Осмонкулов Ж. А., 2008. Бардык укуктар корголгон


«Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»



бет6/10
Дата11.07.2016
өлшемі0.89 Mb.
#192225
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

«Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»
Осмонкулов Жапарали Адашканович 1958-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп, өскөн. 1981-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун филология факултетин бүтүргөн. Эмгек жолун айыл мектептеринде мугалим болуу менен баштаган. 2000-жылы «Күн кызарып батканда» аттуу аңгемелер жыйнагы Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгына арзыган.

Жапаралы мырза, азыр Кыргызстанда адабият барбы, болсо кандай багытта, кандай деңгээлде деп ойлойсуз?

— Кыргыз эли жаралгандан эле кол өнөрчүлүгү абдан өнүккөн, ыр жандуу, фольклорго бай, дүйнөлүк адабият казынасынын берметтеринен болгон «Манас» эпосу сыяктуу көркөм казыналарын муундан муунга чыпчыргасын коротпой сактап келаткан улуу калктардын катарына кирет. Албетте, Октябрь төңкөрүшү элибиздин жашоо багытын түп тамырынан өзгөрттү. Себеби илим-билим жолуна түштүк. Айыл чарбасы, өнөр жайы, маданияты өнүктү. Жазма адабияты пайда болду. Ч. Айтматов баштаган адабияттын улуу өкүлдөрү өсүп чыгышты. Арийне, совет доорунда адабияттын негизги багыты коммунисттик идеологиянын чордонунда жүргүзүлсө, кийинки он жыл ичинде идеологиясы жок эле келатат окшоп калдык. Анан калса чыгармачыл интеллигенциянын улуу мууну жаңы түзүлүшкө көнө түшүүсү кыйын болду. Жаштар даай албай турушат. Ортодо адабият өксүдү. Китептер чыкпай калды. Чыкса дагы аз, көзгө көрүнбөйт. Бир убакта кубаттуу адабият, маданият мурасы бар өлкө кичинеге каниет кылып, рухий жакырлыгын күнүмдүк басылмалар толтуруп келет.

Учурда кыргыздар китеп окушбай калды дешет. Сиз ушул ойго кошуласызбы? Эгер окубай калса себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Окубай калды дештин өзү оор. Окуп жатышат, бирок анысы да ууру-кески, зордук-зомбулук, секс сыяктуу майдабарат, жеңил-желпи басылыштар. Себеби, сүрөөнчүлөрдүн сүрү менен чыккан басылмалар базар экономикасында анча-мынча товарга айланды. Толук кандуу көркөм чыгармалардын басмадан чыгуусу тозок. Ага олчойгон каражат керек. Олчойгон каражат жумшап чыгарган адабий чыгарманын куну өзүнөн жүз эсе кымбат турса аны ким окумак эле. Ушуга окшогон проблема ар кимдин башында бар.

Совет мезгилинде жазуучулар коомдо активдүү күч эле, азырчы? Адабият коомду өзгөртө алабы?

— Оо, совет доорунда жазуучулар зор күч болчу. Чыныгы идеологдор, идеологиянын туусун желбиреткендер, иштөөгө, жашоого, алга умтулууга шык бергендер ошолор, ошолордун чыгармалары эмес беле? Анан эле бөлүнүп кетти. Идеология бир күндө тамам болду. Бир убакта жазуучулар күрдөөлдү эмгектин жарчысы, шыктандыруучусу катары жогору бааланып келсе демократиянын желаргы шамалы алардын маанисин төмөндөтүп жиберди. Бу жарыкчылыктын жакшы, жаман дасмиясы, ар бир жазуучунун калем учунда жүрөөрүн, ошол доор тарых болуп калаа­рын аңдабай жеңил бааладык. Мына ошол өңүттөн алып караганда мыкты жаралган көркөм жаралма доордун жарчысы, үлгүсү, тарыхы болуп калышы мүмкүн. Асти, коомду өзгөртө албайт, бирок зор катышы бар экенин танууга да болбойт. Анткени ошо доордун бардык акы-чүкүсү да ошо чыгармачыл инсандын жан дүйнөсү аркылуу өтөт эмеспи.

Техника, компьютер өстү, а адабият өлдүбү? Деги, XXI кылымдын балдарына көркөм адабият керекпи?

XXI кылым техниканын, компьютерлештирүүнүн кылымы болуп калуусу тийиш. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө Интернет айыл-кыштагына чейин жетти. Маалымат алуунун жаңы түрлөрү пайда болду. Компьютердин, техниканын жетишкендигин айыл чарба, өнөр жайында, агартуу кызматында, басма иштеринде билинерлик болгону менен ошол эле убакта аалам мейкиндигиндеги спутник аркылуу дүйнөнүн каалаган жерине бомба таштоого, имараттарын талкалоого, шпиондук кылууга да салым кошуп жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Бу жагынан алып караганда пайда канча болсо, зыяны да ошончолук экенин акылы бар пенде тана койбос. Менин жеке көз карашымда адам үчүн компьютердин ойлогону, чечкени, жыйынтык чыгарганы адамдын табигый ойлоосун, аткаруу жөндөмдүүлүгүн кыйла төмөндөтүп жиберет экен. Ошондуктан адам канчалык өнүккөн цивилизацияда жашабасын, ал баары бир табияттын кайталангыс сулуулугу менен сыймыктанаарын, маңдай тер гана анын рухий азыгын канааттандырып, тарыхка өткөн жашоонун алгачкы табигый түрүн эстетпей койбойт. Ошондо адамзат көркөм адабиятка кайрылат. Алар үчүн компьютер аткарган жумушту каалашпай өздөрү жасап көрүүнү самап калышат. Себеби, бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет. Ал эми XXI кылымдын балдары кандай көркөм адабиятты тандап алат-өздөрүнүн иши. Бирок мага бир нерсе айкын, алар техника ойлоп тапкан оюндарга караганда нукура адамдын колу менен жасалган эмгектерди, көркөм чыгармаларды жогору баалап, адам факторуна болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калуусу тийиш.

Жазуучунун куралы-тил, ал сиз үчүн эне тилиңиз. Ушул эне тилиңиздин учурдагы абалы тууралуу ойлоруңузду билсек…

— Ырас, азыр орус тилин танган эч ким жок. Орус элинин, орус тилинин көмөгү менен кыргыз эли XXI кылымга укуктуу өлкөнү куруп жаткан демократиялуу мамлекет катары кирди. Орус тили бардык жерде кеңири колдонулуп жатат. Ушу убакка чейин бир да жогорку, орто окуу жайлары кыргызча окутууга өтө элек. Жөнөкөй арыздан академиялык билимге чейинки документтер орусча жазылат. Кыргыздар атасын «папа», апасын «мама» дедиртип коюшту. «Апа», «ата» десе уялат имиш. Азыр арабыздан нукура тилде өз ойун айткан пендени табыш кыйын. Сөзсүз орусча аралашат. Мамлекеттик телерадионун берүүлөрүнүн 70% орус тилинде, орус тили жан дүйнөбүзгө аба менен суудай эле керектелип жатат жана да кадыры мурда болуп көрбөгөндөй артмакчы. Себеби, Эл өкүлдөр жыйыны орус тилине мамлекеттик статус берди. Аны Мыйзам чыгаруу жыйыны колдоду, эми Конституциянын 5-статьясына киргизилет. Ансыз деле көз алдыбызда жок болуп бараткан тилибизди орус тилинин алааматынан куткарып, сактап, өнүктүрүп калуунун жанталпасын кылуунун амалын жасабай, кайра таптакыр жок кылчу ажыдаарга салып бергенибиз жарабаган иш.

Кыргыздар өздөрү сүйлөбөгөн кыргыз тилин «оп» деп коет, жок кылат. Жолубуз туңгуюк, оң, солу аң. Ошон үчүн тил үчүн күрөшүүбүз зарыл. Байыркы элбиз деп байыркылыгыбызды далилдей албай, тилибиздин кесилип атканы, күчүн жоготуп баратканын, өз балдары өгөйлөп, жерип аткан мезгилдин ачуу, жок болуп кетүү күйүтү турганда дагы эмне дейин. Орустардын кыргыз жеринде келечеги жок үчүн кетип жатат дегенге ишенбе. Болбосо, Кытай, Казакстан, Россия чөлкөмүнө жүз миңдеген кыргыздар жакшы турмуштан кетип атыптырбы. Орустар да өз жеринен башка жерлерге миллиондоп кетип атышат. Жашоо ошонусу менен кызык. Жөн эле, кээ бир түркөй «киргиздердин» азабынан өз эне тилинен, Атажуртунан ажырап калгым келбейт. Кыскасы, Атажурттун кечиктирбей чеччү проблемасы көп, бирок «мен чече койчумун» деп шашылган эч ким жок. Жок, жок деп эле келатабыз (ошенте берип жоголуп кетпесек экен). Жакшылап ойлогон кишиге баары жетиштүү эле экен. Ошо бар нерсени орду менен пайдалана албаган өзүбүздөн чекилик кетип атат, мен мына ошого күйөм.



«Заман Кыргызстан» 21-декабрь, 2001-жыл
Жапарали
Жапарали жазуучу,

Кептин кенин казуучу.

Адабият майданда,

Чыккан акыл азуусу.

Жапарали журналист,

Мында болгон мударис.

Баш байгени алды деп,

Куттук айтып турган биз.

«Күн кызарып батканда»,

Эл тынч уктап жатканда,

«Өмүрдүн көз ирмеми»,

Жазылат таң атканча.

Кызыл чоктой сүйүү бар,

Кызыл-тазыл гүлү бар.

Жазуучуга табылар,

Жанрдын канча түрү бар.

Жапарали мырза адам,

Күл төккөн жер баспаган.

Китептерин жууп берет,

Чыга электе басмадан.

Атасынын уулу экен,

Алла Таала кулу экен.

Сандык толо аңгеме,

Капчык толо пул экен

Ишине так, тың экен,

Эптүүлүгү чын экен.

Кичинекей болсо да,

Булчуңдары чың экен.

Жапарали мыкты ата,

Ар өнөргө шыктуу ата,

Алты баланы өстүрүп,

Жаткан кези шу тапта.

Жапарали жазуучу,

Даңгыр жолдон качуучу.

Сөз кийигин атуучу,

Алдында көп ашуусу.



«Эркинтоо», 2001-жыл, 12-январь

Мамат Раимжанов
Кылым карытаАр көз ирмем
Адегенде азыркы көркөм адабияттын ал-абалы жөнүндө алты сап сүйлөм. Анткени, макалага жараша анын зарылдыгы бар. Учурда искусствонун көптөгөн түрлөрүнө караганда классикалык адабияттын, анын ичинде көркөм сөздүн прозалык түрүнүн акыбалы оор. Ушул жанрды аздектеген калемгерлердин бир тобу доор тогошкон учурдун кыйынчылыгынан улам, ары мезгил талабынан четтей албай прозанын «ширпотреб» модасына айланган ашмалтай фантастика менен кан-жини аралашкан детективге түшүп кетишти.

Сөз жок: фантастика да, детектив да кара сөздүн эң салмактуу, жаки популярдуу жанрларынан. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында бекеринен Жюль Верн, Даниель Грин, Александр Беляев, детективдин атасы Конан Дойлдар өлбөс-өчпөс болуп, түбөлүктүү калбагандыр.

Асыресе, океандын ары жагынан жана Батыштан келген балит, ыймансыз, жалжаңдаган жеңил-желпи кинофильмдер менен адабияттардын таасиринен улам биздин салабаттуу эле жазуучуларыбыз арзан баадагы нарксыз жанрларга түшүп кетишти. Азыркы адабият ушундай болуш керек окшойт дештиби, айтор, жазмакермин дегендердин көпчүлүгү адам өмүрүн тоок сойгондой сүрөттөшүп, конкреттүү персонаждардын төшөгүнө чейин кошо жатышкандай, аял-эркектин интимдик байланышын эбегейлери эзиле жазып жатып калышты.

Анткени, бул үчүн, биринчиден, көп деле талант менен акылдын кереги жок, экинчиден, көргөн порнофильмдердин, детективдердин таасиринен улам анчалык фантазия коротуп деле убара болбойсуң. Өзүнөн-өзү пайда болгон калп сюжеттер биринин артынан бири келип, жазып үлгүрө албай калган учурларың болот.

Ал эми чыныгы көркөм адабиятты жаратуу кандай тозок да, кандай машакат. Сөзсүз, бул үчүн талант да, билим да, эмгек да керек. Анын үстүнө азыркы күндүн оор турмушу жазуучуларды кыйын кезеңге каптап койгонун да моюнга алуу парз. Өзгөчө, куду ушул жагдай чыныгы адабияттын кендирин кесип жатат.

Арийне, эл болгондон кийин өзүнүн нарк-нускасы бар, улут болгондон кийин классикалык жазма адабияттын тарыхын улантып, чыныгы көркөм дөөлөттү медер туткан жазуучулар чыкпай койбойт.

Ушундай калемгер-Жапарали Осмонкулов. Себеби, анын жаңы чыккан, сыясы кургай элек экинчи жыйнагы «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебин окуп чыккандан кийин жогоркудай пикирге келбей койбойсуң.

Жапарали Осмонкуловдун ысымы атпай журтка кенири маалым. Дегеним, 1993-жылы жарык көргөн «Күн кызарып батканда» аттуу аңгемелер жыйнагы таланттуу жазуучуну ошондой эле эл арасында кеңири таанылтып, анын чыгармачылыгы жөнүндөгү макалалар аттуу-баштуу басылмаларга байма-бай басылып келет. Ал эми 2000-жылы кылым тогошоор маалында жазуучунун жогорку жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы (мурунку Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгы) тапшырылган эле.

Ошентип, Жапарали Осмонкуловдун экинчи-«Өмүрдүн көз ирмемдери»аттуу китеби колго тийип отурат.

Жапаралинин жаңы китебинин көркөмдүгү ушунда-аны башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыгасың. Биз чыгармаларын тамшанып окуп жүргөн, кечээ эле дүйнө салган орустун улуу жазуучусу Василий Шукшин айтмакчы, мыкты аңгемени же чыгарманы окуганда бир стакан аракты дем албай тартып жибергендей болосуң. Мен, албетте Жапаралинин аңгеме-повесттери менен аракты даңазалагым(өзгөчө Кара-Балтаны) келбейт. Мен болгону кыргыздын менталитетине ылайык сөздү айткым келет. Ж. Осмонкуловдун жаңы жыйнагын окуп чыккандан кийин Кара-Кулжанын бир чанач кымызын ичпесең да, бир сыр аяк кымызын дем тартпай жутуп жибергендей болосуң. Анын жаңы китебинин күчү мына ушунда.

Китеп «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген чакан бөлүктөрдөн турган эсселер менен башталат. Адабиятыбыздын тажрыйбасы менен тарыхында «эссе» деген терминдин киргенине аз эле өттү. Эссенин чыныгы теориялык адабий багытында иштеген жазуучулар да көп эмес. Дайыма адабий жаңылыктарды арбын колдонуп, фольклордук тажрыйбасынан пайда болгон классикалык адабияттын жаңычыл карлыгачтарынын пионерлери К. Жусупов, маркум М. Гапаров жана башкалар бул жанрдын үрөнүн аздыр-көптүр сээп коюшкан. Очерктин татаал түрүнө окшогон эссе жанрын ийне-жибине чейин талдап, көркөм туундулар аркылуу көрсөткөн жазуучулар али бизде аз. Ошондуктан ушул кезге чейин очерк, автобиография, эскерүү, мемуар сыяктуу жанрларды эссенин деңгээли менен бирдей кароонун типтүү өнөктөрү көрүнүп жүрөт.

Өмүр баянындагы тагыраак айтканда башынан кечирген окуяларын сыдыргыдан салып өтүүдө, ар бир окуяга, өзү күбө болгон жөнөкөй эле турмуштук тамчыларга баа берүү өтө кыйын. Адам баласы күн сайын кандайдыр бир жаңылыкты ачып турат. А бирок, ага түпкүлүктүү негизинде тигиндей-мындай деп, ошол өзү күбө болгон кичине көрүнүштөрдү бар же жок деп окурмандарга тартуу кылышы андан да кыйын.

Биз жалаң эле теорияга ыктап туруп алгыбыз келбейт. Конкреттүү жанрлар деп аталган эскерүү жана мемуардык ыкма өткөн окуяларды карандай кайталоо менен четтелсе, эссе ошол өткөн окуялар аркылуу адам баласына эстетикалык ой-жүгүртүүгө түрткү берет. Башкача айтканда, фактыларды констанциялап гана тим болбостон, андан жыйынтык чыгарууга жол көрсөтөт.

Жапаралинин чакан аңгеме-эсселериндеги артыкчылык да ушунда: жазуучу өткөн-кеткен балалыгын, жаштыгын, турмушун, көзү көргөндөрүн, күбө болгондорун көркөмдөп отуруп, жөн эле жыйынтык чыгарууга жардамдашпастан, окурмандын руханий, нравалык-эстетикалык башатын тазалоого көмөк көрсөтөт.

Эми жалпы сөздөн же теориялык-адабий сыпаттамадан конкреттүү айрым бир мисалдарга өтөлү.

Адамдардагы ишеним-турмуш менен жашоодогу бирден-бир түркүк. Арийне, бул түркүктү урматтабай, урматтамак турсун аны элес албай тебелеген учурларыбыз көп. Ушунун айынан күндөлүк ирээнжүү, көңүл калуу, ыпластык адамдар арасында терс көрүнүштөрдү күчөтүүдө.

«Турсам кар борошолоп жатыптыр», -дейт жазуучу. Чамасы, сыртта алай-дүлөй түшүп жатса керек. Ошентип, бир аз кечигип, автобекетке келсе, макулдашып койгон таксиси аны күтпөй, салып койгон анча-мынча жүгүн да таштабай кетип калган болот. Автор командировкасынан да кечигип, жүгүнөн да айрылып отуруп калат.

Бир окуганда анча деле таасир калтырбаган, күн сайын эмес, саат сайын кайталанып, ага өзүбүз күбө болуп жүргөн толгон-токой окуялардын бири. Бирок, жогоруда айткан ишенимдин үзүлүшү, алдоонун, туруксуздуктун көңүл ириткен көрүнүшүн мындай жөнөкөй, мындай ынанымдуу берүү кыйын.

Социалдык-нравалык тема жазуучунун жаңы жыйнагынын лейтмотивин түзүп турат. Эсседеги ар бир чакан аңгеме-баяндаманы окуган соң, анын идеялык багыты куду ушул социалдык-нравалык, рухий бийиктик жөнүндө экенин илгертпей байкоого болот.

Жогоруда биз мисал келтирген эпизоддогудай окуялар жыйнакта бир топ. Мисалы, андай аңгемелер катары Каракулжа орто мектебинде окуп жүрүп кой сарай тазалаганын, айылдагы жаңы күркүлгө айланган классташын, 9-троллейбуста кетип бараткандагысын, Ала-Белден кол көтөрүп түшүп алышкан үч келиндин сөздөрүн, Чолок-Коодон чөп сүйрөгөн учурун сүрөттөгөн эпизоддорун алсак жетиштүү болот.

Ж. Осмонкуловдун аңгемелери айыл жыттанып турат. Бийик тоолору шаңкайган элет жеринин түгөнгүс кооздугу, анда жашаган адамдардын калбаат жүрүм-туруму, айыл турмушунун өзгөчө палитрасы көзгө дапдаана тартылат. Тоолуктардын мүнөзү жазуучунун аңгемелериндеги ар бир каармандын сүйлөгөн сөзүнөн, бири-бирине жасаган мамилесинен таасын көрүнүп, ал адамдар менен эзелтен бери аралаш жүргөндөй, өзүңдүн жакын таанышыңдай таасир калтырат. Ырас, аңгемелердин сюжеттери кыска, көлөмдөрү чакан, арийне, андагы ар бир персонаж бир эле көрүнсө да сенин эзелки жакын адамыңдай эсиңен чыкпай калат. Балыкчы Сулайман, амалкөй Турумбек, алайкуулуктарча сүйлөгөн Осу аба, аңгемеге түшүнбөгөн Ризван, көлөкөдөн корккон Адилбай аксакал, комиссар Таштан жана башка персонаж-каармандар көпкө чейин эсиңден чыкпайт.

Жазуучунун дагы бир өзгөчөлүгү-жаратылыш темасын, пейзажды художниктердей сүрөттөп бере алгандыгында. Дегеле, жаратылыш, анын али белгисиз сырлары, кооздугу, өзгөчөлүгү, таасири, сыйкырдуу белгисиз жактары-Жапарали жазуучунун стихиясы.

Ала-Тоонун көк жашыл тоолору, асман тиреген аскалары, бүркүт түнөгөн зоолору, тулаңы, буралган өндүрлөрү, кашкайган суулары, көнөктөгөн нөшөрү, сары күрөң тарткан адырлары, жыты буркураган арча токойлору, деги кыскасы, Кыргыз жеринин кайталангыс ажайып керемети, толкуган Көлү окурмандын жүрөгүн булкуп өтөт.

В. Белов айтмакчы, жаратылыш-адамдын аң-сезимин гана тазалап, рухий-нравалык таасирин күчөтпөстөн, адамдарды патриоттуулукка тарбиялоонун бирден-бир булагы. Ошондуктан, Ж. Осмонкуловдун бул табылгасын (жаратылыш темасын) өтө оңунан чыккан адабий ыкма деп айтып койсок болот.

Кыскасы, «Өмүрдүн көз ирмемдериндеги» бир кезикчү окуялар, эпизоддор адам өмүрүнүн бүтүндөй басып өткөн жолуна салыштырганда кыпындай бир мезгилдин күкүмү. Арийне, кээде көз ирмемдеги бир эле окуя кылымга тете таасирди калтырат эмеспи…

Жазуучунун «Комиссардын жез тумшугу» аттуу көлөмдүү чыгармасы азыркы кездеги эң модалуу-жаратылыштын таң калаарлык кубулуштарына, адам менен табышмак күчтөрдүн мамилелерине арналган. Асыресе, өтө жооптуу бул темага жазуучу фантазиясын, уламыш-жомокторун агытып жибербестен, өтө олуттуу, реалдуу салттардын негизинде сүрөөттөөгө аракет кылат.

Азыр мындай темада экилентип, көбүртүп-жабыртып жазгандар козу карындай жамырап кетти. Бул боюнча атайын басылмалар да чыгып, теманын ашмалтайын чыгарып жиберишти. Антсе да, Ж. Осмонкуловдун аталган повести бул сырдуу дүйнөнү бөлөк ракурстан, башка өңүттөн чагылдырып турат. Муну көп кайталап, окула элек чыгарманын кызыгын кетирбестен, окурмандын өзүнө коелу. Окуп, мазе кылышсын!

«Эркинтоо» 11-декабрь, 2002-жыл

Сүйөркул Тургунбаев

«Өмүрдүн көз ирмемдери»

Көркөм проза майданында Жапарали Осмонкулов жаш адамдардын дүйнөсүн жигердүү чагылдырган чыгармалары менен өз ысымын танытып келаткан калемгер.

1993-жылы жарык көргөн «Күн кызарып батканда» аттуу китеби үчүн келечегинен үмүттөндүргөн жазуучу катары Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. Өзү аралашып жашап жаткан турмуш чындыгын прозаиктик зирек көз менен көрө билүүсү, реалдуу окуяларды сөз күчү менен сүрөттөө аркылуу замандаштарынын рух дүйнөсүндө эстетикалык таасир жаратып, аны коомдук активдүү ой-сезимдерге багыттай алгандыгы-автордун индивидуалдуу усулдук бөтөнчөлүктөрүнөн болуп саналат. Мындай стилге ар бир сүрөткер жеңил-желпи жетише албастыгын, буга көп машакаттуу эмгек, эксперименттик этаптар талап этилерин көркөм өнөр адамдары жакшы билишет. Кара сөздө өздүк усулга ээ болуу туурасында атактуу америкалык жазуучу Уильям Фолкнер дээрде болгон нерсени кысылбай, кыйналбай кагазга түшүрө берүү оң, бара-бара бир нече баскычтардан соң калемиңер төшөлүп, жекече усулуңар иштелип чыгат деген таризде насаат айткан.

Жапарали Осмонкуловдун «Бийиктик» басмасынан жакында жарыкка чыккан «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебиндеги чыгармалар автордун жогорудагыдай эксперименттерден өтүп, өз басыгына түшүп, өз жолун таап калгандыгынан кабар берет… Турмуштук түркүн тагдыр, көрүнүш, окуяларынан иргелип алынган эссе мүнөзүндөгү аңгемелер окурмандарды түрдүү ой-сезимдерге, санааркоолорго, абалдарга кабылтып, социалдык активдүү позицияларга чакырат.

Көңүл коюп, парасат салган кишиге жердеги жандуу тиричилик да аалам космосу сыяктуу түпсүз жана чексиз. Ар бир сүрөткер анын боз чаңынан, чааралекей мухитинен бир кырын ачып көрсөтөт. Ар бир кубулуш, көрүнүшүнө, инсандын турпатына жана ички рух насилине боек сүртүп же бир идея ишараттап, кан-генинен бүткөн кунарын сөз кудурети аркылуу тартат. Жазуучу же художник тарабынан кейипкердин турпатына ишаратталган көркөм ойдун, мазмундун өзү-идея.

Бир сүрөткер инсан жашоосунун драма-комедияларынын негиздерин түргүлөп, чымчыкчаарын чыгара жазууга ынтаалуу болсо, экинчи бири ага өзүнчө көркөм-эстетикалык шарттуулуктун мыйзамченемдерин пайдаланып, белгилүү бир идея жаратууга маш, ошону кредо тутат. Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгынын мүнөзү сүрөткерликтин биринчи түрүнө жакыныраак десек болот. Турмуштун, өтүп жаткан өмүрдүн чырпымдарын чагылдырган эссе-аңгемелери, «Канкор желдет» жана «Комиссардын жез тумшугу» ушуга далил. Биринчи повестте желдеттин таңкаларлык турпатын ичкерисинен ачып көрсөтүү менен адам деген «макулуктун» канчалык көп кырдуулугун каңкуу этип, окурмандын көзүн ачат.

Экинчи повестиндеги адамдын кимдигин жапайы табияттын койнунда, кыйын-кезең, кооптуу кырдаалдарда туш-тарабынан сынап көрүп, кейипкерлерин жазмыштын тарткылыгынан киши кийикке айланып кеткен, бийик зоо беттериндеги жапайы үнкүрлөдө, айбанаттар менен бирге күн көрүп калган тукумдаштарына туш кылып, жаратылыш менен адамдарды бири-бирине ушунчалык жуурулуштуруп сүрөттөөгө жетишкен. Буга чейин адабиятыбызда Теңир берген Кыргыз адабиятынын керемет көркү, улуулугу жана ыйыктыгы сүрөттөлүп келсе да, жапайы адамдар катышкан шумдуктуу окуялар жана көрүнүштөр мындагыдай реалдуулугунда, окурманды таңкалтырарлык деңгээлде ачып көрсөтүлбөгөн эле. Жумшактап айтканда, Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу прозалык бул жаңы жыйнагы анын чыгармачылыгынын өсүү жолундагы урунттуу этабы катары бааланууга тийиш.

«Заман Кыргызстан» 14-март, 2003-жыл.

Т. Самудинов,

«Байчечекей» журналынын башкы редактору
Балдар дүйнөсүн аралап
Соңку кездерде балдар китептеринин текчелери үзүл-кезил болсо да кызыктуу жыйнактар менен толуктала баштаганы кубанычтуу көрүнүш. Мына ошондой жаңылыктардын бири деп таланттуу жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!» аттуу китебин айтар элем.

«Балдар үчүн чыгарма кандай жазылат?» деп сураганда, бир классик айткан экен: «Чоң кишилер үчүн жазылгандай эле, бир гана айрымасы-жакшыраак жазылат». Бул принцип бул жыйнакчанын авторуна да тиешелүү. Жапарали бүгүн кыргыз окурмандарына «Күн кызарып батканда», «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген олуттуу китептери менен кеңири таанымал автор. Бул чыгармаларынын салабаттуу Жаштар сыйлыгына арзыгандыгы бекеринен эмес. Демек, калемгерлик тажрыйбасы жагынан ал бир топ такшалуунун мектебинен өттү деп батынып айтууга болот.

Бирок, балдар үчүн, асыресе-бөбөктөр үчүн жазылган чыгармаларда бир өзгөчөлүк кызыктуулук зарыл талап. Баланын дүйнөсү-оюн. Демек, оюн жалаң гана оюнчуктар аркылуу эмес, сөз оюндары менен да уюштурулушу керек. Кичинекей окурман ойноп жатып дүйнө тааныйт, түшүнүгүн кеңейтет, касиеттүү эне тилибиздин кудурет-күчүн, байлыгын сезет.

Бул ыкманы Ж. Осмонкулов өтө билгичтик менен кылдат пайдалана алган. «Күкүк» деген чакан аңгемени окуп жатканда бөбөк тамгалардын сырдуу-дүйнөсүнө кандайча киргенин байкабай калат. «Күкүк» деген беш тамгадан турган бул сөздө «к» тамгасы үч гана жолу эмес, жүз жолу кайталанып айтыларын аңдап, өзү да ошондой сөз жасоого ниеттене баштайт. Окуянын кызыктуусу, табышмак кылып улоого аракеттенет. Кыскасы, -авторлош болууга дилгирлентет. Балдар адабиятынын башкы милдеттеринин бири-ушул. Бул өңүттөн алганда Жапаралинин чыгармачылык ийгилигин куттуктоого толук арзыйт.

Экинчи бир жагдай. Учур-цивилизациянын чабуулунуку. Ай санап эмес, күн санап балдар дүйнөсү ошол багыттын атрибуттары менен жашап жатат. Элет турмушунун керемет кооздугун, эне тилибиздин күн жеткис казынасын көрбөй, сезбей жашаган өспүрүмдөр көбөйүп баратканын өкүнүч катары айтып калабыз. Шаар адамынын тиричилиги тар жана бир беткей. Анан да соода-сатык жан дүйнөнү жардылантып салмасы бар. Ушундай шартта бир гана жансоога-көркөм адабият. Айрыкча, наристенин сонундар дүйнөсүнө астейдил жетелеп кирчү китептер. Демек, жазуучунун ролу баштагыдан да бараандуу. Бул ролун жаңы жыйнагы менен Жапарали Осмонкулов аткара алды деп айтаар элем.

Үчүнчүдөн-баланы зериктирбеш үчүн окуяны зериктирбей баяндоо зарыл. Автор стили, манерасы канчалык сөзгө сараң, ойго мол болсо-окурман башын албай окуйт. Балдар адабиятынын көп жылдык тажрыйбасы муну эң сонун ырастап бере алат.

Жапарали өзү кыргыз элинин каада-салты, нарк-насили, тил байлыгы бүгүнгө чейин бузулбай сакталган алыскы Каракулжа тоолорунун койнунда чоңойгон. Анын кооз жаратылышы, элинин үрп-адаты, тилдик өзгөчөлүгү жазуучунун ар бир чыгармасында даана сезилип турат. Капканга капылет чабылган карышкыр жөнүндө жазабы, тосток көз ийнелик жөнүндө жазабы, аксак таранчы жөнүндө жазабы, баарында тең балалык аео, боорукерлик сезим айкын байкалат, окурмандын жүрөгүн далайга жаралайт. Мукам күүнүн кайрыгындай кыска аңгемелеринин аягын ар ким өзүнчө улайт, саптардын арасында катылган ойлорду ар ким өзүнчө издейт. Бул-сүрөткерликтин мыкты ыкмасы. Калемдин мындай чеберчилигин өрнөк катары белгилөө да артыкбаштык кылбас деп ойлойм.

Жыйнактагы дагы бир сүйкүм көрүнүш-жасалга. Мукабадан баштап ар бир аңгеме тартылган сүрөт тексттерге кошумча ыраң, кошумча таасир берип турат. Бул ишти тажрыйбалуу, шыктуу сүрөтчү Султанбек Макашов ойдогудай аткарган. Жыйнак кичинекей окурманга тургай, чоңдорго кызыктуу экендигин таанышып чыккан ар бир адам кепил өтө алат Айрыкча, класстан тышкаркы сабак өткөргөн мугалимдерге эң оңтойлуу курал болорун айта кетели.



«Эркинтоо», 6-апрель, 2004-жыл.

Асан Жунусов

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет