Осмонкулов Ж. А., 2008. Бардык укуктар корголгон


Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?



бет4/10
Дата11.07.2016
өлшемі0.89 Mb.
#192225
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?
Кийинки учурда адамдар жер үстүндө боло турган акыркы заман жөнүндө көп сүйлөй турган болушту. Чочулап да жатышат, бирок, акыркы заман качан болот, каерден башталат, азырынча бул суроого эч ким жооп берелек. Божомолдору, айткандары олуялыктарча дайыма төп келчү кудайдын китеби Библия да акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды эскертет. Акыркы заман асмандан келээрин да алдын ала айтат. Чын эле ошондой акыр заман келип калдыбы? деген суроолор албетте ар бирибизди бушайманга салышы ыктымал.

Мындай үрөй учурчу жаман-ойлор кылым тогошкон жаңы миң жылдык алмашкан доорго туш келгени сөзсүз ар бир тынчтыкты сүйгөн жүрөктү кооптондурбай койбойт. Ишенип, ишенбей да кетесиң. Дасмияңын бүткөнү ушубу деп аргасыздан өткөн жана азыркы өтүп жаткан өмүрүңө саресеп саласың. Акылга сыйбас болуп көрүнгөн мындай божомолду канчалык четке каккың келсе да, адамдардын табигый каалоолору тынчтыкта жана бейпилдикте өмүр сүрүү болгону менен алардын арасында бири-бирин жек көрүүчүлүк, биринин үстүнөн үстөмдүк кылуулар, өлтүрүүлөр уланып, оорулар күчөп, табийгаттын катастрофалык кыйроолору адамзаттын үшүн биротоло алып жатса аргасыз ишенип да кетет экенсиң. Укмуштуудай ырайымсыздыктан, таш боордуктун мисалы катары адамдар бири-бирин катаалдык менен кыйноо жана массалык түрдө өлтүрүү үчүн газ камераларын, концлагерлерди, атомдук, ядролук, аты жаман химиялык кыйроолорду пайдаланышкан жана пайдаланып жатышат



Канды суудай агызган, башкарууга мүмкүн болбогон биринчи дүйнөлүк согуштан алда канча талкалоочу күчкө ээ болгон экинчи дүйнөлүк согуш келген. Экинчи дүйнөлүк согушта биринчи жолу массалык кыйроо алып келген атом бомбасы пайдаланылган. Экинчи дүйнөлүк согушта 50 млн. адамдын бейкүнөө өмүрү кыйылган. Сабак болчу экинчи дүйнөлүк согуш жөнү жок атаандашууларды токтоткон жок. Кайра күчөттү. Азыр айрым официалдуу кыскартуулардан кийин да, дагы жер жүзүндө 10 000ден 20 000ге чейинки жардырууга даяр турган ядролук куралдар адамзатты жер үстүнөн жок кылуу үчүн жатат. Бул куралдар экинчи дүйнөлүк согуш маалында чыгарылган өрттөөчү күчтөрдөн 1000 эсе көптүк кылат. Пайдасы жок согуштар күчөдү, согуштун айынан кээ бир өлкөлөрдө ачарчылык башталды. Жакырчылык, ачарчылык болгон жерде медицинанын алы жетпеген оорулар, эпидемиялардын чыгаары шексиз. Акыркы заман асмандан, же жерден эместигин, ал өзүбүздөн, адамдар өзү ойлоп тапкан кыйраткыч куралдан, жөнсүз ядролук жардыруулардан, зордук-зомбулуктан, үстөмдүк үчүн күрөшкөн түркөйлүктөн, акыры барып сен өлсөң, кыйрасаң, жер үстүнөн жок болуп кетсең да мейли, мен аман болсом болду деген кайдыгерликтен экендигин эми аңдап-таанып билдиңизби окурман. Адамзат муну билбейт дейсизби? Эң сонун билет. Билип туруп жер планетасынан башка жашоого мүмкүн болгон база издеп жатканы ошондон. Мындай аракеттер 12-апрелде СССР деген чоң өлкөдөн космоско биринчи из салган Ю. Гагаринден кийин дүйнө коомчулугу бири-биринен жашыруун программаларды иштеп чыгып, жапырт киришкен. Артта калып, шерменде болуп калуудан корккон америкалыктар СССРден мурун асман алптарын айга кондуруп, айдын топурагын алып келишти. Миллиарддаган каражаттарынын көзүнө карабай башка планеталарды изилдей баштады, ага чейин СССР деген зор өлкө кыйрады. Коммунистер жашаган өлкөнүн кыйроосу менен дүйнөдө үстөмдүк үчүн жүргүзүлгөн күрөш күчөй баштады. Кечээ борбордук Россияда, бүгүнкүнүн сенсациясын жар кылышты. Сенсация Кыргызстанда, же ушуга окшогон мамлекетте эмес, Америкада катталган. Оризон штатындагы космосту изилдөө борбору жылдыздар системасында жайгашкан планетанын сигналдарын кабыл алышкан. Бу дүйнөнү таңкалтырган чындык жана факт. Ушундан кийин 39 миң жарык жылына барабар болгон планетанын сигналдарын кабыл алган америкалыктарга таң калбай койбойсуң. Сенсациялуу кабар жаңы үчүнчү миң жылдык алмашкан, акыр заман боло турган мезгилине туш келгенин карабайсыңбы. Учуучу тарелкалар жөнүндөгү окуяларга ишенүүдөн жана бөлөк планеталардан тирүү жандыктарды изилдөөдөн үмүттөрү үзүлбөгөн америкалыктар өздөрү долбоор түзө башташты. 1961-жылдары орус баласы космос мейкиндигине чыгып тарыхта калса, айга асманалптардын десантын таштаган америкалыктар дүйнөдө өзгөчөлөнө алышты. Адам жашай турган планетаны табыш керек эле табышты. Ай планетасы адамзатты кучагын тосуп алууга жөндөмсүз болсо да, Марс планетасында адамзаттын баласы жашай ала турган компоненттер бар экендигин илим далилдеп койду. Көп жылдык изилдөөлөрдүн акыбети кайтты дешет дүйнө аалымдары. Кылым тогошкон акыркы мүнөттөрдө пайда болгон мындай сенсациялуу кабарды дүйнө коомчулугу кандай кабыл алат билбейм, бирок акыр заман келчүү болсо Марс планетасынын экинчи дүйнө болооруна ишенген илим адамдары, ал жерде колония уюштурууну ойлонуштуруп жатышат. Кадимки эле колония. XIX-XX кылымдарда франциялыктар, англичандар, испандыктар, америкалыктар, орустар уюштурган зомбулук менен басып алган колониялар сыяктуу колонияларды уюштуруу чоң масштабда пландаштырылып жатканы чын. Анткени жогорудагы улуу коңшуларда космодромдор, космос кораблдери, космос спутниктери бар эмеспи. Колдо бар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып Марсты изилдешкени ошондон. Атмосферасы көбүнчө карбондиокситтен турган Марстын уюлдарында жетишээрлик суу чыга турган ири мөңгүлөрдүн запасы бар экени аныкталды. Мөнгүдөн адам иче турган жарактуу суу алыш үчүн алардын каршы тарабына өлчөмү туура келген күзгүлөрдү жайгарышып, аларды эритсе, албетте, дарыя жана көлмөлөр пайда болот. Суунун жээгине тез өскөн, чоң, жазы жалбырактуу өсүмдүктөр, бак-дарак отургузулат. Ал эми Марска отургузулган бак-дарактар, жашыл өсүмдүктөр планетанын атмосферасындагы карбондиокситке кошумча абага кислород бөлүп чыгарат. Кислород адамдын жашоосундагы эң бир маанилүү булагы экендигин айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи. Белгилүү бир убакыттын ичинде Марс планетасында Эдем багындай кооз, жашыл бак, өсүмдүктөр фаунасы пайда болсо кислород да көбөйүп, климат өзгөрүшү турган иш. Ким билет, балким, адам баласынын жашоосу үчүн да ыңгайлуу чөйрө түзүлөр. Күч келсе космосту багындырган адамзат өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алар. Марста жайланыша турган биринчи колониянын, алгачкы мезгилинде адамдардын жабык теплица өңдүү жайда жашашы пландаштырылууда. Анын сыртына чыгаарда атайын кийим кийишет. Ал кийимдер климаттын күтүлбөгөн, каардуу соккусунан сактоого жардам берет. Биринчи колонизаторлор америкалыктар, индиялыктар, же орустар болобу али белгисиз, бирок биз эмес. Биз бир убакта цивилизациясы жогору өнүккөн Атлантида, Майа мамлекеттери сыяктуу белгисиздикке өтүп кетебиз. Ошондо да капчыгы толо, дүнүйөсүн түгөлдөй албагандардын күнү тууйт. Алар дүнүйөсүнүн зордук-зомбулугу менен ит, мышыгын кошо жүктөп, космос кораблин арендага алып Марсты көздөй көчө башташат. Далай төлгөсү төп келген диний адамдар Библия китебин бетке кармап төгүн жерден «акыркы замандын күндөрү келип калды» деп чуу салбагандыр. Акчалуу болсоң байлардын катарынан орун алып, кораблине катталып, Марска шайлана бер. Эртеби, кечпи, бир мезгилде адамзаттын Марс планетасында жашоосуна туура келет. Мындай ишенимге мен «акыр заман» келип калганынан келген жокмун.

XXI кылымда илимий-техникалык прогрестин, Ала-Тоону мекен кылган элдин өкүлү да Марста жашоосуна ишенели.



«Эркинтоо», 29-май, 2002-жыл

Сөз кудурети — Эл маданияты
Байыртадан эле кыргыздардын кыргызды кыргыз кылып таанытып келаткан коом маданияты, сөз маданияты, көөнөрбөс тили болгон. Ушу күндөргө чейин маданияттын тарыхтын, ата салттын, мамлекеттүүлүктүн улуу касиеттерин муундан-муунга сактап келген ажоолуктун улуу бийлигине таң бербей койбойсуң. Анткени кыргыздар түрк деген этноним пайда боло электен алда мурун жашашкан, тарыхы, маданияты, каада-салты, байыркылыгы бар, ак чокулуу Алатоону элестеткен ак калпагы менен дүйнөгө таанылган таалайлуу эл.

Азыркы ажолуктун Алатоосунда Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү болуу менен дүйнөгө таанылып, демократиялуулуктун туу чокусуна бараткан XXI кылымдын босогосунда да өз тилин, салтын, тарыхын сактап калды.

Бекеринен кыргыз эли айкөл Манастын жети осуятын тандап албаган чыгаар. Улуттук тарыхыбыздын жаралгандан түптүүлүгү, байыркылыгы бар экендигин далилдеп келаткан мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси-тил. 1293-жылга таандык Орхон Энесай жазуулары байыртадан эле кыргыз элинин жазуусу болгондугун айгинелейт. Арадан канча ирет калыптанып, кайра кыйрап отуруп, ортодон 700 жыл өткөндөн кийин өз алдынчалуулукка жетишишибизге тилибиздин туруктуулугунан деп билиңиз. Тилдин улуулугу, көптөрдү тамшандырган көөнөрбөс касиети уруу-уруу болуп жашаган жоокерчилик заманда кылы кыйшайбаган. Кайра өнүгүп өсүп отурган. «Манас» эпосу баштаган эпос, дастандар, ырлар, жомоктор жаралган. Кайсы доордо болбосун кыргыз эли карыга карамдуу, кедейге кайрымдуу, жашка таалимдүү болгон. Катылган душманы болсо убай-чубай жөнөшкөн. Катылгандын катыгын беришкен. Эли-журтунан бөлүнүп «Мен силерге, силер мага тийбегиле» деп тетири баскан журт бузарларды өнөр алды — кызыл тилдин күчү менен «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кыргыз кетти деп, бөтөн элге сөз кетет» деп ынтымак-ырашкерликке, өз ара түшүнүүчүлүккө, достукка чакырган. «Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу», «жоону бирге жоолойлу, доону бирге доолайлы, «ала болсо алдырабыз, кула болсо куурайбыз» деп биримдикке үндөшкөн. Чектен чыккан, алакөөдөн жаштарды кеч болуп кала электе «абийириңди жашыңан сакта» деп уяткарышкан. «Айтылган сөз- атылган ок»» деп сөзгө абдан маани беришкен, сөз тарбиясынын ыгына көнгөндөрдү сыйлап келишкен, айтканын аткарышкан, убадага бек турушкан. Ошон үчүн кыргыздар кайсы доордо болбосун сөзгө бек турган, кара сөздү ыргагы менен сүйлөгөн элдердин катарына кирген. Коңшу улуттар эсептешпей кое албаган, көп элди таң калтырган.

Мисалы, XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз элинин ооз эки чыгармаларын изилдеген көрүнүктүү түрколог В. Радлов кыргыздардын эпикалык маданияты болуп көрбөгөндөй бийиктикте экендигин таң калуу менен жазган. Тил кудуретине, сөз байлыгына, көөнөрбөс маданиятына таазим эткен, башын ийген. Ага тарых күбө. «Кыргыздардын жөн жай эле сүйлөшкөн сөздөрүндөгү ыргактуу сүйлөм түзүлүштөрү, ритмикалык жактан таамай айтылган сөз тизмектери жан дүйнөңдү арбап, биринин артынан бири чууруп, ой данектери тизмектелип, кудум ыр окуп жаткандай элес калтырат. Кыргыздар сөзмөрлүгү, чечендиги менен айрымаланган эл экен»деген ой пикирин жазып кеткен. Ушуга тете ойлорду Ч. Валиханов, С. Абрамзон, В. Жирмунский өңдүү белгилүү түрколог-окумуштуулар өз эмгектеринде ырастап кетишкен. Ааламга аты дайын окумуштуулардын жазып кеткен эмгектери, айткан ойлору менен эсептешпей коюуга такыр мүмкүн эмес. Ошондон дүйнө кыйырына «кыргыздар сүйлөп жатса да ырдап жаткандай куюлуштура сүйлөшөт экен» деген кеп тараган. Кыргыз болуп жаралгандан «Өнөр алды-кызыл тил» деген лакап пайда болгон.

Ириде, тилдин улуулугу, муюбас касиети эл жараткан ыр кошокторунда, жомок макалдарында, дастан эпосторунда даана көрүнөт. Көркөм сөз өнөрүнүн чечени атка конгон тарыхый инсандар өткөн. XIV-XX кылымдарда өмүр сүргөн айтылуу Жээрэнче, Алдар Көсө, Акыл Карачач, XVIII-XXкылымдарда эмгеги менен элге көрүнгөн Тилекмат, Сарт, Мойту, Садыр акелер, Куйручук, Көкөтай чечендер сөз, тил өнөрүн туусундай көрүп каар замандын залим төбөлдөрүнөн корпой, чукугандай сөз таап «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп мамлекеттик маанидеги маселелерди чечип эл менен элди катыштырган, достоштурган. Өз учурунда тарыхый чоң мааниге ээ болгон, олуттуу элдик дипломатиянын, элдик педагогиканын милдеттерин жүзөгө ашырышкан. Карапайым калктын турмушун жеңилдеткен. Сөз өнөрү чеберчилигин бийик тутуп, даңазалап келишкен.

Жаратманы эл болгон макал менен накыл кеп, жорго сөз менен санат сөз түгөнбөс эл кенчине айланган. Атпай журт бирде жеңип бирде ызалуу күндөрдү баштарынан кечиришкен. «Көрө-көрө көсөм болот», «Көч жүрө-жүрө түзөлөт», «Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң», «Чапкан сайын көз чыкпайт», «Сабырдын түбү сары алтын» деген макалдар ошондой күндөрдүн элеси.

Арадан канча кылымдар өтсө дагы көөнөртпөй муундан-муунга өткөрүп, сактап келген бабалар мурасын, бабалар салтын азыркы муун жерге таштабай улантып келет, өнүктүрүп-өстүрүү милдети мойнунда. Анткени улуттун, мамлекеттүүлүктүн байлыгы болгон жаңы муун кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгүнө бөркүндөй ишенет.

Эгерде сулуулук дүйнөнү сактап калса, анда кыргыз тилинде сулуулук бар. А тилдин сулуулугу кыргыз дүйнөсүн, кыргыз тарыхын, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууга тийиш. Ага кудурети жетет.



«Эркинтоо», 18-апрель, 2003-жыл

Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт!
Кайда жүрбөйүн, бу жалган дүйнөнүн учу-кыйыры жоктой көрүнгөн мухитинде Атажурт жыттанган өлкөмдүн тоо-суулары, кокту-колоту, чаң сапырылган ийри жолдору, көзгө сүйкүм адамдары көз алдыма тартыла берет. Отурсам дем, чаңкасам суу, кыйналсам арка бел болуп берет. Кайраты күч, касиети мол. Себеби тоодо төрөлүп, тоодо торолгон кыргыз тоосуз жашай албайт. Анткени, ал бул дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетет. Ак чокулуу тоосун карап турбаса, курсагы ачат, кусага батат, руху бөксөрөт. Ошон үчүн кайда жүрбөсүн, кайда турбасын тоолордон бүткөн Мекенин сагына берет. Мейли, айга учуп кетсин, мейли түпкүргө түшүп кетсин, Мекенине сөзсүз кайрылып келет. Пенде болгондон кийин анын кайрылып келчү жери болгону жакшы.

Көптөрү «Мекен кайдан башталат?» деп сурашат. Бири ийин куушурат, экинчиси чала моңол түшүндүргөн болот. Бирок, сен анысына, мунусуна да ынанбайсың, себеби жообу ынанымдуу чыккан жок. Ошон үчүн билип ал, Мекен кайдан башталаарын. Ал бул жалган дүйнөгө ыңаалап түшкөн энеңдин этегинен, көзүңө жылуу көрүнгөн бешигиңден, тай-тайлаган ата-энеңден, гүл жамынган өзөн-тоолордон, ийри-буйру жолдордон, сен туулган айылдан, үйдөн сенин Мекениң башталат. Башталган жерден ыйыктын-ыйыгына айланат. Коргойсуң, коргоносуң. Үйүң болсо Атамекениң болот, ал болбосо көрүнгөн жердин эшигин сагалаган жолбун иттен айрымаң болбойт. Анткени, Атамекен экөөбүзгө тең. Аны бөлүп ала албайсың, ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болот. Биримдиги, бирдиги, кубаттуу болушу сенден, менден.

Ошон үчүн да аркайган ак калпак кебетеленген жер түркүгү- Ала-тоо, акактай тунук, кудаанын чөйчөгү сымал керилген, жер бермети- Ысыккөл Теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши экендигин миң сырлуу, миң кырдуу дүйнө кыйырына даңазалай берүү менин, сенин милдетиң.

Даңазалоодон мен чарчабайм, себеби Мекендин деми мени чарчатбайт, алга сүйрөйт, көтөрмөлөйт, кубат берет.

Арийне, дүйнө кыйырына даңазалагандай Мекениң сага эмне кылып берди? деген суроо менен сени бирөө жарга такашы мүмкүн. Сен ага терикпе, түртүп сал, себеби, ал шайтандын сүрөөсү менен айтылган сөз. Ириде, сен энеңдин этегинен түшкөндөн Мекендүү болгон жолдуулугуң менен сыймыктанууга тийишсиң. Ырасында, Мекени бардын ырысы бар. Сен ошо Мекениң үчүн бирдеме өстүр, эмгек кыл, дөөлөтүн көтөр. Мамлекет мага эмне кылып берди дештен абал, сен ал үчүн эмне кылып бердиң, эмне кыласың, ошону ойлон. Ошондо өнүгөсүң, өсөсүң, дүйнө кыйырына атың кетет, өз да, бөтөн да сыйлайт. Ошондуктан сенин, менин жүрөгүмдө оргуп турган эң кымбат сезим-Ата Мекенди сүйүү болушу лаазым. Биз ким болбойлу, кайда жүрбөйлү, тагдыр бизди кай тарапка алып барбасын, сасыган сазы бар миң чиркейлүү токоюнабы, мейли, чокусунан ак кар кетпеген аска тоосунабы, мейли, учу-кыйырсыз мелтиреген мухитинеби, мейли, көз нуру жетпеген аалам чексиздигинеби, же аптабы мээ кайнаткан эрме чөлүнөбү, айтор, сен сөзсүз Атажурт деп аталган жерге айланып келээриң бышык. Анткени ар кимдин туулган жери- мисир.

Чирик жыттанган токоюн, ызылдаган чиркейин эңсеп, жылуу, күнөстүү аймактан жыл бою ызгаар кетпеген тундрасын өөдөсөнтүп, тоонун таза абасын, мөлтүр кашка сууларын танып, кум эшилген эрме чөлүн бардыгынан артык көргөн учурлар бар. Себеби шуудураган токоюнда, тоо желинде, өзөн-суусунда эшилме кумуна, кол үшүткөн аязына, көнөктөп жааган жамгырына, жер жайнаган гүлдөрүнө, так түйүлгөн айбанаттарына, дирилдеген жалбырактарына, киндик каны таамп, ата-бабалардын изи калган, жашап өткөн.

Атажурт гана сагынуудан саргайып кеткен дилиңди тазартат. Рухий дөөлөтүңдү өнүктүрүп, кайгы-муңдан азап чеккен чаңкооңду кандырат. Ар кандай күтүүсүздүктөн сактап, рухий жашооңо дем берет. Сен ансыз эч нерсе эмессиң. Атажурттан эч качан ажыроочу болбо, коргоо ыйык, өнүктүрүп өстүрүү парзың.

Арийне, мактоодон же мактангандан дардайып кетмей жайыбыз бар. Жалаңкычы жалаңдатып кылычын сунуп, асманын таштап ийсе да, «Жакшы», «Кудайга шүгүр, аманбыз!» дешет биздин эл. Бар, жокко каниет кылып, жакырлыктан амандыкты, кайгы-муңдан жакшылыкты тилеген, жаман да болсо жакшы деген элдин улуулугу, байыркылыгы ушундабы деп коем. Канткени менен кудаанын күнү менен түнү, жаманы менен жакшысы, азабы менен жыргалы бар. Анын сыңарындай, Атажурттун сыйрылган жерин бүтөй албай бушайман жеген күндөрүбүз жок эмес. Былтыркы жылы балдарым менен ыйыктын ыйыгы деп эсептеген Ысыккөлгө эс алганы барып, боорум толгонду.

Көздүн карегиндей сактай турган ыйык көлүмдү сактай албай, жер үстүндөгү кудайдын бейиши экендигин далилдей албай, жээгинде телмирип отурдум. Агарып, таңдын нуруна киринген көлүм мемиреп тынч.

Мындай ээндикте суук тумшугун сууга малып ийчү тынчы жок ак чардактар да даай албай, көктө асылып тургансыйт. Көөдөндү кытыгылаган сыйкырдуу күч отургуза койбой этек-жеңден тартат. Кызыл ашыгым сууга түшкөндө ботосун сагынган боз ингендей жылуу илеби назик аймалайт. Эркелейт, эркелетет. Көлдүн касиетин, айыктыруучу күчүн ошондо дагы бир жолу сездим. Ошо мүнөттө көңүлүм куунак, оюм тунук, жаным бейиште тургандай чексиз бактылуу элем. Жылуу сезим анча узабады. Аңгыча көлгө агылгандардын кара туманы каптады. Жаралгандан топуктуу тыным албай күн кечкиртип, кылымдар бою кызмат үстүндө жүрсө да, кабагым кашым дебей, келген кишиге көкүрөгүн ачып берип көнүп калган сыйда бетинде майда толкундар жыбырады. Бу көлдүн ойгонушу, ак кызматынын башталышы. Келгендерди ойлоп, кызганычым териме батпай турду. Себеби келгендердин кара баткагына салып бердик. Дүнүйөгө туйтундук. Келгиндер бирде азайды, бирде көбөйдү. Аягы соолуп калган жок. Келип атат. Ичинде ниети бузугу, арам тамагы, колу булганганы, тери оорусу бар. Кыскасы, булганууда. Көз алдыбызда дасмиясы түгөнүп баратканы жоктой жалжактайбыз. Сактоо, барктоо, коргоо, түшкө кирбей алганды билдик, бере элекбиз. Алуунун устасына айландык.

Аруулуктун, сулуулуктун, тунуктуктун Мекени болуп калуусу керек эле, тилекке каршы, ичер суусу түгөнчүдөй түрлөнсө «Мынча болду дагы чыда. Артыңда сени сүйгөн, кадырлаган урпактарың бар. Жалгыз калбайсың көтөрүп алат. »-дегиң келет.

Ошон үчүнбү жерибиздин ыйык жүзүн, делбиреткен ырахатын туюп, чын дилибизден сүйүп калуу вазийпасы менен төрөлүүбүз абзел экендигин жээгинде отуруп аңдадым. Көлүм мага шык берди. А шык бу зор күч. Күчтү элдин жыргалчылыгы үчүн жумшоо ар бирибиздин милдетибиз. Милдет-аткаруу, ишке ашыруу. Ишке ашырчулар-адамдар. Алар-элдин, жердин байлыгы. Демек, сен адамдарың менен сыймыктаанар жөнүң бар. Анткени алгачкы жаралуудан берки турпатыңды сактап, келечегиңе кам көрүп келаткан ошолор эмеспи. Көрүнгөн кемчилигиңди ошолор оңдойт, ооруган демиңди ошолор айыктырат, нур чайган жүзүңдүн көркүн чыгарат. Болгону кичине сабыр кыл, учуру келет. Атажуртту аздектегендердин канат-куйругу өсүп, күндөн-күнгө, жылдан-жылга чыйралуунун үстүндө. Баралына толгондо жер үстүндөгү адамзаттын бейишине айланат. Ошондо дүйнөнү таң калтыра кулпурарсың. Тамшангандар көп болот. Ошентип учуру келгенде сен биз менен, биз сени менен сыймыктанаар күн келет, менин Атажуртум. Төрүндө куштар сайраган, багыңда мөмө төгүлгөн, тооңдо, көлүңдө пендең жайлаган бейиштин накта өзү болосуң. Ошондо адамзатка бейишти көрсөтөм. Бейишти көрсөтөм дегенди издешет да табышпайт, ишенбейт да, бар экен деп тамшанышат. Ошондуктан кудай сүйгөн жолоочум, бир кайрылып өтүңүз, жер бейишин көрсөтөм. Анткени, мен дайыма ошо жердемин.



«Эркинтоо», 30-сентябрь, 2003-жыл

Манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү
Бу жалган дүйнөдө мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык башка түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа-шык кошкон улуу күч пайда болот. Көзү азизди көргөзүп, буту шалды бастырган, тоону омкорткон ал кандай күч дебеңиз! Ал-Ишеним. Ал сени улуу башталгычтарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү. Ансыз сен эчким эмессиң. Себеби бул жалган дүйнөдө адамдын ишенимсиз жашоосу кыйын. Ошондуктан ал пенденин күчтүү куралы.

Биз улуу Теңирге кандай ишенсек, кыргыз элинин бактысына жаралган Манас бабабызга ошондой эле ишенимибиз артылып турат. «Манас» эпосу кылымдарды карытып, доордон-доорго оозмо-ооз түрүндө көчүп турган. Ал кайсы доор болбосун элдин ишеничи, жеңиштерге шыктандыруучу күчү, көрөр көзү, көтөргөн туусу, ырдаган ыры катары кызмат өтөп келет. Ал дүйнөдө теңдешсиз. Адамзаттын кыргыз эли аркылуу берилген улуу табылгасы, көөнөрбөс байлыгы. Ал эми Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу улуу манасчылар ошол улуттун байлыгын алып жүрүүчүлөрүнөн, келечек муундарга мурас калтырган керемет феномендеринен болушкан. Үчүнчү миң жылдыктагы манасчылардын ири өкүлү катары Уркаш Мамбеталиевди атасак болот. Улуттун сыймыгы адамдар экенине маани бербей, күнүмдүк кур тиричилигибиз менен алпурушуп жүрүп Уркаш манасчынын улуулугуна маани бербей койсок болбостур. Чынында У. Мамбеталиев — керемет манасчы. Көкүрөгүбүздүн тереңинен орун алган айкөл Манас бабабыздын образы ар убак кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого, коргоого, өнүктүрүүгө үндөп келгенин Манас айтуучулардын айтуусунда кабыл алдык. Ошон үчүн кадырман калкыбыз Манастап ураан чакырган. Манас-улуттун ар намысы, абийири күрөштөргө үндөгөн желеги, жашоонун ыры, сыймыктанган аска жөлөгүбүз болгон. Биз Манасты канчалык сыйласак, манасчыларды ошончолук сыйлоого милдеттүүбүз.

Ошондуктан ар кандай пендеге ичиңи кең салып карачу болсоң, сен талантын учурунда асырай тургандар жок эмес. Бар. Ал — биз сүйүп уккан, сыймыктана мактап келген элибиздин мартабалуу уулу, чыгаан манасчысы Уркаш Мамбеталиев. Уркаш абаны бүгүн мактабасак качан мактайбыз. Жалган дүйнөдөн көзү өткөндөн кийинки макталган тагдырдын жыргалынан, тирүүлүктө уккан жылуу сөздүн кадыры артык. Анткени адам ушу жашоосунда гана бактылуу. Манасты Манас кылган кыргыз, Кыргызды кыргыз кылган Манас. Бу да бактылуулук. Кыргыз бир күнүн Манассыз өткөрө албайт. Ал биздин бүт турпатыбызда. Ансыз жашообуз супсак. Демек, Манас ишенимин калайык калктын көкүрөгүнө ташка тамга баскандай уялткан залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү. Республикалык деңгээлдеги бир дагы салтанат ал кишисиз өтпөйт десек болот. Анткени У. Мамбеталиев өңдүүлөр Манас айтпаса жашообуз көркүнө чыкпайт, кудурети ишенимден толтосу толбойт. Манасчылар бар үчүн өз алдынча мамлекет болдук. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Журтчулугубуздун ушундай көөнөрбөс иш чараларында Уркаш аба бабырап Манас айтты. Көптөгөн башка улуттун өкүлдөрүнүн көкүрөгүнө кыргыздын байыркылыгынын, улуулугунун, түбөлүктүүлүгүнүн, келечектүүлүгүнүн элесин сүрөттөп, сүртүп өттү.

Эртең кыргыз кыйырына аттын кашкасындай таанымал манасчы 70 жылдык торколуу тоюн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу майрамдоонун алдында турат. Бу да болсо ак эмгегинин акыбети кайтканы. Бу күнү Уркаш абаны катардагы окуучудан мамлекеттик ишмерлерге чейинки рангдагы адамдар куттукташат.

Мен Манасчы У. Мамбеталиевди 2001-жылы июль айында гезитибиздин 10 жылдык юбилейинде көрүп, жакындан тааныштым. Салтанатка арналган концертке «Манас» айтып берүү демилгеси менен кайрылды. Мен макул болдум Ошондо Уркаш акенин Манасы зал ичин муютуп койду. Буркан-шаркан түшүп, чын дилинен айтты. Чоң таасир калтырды. Ушундай улуу Манасты ичине батырып жүргөн айкөлдүгүнө таң бердим. Жибектей созулган мүнөзү, ишээнчек бала кыялы жөнөкөйлүгүнө бап келип турду. Эки-үч курдай ырларын гезитке жарыялоого жардам бердим. Интервью алдым. Кийин Туркиянын Ван көлүнө, кыргыздарга барган таасирлерин кынаптап жазып келген жол очерки да сандан-санга кеткен.

Уркаш аба жогорку окуу жайынан окуп, жогорку билим албаса да көкүрөгү көркөм манасчы эли журтуна билимдүүлөрдөн өйдө ак кызматын өтөп келет. Жетимиш куракты басып турганы менен басканы шайдоот, акылы зирек. Республикага эмгек сиңген пенсионер болуп, ардактуу эс алууда жүрсө деле карыялык акыл-насаатын жаш муундар менен бөлүшүп келет. Манас айтуучуларга гана таандык бардык баскычтагы касиеттерди башынан кечирген. Түш көрүп, түшүндө жакшы иш көрүп айкөл Манас, Бакай аксакал, Эр Кошойлор менен жолуккан, батасын алган, Манас айта баштаган.

Дегеле ар бир пендеде өзүнө гана таандык шык-жөндөм, талант болот. Бирок көбү талант-шыгын учурунда сезбей өмүрүн өткөрүп жиберишет. А айрым бирөөлөргө бирөөлөрдүн арка-жөлөгү керек болуп, чыгармачылык эргүү жаратышы мүмкүн. Так ушундай бактылуу учур Уркаш абада да болуп өткөн. Ал улуу Манасчы Саякбай Каралаевди көрүп, угуп, кеп-кеңешин алып калган. Саякбай манасчыдан катуу таасирленген. Ошо кишидей болсом деп түн уйкусунан безип дегдеген, эмгек эткен. Эмгек менен талант айкалышып бүгүн минтип заманыбыздын чыгаан манасчысы жашообуздун көркүн арттырып отурат.

Уркаш аба Мамбеталиев 1934-жылы жер бейиши саналган кереметтүү Ысыккөлдө төрөлгөн. Бала чагы Түп районунун Талдысуу айылында өткөн. Атасы Мамбеталы карапайым колхозчу болгон. Уркаш аба да атасынын жолун жолдоп аскердик милдетин Ыраакы Чыгышта өтөп келген.

Эмгек жолун 1957-жылы Ысыккөл драма театрынан баштаган. Кийин жоюлуп кеткенине байланыштуу Бишкек шаарына келет. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга манасчы солист болуп ишке орношуп, ушул жерден ардактуу эс алууга чыгат. Филармонияда иштеген көп жылдык эмгеги бааланып, мамлекет башчысы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Эл артисти деген жогорку наамдарды ыйгарган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Манасчы катары «Манастын Чоң казатка аттанышы», «Кичи казат», «Көкөтайдын ашы» сыяктуу үзүндүлөр манастануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылган. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабыл алынган.

«Манас» эпосунун миң жылдык мааракесинде «Семетей» эпосунун биринчи бөлүгү өз вариантында жарык көргөн. Андан башка Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда 28 сааттык «Манастын» үзүндүлөрү кыргыз радиосунун Алтын коруна жазылган. Ал эми 1997-1998-жылдары «Манастын төрөлүшү», «Манастын колду жабдышы», «Алманбет менен Чубактын чатагы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү», «Коңурбай менен Манастын сайышы», «Каныкейдин Тайторуну чабышы», «Семетей менен Тоо балбандын күрөшү», «Семетейдин Таласка келиши» өңдүү Саякбай, Сагымбай, Молдобасан аталардын жана өзүнүн айтуусундагы концерттик программадагы үзүндүлөрдү аткарып келген. Кенже эпостордон Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда «Төштүктүн жер астына түшүшү» жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч. Түлөбердиев жөнүндө жазган «Чолпонбай» дастанын Манас обону менен айтып жүрөт. 1982-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмалары тарабынан «Арча жыты» аттуу тандамалар жыйнагын кошкондо сегиз поэтикалык китептин автору. 70-жылдык торколуу тоюна карата «Кабылан курак дүрбүтү» аттуу ырлар жыйнагы даярдалып, чыгаруу алдында турат. Азыркы тапта «Манас-мурас» коомдук фондунун жана Чүй облустук «Ташдөбө» орто мектебинде жеткинчек манасчыларга кеңеш-сабагын берип, устаттык таалим-тарбиясын үйрөтүп келатат.

Кыргыз искусство чеберлери менен бирдикте Япония, Италия, Пакистан, Ооганстан, Кытай, Туркия өңдүү өлкөлөрүндө болуп Манас айтып келген. Жакында маданият күндөрүнө карата кыргыз элине сиңирген эмгеги бааланып, ажобуздун өз колунан «Манас» орденин алды.

Уркаш Мамбеталиевди «Манас»орденинин кавалери болуу менен куттуктап, ишине ийгилик, өмүрүнө бакубатчылык үйбүлөсүнө аманчылык тилейбиз! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун, урматтуу Уркаш Мамбеталиевич!



«Эркинтоо», 3-декабрь, 2004-жыл


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет