Өмүр, мейкиндик жана чексиздик
Жазуучу Жапарали Осмонкулов кыргыз журтуна таанымал болуп калган. Анын чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, эчактан бери эле көркөм сөз чебери катары мыкты бааланып келүүдө. Ал жөнүндө басма сөз беттеринде жылуу пикирлер, ыраазычылыктар, алкоолор үзгүлтүксүз жарыяланууда. , Ушул жагдайда жазуучунун «Бийиктик» басмасынан 2002-жылы жарык көрүп, үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы жөнүндө өз оюмду билдирип, айрым ой толгоолор, жекече көз караш жана тыянактарды ортого салгым келди. Жыйнак үч бөлүккө бөлүнүп:эссе, повесть, жана аңгемелерден турат. Кыргыз адабиятында жаңы багыт болуп саналган азыркы учурда бул жанрда күч сынашып келген жаштардын арасындагы жыйнактын автору Жапарали Осмонкулов бөтөнчө орунду ээлеп турат деп бүтүн чыгарсак аша чапкандык болбос. Эссе жанры жаңы ыкманы талап кылып мүнөздүү бөтөнчөлүктөргө айтылуучу тыянак, ой-пикир, үгүт-насыят, өрнөктүү эмгек, жаштык-кубат маселелери, айрыкча философиялык ой-пикирлер кыска, бирок нуска берилип, аларды ачууда турмуштун тереңине сүңгүп кирип, жаштар үчүн омоктуу ойлор айтылат. Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе ишеним жана сүйүү, жамандык менен жакшылык, жашоо жана өлүм бир көз ирмемде өтөөрүн даңазалайт. Сүрөттөлгөн окуялар бизди кайдыгер калтырбайт, ызаттап баалоого чакырат. Ата Журтту даңазалоо, чокусун ак кар, көк муз каптаган улуу тоолорду, өзөндө таштан ташка урунуп, көбүктөнүп аккан ыйык сууларын, айланага бөтөнчө көрк берип, жап-жашыл болуп турган токойлорун, эң башкысы ушундай бейиш жерди мекендеген кыргыз элинин күндөлүк турмушу, иш аракети зор чеберчиликте берилген.
Ал эми «Канкор желдет» повести СССРдин учурундагы өтө трагедиялуу маселе болгон репрессияга арналган, өлкөнүн булуң-бурчу болгон Кыргызстандагы кайгылуу окуялар сүрөттөлгөн. Автор зор чеберчилик менен өткөн окуялардын ар бирин чечмелеп, узун тизмеге тарыхый фактыларды түшүрүп отурбастан, кыска сүйлөмдөр менен таамай ойлорду берип, маселенин ток этер жерин, жыйынтыгын айта алгандыгында. Социализмди өнүктүрүп, жаңы нукту шылтоолоп, карапайым эл арасында душман издөө, аларды аябай жазалоо, уруп-согуп кыйноо, атууга өкүм кылуу, кырчындай жаш өмүрлөрдү кыйуу сүрөттөлгөн. Айрым гана мисалдардын негизинде жалаң Кыргызстан гана эмес эгебейсиз чоң мекенибизге тоталитардык режимдин жүргүзгөн иш аракети баяндалып, чындыктын бетин ачуу менен ал мезгилди болтурбоо, кайра кайталабоо үчүн күрөш элибиздин дайыма көңүлүнүн чордонунда болоору зарыл экендиги айтылат.
Ал эми «Комиссардын жез тумшугу» жөнүндөгү уламыш өтө оригиналдуу маселе. Адам баласы айлана-чөйрө, жаратылыш менен дайыма эриш-аркак жашоо, жаратылышты сактоо, ал үчүн кам көрүү, адамзаттын чоң милдети экендигин автор ишенимдүү бере алган. Албетте бул тема эң орчундуу болгондуктан жоон топ акын жазуучуларыбыз бул жөнүндө далай эмгектерди жазып газета-журналдарга байма-бай жарыялап келишүүдө. Бирок жазуучу Жапарали Осмонкуловдун аталган проблеманы ачып көрсөтүүдө өз ыкмасы, жаңы багыты, бөтөнчүлүктөрү бар экендигин айтууга тийишпиз. Эң башкысы жаратылыштын сырдуу дүйнөсүн баамдоо, аны аңдап билүүгө умтулуу жана үндөө.
Жапарали Осмонкулов жөнүндө сөз болгондо дагы бир кыстара кетүүчү ой-ал миңдеген окурмандардын жүрөк кылын терметкен мыкты аңгеме, повесттердин автору гана эмес, ал белгилүү журналист, балдар жазуучусу экендигин да баса белгилөө зарыл. Айрыкча жаш өспүрүмдөр үчүн арналган бир канча жыйнактары жарык көрүп, басма сөз беттеринде дайыма жарыяланып келүүдө. Кыргыздарда «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп айтылат эмеспи. Ар тараптуу тармакта өз өнөрүн көрсөткөн Ж. Осмонкулов мактоого гана арзыйт. Биздин оюбузча анын жогору аталган жыйнагы Мамлекеттик Токтогул сыйлыкка толук татыктуу чыгарма.
«Адабий гезит», июнь, 2004-жыл
А. Эгембердиева,
филология илимдеринин кандидаты
Өмүр жөнүндө чыгарма
Өзүнүн кечээги, бүгүнкү, эртеңкисине кайдыгер карабай турган адам гана бул үч убакыт мейкиндигинде алмак-салмак көз чаптырып, эмнеге жетишип, эмнелер калганын таразалап, талдап, эске алып турат. Өмүрдүн хаос болбой, жыйнактуу болушунда мунун мааниси зор. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендый, андай адам кеткен кемчилик менен өйдө-ылдыйды жөнгө салып, эмгек кылат, түйшүк тартат. «Өмүр болду өтүп аткан бул күндөр, Ошол майда түйшүктөрдөн курала» деп Сагын эже жазгандай, өмүрдүн өзү түйшүк экен го. Ал эми ошол кандай түйшүк- ал башка маселе.
Ушул жагдайдан алганда, бул суроого таланттуу жазуучулардын бири, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкулов өзүнүн «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагындагы эсселери аркылуу ар кыл өңүттөн жооп берет. Ал башкалардан жана өзүнүн башынан өткөргөн күнүмдүк, майда, бир карасаң анча маани бериле бербей турган окуялары аркылуу деле жалпы адамзаттык адеп-ахлак, жүрүм-турум, ынсап маселелерин козгоп, аларды элдик акыл ой-туюмдары менен ширелештирип, окуган адамдын турмушун өзүңдөй миң алекеттен өткөрөт. Дегеним, жылмайып, кубанып, кайгырып, санаа тартып, бушайман болуп окурман тушуккан окуялар турмуштагы көз ирмемдей кыска, мүнөттүк. Шукшинчесинен жазылган бул эсселерден жазуучунун стили, почерки айкын байкалат. Көмкөрөсүнөн сулк түшүп жатып алып китеп артынан китеп окуган кечээги муундай бүгүнкү жаштардын убакыт, мүмкүнчүлүгү, ниети, каалоосу болбогон соң, ара-чолодо окуп, илгиртпей түшүнүп алчу кыска мазмундуу, узак таасирлүү учкай чыгармалар бүгүн аба, суудай зарыл. Бул жагынан аталган китептеги эсселер талапка ылайык. Бир дем менен окууга да, терип окууга да болот. Жазуучулук фантазия менен позиция өзүнүн окурманын дагы ишендирет. Туура көрүп, сен да жазуучунун жактоочусуна айланасың. Сен дагы айлана-чөйрөңдөгүлөр тууралуу ойлоно баштайсың. Китептегилер тартиптүү, түз жолдогу адамды гана тургай, жолунан адашкандарды дагы ойлонтоорлук. Айталы, бүгүн кыргыз элинде массалык түрдөгү илдетке айланган аракечтикке келсек, бөтөн жерде жазуучунун «Ушу кебетем менен кантип тууган жериме барам?» деп намыс, арына, эсине келген кейипкери канча аракеттен соң өзүн оңоп, тууган жерине кайтат. Бул өңдөгөндөр кайсы бир адамдын тагдырын жөн гана сүрөттөп коюу эмес, а көркөм сөздүн күчү менен белгилүү бир адамдарды оң жолго чакыруу.
Жазуучунун дагы бир жетишкендиги-абийир сотунун алдынан анын кейипкерлери өздөрү өтүшөт. Кепке алсак, «Канкор желдет» повестиндеги каарман иш кызматындагы милдетин дагы, адамдык жеке милдетин дагы кош катар аткарат. Анткени, желдет катары кетирген оош-кыйышты адам катары түзөп кетүүгө аракет жасайт. Ал адамды жетелеген кайсы бир ишеним(автор аны бул ишеним деп чукуп көрсөтүп бербейт)абийир сотунан сактайт. Ал эмне ишеним экенин окурман өзү табат. Кыска эсселери аркылуу айтчу оюн жазуучу тымызын баштап коёт да, окурман андан ары илгиртпей түшүнөт. Чыгармалардын тарбиялык мааниси, философиясы ошого мажбурлайт.
Жазуучу чыгармалары аркылуу өз элинин чыныгы уулу катары көрүнөт. Атажурт, анын табияты, туулган жер темалары береги сүйүү, жашоо темаларындай эле кемелине келтире сүрөттөлөт. Айтор, кыскартып айтканда, тарбиялык мааниси зор бул китеп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу десе болот.
«Кыргыз Туусу», 8-11-октябрь, 2004-жыл
Сүйүнбек Ибрагимов, филология илимдеринин кандидаты, доцент,
И. Арабаев атындагы сыйлыктын ээси
Көз ирмемдин сабактары
Өмүр эмнеден турат, эмнеден куралат?Балким билинбей өтүп жаткан көз ирмемдердин тынбай өтүп жатышынан куралып жүрбөсүн… Күндөлүк жашоонун майда баратынан чыга албай өмүрдүн тынымсыз өтүп жатканы менен ишибиз жок. Анан эле туулган күнүң келе калганда өмүрдүн дагы бир жылы өтүп кеткенин аргасыз эстеп, көп жашайлы, ден соолукта бололу деп тост көтөрүп, жыл ичинде болуп өткөн жакшы-жаман окуяларды териштирип калабыз.
Жаш кезде туулган күн дасторкон жайнаган дүр дүйүм оокат-аш, тууган-туушкандар, дос балдар-кыздардын сенин көзүңдү карап айткан мактоо, каалоо сөздөрү, албетте алар берген белек-бечкек менен аралашкан түшүнүк болсо, адам өткөн өмүрүндө, күнүндө эмне кылдым эле деп өзүнүн алдында өзү отчет бере баштайт эмеспи. Бул адамдын жашоосунун эрежеси. Ата-энеңдин канынан бүтүп, кудайдын амири менен жаралган ар бир адамга бул дүйнөгө келгенден баштап толуп жаткан максат-милдеттер тагылат турбайбы. Адам өзүнун биологиялык тегин гана кайталап тим болбостон, ата-эне, Мекен, коомчулук алдындагы өзүнүн жеке асыл милдеттерин аткарам деп жүрүп, өмүр өткөрөт экен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, таланттуу жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген китебин атайын алып окудум. Адатта акын, жазуучулар асман, аалам менен жүрөт же жан-дүйнөсүндөгү катылган сырларын ырга салып, кара сөз менен чыгарма жазып, ыймандай сырын бөлүшүүгө шашат. Осмонкуловдун өмүрдү көз ирмем менен ченейин деген кыялы аргасыздан өзүнө тартты. Адамдын өзүн ушундай ченем менен дагы үйрөнүп көрсөк болот дегендей ишараты, китептин ичинде жазылган сырлар кызытып, окуп чыгуу ниетин ойготуп койду.
Жаңылган эмес экенбиз. Бир жолу үңүлгөн көңүл, китептен алыстай албай, кайра-кайра кайрылып, чыгарманы тез окуп коюу санаасын жаратты. Диванга отуруп окуйсузбу, атайын окуу залынан барактап чыгасызбы-бул көз ирмемдер бизди кайдыгер калтырбаганы менен өтө кызыктуу. Жеңил окулат, жазылган окуяларды мен да басып өткөнмүн, менин деле ушинтип айта турган нускалуу учурларым көп деген сыяктуу ойго келесиз. Ж. Осмонкуловдун көз ирмемдери ушунусу менен бизге жакын, тааныш өңдөнөт.
Турмуш бүтпөс сабак. Ал эми күнүгө көргөн, уккан, билген маалыматтын ар бири ошол сабактын түзүүчүлөрү. Жана булардан барып күн-түн, жума, ай, жыл кураларын күндөлүк турмушта жакшы билсек дагы, алардын тынымсыз өтүп жатышына маани бербейбиз. Ж. Осмонкулов болсо аларды тизмелеп, териштирип, өз учурунда угулушун, эми бүгүнкү анын жаңырышын саймедиреп жатат. Жашоо даңгыраган жол эмес, анын оош-кыйыштары, карама-каршылыктары, таанып бүткүс сырлары жана буларды башынан кечирген адамдын ички дүйнөсүн, адамдардын өз ара мамилесин жазып чыгууга дүйнөдө канча чыгармалар арналган? Алардын бири ушул автордун, Жапаралинин дүйнө таанымы. Жапаралинин көзү менен караганда кыргыз калкынын Совет доорундагы, кийинки жана азыркы тагдыры жана абалы түрдүү жагдайга капталып, кыска жана көңүл оорутпаган үзүндүлөр менен адамдын аң сезимине аттап, ички дүйнөңдүн капшыттары, булуң-бучкагы толукталып жаткан сыяктуу сезилет. Айыл апанын теребелинде өскөн адам кыргызчыл келет. Ата-бабабыз осуят катары калтырып кеткен кыргыз жерин кандай мактаса, даңазаласа болот. Ысыккөл, Арсланбап, коңурсуган Чүй өрөөнү, булак суулуу Талас, өрүктүү Баткен, кыдыр даарыган Ош болобу- Ж. Осмонкулов таасирдүү жанытмалары, башынан өткөргөн нускалуу окуялары менен бизге баяндап берди. Жерибиздин кадыр-баркы, элибиздин түгөнгүс рухий байлыгын даңазалаган эсселери бизди өзүнө тартты. Автор калыбы жаш эле болсо керек, сүрөттөрүнөн көрүнүп турбайбы, нускалуу карыялардай болуп башынан өткөндөрдү чуурутуп, айтып бергени, жаныңда отуруп сүйлөп бергени салабаттуу адамдын бейнесин бетиңизге тартат.
Жогорку окуу жайында иштеп, кыргыз тилинен сабак берген ишиме ылайык өткөндө студенттерге «Өмүрдүн көз ирмемдеринен» синтаксис боюнча мисал таап келгиле деп тапшырма бердим. Кийинки сабакта жайнаган мисал гана эмес, китеп колдон-колго өткөнүн, талашып окулганын билдим. Китептеги «Канкор желдет» менен «Комиссардын жез тумшугу» повесть, ангемелери жөнүндө талаш-тартыш, эркин ойлор айтылып кетсе болобу. Айрым студенттерде китептин өзү бар экен, калгандары бири-бири аркылуу окушуптур. Студенттердин көңүлүн козгогон, алардын көз карашынын талашы болгон китепке маани берүү керек, авторго чыгармачылык ийгилик каалоо керек го дедим ичимден. Ошол тыянагымды бүгүн басма аркылуу жалпыга жеткирсем деген маанайда тең бөлүшүп отурам.
Өткөн кылымдын 30-40-жылдарындагы ак жерден «эл душманы» болуп кеткен кыргыздын чыгаан уул-кыздарын бүгүн көз алдыбыздагы «Ата Бейит» аркылуу эстеп турабыз, Өкмөттүк саясаттын жер-жерлердеги башаламан «ишке ашуусу», жок жерден ашкере душман издөө, анын капшабы менен акыл-эстүү, жөндөмдүү инсандарга шек келтирүү, жазыксыз болсо да күч менен «күнөөлүү» деп жазага тартуу болгонун бүгүн билип, коомдук кечирим сурап отурабыз. Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдетин» окуйлучу. Адамдын жеке тагдыры, жашоосу саясаттын дөңгөлөгү астында тебеленип, жасалбай турган ишке аргасыз кабыл болгон кишини ким дейбиз-канкорбу, желдетпи же баш аягына баш оорутпаган аткаргычпы? Повестти окусак, ошол репрессия доорунун мүнөзү жөнүндө түшүнүк алабыз.
Турмуштун көз ирмеми укмуш окуяларды дагы кабылтат. Алатоо эмнени гана жашырып келген жок. Ошол эле 1930-40-жылдардагы «тазалоо» саясатынан качып, канча адам тоо жамынып, дареги белгисиз калды. Бир келген жарык дүйнөдө адамдын ишеничи, үмүтү үзүлбөйт. Аман калуу аракети, тирүүлүккө болгон чексиз ишенич адамды тоого айдап, балким «жез тумшук» менен да алакага түрткөндүр. Кандай кылган менен эл ичиндеги божомолдор, болумуштар азбы? Анын бары-жогун ким, качан далилдеп бере алат? Бирок, «Эл айтса, бекер айтылбаса керек». Кайсы бир жеринде, кандайдыр бир чындык болуусуна ишенсе болоор.
Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдерин» кечеги күндөр жөнүндө жазылган мазмундуу көркөм китеп экен деп айтканы турабыз. Өткөн күндү тарыхый роман, атайын изилдөө, бирөөнүн өмүрү жөнүндөгү ачык жана башка толуп жаткан адабий жанрлар менен берсе да болор. Бирок жан дүйнөңдү кыйнабай, жеңил-желпи эссенин нуска сөзү менен ушинтип жасаса болот экен да. Ансыз деле бүгүнкү күндүн убарасы бир жагынан, көңүлдү алган жеңил ой-санаага болгон муктаждык экинчи жагынан ушундай чыгарманын дагы жаралышын күтүп турат. Жыйынтыктап айтканда, «Өмүрдүн көз ирмемдери» китеби Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, кийинки турга өткөнүн кош колдоп колдойм жана ал сыйлыкты алышын туура көрөм. Анткени жазуучу Жапарали Осмонкуловдун көз ирмемдери жогорку сыйлыкка толук арзый турган көркөм жаратмандар.
Дагы бир сөз. Ж. Осмонкуловдун балдар үчүн өзүнчө жазылган чыгармалары дагы бар экенин билдик. Акын, жазуучулар бүгүн балдардын алдында чоң жоопкерчиликте турат. Алар үчүн жазылган чыгарма аз. Өткөөл мезгилде балдарыбыз кайсалактап турганда Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!» китеби балдардын колуна толук жетсе болот эле. Кыргыз жаратылышы, токойлору, талаалары, андагы жашоонун «кызыгы» жөнүндөгү китепти балдарга окуп берүү, окутуу керек.
Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары орус тилдүү жана башка аудиторияга окутуп жүрөбүз. Тилибиздин уккулуктуулугу, уйкаштыгы, мазмуну жөнүндө албетте көп айтабыз. Айрыкча тыбыштарыбыздын колдонулушу, айкалышы, угулушу эле өзүнчө поэтика деп келебиз. Карасаңыз, аны далилдегендей Жапарали акеси бөбөктөрүнө жалаң А, Б, С, К, Ж, Т, Ө, У тыбыштарынан гана башталган сөздөр менен кыскача аңгемелерди дагы жазып берген. Мындай аракетти-тажрыйбаны кыргыз рухуна сугарылган, кыргыз тилинин дараметин даңазалай билген, кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер карабай турган гана инсандын жан дүйнөсү жарата алат.
«Эркинтоо», 18-июнь, 2004-жыл
Рамис Рыскулов, Кыргыз эл акыны
Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» эссеси мага майдай жакты. Жапарали тез өсүп жаткан замандаш калемгер. Анын өмүр жыттуу, турмуш даамдуу чыгармалары мага жагат жана Токтогул сыйлыгына татыктуу деп пикир кошом. Жаңылыктын жаңырыгы Жапаралинин эсселери, эстен кеткис ойлору заманыбызга жарашык.
«Эркинтоо», 25-май, 2004-жыл
Үсөнбек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө
эмгек сиңирген кызматкер, акын
Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет
Китеп-билим чырагы демекчи, жакында Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, кыргыз окурман журтуна белгилүү калемгер Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун балдарга арналып жазылган «Төгө бер, жамгыр» аттуу китеби жарык көрдү.
Таалим-тарбия бере турган жана жандуу көркөмдүктө сүрөттөлгөн кыска аңгемелерин окурман журттун боюна сиңирип, көкүрөгүнө кондурган таланттуу жазуучунун бу көркөм табылгасы мыңдайда балдарга баалуу белек болмокчу. Анан калса, жаш окурмандын ой дүйнөсүн жигерленте дилгирлентип, жатык, жөнөкөй тил менен жеткиликтүү, кызыктуу кылып баяндап берүүнүн өзү да чоң чеберчиликти, таасын талантты талап кылат эмеспи. Андай чеберчилик, талант Жапарали Осмонкуловдо бар.
Албетте «Төгө бер, жамгыр!» жыйнагын колго алганда эле, ал жаш муундардын дүйнөсү экендигине көзүңүз жетет.
Жакшы китеп адамды рухий жактан байыткандай, бу китепте адеп-ахлакга, ыймандуулукка үйрөтө турган жакшы жактары көп. Бөтөнчө, илим-билимге умтул, адам бол, Атажуртуңду сүй, корго, улууну урматта, салтты баала, элиңдин татыктуу уулу бол, табиятты бүлүндүрбө, эмгек кыл, мээнет гана бакытка жеткирет өңдүү таалим-тарбияга сугарылган сонун ойлор айтылган.
Китепти үңүлүп окуган сайын дүйнөң тазарып, жаратылыштын түбөлүктүүлүгүнө, сулуулугуна, адамзаттын аруулугуна ишенимиң артып, боорукерликтин, мээримдүүлүктүн дүйнөсүнө арбала бересиң. Аруулук, адептүүлүк сезимиңи бийлеп, келечектен, жакшылыктан үмүт эте демиңе дем, күчүнө күч кошула берет. Жасалгасы да сүйкүм көрүнөт. Сүрөттөрүн текст менен шайкеш келтирген таланттуу сүрөтчү Султанбек Макашовдун эмгеги да китепке да көрк берип турат.
Жазуучунун «К», «Ү», «У», «Ж», «Д», «Т», »Б», тамгаларынан куралган «Күкүк», «Өтүк», «Түлкү», «Дархан дарбызы», «Бата», «Улар» өңдүү аңгемелерин кызыгуу менен окуйсуң. Кыш ызгаарын тоотпогон чыдамкай балдардын, ырыскысын издеген Бекболдун, канаттуу куштарга аяр мамиле жасаган Кенжени, балыкчы баланын, Байыш менен Жаныштын, Асандын, карышкырдын жоруктары көңүлүңөн кетпей, жүрөгүңдү уялап туруп алат. «Көзмончок», «Жалбырак», «Ийнелик», «Кимге кыйын?», «Тумак», ангемелери жашоонун таттуулугун, өмүрдүн улуулугун, миң кырдуулугун баян кылса, «Ким болсом?», «Куймак», «Тарбия», «Китеп кабым каякта?», «Устукан» жаш окурмандардын кулк-мүнөзүнүн калыптанышында мааниси чоң. Ал эми жалаң макал-ылакаптардан куралган «Сууктөр» аңгемесинде Калдар аттуу каарман ата салтын, кесибин улоодо, мээнет кылууда көптөргө үлгү болсо, табияттын жандуу сырларын көркөм шөкөттөгөн «Айлакер карышкыр» ангемеси жаратылыштын бүтүндүгүн ажыратпоо керектиги менен экология темасынын улуулугу жөнүндөгү маселени козгойт. Кыскасы, китептин сабак алчу жактары көп. Анткени жүрөктөн чыккан саптар жүрөккө жетерине дагы бир жолу ынанасыз да калган калыс сөздү окурман журт өзү айтаар дейсиз. Анткени көкүрөгү көркөм жазуучу Жапарали Осмонкуловдун бу табылгасы балдарга арналган жападан жалгыз эле китеби эмес. Ал буга чейин «Күн кызарып батканда», «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китептеринде дагы балдар дүйнөсүнө кеңири орун берип келген. Анын балдар үчүн чыгармаларын мектеп программасында окутулуп жаткандыгы менен да баалуу. Педагог катары жана балдар темасын адабиятта талыкбай жазып келаткан жазуучу катары Кыргыз Республикасынын Эл агартуусуунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.
Союз учурундагы даңкы таш жарган мурдагы Ленин комсомолу деген сыйлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы деген статус алганда кыргыз адабиятынын тарыхында биринчилерден болуп ошо өкмөттүк Жаштар сыйлыгынын лауреаттыгына татыган.
«Айданек», 2004-жыл
Турдумамбет Кызалаков
«Жапарали окурмандын сезим-туюмдарына
чаң-тополоң түшүрөт»
Көптөн бери туулуп-өскөн айылы Сарыкамышка келбегендиктенби, айлана-чөйрө Жапаралиге татына көрүнөт. Өрөөндү жараткан тоо суусу сансыз ташка жанчылып, кымыз сымал бышылууда. Деги койчу, ажайып көркү Жапаралини тээ чыт курсак кезин эске салды. Араба жолдун чаңын буртулдата кечип, тал чыбык атын азанатып, боргулдана тердеген Жапарали атасы Адашканды буй кылганын эстеп, мыйыгынан жылмайды. Оо, ал кезде Адашкан аксакал Каракулжадагы мугалимдердин мыктысынын мыктысы эмес беле. Ошол жылы Кыргыз Республикасынын, СССРдин эл агартуусунун отличниги деген наамдарды катары менен алып, кут даарып турганда Жапаралиси да мектеп босогосун аттап, билимге баш койгону Адашканды ого бетер өрөпкөттү. Торсойгон Жапаралини ээрчиткен Адашкан эрмегине куштарлана мектепке кандай жеткенин да сезбей калуучу.
Убакыт учкан куш тура. Баягы торсоңдоп оюндан башканы билбеген Жапарали окуучулар арасында активист болуп чыга келди. Таланттуу окуучуларды топтоп, алына жараша жазылган ырларды, аңгемелерди дубал газетага чыгаруу Жапаралинин милдети. Жапарали да жолдоштору сыяктуу куш кабарларды, аңгемелерди жаза коюучу. «Күйүмдүү бала» аттуу аңгемеси «Кыргызстан пионери» газетасына жарык көрдү. Мактоо сөздөр Жапаралини толкундатып, бешенесин албыртты. Класс жетекчиси Шаарбү эженин класска киргенин Жапаралини ортого алышкан классташтары элес алышпады.
— Балдар тынчтангыла!-деген өктөм үнү классташтардын дуулдагын тып басты.
— Балдар азыр линейка болот, ага катышкыла. Жапарали, аңгемеңди окудум, эң жакшы. Таштап салбай уланта бер. Тилектешмин, -деп колун кыса кармады. Эжейинин жакшына тилеги, каалоо сөзү мурда эле сүрдөп турган Жапаралини ого бетер сүрдөттү.
Линейкада турушкан окуучуларга мектептин директору Кадича Эркебаева тартип, тазалык, сабакка катышуусу, өздөштүрүүсү жөнүндө айтып келип, Жапарали Адашкан уулун ортого чакырды. Мынчалык калың топтун алдына чыгып көрбөгөн Жапарали апкаарый түштү. Директор эже Жапарали Адашкан уулунун келечекте залкар жазуучулардан болушуна тилектеш экендигин билдирип, аңгеме чыккан газетаны Адашкан аксакалга тапшырды. Адашкан карыя газетаны кармаган колу күндөн кубат алгандай тердеп турганын сезди…
Кечээ эле эрбеңдеп жанынан чыкпаган Жапарали орто билимге ээ болуп, турмуштун татаал жолуна түшө турганы Адашканды кубантты. Уулунун бой тартканына жетине албаган Адашкан карыя чаңы кызыл ашыкка чыккан араба жолдо баратып, акыл-насаатын айтып, Ошко окууга узаткан. Атанын акылын жадынан чыгарбаган Жапарали жогорку маалыматтуу филолог, окутуучу адистигине ээ болгондон кийин айылына аттанды. Адашкан аксакал Жапаралисин мына ушул араба жолдон тосуп алды…
Жапарали араба жолдун чаңын буртулдата кечип баратты. Ушул жол Жапаралиге канчалаган кубаныч тартуулабады. Ушул жол менен жашоо сапарын улап, журналист-жазуучу болду. Жапарали Жаштар сыйлыгынын лауреаттыгына жетишти. «Эркинтоо» газетаснын башкы редакторунун орун басары, Бүайшанын сүйүктүү жары. Алты баланын атасы. Алты бала демекчи, алтынчы уулу Досбол төрөлүп, ага удаа «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген экинчи китеби жарык көрүп, кош кубаныч денесине сыйбай турганы көз алдына тартылды. Кош кубанычтын кучагында балкыган Жапарали, келинчеги Бүайша, уулдары Эрбол, Шербол, Бекбол, Нурбол, ымыркайы Досболду алып, «кайдасың кагылайын Сарыкамыш» деп киндик кесип, кир жууган айылына жөнөдү. Неберелеринин, айрыкча Жапаралинин келгенине ата-эненин чечекейи чеч.
Адашкан карыянын үйү ырыскысы ашып, бакытка балкып турду. Жапаралинин келгенин угушкан кошуналары опур-топур. Ата-энеси, иниси Сейдали, коңшу-колоңдору менен учурашкан Жапаралинин көңүлү жай. Эртеден бери неберелери менен алектенген Адашкан карыяга Айым байбиченин; «Балдардын атасы, неберелериңди жайына кой. Ансыз деле алыс жол басып, чарчап келишпедиби. Андан көрө ымыркайың Досболдун «бешик боосу бек болсун» дешкен айыл сакалдууларынан бата сурайлы»-деди. Байбичесинин мындай сөзү Адашканга жага берди көрүнөт, ордунан калдастай тура; «Эй, Сейдали… Сейдали, »-деп сыртты көздөй шашыла жөнөдү. Эшик алдынан карпа-курпа жолуккан Сейдалиге: «Бол ылдам, тигил кара күрпөңдү алып келип Шарипбек, Мамади, Исраил аксакалдарга бата тилет». Ата сөзүн лам дебей кабыл алган Сейдали куйруктуу кара күрпөңдү кыбыланы баштантып, бата тилеп алакан жайды.
Чай үстүндө далай окуялар айтылып, сөз Жапаралинин Жаштар сыйлыгына татыган «Күн кызарып батканда» аттуу китебине такалды. Баятан кеп-сөзгө аралашпай отурган Мамади агай «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»дегендей Жапарали атак-даңкка жетишкен жазуучу болоору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Качан гана сыйлыкка татыган китеби колго тийип, аны окуганымда жалбырттаган жанар тоодой дарамет жатканын илгиртпей түшүндүм. Калем кармап мен жазуучумун дегендерден Жапаралинин чыгармасынын айрымасы жөнөкөй тил менен жазылып, терең философиялуулугунда. Китептеги «Күн кызарып батканда» деген аңгемесин алалычы…
Жапарали садагасы, кеп кылып жаткан китебиң Адакемдин (Адашкандын) китеп текчесинде болсо керек. Бери мага алып берчи, «-деп Жапаралиге колун суна кайрылды. Ордунан элпек турган Жапарали атасынын китеп текчесинен Мамади агай сураган китепти алып берди. Керектүү жерин тапкан Мамади тамагын кыра жөтөлүп, кепке уюган аксакалдарга өзөктү өрттөй турган жеринен үзүндү окууга киришти.
— Айтайын дегеним, айылыбызда чыгармадагыдай турмушту жеткире түшүнө бербеген ыр дегенде дыр дешкен адамдар бар. Ушундай адамдарды Жапарали жөнөкөй тил менен калкка жеткиргени кубантып жатпайбы. Карап көрчү, илмийген кыз чоң атасын жалгыздатпай түгөй издегенин. Турмуштун ачуу-таттуусун көргөндөр да ага даап бара албастыгы турган иш. Чыгарманын баалуулугу ушунда. Окурмандардын оюн онго бөлгөн бул китепте сыйлыктын берилиши Жапаралинин дараметинин күчтүүлүгү деп ойлоймун. Мамади агайдын саамга дымый калышы, сөз берметине арбалгандар анын кучагынан араң чыгышты.
— Айткан сөздүн калети жок, Маке, ата сакал оозунан бүткөндөр турмушту туура түшүнбөй өйдөсүнгөндөрдү баскан жолубуздан жолуктуруп жүрбөйбүзбү. Булар жашообуздун бези. Андайларды Жапаралинин баардык чыгармаларынан жолуктурасың, — деп сөзгө аралашты Ибраим аксакал. Андан ары кеп тизгинин чойгон Ибраим Жапаралинин «Өмүрдүн көз ирмемдериндеги» эсселерине токтолду. Кыргыз журтчулугунда мен мыктымын деп көкүрөгүн кагышып, тоодой томдорду жаратышкан жазуучулар да эссе жанрына коркпой эле баш-оту менен сүңгүп киришин «Эркинтоо» газетасына автор Мамат Раимжанов жакшы берген. Анда автор мындай деген деп, жанынан кынаптала бүктөлгөн «Эркинтоону» алып чыккан Ибраим аксакал газетанын бүктөөсүн жаза баштаганда катарлаш отурган Осмон; «Ибраим аке, канча кылса да журналист эмессизби. Картайсаңыз да каадаңызды калтырбай газета жаныңыздан үзүлбөйт экен да, »-деп бир шиңгил тамаша ыргытты.
— Аныңыз туура, үкөм. Журналист каныма, жаныма сиңген кесип. Бул кесипте кырк жыл эмгектендим. Канткенде аны танам. Андан көрөк Мамат үкөбүздүн Жапарали жөнүндө жазганына кулак төшөсөңүздөр.
— Ээ Ибраим аке, кеп атасы өзүңүздө. Улай бериңиз, -дешти отургандар. Ибраим аксакал гезитке үңүлө карап;
— Ошентип, Жапарали Осмонкуловдун экинчи-«Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китеби колго тийип отурат. Жапаралинин жаңы китебинин көркөмдүгү ушунда-аны башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыгасың. Китеп чакан бөлүктөрдөн турган эсселер менен башталат. Адабиятыбыздын тажрыйбасы менен тарыхында «эссе» деген терминдин киргенине аз эле убакыт өттү. Эссенин чыныгы теориялык адабий багытында иштеген жазуучулар да көп эмес. Очерктин татаал түрүнө окшогон эссе жанрын ийне жибине чейин талдап, көркөм туундулар аркылуу көрсөткөн жазуучулар али бизде аз. Ошондуктан ушул кезге чейин очерк, автобиография, эскерүү, мемуар сыяктуу жанрларды эссенин деңгээли менен бирдей кароонун типтүү өнөкөтү көрүнүп жүрөт. Арийне, жазуучу Ж. Осмонкуловдун өз башынан өткөргөн окуяларынан алып жазылган эсселери такыр бөлөкчө таасир калтырарын, окурмандын сезим-туюмдарына чаң-тополоң түшүрөөрүн белгилей кетүү керек.
— Жазуучунун дагы бир өзгөчөлүгү-жаратылыш темасын, пейзажды чыныгы сүрөткердей сүрөттөп бере алгандыгында. Жазуучунун «Комиссардын жез тумшугу» аттуу көлөмдүү чыгармасы азыркы кездеги эң модалуу-жаратылыштын таң калаарлык кубулуштарына, адам менен табышмак күчтөрдүн мамилелерине арналган дейт. Чиркин, сөз эмес бекен, -деп магдырай түштү Ибраим карыя.
— Жапарали айланайын, Комиссардын жез тумшугун» окуп жатканымда көбүгүн чачкан көк иримдин үстүндөгү аскадагы үңкүргө баруучу жолдо өзүм бараткандай азат боюм тик туруп, башым айланып кеткенин айтсам шылдың кылып күлбөгүлө, -деп жылмайды Шарипбек. Шарипбектин эмелеки сөзүн илип алышкан үйдөгүлөр дуу күлүп басылышты. Курдаштарынын уулу Жапаралиге карата айтылган жакшына сөздөрү Айым байбиче менен Адашкан аксакалды балкытып турду. Айылдаш аксакалдардын дилинен чыккан ак тилектери эл-журтка дагы мыкты чыгармаларды берүүгө милдеттүү экенин айттырбай түшүндү, Жапарали. Бул жолку баарлашуу Жапаралиге жазуучулардын чоң тобу менен олтургандай сезилди…
— …Араба жолдун чаңын буруксута өткөн велосипедчен бала Жапаралинин таттуу кыялын быт-чыт кылды. Эх!-деп күрсүнүп алды, Жапарали. Таман алдындагы араба жолдун чаңы эмнегедир Жапаралиге атасы Адашкандын жытындай сезилди. Киндик кан тамган үйүнүн морунан чыккан ак түтүндү, андагы апасы Айым байбиченин болбураган жүзүн, атасы Адашканды акыркы сапарга узатаарда белекке берген Ак калпагын көрүүгө ашыга кадамын кере шилтеди, Жапарали…
«Адабий гезит», 15(142), апрель, 2004-жыл
Айчүрөк Макешова, жазуучу
Достарыңызбен бөлісу: |