 11 гимназия-мектебинин мугалими, Каракол шаары
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
«Ар бир акын, жазуучу жазган нерселеринин бардыгына өзүн чагылтат. Өзүн-өзү канчалык туура чагылта, өзүнүн ички сырларын канчалык аңтарып бере алса, анын жазгандарынын лиризми ошончолук жогору болот да, жүрөгүңөргө ошончолук күчтүү таасир этет», -деген Герцендин таамай айтылган кеби адабият күйөрмандарына кеңири таанымал таланттуу жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» (эссе, повесть, аңгеме, Бишкек-2002) аттуу жыйнагына ылайык келет.
Таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкулов көп жылдар Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында мектепте мугалим, республикалык гезит журналдарда бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, башкы редактор кызматтарында иштеген. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги. Учурда «Эркинтоо» газетасында башкы редактордун орун басары болуп эмгектенүүдө.
Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы капысынан колума тийип калды. Жазуучунун бу жыйнагы адепки да, акыркы да эмес экен. Көрсө жазуучунун «Күн кызарып батканда (1993-жыл) аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы ыйгарылыптыр. Жазуучунун адабият күйөрмандарына бергенинен бере элеги көп экендиги анын чыгармаларынан көрүнүп турат.
Жыйнакка окурманды терең ойго сала турган философиялык, социалдык-нравалык мүнөздөгү эсселери, 37-жылдардагы репрессия жөнүндөгү повести жана табияттын татаал дүйнөсүн чечмелеген аңгемеси кирген.
Менин баамымда жазуучунун артыкчылыгы элдин көкөйүндө жүргөн көйгөлөрдү жаза билгендигинде. Айрыкча айыл адамдарынын жашоо-турмушунун, психологиясын, рухий дүйнөсүн мыкты өздөштүргөн. Өзү да айыл жергесинде туулуп-өсүп, канат-кулачын жайган, ошонун натыйжасында жазуучунун эсселери жүрөккө жакын.
Жыйнакты кунт коюп окуган адам Ж. Осмонкуловдун эл арасында көп болуп, көп жер кыдыргандыгын, эл турмушун кыраакылык менен көрө билгендигин баамдайт. Ошол сезимталдык менен көрө билген, уккан окуяларын жазуучу табигый жөндөмдүүлүгүнүн аркасында философиялык маанайда ары кызык, ары кыска баяндайт.
Айрым көлөмдүү повесть, романдарда айтыла турган ойду Ж. Осмонкулов ашып кетсе бир бет эсселери аркылуу кыска-нуска бере билгендиги анын чоң талант, чоң чебер экендигин далилдейт. Акыркы 5-10 жыл аралыгындагы коомдогу болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөргө жазуучу өз үнүн кошуп, жашоого адам болуп жаралган соң, айбанча эмес, адамча жашоого үндөгөн эсселерин окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Мисалы:
«Бишкек бардар шаар. Кааласаң баары бар. Кадам сайын май куйучу бекет, кадам сайын камок базар, кадам сайын солкулдаган кыздар…
— Базары жакын жарыбайт?! -дейсизби.
— Мүмкүн ошондойдур.
— Эмне дедиңиз? Кайра кайталасаңыз? Аа-а, эми жетпедиби. Андай кыздар Париж, Москвада деле кычы. Бузулса ошолор деле бузулуп кетмек.
— Бишкек бир күнү сөзсүз жарылчу бомбанын үстүндө турганын билесизби?
— Сиз май куюучу бекеттер жөнүндө айтып жатасыз го
— Так үстүнөн чыктыңыз. Бейиш бир күнү тозокко айланаары тууралуу айттым…
Кайдыгерликтен кичинекей Парижге окшогон Бишкегимди жер үстүнөн жоготуп аламбы деп жүрөгүм ооруйт, санаам тынчыбайт. Айла кеткенде кыйкырган сөзүм:
— Эй, көр пенделер, жашоо баарыбызга тең. Кеч болуп калалекте акылыбызга келеличи. Урпактарга таза өткөрүп береличи!»
Табият кубулуштарын жазууда Ж. Осмонкулов жаратылыш менен адам баласынын биримдиги, экөөнүн өз ара тыгыз байланышын турмуш чындыгы катарында сүрөттөйт. Жазуучунун табият жөнүндөгү эсселеринде асыл, бейиши сымал жерибизди кор тутканыбызга, «колдо бар алтындын баркы жок» деген мамилебизге бирде күйүп-бышат, бирде жер бейиши Кыргызстандын сулуулугуна, кереметине тамшанган сыймыктануу сезими авторду бийлеп алат. Мисалы:
« — Бейиште болуп көрдүңуз беле?
— Жок.
— Анда бизге келиңиз. Мен сизге чыныгы бейишти көрсөтөйүн.
— Кызык, биз укпаган, биз билбеген, ал кандай бейиш экен?
— Мөлтүрөп тоо булагындай тунук, жер бермети — Ысыккөл, ажайып кооз, ак мөңгүлүү, жер түркүгү – Алатоо Теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши, билген кишиге.
— Аа-а Кыргызстанбы?
— Ооба.
— Аны кыргыздар өздөрү билбей жүрүшпөйбү…»
Чындыкты дал өзүндөй, бурмалабай айткандыгы үчүн жазуучунун эсселери ар кимдин жүрөгүнө жакын. Ж. Осмонкуловдун эсселери адабият майданында жаңылык болуп келди. Автордун дагы бир артыкчылыгы биз күндө көрүп, угуп жүргөн окуя, көрүнүштөрдөн маанилүү чыгарма жаратып, салмактуу жыйынтык чыгара билгендиги.
Кыскасы, Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы өз үнү, өз табылгасы бар китеп катары бааланып, калың окурмандар кызыгып окуй турган чыгарма.
«Ысыккөл үнү», 2-июль, 2003-жыл
С. Маймулов, акын,
Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери
«Төгө бер, жамгыр!»
Бул элдик акылмандыкка айланып калган афоризм качан, кай убакта чыкканы белгисиз. Кыргыз эли колуна курал алып, мүмкүн кетмен, күрөк, чукулук сыяктуу бир нерселерди алып жер иштетүү мезгилинде чыккандыр!
Мүмкүн! Мүмкүн! Мүмкүн!
Менин колума жакында ушул темада чыккан китепче тийип калды. Ал жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун китеби экен.
Китепче ар түрлүү темаларды камтыйт. Мисалга бир-эки теманы алып көрөлүчү. «Кышты ким ызалайт?»деген аңгеме бар. Анда кыш чилдеси минтет. «Баарын жеңип келатам. Дарыя-булакты, көлмө-сазды алеки саатта тоңдуруп музга айланттым. Аюну чээнге киргиздим. Каркыра-турнаны жылуу жакка айдадым. Булбул менен торгойдун жаагын бастым… Асти, мынабу чуру-чуу түшүп, ойноп жаткан дүйнө капар балдарга алым жетер эмес!»
Бул аңгемени окуп чыкканда элде калган кыш-чилденин өкүнүчү дароо эле кылт этет.
Ал мындай дейт турбайбы:
«Кызырек куйруктуу калды,
Кыз эмчектүү калды.
Асты мобу көкмуштумдарга арга алым жетер эмес.
Камчылан курдаш камчылан,
Биз качалы тамчыдан!»
Жаз келе баштап, күн жылыгандан тып-тып тамчыдан корккон кыш-чилдеси кызырек менен кыз эмчегин чала-була мүлжүп, көкмуштумдарга таптакыр алы жетпей аска-зоону карай камчыланат экен. Автор айткандай: «…Айылдын балдары ушундай чымыр, сергек, чыдамкай. Ошондуктан кыш ызгаарын тоотушпайт». Калети жок сөз. Жапаралинин дагы бир «Бата» деген аңгемеси бар. Балтабай кадимки Бакай бабадай барктуу да, бактылуу да, мартабалуу да карыя. Байбичеси Бермет экөө… Бермет берметтей эле таза, назик балпайган байбиче-чоң эне. Экөө заманга куп жарашкан адамзаттардан. Алар келечекке кең карап, келечектин ээлери балдарга өмүр тилеп, бактылуу болуусун кудайдан тилеген чоң ата-чоң энелер. Кийин-кийин эр жетип, эл-жер деп эс-акылын топтогондо кереги тийсин деген ак баталуу дөөлөттүү, сөөлөттүү кыргыздар «Баралыңарга барганда бакубат балдардан болгула! Билгенге билим-бакыт. Биримдик болбой бакыт болбойт» — дейт.
Балтабай менен Берметтер дайыма жашай берсин!
Китепчеде «Жалбырак» деген аңгеме бар. Ал шамал учуруп, көкөлөп жүрсө «өзүм эле асманга оюн салып, жыргап жүрөм»деп мактанат. Шамал басылганда ал жерге түшүп, ошол бойдон жоголот. «Көөдөктөрдүн көөнү чоң, пейили тоң» деген ошол. Балдар жалбырактай көөдөк болбой тарбияланууга аракеттенет.
«Көзмончок» деген аңгемеде автор эненин жүрөгүн берет. Кашаба алты жашар Асыл, төрт жашаар Гүлжанга тиш салбайт. Аларда өзүнүн көрөркөз бөлтүрүгүндөй баш да. Бөлтүрүгүнө ийигендей, кыздарга да мээрим чачып турат. Канткен менен жырткыч болсо да эне карышкыр. Бах, Чиркин! Анда да энелик жүрөк бар экен го. Бакубат сөз, бакубат ой!
Дагы бир «Кимге кыйын» деген аңгемеде.
Пирим аке дыйкан. Ал пенде жакшылап эле багып, өстүрүп, мыктылап жыйып алат. Бирок кампасы ачык экен. Анын ичин чычкандар мекендеп алган. Каптары да тешик. Андан түшкөн дандарга чычкандар «Күндө майрам күндө той» деп тойлошот. Кампаны бүтөп, каптарды жамабаган Пирим акеге окшогон дагы бир жалкоо, кайдыгер эне чычкан бар.
Бул аңгеме балдарды эмгекке, жалкоолукка жол бербөөгө тарбиялайт. Бул эң кызыктуу темалардан эмеспи. Чыгармада улуу достук жөнүндө да ойлор келди. Негр Джо жана башка да түрлүү мүнөздөгү балдардын достугу жандуу сүрөттөлөт. Достук бар жерде, ынтымак бар жерде эл бакубаттуу жашайт эмеспи.
Турмушта балдарга табышмактатып, жаңылмач өңдүү айрым тыбыштарга басым жасаган жалаң эле ошол тамга менен айттыруу же окутуу балдардын ойлоосун өстүрөт. Тилин да тактатат. Автор ушул максатта «А, О, К, С, Т, Ж» тамгаларын алат. Ушул тамгалар менен бүтүндөй аңгеме жазат. Бул да маанилүү темалардан.
Кыскасын айтканда таланттуу жазуучу көп кырдуу ойлорго камай кетет. Андыктан жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловго ак жол тилеп, калеминин сыясынын кургабасын каалайм!
Ак жол! Байсалдуу жол, Жапарали ини!
«Жеткинчек», 29-апрель, 2004-жыл
Закирбек Эралиев, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Социалдык илимдер институтунун директору
Достарыңызбен бөлісу: |