«Эл-журт жакшы чыгармаларга суусап турган кези»
Жапарали Осмонкулов КРнын Жаштар сыйлыгынын, Түгөлбай ата, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты, Учурда «Эл дүйнөсү» журналын чыгарып, окурмандардын сүйүүсүнө арзышууда.
– Жапарали Адашканович, кийинки эгемен жылдарда көзгө көрүнөрлүк адабий, маданий журналдар чыкпай, көзгө сүртөөр дарыдай таңсыкка айланып кетти эле. Жакындан бери «Эл дүйнөсү» тарыхый этнографиялык, адабий-көркөм журнал узун элдин учуна, кыйла элдин кыйырына жетип, окурмандардын кызыгуусун туудурууда десек жаңылышпас элек. Эл журналды кандай кабыл алышууда?
– Баарыбызга беш колдой белгилүү кийинки кезде мындай көркөм журнал көздөн учуп калган. Мен журналды мурда да чыгарып, кайрадан токтотуп койгон элем. Көрсө туура эмес кылган экем. Мына жакындан бери кайрадан белсенип, пешене теримди төгүп көпчүлүктүн көңүл этегинен өткөрмөккө №1 санын калк санына койгон элек. Көрсө эл чиркин мындай журналга суусап турган экен. Жакшы кабыл алып жатышты. «Ой, эл көркөм адабиятка, тарыхка кызыкпай калды. Азыр «халтурщиктердин» заманы» дегендердин кеби суу кечпей калды. Окумдуу журнал болуптур дешип, өзгөчө бийик интеллектүү эл катмары акын-жазуучулар, тарыхчылар, окумуштуулар жылуу пикирлерин жашырышпады.
– Кагаз алтынга тете мезгилде, өз күчүңүз менен чыгарып жатыпсыз. Журналды сатуу, өткөрүү жагы кандай?
– Албетте, чыгымы оңой эмес. Бирок, мен үчүн чыгымынан мурда жарык көргөнү эсеп. Ар бир саны болгону элүү сом. Сатып алгандардын ичи оорубайт. Өткөрүү жагы оорчулукту туудурган жок. Окурмандар алып жатат. Буйруса окумдуулугун, мазмундуулугун дагы тереңдетиш биздин милдет. Калеми курч, адабият айдыңында ат салышкандардын жаңы чыгармаларына орун бермекчибиз. Мына эми кийинки саны чыкты.
– Жапарали Адашканович, жалпы кыргыз адабиятында эң мыкты адабий дөөлөттөр өксүп турган убак… Ошол өксүктөрдүн туу башында балдар адабияты турат. Бекеринен Тоголок Молдо атындагы сыйлыкка татыктуу болбосоңуз керек. Улуу муундар Тоголок Молдонун тамсилдери менен куралданды, ак, караны тааныды. А, кийинки кезде биздин ууз муундан балдарга ылайык жазылган чыгармалардан куржалак калды. Балдар үчүн күйгөн күйүмдүү жазуучунун бири эмес, пирисиз… Бу балдар адабияты жөнүндө пикириңиз барбы?
– Атаганат, кабырганы кайыштырган чоң суроону бердиңиз. Шаардык бөбөктөрдүн тили бала бакчадан эле орусча чыгып, орус балдар адабияты менен кенен-кесир таанышышат. Аларда бу боюнча проблема жокко эсе… Китеп дүкөндөрүнө кирсең, китеп жайма базарларына баш баксаң орус тилинде чыккан балдардын түстүү, баары кызык, маңыздуу китептерине ичиң чыгат. Ал эми кыргыз тилинде чыккан балдар китептери өтө аз, сейрек… Балдар үчүн чыгарма жазуу оңой, олтоң эмес… Баланын көзү, жүрөгү менен туюп, тиги, же бу чыгарманын үстүндө үзүлүп түшүп иштешиң керек. Мен өзүм да бу мен үчүн дың теманын үстүндө аракеттенген элем. Натыйжасы жаман болбоду. «Төгө бер, жамгыр» деген туңгуч балдарга арналган чакан аңгемелерден турган китебим бөбөктөрдү кайдыгер калтырбады.
– Кечээ жакыда эле «Кыргызпочтасы» ишканасында өткөн тил майрамына катышып калдым. Ошондо «Кыргыз почтасынын» башкы директору Темирбек Усупбаев сиздин «Көктөмдө келген кубаныч» аттуу китебиңиз жөнүндө жетиналбай: «Жалаң «К» тамгасынан турган ондогон аңгемелерин окуп таң калдым, тан бердим-деди. Бу китебиңиз жөнүндө айтып бересизби?
– Жалаң «К» тамгасы менен башталган, бүткөн чакан аңгемелерди жазуу мен үчүн жеңил болбоду. Балдардын жан дүйнөсүнө жакын чыгармаларды жаратуу оор экен. Бирок, көшөрүп иштеп, эргүү менен жазып чыктым. Жогоркудай жолдоштордун жылуу сөздөрү сөөгүмдү агартууда. Тоголок Молдо улуу таланттын наамындагы адабий сыйлыкты ыйгарышкандан бери балдар адабиятына милдеттүү болуп калдым окшобойбу. Балдарыбызга чынында эле кыйын… Бала бакчаларда кыргызча жомок, тамсилдер жок. Буйруса, журналдын бетинен балдарга арналган бет, бурч ачсакпы деген оюм бар… Балдар жазуучулары азайып, аты-жыты белгисиз болуп кеттиби? Же аларды колдоо урматтоо жетишпей жатабы? Ким билет?Балдар адабиятынын тайкылыгы жүрөккө бычак! Балдарды Интернет же компьютердик агрессивдүү оюн-зооктор менен алектетпей, ыйман-ызааттын алтын булагы адабий чыгармалар менен оозантсак албетте, жан дүйнөлөрү мээримге, улуу адамгерчиликке бөлөнүшөр эле.
– Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Бир чоң чыгарманы баштап койдум эле. Романга тете. Адамдын адам бойдон калуу вазийпасын чагылдырып жатам. Бүтүп калса жаңы китеп жаңылыктары менен окурман журтун кайдыгер калтырбас.
– Бүгүнкү жазуучулардын абалын айтып берсеңиз?
– Он-он-беш жыл жазуучуларга мурдагы бийлик көңүл бурбады. «Чөнтөктүүлөр» жазуучу болуп кетти. Жеңил-желпи темаларга азгырылышты. Чыныгы классикалык чыгармалардын үстүндө иштегендердин негедир карааны көрүнбөйт… Себеп, китеп басып чыгааруу чыгымын таланттар кайдан көтөрөт. Эгерде өкмөт көтөрбөсө… Коңшу өлкөлөрдө маданий ишмерлерге эң жакшы шарттарды түзүп беришиптир. Баягыдай эле журналдар, китептер чыгат экен… Гонорар төлөнөт тура.
Биздин турмушта да анча-мынча өзгөрүү болуп жаткандай… Президент Курманбек Салиевич көңүл бура баштады. Жазуучулардын имарат-жайы чечилип калса, китеп чыгаруу, гонорар төлөө маселеси да чечилип калаар деген ишеничтебиз. Буга мамлекеттин аталык камкордугу керек.
«Эркинтоо», 27-октябрь, 2006-жыл
Ибрагим Абдувалиев, филология илимдеринин кандидаты
Көз ирмем өмүр
Азыр адабиятыбызда кайрадан калың элге мыкты чыгармалардын, мыкты китептердин тартуулана баштаган кези келди. Мына ошондой китептердин бири белгилүү жазуучу, республикалык Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» (Бишкек, 2002) аттуу китеби.
Аталышынан эле окурмандарды өзүнө тарткан кандайдыр бир сыр бар экени көрүнүп турат. Өмүр деген-туш-туштан көккашка куймалар куюп толуктап ого бетер ташкындап, алга гана умтулуп, бирде жай тартып, бирде аскадан-аскага урунуп көзөп өтөр жол таап көбүктөрүн чачыраткан дарыя. Дал ошол токтото алгыс агымдын ар кайсы учурлары менен эсте түбөлүккө калар татымдары болот эмеспи. Жазуучу ошентип, бул жаңы китебине философиялык маанидеги тема койгон. Албетте, кеп анын темасында эмес, ичинде катылган ойлордо, калайык калкка сунушталган чыгармалардын идеялык маанисинде.
Адегенде эле «желкеңден муздак тер чыгара жалаңдаган кылычтын мизинен жаның көзүңө көрүнүп, кан жыттанып турса да ажалга тик караткан учур болот» (3-бет), деп баштап оптимисттик улуу кайратты аркалап, кыска-кыска бирок терең маанилүү икаяларды топтоштуруп баштайт. Ар бир икаясы (ушинтип атоо дурус көрүнөт, икая араб тилинен кирип, бизде окуя дегендей турпатка ээ болуп кетсе да, адабий термин болор нарк-насили бар сөз) өзүнө тиешелүү кыскача сюжетке же кээ бирлери лирикалык бир бүтүндүккө ээ болуп, окуганга жеңил, түшүнгөнгө оңой. Анын эң негизгиси тарбия-таалим берер мааниси оңой-олтоң болбогон чыгарма. Мына ушундай майда-майда икаяларды чиркештирип жараткан бул эссе адабиятыбызга кандайдыр деңгээлде жаңылык алып келди десек жаңылышпайбыз.
Ырас, мындай чыгармаларды белгилүү жазуучу Кеңеш Жусуповдун калеминен жаралганын көптөн бери эле окуп жүрөбүз. Дал ошондой топтомун түзүп эссе жазган Жапарали Осмонкулов «алдыңкы көчтү» туурабаган, өз жолун тактап, өз стилинен тайбаган, такшалган жазуучу экенин далилдеп туру. Ар биринин өз мааниси, кичинекей болсо да өз идеясы бар чакан чыгармаларды логикалык кандайдыр ырааттуу кылып жайгаштырганын да белгилеп койсок болот.
Икаялардын «жалган дүйнөдө ишенимдүү жашоо-пенденин эң күчтүү куралы», «антпесең ташбакага же кузгунга окшоп калган адамдыгыңдан не пайда», «ошондуктан, алсызды жамандоодон, алдууну мактоодон абал калыс бололу», «Атамекен, Жер эне бу дүйнөдө жалгыз. Жалгыз дүйнөдөн айрылып калуудан жаман эмне бар», «илмийип барганы толуп, ооруп барганы сакайып кайтканы булактын шыпаа болгон дарылыгынан, жердин асылдыгынан го, чиркин!», «уулдун жаман жакшысы менен иши жок элден айланса болот, адашкандын айыбы жок, үйүрүн кайра тапкан соң, деп батырып алды», «чыныгы турмуштун сыноосу али алдыда турганын ал кезде биз кайдан билдик», «он сегиз миң ааламдын он сегиз миң ачкычы болсо, бирөө сөзсүз мектепте болот» деген өңдүү ат көтөргүс терең мааниси бар сүйлөмдөр менен жыйынтыктайт.
Көпчүлүк икаялар кадыресе күнүмдүк турмуш-тиричиликте жолуга калган окуялардан, баарлашуулардан, баштан кечиргендерден турганы менен кишини өзүнө тартып алар көркөмдүк сапатта жасалып, көркөм чыгарма көркүнө татыктуу болуп турат. «Бурадарым, сен мага ишен!Ал бар! Ал сен күндө он маал көзүң менен көрүп, колуң менен кармаган нерседен бийик, кол жетпес, көз көрбөс мейкиндикте турат. Ошондуктан көзгө көрүнгөн, колго урунган ааламдын баары аныкы. Сен чындап тааныгың келсе, ага ишенүү, аны сүйүү гана жетиштүү. Ансыз болбойт. Чексиз аалам мейкиндигинен көрүнгөн Теңир Тоонун чокусу аркылуу бүт дүйнөгө көз салып турган ыйык рухтун демин, тоо омкоргон күчүн ошондо бир сезесиң. Ал сен сүйгөн Теңир Тоонун бийиктиги аркылуу бүт ааламга көз салып тургандыгы үчүн гана ыйык эмес. Ал сен бак тигип, ат минип ойногон бейпил турмушта да керектелүүчү зор күч. Анткени ал кудуреттүү да, түбөлүктүү. (89-бет)»-деп, маанисинде философиялык терең ойлор жаткан икаялары кыска-кыска болгону менен ар бири нарга бергис асыл ойлор. Мындан келди, окуган окурманды ойлонто коюп, жан-дүйнөсүн бушайманга салар күч катылган Ж. Осмонкуловдун эссесинде деген бүтүм чыгарсак болчудай.
Бирде жаштарга айтылар акыл-насаат, бирде жигит болуп турган адамдын турмуш-тажрыйбасы, бирде көптү көргөн кексе карыянын алтын шилекейи чачыраган кеп-сөзү болуп жаралган бул чакан-чакан икаяларда, ошентип, терең маани, кишини киши кылып тарбиялар акыл, насыяттар арбын.
Жазуучу китептин экинчи бөлүмү катары «Канкор желдет» повести менен «Комиссардын жез тумшугу» деген болумушту кийирет. Бул чыгармалары да оригинал сюжеттер болуп, көңүлдү өзүнө бурдурар чыгармалар.
Турмуштун оң-тетириси, бары-жогу, сонун-жаманы, ачуусу-таттуусу аралаш болот эмеспи. «Канкор желдет» повестинде мына ошондой ачуу чындык чагылдырылган. Жашоо акыйкатындагы кылмыш, сот, жаза түшүнүктөрүнөн келип чыккан окуялардын дал өзүн көрүп тургандай кылып көркөм көрсөткөн бул повесть өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Анын сюжеттик курулушу да, каармандары да, окуялары да оригинал чыгарма. Киши өз инсандык өзгөчөлүгү менен жүрүп отуруп адам коомунун ажырагыс бир тутуму. Ал ошол коомдо кандайдыр жумуш аткарып, ишмердүүлүк сапаты менен башкалардан айрымаланат. Бирок, баары бир адам коомдогу кайсы бир ишти, ал иштин мүнөзү гумандуубу, же гумандуу эмеспи, ага карабай аткарып өмүр кечирет го. Ж. Осмонкулов кишинин, повестиндеги каармандын-ошондой бир гумандуулукка жат кызматтарды аткарып жүрүп өмүр кечиргенин чагылдырат.
Жазуучунун чеберчилиги ушунда, өмүр бою адам колу барбас, дене бойду титиреткен кызматтарда иштеп жүрүп, өзүнүн бу жарык дүйнөдөгү инсандык жашоосун кечирген кишинин башынан өткөргөндөрүн жазып, каарманга окурмандардын жийиркенүүсү келбегендей жагдай түзүп чыгат. Жалган дүйнөнүн (объективдүү дүйнөнүн) акыйкатынан келип чыксак, коомдогу кылмышкерлердин жазаланышынын, өлүм жазасына тартылгандардын өмүрүн кыйуу жумуштарын да кайсы бир киши аткарышы керек эмеспи. Мына ушундай окуяларды, мына ушундай татаал тагдырды өтө чеберчилик менен көркөм сүрөттөп мыкты повесть жараткан. Кишинин коомдогу кылмышкерлерден тазалоо озуйпасын аткарып жүрүп психологиялык, адеп-ахлактык жактан кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун логикалык ырааттуулуктан четтебей жүрүп сүрөттөгөн.
«Жезтумшук» жөнүндөгү уламышты да көркөм чыгарма деңгээлинде бийик пафос менен жазып, окурмандын бүйүрүн кызытар чыгарма жараткан. Акырында айтарыбыз бир канча китептери жарыкка чыгып, окурмандарын тапкан, такшалган жазуучунун калеми курч болуп, чыгармачылык дарамети арта берип, ийгиликтер жылоолосун.
«Кыргыз Руху», 5-ноябрь, 2004-жыл
Үмүт Култаева, Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор
Жаз жандуу Жапарали
Адабият ааламына жаштык деми, өз добушу менен кошулуп, Жаштар сыйлыгына татыктуу болгон Жапарали Осмонкуловдун «Көктөмдө келген кубаныч» аталган чакан аңгемелер жыйнагын барактап отуруп, автордун жан-дүйнөсү жазга жакын экенин байкадым. Балдарга арналган бул жыйнакка 40 майда аңгемелер кирген экен. Анын алгачкы барагы «Космонавт» аңгемесинен башталат. Адам өмүрүнүн көктөмү-балалыкка арналган бул жыйнактын аталышы менен ички мазмуну-маңызы бири-бирине шайкеш, өз ара символикалуу «Кетирекей Кемелдин көкүрөгүн кытыгылаган кыялы», күчүгү Кумайык, коенеги-Кесеккулак, көңүлү түшө баштаган кызы-Күлүйпа, досу Капар, айылы Каракулжа, мекенинин ысымы менен аталган космос кемеси «Кыргызстан»- баары биригип баланын балалык табиятынын ажарын ачып турат. Учкул кыял, күлүк ой балалыктын жаншериги. Ошондуктан кыялында космос кемесин жасап, өзү менен кошо кыргыз комузун, калпагын, мекенинде жайнаган кызыл кызгалдакты алып, чексиз көк мейкиндикке сапар тарткысы келип турган кетирекей Кемел өзүн командир сезип таттуу ойдун кемесинде термелиши табигый көрүнүш. Болгондо да Кемелдин жан-дүйнөсүнө канат байлаган ушул кубаныч көктөмдө келди. Кемел өзү да, апакай тилеги да айыпсыз кыялы да-көктөм. Көктөм-тирүүлүктүн жүрөгү, анын кан тамырлары. Адам болуунун машакат жолуна салынган алгачкы из баланын оюн-чыны аралаш максат, тилегинен башталат эмеспи. Мына ушул табигый көрүнүштү апыртпай ашыкча боек кошпой табигый түрдө баланын элестетүүсү, учкул ой жүгүртүүсү аркылуу берген. Ошону менен бирге жазуучу балдар адабиятынын негизги милдетин анын алдындагы өз парзын унуткан эмес. Наристенин мекени-Кыргызстан экенин эсине салып, анын ажайып кооз жаратылышынын көркүн кызгалдак аркылуу, рухунун тереңдигин комуз, китеп аркылуу сүрөттөйт да, мындай асылдыктарды «космос кемесине» (демек, баланын жан-дүйнөсүнүн байлыгы катары) кошуп берет. Кичинекейлердин өз мекенине болгон сыймыктануу сезимин ойготкусу келет.
Белгилей кетүүчү дагы бир кызык маселе Жапарали мазмунду берүүнүн формасын да балдардын оюнкарак табиятына ылайык жаңылагысы келген чакан аңгемелерин темасы кайсы темада башталса, бүт мазмуну ошол гана тамга менен башталган сөздөр аркылуу сүйлөм курулушу менен баяндалат. Тактап айтканда бул чакан жыйнактын мазмунун түзүүчү: «Кыргызстан» космос кемесин курган Кемел-космонавт («Космонавт») «айбатынан ай айбыккан-арстан» («Арстан»), мекенинде миң-миллон, мисте менен мейиздин Мекке, Мексика, Монголия, Москвага маалымдаган мотурайган мадылык Медер менен Мээрим, ортодон окуусу оңолуп, отличниктен офицерлик окууга оогон-Осмон, жазгы жамгырдан жайнаган жоогазынга жан-дүйнөсүн жашарткан, жашыл жайлоону жарыялаган-Жапарали. Бул да символикалуу. Балага чыгарма берүү үчүн жазуучу өзү жашап жаткан курактан баланын курагына түшө билүү керек. Ошондо гана чыныгы балдар адабиятынын көркөм сүрөткери боло алат. Тике бийиктикке чыгуу кыйын, андан түшүү андан да кыйын. Ушул мейкиндикте Жапарали оор боюн токтоо алган десек ашачапкандык болбос. Ушул касиет гана балдар жазуучусу болуу укугун бере алат. Жапаралинин жан-дүйнөсүнүн «көктөмү» аны баланын тили менен сүйлөп, баланын кыялы менен кыялданууга мүмкүндүк берген. Жыйнакта Жапаралинин өзү жазды сүйгөн жазуучу экендигин бир нече аңгемеси далилдеп турат. Бул жалаң гана «ж» тамгасынан куралган «Жайлоо», «Жашыл жол» аңгемелеринен башка чыгармаларында деле ачык байкалат.
Жазуучунун « Ким күчтүү?», «Мекен деген эмне?», «Ким зулум» аттуу чакан аңгемелери балдардын ой жүгүртүү, логикалык ойлоосун өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, бала-бакчалардын даярдоо классында, башталгыч класстарга окуу процессинде пайдаланууга мыкты материал болуп бере алат. Айрыкча айбанаттардын образын көркөм чагылдырган коен, кирпи арстан, пил, маймыл, чычкан, бегемот жөнүндөгү аңгемелеринде мультфильмдин мазмуну тургандай.
Жалгыз тамга менен ой учугун үзбөй улаган айрым аңгемелери «Көпөлөк», «Жылан», «Күчүк», «Бөдөнө», «Чайканада» сыяктуу чакан чыгармаларын тил сабактарында фонетикалык көнүгүү үчүн, окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүү үчүн окуулуктарга берүүгө болот. Фонетикалык талдоо, тыбыштардын позициясын окутуу үчүн керектүү көнүгүүнүн милдетин аткара алат.
Жапаралинин кичинекейлерди көркөм сөз өнөрүнө жетелеп, алардын эстетикалык табитин калыптандырууга жасаган аракети бир топ ийгиликтүү чыккан. Анан балдар адабиятындагы изи куттуу болуп, наристелердин периштеси калемгерлерди колдоп жана коштоп жүрсүн демекчибиз.
«Кыргыз Руху», 13-июнь, 2006-жыл
Мырзабек Жумаев, Филология илимдеринин кандидаты
ЖОЛ АТАСЫ — ИЗ, ЖЕ Адабият жана соңку муун
Теманын мындай койулушунда купуялык бар. Анткени адабият дегенибиз агып турган дайрадай коомдук кубулуш болгондуктан, ага бир чөмүлүп чыгып кеткен да, көл жээгиндеги сонуркаган адам сымак, анын сулуулугуна суктануу менен шыгына жараша «бир сап ырды тапканына» курсант болгон Алыкулдай инсандардан муундардын катмары турары талашсыз эмеспи. Минтип айтуунун атайын мааниси бар. Тээ илгери адабият кол жеткистей, ал өзгөчөлүү адамдар гана кире ала турган жайдай сезилер эле. Ал эми соңку мезгилдерде адабият айдыңын дебейин, көк майсанына оонап, өткүсү келгендер четтен чыгууда. Ылайым таланттуулардын саны арта берсин дечи. Ошентсе да адабият деген сепилди жарыяланган китептердин саны менен же жалаң ниет менен эмес, башкалардын ойуна келбеген тактика менен калааны багынткан аскер башынын сапатына окшогон өзүнчөлүк менен ээлеши керек деген ойдогу чындык төгүнсүз. Байкап көрсөк, бүгүнкү күндө эмне көп? Адабий чыгарма атангандар көп, авторлор көп! Мурдагы замандагыдай ички резенциядан рецензияга өтүп, иргелип келип темпланга кирген учур жок. Өз бетинче «базар экономикасынын» шартында китеп базарынын пайда табууга умтулган муундун когортасы авансценага чыкты азыр. Ал эми булардын чыгармачылык изденүүлөрүнүн багыты, жаралгаларынын идеялык-эстетикалык, социалдык, информативдик баалуулуктарын мындай койолу, тек көркөмдүк табияты тууралуу сөз кылганга адабиятчылардын чамасы жетпейт. Ага себеп, биринчиден, кайсы жерде кандай жанрдагы, тематикадагы китеп чыгып жаткандыгы тууралуу маалыматтын жоктугу, мындан окурмандардын социалдык группаларынын учету алынбагандыгы, изилденбегендиги дааналанса, экинчиден, ал жаралганын окурмандар арасында таралганы менен ачык (публично дечи беле) талкууланыш, талап кылыныш маселелеринин таназар алынбай калгандыгы. Бул эмнени билдирет? Бул мамлекет коомдук аң-сезимдин бир формасы болуп саналган адабияттын кубаттуу потенциалын күнүмдүк экономикалык, чарбалык маселелерге алмаштырып жиберип, жаш муунду татыктуу тарбиялоо маселесине көз жумду мамилесин тастыктайт.
Коомубуздагы маанилүү саналган проблеманын бирин атоо менен утилитардык жаралганы жараткандар менен кошо улутубуздун түпкү саналган муратына шайкеш чыгармачылык максаттары бийик, жөндөм шыктары, адабий камылгалары талаптагыдай калемгерлердин да соңку муундун катарында жок эместигин белгилөөнү ылайык дейбиз. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тарта адабиятка аралашып, өз чыйыры, дүйнөнү көркөм түзүү далалаты ишенимдүүү чыккан бүгүнкү күндө эр ортонуна жетип турган калемгерлерибиздин бирине Жапарали Осмонкулов кирет десек болот. Ал адабияттагы алгачкы кадамынан эле окурмандардын да, адабиятчылардын купулуна толуп, сында назарга түшө баштаган. Көрүнүктүү адабиятчы-эстеттердин биринен болуп эсептелген К. Матиев кезинде («Дарбаза ачык дайыма» Кыргыз Туусу, 1995, 1-июнь) анын тун аңгемелеринде «…сюжет куру, фабула өнүктүрүү, композицияны чыңалыңкы-чыйралтып, айтыла турган идеяны, адам сынын-сыпатын шөкөттөөнү эмнеден баштап, кандай толготуп, кандай чечмелеп, каерде чекит коюу ыкмаларына, чеберчилигине-бир сөз менен айтканда толук кандуу көркөм перзент жаратуу методуна жакшылап көңүл бөлсөңүз, автордун биз белгилеп жаткан оригиналдуу касиет-сапатын кыйналбай эле байкайсың», деп белгилеген да, бир топторун мисалга тарткан.
Жазуучунун алгачкы аңгемелер жыйнагынан болгон «Күн кызарып батканда» (Бишкек, 1993) эки багыттуу аңгемелери топтолгон. Дээрлик жарымынан ашууну чоңдорго арналган, андан калганы балдарга делинген чыгармалары орун алган. Башкача айтканда «жыйнактагы 36 ангеменин 24ү балдар үчүн жазылгандыгын»дагы бир окурман дыкат саноодон өткөзгөн. (Бөдөшөва Н. Жакшылык арттырчы, адам/. «Эркин Тоо», 2000, 8-ноябрь). Балдар үчүн делинген аңгемелеринде жаш калемгер мезгилдин актуалдуу проблемеларынан болгон жаратылыш менен адам баласынын мамилелеринин түрдүү кыябын көркөм жана эң башкысы курак өзгөчөлүгүнө жараша түшүнүктүү тил менен берүүсү бул тариздеги чыгармаларынын өзүнчөлүгү, алымдуулугун аңдатат. Мунун ийгиликтүү бир себеби башка окурмандын ою боюнча «автордун түштүк кыргыздарга гана таандык сөздөрдү кымынбай-кысынбай орду менен колдоно билгендиги». (Абдувалиев И. Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук/ «Эркин Тоо», 2000, 8-ноябрь).
Калемгердин алгачкы аңгемелеринен эле жамы журттун башындагы кубаныч, кейиш, түйшүк, тарткынчыктуу маселелер, өз ара ички мамилелери, кыскасы, турмуштун тизмеги камтылып, реалисттик планда турмушту чагылтуу чыгармачылык изденүүсүнүн пафосуна ээ боло баштагандыгы дааналанат.
Ал турмуштук окуялардан жагымдууларын гана бөлүп башкаларына терс кыял көрсөтпөйт. Чечмелеп айтканда анын чыгармачылык жолунун башында эле аракечтик да, карылык да, жаштык да, жоготуу да, умтулуу да, жалгыздык да, үмүт да, сүйүү да, сындуу кубулуштардын кеңири палитрасы чагылдырылып келет. Автордо белгилеп коёр бир нерсе турмуштагы окуялар тизмегинен орчундуу, жанрдын ички мазмунуна сыяр көрүнүштү айрымалап көрүү менен аны көркөмдөөнүнү объектисине айланта алуусунун бар экендиги ошол себептен анын аңгемелеринин кейипкерлери турмуштун өзүндөгүдөй чыгып, ашкере жосунга ээ эмес, ашкере акылдуусунуп кургак философияны жарыялашпайт.
«Учук» аңгемесинин каарманы менен жыйнагына аталыш берип турган «Күн кызарып батканда» чыгармасынын каармандары көтөргөн турмуштук түйшүгү жалпысынан алганда типтеш. Ал-карыган адамдардын айрымдарына таандык болгон жалгыздык проблемасы, болгондо да күйүшөр жакындары бардай туруп Жалгыз Калуу проблемасы. Калемгер эскерилген чыгармаларынын кейипкерлеринин башындагы бул проблеманы сентименталдык планда окурмандардын каңылжарын түтөтүп, боорукердик сезимдерин ойготуу ниетинде драматизациялуу чечүүгө азгырылбайт. Ошондой эле кийинки чыгармаларда трафаретке айланып бараткан схема боюнча-карылар үйүнө жеткирип, ал жерден өзү теңдүүлөрдү көрүү менен жубатып же теңтуш күттүрүү менен алаксытып, же кусалыктан, ызалыктан о дүйнө кетирип тынбайт. Ал биринчи кезекте адам потенциалына болгон ишеничин бекемдөөнү идеялык максаты деп санайт. Натыйжада аталган эки аңгеменин кейипкерлеринин карылар үйүнөн кемпир тапмакчы болуп небереси Жаркын менен келген Сулайман карыя ал жерден Үрүл менен Эргешти ээрчитип чогуу кайтышы, ал эми ысымсыз кемпир («Учук») ооруканага жатып калганда тээ илгерки кадырлашы, айылдашы жыртак чалдын издеп келип, ал жерден мээримсиз уул-келинине жибербей алып кетиши сыяктуу окуялары финалдагы айрым логикалык так эместиктерге карабастан автордук максаттын татыналыгын айгинелейт. Калемгер тарабынан бирин-эки штрих, деталдар аркылуу эле кейипкерлердин кулк-мүнөзүн, дүйнө таанымынын денгээлин таасын бере алуу бар.
«Ошентсе да конок күтүп отурган жалгызына чындап, ак пейилден ыраазы болду эне. Кубанычы койнуна батпай кудуңдап, салт каадасын кылып, меймандар менен учурашып коеюн деп аркы бөлмөдөн чыгып келатканда, буту-бутуна тийбей тызылдап жүргөн келинин сүзүп ала жаздады. Кайнене не дээрин билбей карбаластады:
– Конокторуң куунак отурабы, айланайын?
Келин кайненесин сөзүн тыңдап да койбоду. Кайра кемпирди карысынан апчый кармап, түртүп киргизди чыккан бөлмөсүнө». (17-бет).
Бир гана эпизод, автордук кийлигишүү жок. Окурмандын көз алдында сыртынан жалтыраган, ичинен калтыраган мерес келиндин толук кандуу портрети тартыла түшөт. Адамды ичиркентет. Мына ушундай деталдан кийин эненин ооруп калышы табигый көрүнүш экендигине ынанууга болот. Апасынын бары, жогун, ачы, тогун элес албаган ичтен чыккан ийри жыланынын мамилесине кейиген ал ооруп калып эс-учтан танып калганда кимдир бирөөлөр үйгө кирген болот. Эс-мастын ортосундагы кемпир аларды уул-келини экен десе уурулар болуп чыкканда чымырканып тура калмакчы болуп жыгылып, ооруканада гана эсине келет. Сакайып келатканда өткөн өмүр жылдарынын айрым үзүндүлөрү эске салынып, айылдашы жыртак чалдын ага мамилеси да ойго алынып, элет жерине кусалыгы артып турганда ал чал атайын издеп келип тапкан болот да, айылга бирге кетип калышат. Аңгеменин сюжетиндеги окуянын финалында чалдын мотивациясы үстүрттөй сезилгенине карабастан, жасалмалуулук жок.
Автордун бул жыйнагында соңку мезгилдеги адабиятыбыз үчүн тийди-качты болгон темалардын бири Ооган согушунун курмандыктары же ага катышкандардын психикалык травмалары тууралуу да чакан чыгарма орун алган. Ж. Осмонкулов аталган темага тике кайрылбагандай кейп жасап келип, соңунда гана ал окуянын адам тагдырлары үчүн кандай айтып бүткүс кесепеттерди алып келгендигин чечмелөөгө жетишет. Аңгеменин экспозициясында («Жашоо үмүтү») айылдык жубайлардын кезектеги өз ара демейки чыр-чатагы берилгендей, алардын антишинин чоо-жайы жайынча сүрөттөлүп жаткандай сезилет. Окуянын акырындап тереңдеши менен гана алардын чатагына эрксизден күбө болгон өспүрүм Маматтын ыза-ыйынын түпкүрдөгү түйүнү жандырылып, булардын эркинен тышкары себептер тактала баштайт. Таякталган келиндин сүйлөшкөн жигити Сапар ал эми анын учурдагы күйөөсү Улугбек Сапардын теңтушу жана классташы эле да, Сапар Ооган согушунан кайтпай калгандан кийин буга үйлөнгөн болот. Бирок обу жок кызганычка алдырып ара-чолодо Сапардын аты аталса эле кызыраңдап: «Кайжериңден өпчү эле. Көрсөт шуркуя!»-деп кол тийгизгенге чейин барчу себеби дайындалат. Андан ары бул окуяны эрксизден угуп калган өспүрүмдүн оозунан эшиткен эненин ички муңу төгүлүп, баласынын элеси, ага карата өчпөгөн энелик сагыныч баяндалат. Буга параллель эненин сагынычы, кусалыгы түш көрүү коштолуп эч качан бүтпөгөн күйүттүн илеби таасын тартылат. Оогандык согуштун каарын баяндоо муну менен чектелбейт, автор Сапардын куралдашы ошол жактан майып болуп келген Жунустун оор тагдырын, ага карата чөйрөсүнүн кайдыгер, а тургай жийиркеничтик(афгандык инвалиддин психикалык абалынан улам) мамилесин, жоокерлердин согуштук күжүрмөндүгүнөн бир-эки сценаларды кошуу менен бул теманы турмуштук актуалдуулугун белгилөө аракетин көрөт. Советтик деп «тынчтыктын коргоочусу» катары ураан көтөргөн системанын бизге эч жамандыгы жок Афганстанга «тынчтык орнотуу» үчүн жүргүзгөн агрессиясынын куну канча экендигин көркөм формада аңдоо аракетин жасагандыгы жаш калемгердин турмуштук позициясынын туура жолдо экендигин гана белгилейт
Жазуучунун алгачкы жыйнагында бардык эле аңгемелеринде кейипкердин жүрүм-турумунун логикалуу чен өлчөмүндө сактала бербеген жагдайлар деле жолугат. Мисалы, «Периште болуп келди» аңгемесинде калемгер кейипкеринин атасына болгон сагынычын, жалгыз бой энесине бакыт тилеген аракетин анын үчүнчү класстагы окуучусу(айылдык баланын) мунусу үчүн апасына жубай издегендиктен гезитке жарыя бериши азыркы күндүн чындыгын төгүнсүз билдиргени менен баланын психикасынын реалдуулугун жетиштүү даражада чагылтат деш кыйын. Мындан көрө автор баланын кыялый дүйнөсүнө басым жасаса ынанымдуу чыгат беле деген ой келбей койбойт. Турмуш чындыгын фактографиялык денгээлде түзүү аракеттери анын бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн жашоо образын түзгөнгө диттенген «Кылмышка тете жаза», «Васька» аңгемелеринен да жолугат. Адам баласынын кара мүртөз, саресептиги менен биринчи жолуккандардын психикалык жактан сынуусун чагылтуу «Күнөөсүз күнөөлүү», «Бир кулач жип» чыгармаларынын фабуласын түзүүдө. Мугалимдик кесипке дилгирленген Сайракандын демин өзү окуган мектепке келгендеги саат талашуу менен чүнчүтүүгө бардык «педагогикалык чеберчиликтерин»мурдагы агай-эжейлеринин, азыркы коллегаларынын кылыктары өчүргөндүгү «Күнөөсүз күнөөлүү» аңгемесинин сюжеттик чыңалуусун түзсө, алгачкы махабатын арнаган жаш жигиттин баш кошкон жарынан венерикалык ооруга чалдыгышы менен бардык аялзатынан, а тургай жарыкчылыктан көңүлү сууп, өз жанын өзү кыйгандыгы кийинкинин өзөгүн ээлейт. Албетте, турмушта мындай окуялардын болушу толук ыктымал, бирок каармандардын жүрүм-турумунда негедир көркөм чыгармага зарыл делинген мотивациянын себеп, натыйжалык диалектикасы жетишпегенсийт. Сайраканды курчагандардын ичинен бир дагы чыныгы педагогикалык сапатка ээ адамдын жоктугу, Аскардын сүйүүдөн жолу болбогондон кийин улуу-кичүүдөн насаатты же мурда, же азыр айтуучунун, теңтуштары менен учурунда «тажрыйба» бөлүшкөн моментинин чагылтылбагандыгы эмне менен түшүндүрүлөт. Ага себеп бирөө гана. Ал автордун турмуштун, мезгилдин татаалданышынан улам адамдардын нравалык планкаларынын төмөндөшүн, мүмкүн деградациялык абалын айрым жашоодогу мисалдар менен таасындап, жан дүйнөнүн агарышына астейдил түрткү бермекчи болгон чыгармачылык маданиятында.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылыгында туруктуу орун алган тематиканын бири-балдар адабияты. Бул жагынан караганда жаш делинген менен эр ортонуна келип калган автордун изденүүлөрү бир топ бараандуу. Анткени ал балдар түшүнүгүн көркөм түзүүгө келгенде кейипкерлеринин аруулугун аныктоочу лакмустай жаратылышка болгон катышын биринчи орунга чыгарат. Бул алгылыктуу ыкмадан, себеби, таза дүйнө аркылуу байоо, эч нерсеге булганбаган, куулук, шумдугу жок таза жан дүйнө ээлеринин аң-сезим морфологиясы, толук ачылуу өбөлгөсү түзүлөт. Муну автор эффективдүү пайдаланууга жетишүүдө. Алгач мындай өнүмдүүлүк анын «Күн кызарып батканда» наамдуу аңгемелер жыйнагында орун алган балдар үчүн жазылган жыйырма төрт чыгармасынын мисалында байкалган. Кийин бул жакшы жышаан традицияга айланганын Ж. Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!», «Көктөмдө калган кубаныч» аталыштагы балдар үчүн делинген аңгемелер жыйнагы далилдеп турат. Мында да ал өзүнө таандык ыкманы ийкемдүү колдонуу менен кичинекей кейипкерлеринин жан дүйнөсүн жаратылышка алакалары аркылуу турмуштун жоопкерчиликти талап кылган жагдайларына тушуктуруп, сөз менен иштин дистанциясын, убада менен анын аткарылышынын ортосундагы уят, абийир, өтөлүнө чыгуунун кубанычы, демөөрсүү, улуулардын алкоосу, жетине албоосу менен кейүүсү сыяктуу түшүнүктөрдүн жарыкчылыктагы баасын чечмелеп, буларды курак өзгөчөлүгүнө ылайык айкындап берүүгө жетише алгандыгы автордун чеберчилигинин өсүү жолунда экендигинен кабар берүүдө.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык биографиясында эссе формасындагы, повесть жанрындагы да жаралгалар жолугат. Эссе бир караганда оңой жанрдай сезилет. Ал эркин композициядагы чакан көлөмдүү, конкреттүү себеп, предметтерге карата жеке таасир менен ой жүгүртүүлөргө ширелген чыгармалар, тактап айтканда, бир шилтемдер түрмөгүнөн турат. Эреже катары эссе субъективдүү маанайда болот да, трактовкага алынган предметке карата мамиледе тарыхыйлык, биографиялык, илимий-популярдык, публицистикалык, адабий-сындык, а тургай философиялык ой жоруулар орун алып, беллетристикалык сапатка ээ болот. Ушул жагынан алганда эссе жанры татаал формалардын бирине кирет. Жогоркудай ой жоруулардын болушу, ошол эле учурда көлөмдүк жактан ар бир ой толгоонун чакандыгы эссенин стилинин өзгөчөлүгү болушун талап кылат. Анда образдуулук, учкулдук (афоризмдик) менен бирге сырдаканалык маекке чакырган интонация менен лексиканын органикалык жуурулушу башкы шарттан. Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу чыгармасында жанрына таандык сапаттардын баары орду менен турат. Ишенимдин философиялык маанисин чечмелөө менен удаа эле биографиялык этюддарга экскурс берилет да, дидактикалык мазмундагы турмуштун бир шиңгилдери оро-парада кеп тизмегине тартыла берет. Не аңгемеси чыкканга карата коллегаларынын мамилеси болобу, не түшүнө тоолору кирип оңолуу жолуна түшкөн жигиттин тагдыры болобу, аскердик турмуштан бир картина болобу, айтор баарында тең купуя идея, таалимдик таасири күчтүү.
Ж. Осмонкуловдун калеминен жаралган «Канкор желдет» жана «Комиссардын жез тумшугу» наамдуу повести менен болумушу окууга кызыктуу жазылган. Кызыктуулугу окуя жагынан эле эмес, биринчи планда турган адам тагдырларынын болжогус татаалдыгынан. «Канкор желдетте» автордук каарман «мен» аэропортто илхамы келип алаксый түшүп, документтерин, билетин, акчасын алдырып сыйда калган маалда боорукер Павел Букреев деген абышкага жолугуп аны менен маектешкен болот. Кайрымдуу саналган абышка кезегинде НКВДнын номур биринчи желдети болгондугун өз оозунан угуп селейген каарман менен бирге окурман да кыжынат. Бирок аны желдеттик озуйпасына караганда адамдык тилеги, натурасынын тазалыгы мезгил жана система тарабынан коюлган талапка караганда жогору экендигин «Саша Дуйов» жана башка наристелерге жасаган мамилесинен байкалып окурмандын жан дүйнөсүнө катарсис тартуулайт. Повестте жана болумушта сыртынан караганда байкалбаган, бирок ички проблемалык окшоштук бар. Бул айтылуу өткөн кылымдын 37-жылдагы репрессиянын курмандыктары тууралуу сөз.
Повесть 1991-93-жылдары жазылган. Ал эми болумуштун бүткөрүү датасы белгисиз. Жазылган мөөнөткө байкоо салганда ал учурда коомдо өткөнгө нигилисттик мамиле кылуу, системанын чүмбөтүн сыйыруу, көөлөө сыяктуу тенденция айрыкча күч алып турган. Ал эми Ж. Осмонкулов мындай гипнозго чалдыкпастан, аны бир беткей сүрөттөө менен өзүнө упай топтоого ашыкпагандыгын байкайбыз. Ал өткөн учур экендигин айкын түшүнөт жана аны ошондой толеранттуу кабыл алуу зарыл экендигин замандаштарына туюнтууга ашыгат. Сөз арасында эскерүү керек, мындай позиция анын эссесиндеги фрагменттерден да аңдалууда.
Ж. Осмонкуловдун адабияттагы орду, изденүүсү, бир сөз менен айтканда актуализацияланган темаларды иштөөдөн эмес, нукура актуалдуу жана улуу муундагы жазуучуларыбыз инерция боюнча батына албай турган темаларды көркөм даражада чагылта алуусунан көрүнүүдө. Ал али аз жазды десек болот, ошого карабастан мазмундук, идеялык, тематикалык жагынан алганда өзүнчө чыйырга ээ жолду басканы айкын. Демек, дагы далай чыгармачылык жолдор, изденүүлөр муну менен бирге ийгиликтер али алдыда. АК ЖОЛ сага калемгер!
МАЗМУНУ
Жапарали Осмонкуловдун өмүрүндөгү урунттуу учурлар
Атасы Адашкан Осмонкулов жөнүндө
А. Камалов. Кабарчы жашайт айылда
С. Жусуев. Тамыр жайган ак чынар
Дүйшөндөрдүн акыркысы
А. Абыкеев. Осмонкул уулу Адашкан
Жапарали Осмонкуловдун макалалары
Кайык кайда баратат? Же руханий дүйнөбүз не болот?
Рамис Рыскулов.«Эл дүйнөсү» журналына
Кыргыздан Чацкий чыгаар бекен!
Эсиңе кел, кыргыз!
Кылымдарды карыткан Жусуп Баласагын жашай берет
Ысымыңды айт, ким экениңди айтып берем
Балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берели
Ар кандай тил коргоого муктаж
Өткөндү жаман десең, келечек сени замбирек менен атат
Куудулдардын саны көп, а сапатычы
Калоосу болсо кар күйөт, же бизге кандай партия керек?
Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?
Сөз кудурети — эл маданияты
Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт!
Манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү
Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгы жөнүндө ой пикирлер, макалалар, интервьюлар
Кадырбек Матиев. Дарбаза ачык дайыма
Бактыгүл Чотурова. Жапарали жактырган Распутин
Ибраим Абдувалиев. Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук
Н. Бөдөшова.«Жакшылык арттырчы, адам»
Садык Алахан.«Күн кызарып батканда» сыйлыкка татыктуу
Д.Шабданов.Ой-чабыты терең жазуучу
А.Мурат. «Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»
А.Абыкеев. Жапарали
Мамат Раимжанов. Кылым карытаар көз ирмем
Сүйөркул Тургунбаев. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Т.Самудинов. Балдар дүйнөсүн аралап
Асан Жунусов. Төгө бер, Жамгыр!
Ильгиз Талип. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Максатбек Казакбаев. Көкүрөгү көркөм калемгер
Б.Абдубалиева. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
С.Маймулов. «Төгө бер, жамгыр!»
Закирбек Эралиев. Өмүр, мейкиндик жана чексиздик
А.Эгембердиева. Өмүр жөнүндө чыгарма
Сүйүнбек Ибрагимов. Көз ирмемдин сабактары
Рамис Рыскулов. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Үсөнбек Асаналиев. Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет
Турдумамбет Кызалаков. «Жапарали окурмандын сезим-туюмдарына чаң-тополоң түшүрөт»
Айчүрөк Макешова. Кылымдын көз ирмемдери
Гүлбарчын Якубова. Кыргыз интеллигенциясы кыргызча ойлонбой калыптыр, биздин трагедия мына ушунда
Калыбек Байжигитов. Ишенич алыш сага милдет
Айчүрөк Макешова. «Эл-журт жакшы чыгармаларга суусап турган кези»
Ибрагим Абдувалиев. Көз ирмем өмүр
Үмүт Култаева. Жаз жандуу Жапарали
Мырзабек Жумаев. Жол атасы — из, же адабият жана соңку муун
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Достарыңызбен бөлісу: |