Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон



бет4/6
Дата01.07.2016
өлшемі0.74 Mb.
#169491
1   2   3   4   5   6

КУДАЙБЕРГЕН
Жума менен Жумагүлдүн баш кошконуна он сегиз жылдын жүзү болуп калды. Экөө аптанын жума күнү төрөлүп, мектепте бирге окуп,бирге өзүшкөн. Ойноок кезде жаралган наристе сүйүү улам чоңоюп,улам көбөйүп жалындап экөөнү кучагына алган. Эки жаш онунчу классты бүткөндө эле баш кошуп алышкан. Экөөнө он сегиз жаш толбогон соң, законго ылайык келбеген соң өкмөт башында тургандар артынан түшүп, ата-энелерин убара кылып, келиндин боюнда болгондуктан араң дегенде бас-бас болуп токтоп калган. Жараткан жаштарга биринчи наристени ыраа көрбөдүбү же жүрөктүн суусун алган сурактын таасириби айтор боюндагы баласы эрте эле түшүп калган. Алар ага анчалык кейиген эмес. Ата-энелери да «башы жаш, башкасы болот» деп тим болушкан. Жума армияга барып кайра келгенде эки жаш сүйүүнүн ысык отуна жылынып барды-жокту билбей жашап жүрүштү. Бирок Жумагүлдүн боюна бүтпөдү. Ошондон бери персентсиз жашап келатышат. Мурун да ата-энеси болуп, кобур-собурдан байкашчу эмес, кийин ата-энесинин көзү өткөндөн кийин экөөнүн коколой башы калып заңгыраган төрт бөлмөлү үйдө жалгыз калганда сүйлөгөн сөзү дубалдан дубалга согулуп күңгүрөйт да турат. Аялы тамак жазап жатканда Жума жалгыз отура албай жылып Жумагүлдүн жанына барат. Иш боюнча, айыл ападагы айың сөз боюнча кеп козгоп, өткөн-кеткенди айтып жарокер аялынын жанынан чыкпайт. Анан калса Жумагүл чүрөктүн чүрөгү эле. Аппак жүзүнөн нур чачып, бакырайган карагат көзү күлүңдөп жанып өткөндө каргыштай катып калган эркектин да тоңгон жүрөгү эрип чыкчу». Атаганат менин жарым болсочу» деген пенделик ой кылт дей түшөт. Жума да узун бойлуу, алп денелүү, көңүлү жумшак, мүнөзү ачык жылдыздуу жигит. Ага далай кыз-келиндер ашык болгонун өзү да сезип, аялы да билет. Кыскасын айтканда Алла таала экөөнү бир күндө жаратып, бир күндө төрөтүп, өмүрлүк жар болгула деп бешенесине жазып койсо керек. Алланын амириби же алардын абириби Жума үйлөнгөнү бирөөнүн төшөгүн тепсеп көргөн эмес, аялы да ала жипти аттабаган азиз аял. Жарык жүзү, жарокер мүнөзү, көөнөрбөс абири менен бүркүткө окшоп караган эркектерге алдырбай жүрөт. Жума десе өпкө жүрөгүн сууруп берүүгө даяр. Айтор экөөнү Алла таала бирин асмандан алып, бирин жерден алып ширетип койгондой, бап келишкен жубайлар.

Арадан канчалык убакыт өтсө да экөөнүн сүйүүсү алиге муздабай бирин бири сыйлап, бирин бири урматтап турушат. Эл барда да, эл жокто да орой сөз ооздорунан чыкпай жылуу мамле экөөнү коштоп, колтуктап турат. Алардын сүйлөшкөн сөзүн, көз карашын, бири бирине кылган мамлесин айтып да, түшүндүрүп да болбойт». Миң ирет уккандан, бир ирет көргөн артык деп» аны көрүш керек. Алар бирин бири карашканда, каректери чагыла түшкөндө биринин оюн бири айттырбай түшүнүшөт. Кабактарына кар жаап кара булуп каптап келатса алдын ала көңүл көтөрөр сөз сүйлөп, капталдан чыккан кайгыны, басып келаткан туманды таратып жиберет. Жаңы кошулган жубайларга окшоп күндүзгү сүйүүсү түндө уланып, түндөгү сүйүүсү күндө уланып турат. Дүнүйө жүзүндө эрди катынга энчиленген эки бакты болсо бирөөнү ушулардын үйүнөн табасың. Жаштарга да, жашап калгандарга да экөөнүн сүйүүсү, мамлеси өзгөчө таасирин тийгизбей койбойт. Эл чогулган жерде, алар жокто, эрди катын тууралу ажайып мактоо сөздөр айтылып, айрымдарды тамшандырат. Бири эрин мактаса, бири аялын мактайт. Экөөнөн тең кымтык таппаган соң «вазир жакшы хан жакшы, катын жакшы эр жакшы» деп жыйынтык чыгарышат.

Антсе да «бири кем дүнүйө» деп Алла таала эки асыл адамды кемитип перзентсиз койгондугу жүрөктү сыздатат. Убакыт өтүп жаш келип калса да бала жөнүндө бири бирине сөз айтып, ооз ачкандан ийменишет. Ар кимиси бүтпөгөн жараны тырмап ырбаткандан чочулайт. Бирин бири аяшат, бирин бири сыйлашат. Барган сайын убакыт куштай учуп улгайып баратышат. Жумагүл кийинки учурда баланын үнүн укканда жүрөгү удургуп туйлап, айрым учурда сыздап чыкчуу болду. Аны эри билип, сезип жүрдү.

Ошол бактылуу мезгил кеч күз болчу. Жыйым, терим аяктап, бак дарактагы жалбырактар саргайып, өмүрү бүткөн адамча биринин артынан бири кубалашып түшө баштаган. Кечте короону шыпырып тазалап койсоң эртең менен жердин бети жалбыракка төшөлүп калат.

Жума таң менен ойгонуп, аялынын уйкусун бузбай короону шыпырайын деп сыртка чыкты. Асман шаңкайып ачылып, чымчык чыртылдап бутактан бутакка учуп конуп, бирин бири чакырып азан-казан түшүп атыптыр. Тамдын чатырында отурган көгүчкөндөр «гүү-гүү» деп адеми үн салышат.

Түнкү талыкшыган дене таза абага чыкканда чыйралып, канаттуу куштардын сайраганын укканда көңүлү көтөрүлүп, рахатка батып негедир көгүчкөндүн гүүлдөгөнүн, тегеренип бийлегенин баланын кыялына, кылыгына, ойногонуна салыштыпып жиберди. Жаратылыштын жагымдуу симфониясына кулак төшөп турганда ар жактан, көчө тараптан кыңылдаган үн чыгып басылды. Ага анчалык көңүл бурбай кампада жөлөнүп турган саптуу шыпыргыны алып короону шартылдата шыпырып кирди. Ушул учурда жанагы кыңылдаган үн дагы угулду. Бул сапар катуурак, башкача чыкты. Ал күчүктүкү да эмес, иттики да эмес баланын ыңаалаган үнүнө окшоп кетти. Жума каалгый басып дарбазаны ачса көчө боюна орнотулган узун отургучта шейшепке оролуп жаткан бир нерсе көзгө урунду. Үн ошол жактан чыккансыйт. Жакын барып караса бала экен. Узун көчөнүн баш аягына көз чаптырса адам эмес айбан да көрүнбөйт. Аалам да, айлана да таңкы тынчтыктын кучагында уктап жатышат.

Жума баланын энесин күтүп туруп калды. «Аял зарылчылык менен даарат ушатканы кеткен чыгар» деп ойлоду. Арадан алдаканча убакыт өтсө да шашкан эне жок, жакын эмес алыстан келаткан караан да көрүнбөдү. Наристе ыйлап тактай үстүндө көпкө жатып калганына жаны ачып колуна алганда койнунан кагаз көрүндү. Алып караса: «мен сиздердин балага зар болгонуңарды уккам, багып алгыла. Доом жок» деп жазып коюптур.

Кагазды окуп Жуманын бүткөн бою чымырап кетти. Оюна эч нерсе келбей тампалаңдап, дардалаңдап үйүнө чуркады. Эшикти ачып-ачпай:

- Сүйүнчү, байбиче, сүйүнчү, - деди бөлмөнү жаңырта барбалаңдап.

Таңкы уйкунун кучагында жаткан Жумагүл эринин эпсиз кубанган үнүн угуп уйпаланып башын көтөрүп сурады:

- Болсун берекем, эмне менен сүйүнтөсүң?

- Балалуу болдук, алтыным. Тур тезинен.

Бала деген сөздү укканда Жумагүлдүн жүрөгү жарыла жаздап оюна эч нерсе келбей жыпжылаңач бойдон жылуу төшөктөн атып турду.

- Эмне дедиң?

- Балалуу болдук, Жүкүн. Кудай бизге берди.

Жумагүл түш көрүп жаткансып эринин ээликкен өңүнө тигилип кайра сурады:

- Кайдагы бала?

- Бирөө таштап кетиптир. Багып алгыла деп кагаз жазып калтырыптыр.

- Эркекпи же кызбы?

- Аны билбейм, мына каты.

Жумагүл катты алып окуп эрине жалт карады. Жуманын телегейи тегиз болуп, жамалынан жалын бүркүп кубанып туруптур. Ал эринин колунан баланы алып төшөккө жаткырып ороосун ачты. Киндиги түшө элек эркек бала экен. Оролгон шейшептен колу-буту бошоп тарбалаңдаганда, балапандай кызыл эт наристени көргөндө Жумагүлдүн эт жүрөгү эзилип кетти. Катуу кармаса жука айнектей быт-чыты чыгып талкаланып калчудай наристени этият алып жылаңач денесине кысты. Чоңдугу күйкөдөй болгон ымыркай эки эмчектин ортосуна батып тамак издеп жалмалап жиберди. Жумагүл тогуз ай көтөрүп омурткасы оорубаса да, баланын карынга жатып тепкилегенин сезбесе да төшүнө жарканаттай жабышкан наристенин кыймылын, дем алганын, чымчыктын башындай жүрөгүнүн дикилдеп сокконун денеси сезип, бүткөн бою коргошун болуп эрип чыкты. Көп жылдан бери көл болуп токтоп калган көздөгү жаш өзүнөн өзү шорголоп акты.

- Ой Жүкүн, балага суук тийет, - деди маңдайында күндөй күлүп, айдай жаркырап турган Жума, - жап ороосу менен.

Баланын ороосу булганып калыптыр. Жумагүл түнкү чечип койгон ич көйнөгүн алып баланы ороп-чулгап төшүнө кысты. Өңүндө да, түшүндө да бала деп, ачык айтпаса да астыртан думанадай ак уруп жүргөн аялдын денеси ымыркайдын ысык денесинен ажырагысы келбеди. Ал канчалык тыбыраса, ал канчалык эки эмчегин тепкилесе ага ошончолук мээримдү да, жагымдуу да сезилди. Кайыптан келген баланы көкүрөгүнө басып отурганы Жумагүл үчүн түш шекилденди.

- Менин кудайбергеним, - деди Жумагүл кобурап, - сени мага кудай берди. Эми жараткан жалгайм десе сенден айырбасын.

- Аялынын «айырбасын» деген сөзүн угуп Жума акылына келе түштү.

- Ай Жүкүн, оро баланы жылуулап, мен сыртты карап келейин, балким энеси айнып алганы кайра келип калып жүрбөсүн.

- Эмне дедиң?- деди Жумагүл эринин сөзүнө түшүнө бербей, -энеси келип калат дедиңби?

- Ооба.

- Антпечи, берекем, - деди Жумагүл салаалап аккан жашын сүртүүггө алы келбей, -андай болууга мүмкүн эмес. Бул баланын энеси эри жок төрөгөн шордуу го. Айласы түгөнүп алтындай уулунан кечип отурган чыгар. Алып кетер киши антип кат жазып таштап кетпейт. Менин жүрөгүм сезип турат, энеси кайрылып келбейт.

Күйөөсү сыртка чыгып кеткенден кийин Жумагүл ыйлаган баланын оозуна эмчегин салды. Демейде эринин колу тийгенде кытыгысы келген аял ачыккан баланын булкулдатып соргонуна берилип катып калган денесиндеги тамырлар өзүнөн өзү жибип турду. Чөгөөлөп согончогуна отурган калыбында баланын бүлкүлдөгөн эрдине тигилип сырттан кирген эринин кобураган үнүн укпай балкып бактыга батып отурду…

Эл чогултуп, мал союп, той өткөзүштү. Атын апасынын оозуна кудай сала бергендей Кудайберген коюшту». Балалуу үй базар, баласыз үй мазар» демекчи Кудайбергенди кудай бергенден бери бактылуу үй бүлөнүн бактысы мурункудан да ашып-ташып, ынтымак, ырыскы ал үйдөн түбөлүк орун тапты …
1994-жыл.

ТИГИ ДҮЙНӨДӨН КАТ
Турсунбектин үйгө келбей калганына беш күндүн жүзү болду. Аялы эмчектеги уулун көтөрүп барбаган жери, кыдырбаган эли калбады.

Күүгүм кирип шам жагылып калган мезгилде эринин бир тууган агасы Бекмырзаныкына барса ал үй-бүлөсү менен ырахаттанып чай ичип отуруптур.

- Кел, Рахат, жогору өт, - деп жеңеси төр жактан орун көрсөттү. Рахат салтты сактап, кайнагасын сыйлап өйдө өтө алган жок. Жеңесинин төмөн жагынан орун алды. Бир чыны чай ичкенден кийин жеңеси сөз катты:

- И, Рахат сүйлөй отур, беймаал учурда келип калыпсың?

- Жөн эле келдим, жеңе, - деди Рахат, сөздү эмнеден баштарын билбей. Алиман кайниси Турсунбекти балп дегизе атынан айткандан ыйбагып сөз учугун улады:

- Уул кайда?

- Билбейм, - деди Рахат колундагы чынысын жерге коюп, - бир жумадан бери жок.

Жеңеси таң кала келинге үңүлө тиктеди:

- Койчу!?

- Койбой эле, жеңе, үйгө келбегенге туура беш күн толуп алтынчы күнгө карады.

Бекмырза инисинин үйүнөн безип жүргөнүн укканда анчалык кабатыр болгон жок. "Адатынча сандалып ичип жүргөндүр" деп ойлоп жаңы жазаган калама нанды каймакка матырып жеп, ысык чайдан ууртап коюп сөз катпай отурду. Тынчтыкты Алиман бузду:

- Уул мурун талаада конуп-түнөп калчу беле?

- Андайы жок болчу. Бир жакка кетсе айтып кетчү.

- Мас болуп, бир үйдө оонап жаткандыр, - деди агасы келинине кайдыгер карап, - келет. Ага окшогон ит жоголмок беле, коркпой - үркпөй үйүңдө отура бер.

- Мас боло иччүү эмес, аке, - деди Рахат эрин коргоп, -ичсе да эл катары иччүү.

- Алиги арак досторунан сураштырдыңбы?

Рахат кайнагасынын кемсинткен сөзүнө териксе да сыр билгизбеске аракет кылды, бирок үнү каргылданып өзгөрө түштү.

- Сураштырдым, аке, - деди Рахат артына кеткен жоолугун оңдоп, - соосуна да, масына да бардым. Барбаган жерим калган жок. Баарын арытып мында келдим.

- Ал мас болгондо мында келбейт, - деди Бекмырза келининин кебин жактырбай чыртыйып, -ага окшогон алкоголикти самагон чыгарган үйдөн изде. Тапсаң ошол жерден табасың.

Рахаттын жылдызы түшүп отуруп калды. Инисинин жок болгонун угуп боору ооруп кайгыргандын ордуна кайра табалап "ырас болду ушуга" дегенчилик кылганы сезилип турду. Эринин кара өзгөйлүгүн байкаган жеңеси сөзгө аралашты:

- Жөнү жок санаага бата бербе, - деди Алиман чайын жаңылап Рахатка сунуп, - жоголуп кеткендей мал беле, жүргөндүр иш менен. Бүгүн келбесе эртең келет, эртең келбесе бүрсүгүнү келет.

Рахаттын жүрөгүнө нан эмес карандай чай баспай калды. Баласын бооруна кысып үн каткан жок. Эртеден берки ага-туугандык ниетте айтылган сөз чорт үзүлүп кетти. Жакынсынып келип жакшы сөз укпаганына Рахат жалынсыз түтөп турду. Отурсам дагы оозуман обу жок сөз чыгып кетебесин деп калп да болсо ыраазычылыгын билгизип, рахматын айтып сыртка чыкты.

Түн үстөмдүгүн арттырып ааламды караңгылык каптап туруптур. Алыскы мейкиндикте ызалуу аялды шакаба кылгансып жылдыздар күлүп жымыңдашат. Антсе да "жетим улакка кайыр шыбак" болуп тоодон лепилдеп соккон муздак шамал денени чыйралтып, өрттөнүп турган өзөккө суу сепкендей сергитип жиберди.

Кысылган деми жеңилдей түштү. Бираз турганда көзү караңгыга каныгып жабылбаган дарбаза көзүнө урунду. Көп ойлонбой көчөгө чыкты. Анда-санда үйдүн тересисинен төгүлгөн тилке жарык жолдун нугун көрсөтпөсө айлана караңгы. Ушул көзгө сайса көрүнбөлөгөн караңгылыкта ою онго, санаасы санга бөлүнсө да дити сүйгөн жарында. Анан калса демейде тынч жаткан жүрөк бир нерсени сезгенсип алып учуп дикилдеп согот. Эми кайда барарын билбей башы маң болуп турганда колундагы бала ыйлап жиберди:

- Азыр, алтыным, азыр, - деди Рахат уулун селкилдетип, - кардың да ачтыго.

Рахат эмчегин чыгарып албутанган уулунун оозуна салды. Ач болгон наристе аптыгып соруп кирди. Демейде баласы эмгенде бүткүл тамыры жибип, денеси коргошун болуп эрип чыкчу, азыр анын соргонун сезген жок. Башындагы ой чарк айланып оозунан жалын болуп атылды.

- Кеттик, - деди Рахат баласы түшүнчүдөй кобурап, - азыр чоң атаңкына барабыз.

Баштагы ой бутка урунуп чү деген жерден кадамын кенен таштады. Көчөдөгү иттерди ажылдатып коңшу айылдагы кайын атасыныкына жол тартты. Азап менен түн жармында араң жетти. Жоолугу желкесине түшүп, саамайы чачылып, алдан күчтөн тайган келини небересин көтөрүп кирип келгенде диванда чалкалап телевизор көрүп отурган кемпир-чал чоочулап бирөө колунан тарткандай делдейип тура калышты.

Кайын энеси осунуп сурады:

- Ие, балам, тынчтыкбы?

- Тынчтык эле, апа, - деди Рахат колдун келишинче ишенимдүү сүйлөөгө аракет кылып.

- Жалгыз келдиңби, карагым.

- Жалгыз келдим, апа.

- Турсунбек кайда?

- Жок.

Эскирген эненин жүрөгү жамандыкты туйгандай туйлап, эмчеги зырр дей түштү. Келини канчалык так айтса да кемпирдин сезимине жете бербей кайра сурады:



- Эмне, Турсунбек үйдө калдыбы?

- Үйдө жок, апа. Ал беш күндөн бери үйгө келген жок. Мен аны күтүп-күтүп жедеп чарчаганда издеп мында келдим.

Кемпирдин катарында турган кайын атасы каргылданып сурады:

- Беш күндөн бери үйгө келген жок дейсиңби, балам?

- Ооба, ата.

- Бир жакка барам деди беле?

- Жок.

- Мында келген жок, балам, - деди Жуматай күңгүрөнүп, - келсе да үйлүү-жайлуу киши кантип жумалап чыдап жатып алсын.



Жуматайдын ою чабыттап учту. Уулу Турсунбек жаштык кылып, ээнбаш балдарга кошулуп, азгырылып, арак ичип, бирөөнүн аймончок кызын чогулуп зордукташып төрт бала кесилип кеткен. Уулуна алты жыл берген. Түрмөнүн мөөнөтүн аяктап келгенине мына эки жылдын жүзү болду. Боштондукка чыкканда эки, үч ай ичкилик ичип, көп учурда үйгө кызуу келчү. Анда - санда барган жерине түнөп да калчу. Бара-бара нерви ордуна келип, жүрүш-турушу оңолуп кеткен. Үйлөнгөндөн кийин өзүнчө түтүн булатып, эмгектенип, үй-жайдын түйшүгүн мойнуна алып калган. Балалуу болгондон бери уулунун мас боло ичкенин көрө да элек, уга да элек. Санаасы тынып, көңүлү жайланып калганда айтылган суук кабар ооруган жүрөгүн мыжып, карылыктан бүгүлгөн омурткасы огобетер бүгүлүп, далысы оркоюп чыгып, башы сааттын маятнигиндей калчылдады. Араңдан зорго тилге келип сурады:

- Кимдер менен катышчуу эле, балам?

- Айылдагы бирге окуган балдары менен катышчу.

- Сырттан "жанакылар" келчү беле?

Рахат кайнатасынын сөзүнүн төркүнүнө түшүнбөй кайра сурады:

- Жанакы дегениңиз ким, ата?

- Жанакы түрмөдө бирге отургандарды айтам.

- Алардын келгенин билбейм, бирок бир сапар жигули машина менен үчөө келген. Үйгө киришкен эмес. Сырттан сүйлөшүп кетип калышкан. Андан кийин ошолор пайда болуп калчу болду. Мен бир нече ирет көрдүм. Эки сапар алар менен сыртка барып кайра жөө сампайып келген. Алар келип кеткенден кийин бир топ күн түнөрүп жүрүп оңолчу. Алардын ким экенин сурасам: "Тааныбайсың, алардын сага кереги эмне" деп айтпай койгон.

- Бул сапар алар келген жок беле, балам?

- Билбейм, ата. Көргөн жокмун. Балким келсе келген чыгар...

Бирнече суроолор болду. Ушул учурда "Мени унуттуңбу?" дегенсип бала барылдап ыйлап жиберди. Мына ушунда гана небересинин бары эсине түшүп Жуматай бакылдады.

- Ай, кемпир, - деди чал байбичесин шаштырып, - төшөк сал. Жаткыр баланы. Он чакырым жерди салт баскан киши чарчайт, караңгыда бала көтөрүш деген оңой эмес.

Кемпир көрпөчөнү каттай салып, башына жаздык койду. Рахат чаң болгон туфилийин чечип баланы төшөккө жаткырып бир аз таптагандан кийин наристе тез эле алп уйкуга кетти.

Ал түнү чал - кемпир да, келин да укташкан жок. Эртең менен Жуматай атына минип орчундуу кишилерден сураштырып баласынын кабарын укпаган соң түз эле борбордук ооруканага жөнөдү. Ал жерден да таппады. "Дагы ичип алып кызыл жакалуулардын кылтагына илинип калдыбы" деген ой менен райондук милицияга барса күзөттө майор жигит отуруптур. Ал кары кишиге ордунан туруп учурашып сурады:

- Аксакал, келип калыпсыз?

- Иш менен келдим, балам.

Карыянын үнү каргылданып араң эле чыкты. Анын баскан - турганы, жүдөгөн кейпи, сүйлөгөн сөзү айтпаса да катуу кайгырганын көрсөтүп турду.

- Эмне иш?

Карыя "Айтсамбы, айтпасамбы" дегенчелик кылып майорду жалдырай тиктеп токтоп калды. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин:

- Болбогон эле иш, балам, - деди.

- Айтыңыз аксакал, айтыңыз, - деди майор карыяны тамашага тартып, -бизге тийиштүү иш болсо, колдон келсе аткарып берели, колдон келбесе тарынбайсыз.

- Жок жоктоп келдим, балам.

- Эмне, малбы?

- Жок кокуй, уулумду издеп жүрөм. Беш күндөн бери үйүнө түнөбөптүр. Балким дайнын билеби деп силерге келдим.

- Уулуңуздун аты, жөнүн айтыңызчы?

- Фамилиясы Жуматаев, аты Турсунбек. Балким таанырсың.

- Уулуңуз менен бираз тааныштыгым бар, аксакал, - деди майор ойлоно калып, - түрмөгө түшүп чыкса керек?

- Ооба, ооба. Аның чын. Отуруп чыккан. Ал кайда? Дагы камап койдуңарбы?

- Жок аксакал, камаган жокбуз. Ал түрмөдөн келген кезде биздин учотто болчу. Бир нече жолу кездешкенбиз. Ошол себептен билем. Акыркы күндө аны көргөнүм жок.

- Демек силерда билбейт экенсиңерда...

Карыя же кубанганын сезбей, же кайгырганын сезбей калдайып кайрылып жөнөй бергенде майордун эсине эртең менен алып келген ээсиз өлүк түшүп:

- Карыя, токтоңузчу!- деди.

Жуматай кайрылып токтоп калды. Бирок майор тилин тиштеп алгансып үмүт менен үңүлө тиктеген карыяга ал да тигилди. Анын көңүлүндө: "Айтсамбы? Айтпасамбы?" деген ой ойноп чайнала түштү.

- Ии, балам, эмнеге токтоттуң? - деди Жуматай майорго жакындап барып, -мага айтаар сөзүң барбы?

Майор дудук болуп жалдырады. "Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" демекчи айтарын айтып алып, дээрин деп алып эми сөз учугун улай албай кыйналды. Бир нерседен шекшиген Жуматай:

- Эмне, балам жаман кабар айткан турасыңбы? - деди.

- Жок ата, - деди майор чочулап, -андай оюм жок. Бирок...

- Эмне бирок?

- Бирок дегеним бүгүн эртең менен отуз жаш чамасындагы каратору жигитти бычактап өлтүрүп, сайдагы ташка корумдап кеткен жеринен таап өлүкканага апкелишкен. Аты жөнүн эчким билбейт. Докменти жок экен. Мен ошону эстедим. Жан кулактын учунда турганда айтарын айтып алып өзүмдү өзүм жемелеп атам. Бул осол мамлем үчүн сизден кечирим сурайм. Кечирип коюңуз, аксакал.

- Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт, балам. Корккондо эмне, коркпогондо эмне. Болору болуп, боёсу канса аны да көрүшүм керек. Тагдырдан эч ким качып кутула албайт. Өлүккананын дарегин айтып бер, тийе өтөйүн.

- Коркпойсузбу?

- Эмнеден корком?

- Кокуз балаңыздын үстүнөн чыгып калсаңыз?..

- Анын бетин ары кылсын, балам. Андай болсо айласыз чыдоого туура келет.

- Анда кеттик, аксакал. Азыр эле судмедэксперт врач менен телефон аркылуу сүйлөшүп барарымды айткам. Алар даярданып күтүп атышат.

Машинага отуруп тез эле райондук ооруканага келип калышты. Обочо жерде салынган өлүккананын жанына токтоп ичине киришти. Формалин, хлор аралашкан сазык жыт бур дей түштү. Имараттын сүрдүүлүгү аз келгенсип өлүккананын өзүнө ылайык жыт сезимди тебелеп тепсеп заматта жүдөтүп жиберди. Каридордон ак халат кийген, алдына суу өткөрбөс фартук байланган мурутчан врач тозуп чыкты:

- Күтүп калдык, жолдош начальник- деди күлө сүйлөп, -кечиктиңизго?

- Бул аксакалды да ээрчите келдим, - деди майор Жуматайга колун жаңсап көрсөтүп, -бир мүнөткө кирип чыксын, балким тааныр...

Узун каридорду бойлоп эшиги ачык турган бөлмөгө бурулушту. Жуматай канчалык кайраттанса да кадамы тушалып басалбай артта калды. Чыңалган сезим, корккон көз жалтактайт. Караң калган бөлмөгө кире бергенде катары менен коюлган эки цемент үстөл көзгө урунду. Кыбыла тараптагысында көйнөгү тытылган, багелеги айрылган, кара чачы канга боёлгон, бут кийми жок бирөө жарылып кетчүдөй шишип-көөп жатыптыр. Аны көргөндө чалдын жүрөгү шуу дей түштү. Жакындай берип тык токтоду. Чогуу келаткандар да кайрылып карап калышты.

- Кара көзүм кашайыптыр, - деди Жуматай кирилдеп сүйлөп, -кудай уруп салган тура. Бул менин уулум...

Жуматай бакырып-өкүрбөсө да сакалынан ылдый жаш жаандагы суудай шорголоп акты. Уулунун бычак сайылган жерлерин сыйпалап:

- Кайсы гана каңкор өлтүрдү экен? Ушунча бычакты сайганга кантип колу барды экен? Карачы, канча бычак сайылган. Каралдым тырп этип жан бербей кармашып жатып, кыйналып атып өлгөн экен да... О, шорум бар кудай. Карыганда баламдын астында алып кетпей мынча неге кордодуң? Мен сенден сураганым ушул беле?!...

- Сабыр кылыңыз, аксакал, - деди майор колтуктан алып, - жүрүңүз сыртка чыгалы. Сиз өзүңүз айткандай тагдыр деген ушул.

- Соёрун союптур мыкаачылар, - деди Жуматай жетекте баратып, - эми балжа - булжа кылбай колума бергиле. Алып кетейин.

- Сиз көптү көргөн адамсыз, - деди майор карыяга көңүл айтып, - балаңыз киши колдуу болуп өлгөнүн көрүп турасыз. Судмедэксперт союп, текшерип тыянак чыгарбаса болбойт. Алардын тыянак кагазы сөзсүз керек. Кийин күнөкөрдү кармаганда судмедэксперттин справкасы сөзсүз керек. Ансыз өлтүргөн кишини соттой албайбыз.

- Өлтүргөн айбан табылмак беле, - деди Жуматай жашын сөөмөйү менен сыгып кургатып, - буга окшоп өлгөндөр канча?... Табылбай иши жабылгандар канча?...

- Издейбиз, - деди майор Жуматайды каридордогу орунтукка отургузуп жатып, - табыш үчүн баарлык күчтү жумшайбыз. Аракет кылабыз. Сиз эс алып ушул жерге отуруп туруңуз. Судмедэксперт текшерип бүткөндөн кийин автовокзалга өзүм жеткизип коём.

Жуматай отуруп калды. Врач өлүктүн сырткы көрүнүшүн, көкала болгон этин, сайылган жерин диктоват этип жаздыргандан кийин санитарка тытылган киймин кайчылап кезип жылаңачтай баштады. Турсисине жеткен кайчы катуу нерсеге такалып токтоп калды. Эңейип карап:

- Эхе, бул жерде бир балээ бар көрүнөт, - деди.

- Ал эмне экен?- деди өлүктүн баш жагында турган майор мойнун уча турган ак куудай созуп.

- Алтынбы, акчабы бир неме бар.

Карап тургандар баары жабалактап көңүл коюп тиктеп калышты. Санитарка резинка мээлейин оңдоп тартып кир болгон түйүнчөктү сыртынан кармалап көрүп:

- Бир нерсени бетарчысына ороп, төрт бурчун түйүп, төйнөгүч менен турсисинин чатына төйнөп бекитип таштаптыр, - деди.

Врач анын ичинде мина жаткансып этият кармап салмактап көрүп:

- Ичинде акчабы, кагазбы бир нерсе бар көрөнөт, - деп санитарканын айтканын ырастады. Майор ордунан жылып түйүнчүктүн тушуна келип токтоп, канга каткан түйүнчөктү таң кала карап:"Шору бар, акчасын алаасына каткан экенго"деп ойлоп койду. Врач түйүнчөктөгү төйнөгүчтүн жаагын ачып этият алып айланта карап:

- Акча болсо да, доллар болсо да азыр көрөбүз, - деди.

Түйүнчөктү цемент үстөлдүн үстүнө коюп чече баштады, бирок кан сиңип чапталышып калган катуу түйүн чечиле койгон жок. Анын үстүнө колундагы калың резина мээлей жолтоо болуп туруп алды.

- Муну алыңыз, - деди санитарга анатомиялык пинцетти сунуп, -тиштүү, кармаган жерин коё бербейт.

Айткандай эле пинцент менен дароо чечти. Ичинде долларда эмес, акчада эмес карандаш менен жазылган бир нече барак кагаз бар экен. Сырты суу болгон кагазды бүктөсүнөн этият ачып:

- Эхе, - деди доктор таң калганын жашыра албай, - бул деген тиги дүйнөдөн келген кат экен. Бул сизге пайдсы тийип калар, - деп кагазды майорго сунду.

Майор кагаздын кирлигине, адам чыдагыз сазыктыгына карабай шап илип алып көз чаптырды. Акыйкатта кат экен. Көптөн күткөнү колуна тийгенсип шаша түштү.

- Сиздер иштей бериңиздер, - деди катты алаканына жая кармап - мен азыр келем.

Майор чыгып кетти. Каридордо тынчы кетип ары-бери басып турган Жуматай "дагы эмне айтар экен" деп келаткан майорду тиктеп селейип токтоп калды. Ал ага көңүл бурбай ээн бөлмөгө кирди. Катка көз жүгүрттү. Карандаш менен тайтактатып жазган катты такалып, токтоп окуй баштады:

- Бул катты үмүттүн оту өчүп баратканда жаздым, - деп баштаптыр катында, - мен Жуматай уулу Турсунбек 1960 жылы туулгам. Онунчу классты бүткөрүп балдар менен аңгилик кылып түрмөгө түшкөм. Бирөөнүн көңүлү калаарын билбей, көзүнөн жаш эмес кан агарын түшүнбөй көпкөндүк кылгандыгымдын азабын тартып алты жыл абакка отуруп чыктым. Көрбөгөндү көрдүм. Тепки да жедим, телмирип жырткычтарга көз каранды да болдум. Жети өмүрмдү жерге киргизип зөөкүрлөрдүн астына чөгөлөп бут киймин тилим менен тазалаган күндөрүм да болду. Башкасын айтпай эле коёюн, силер укпай эле койгула. Кыскасын айтканда түрмөнүн бети курусун. Ал жерде өзүнүн закону бар. Бирин бири жеп койгондон кайра тартпайт. Күчтүүсү күчсүзүн эзет да турат. Пендем десе кудай адам баласын түрмөгө түшкүлүк кылбасын. Ушуга сак болгула. Мен муну акылы токтоло элек жаштарга, аракты атасындай сыйлаган өспүрүмдөргө айтып атам. Балээге бир чырмалсаң, жаман адам менен бир байланышсаң торунан чыгыш кыйын.

Менин азыркы айтканым тергөө органдарына маалым. Милицияда иштегендер, түрмө кайтаргандар муну жакшы билишет. Бирок иш башкада жатат. "Уста менен дос болсоң нар кескенин аласың, ууру менен дос болсоң бир балээге каласың" деген макалдын калети жок. Зөөкүрлөр менен түрмөдө бирге отуруп балээсине калып отурам.

Балээге бошонорго бир жума калганда чырмалдым. Акыркы күнү "Алдырар күнү жаздырар" болуп кумар ойногондор кызыктырды. Илгери үмүт менен картага аралаштым. "Жыйырма бир" ойноп жанымдагы акчаны бүт уттурдум.

Акыркы банкта ортого акча толуп чыкты. Кайталап тартканда колума чырымдын тузу келди. Үймөлөнгөн банктагы акчаны "чабайын" десем, ойногондор" акчаңды көрсөт" дешти. Акчам жок чаптырбай коюшту. Карта таратып банкты кармаган "Волк" деген жигит: "Чапсаң чап, уттурсаң сыртка чыкканда бересиң " деди. Кетем деп элөөруп турган жаным алды-артын карабай банкты бах дедире чаптым. Ортого бир кичине карта кыпчылып күйүп кеттим. Ушуну менен оюн бүттү. Мен туптуура беш миң сом карыз болуп чыга бердим. Ал кезде беш миң сомго бир жигули машина келчү.

Ушул жерге келгенде майор катты окуй албай убара болду. Айрылган жерин кайра-кайра кыйыштырып коюп атып араң окуду.

- Ушинтип бошонуп чыктым, - деп жазыптыр Турсунбек катынын уландысында, - түрмөнүн эшигин аттаганда эле өзүмдү жакшы сезип, көкрөктү кере кайра-кайра дем алдым. Асман да, айланана да, аалам да көзүмө укмуштуудай ажайып сонун көрүндү. Туулуп өскөн жерге келип жыргап калдым. Мен мекеге барып келгенсип жакын туугандар күндө чакырып башым куттуктап кийим кийгизип, мал тартуулады. Ичкиликтин турганы турган. Жоро-жолдош менен күндө ичип, күндө мас. Ноктоосуз коёберген атка окшоп ой келди жүрөм. Атам менен апам көзүмдүн кареги менен тең айланып кың дешпейт. Алар менин абактан кутулуп чыкканыма жетине албай азыноолак акчасын аяшпайт.

Бир сапар башым ооруп көчөдө калжайып келатсам, илгери биологиядан сабак берген мугалим кездешип калды. Ал колумду кыса кармап учурашып:

- Ие, бала, кейпиң жаман го, - деп көзүн жүлжүйттү. Мен жашырганым жок, "кечээ ичип башып ооруп турат, агай" дедим.

Агай күлүп:

- Азыркы учурда баш жазган менен көр казган сооп деп жүрөт эл, жүр башыңды жазып берейин, - деди.

Мен агайдын айтканын какшык сезип:

- Жок агай, барбайм. Аракты сиз эмес мен алып беришим керек. Кантип уялбай сиздин колуңуздан арак ичем, - деп мулжуңдадым.

- Аның ырас, - деди агай, -бирок арак алып сый көрсөткөнгө азыр чаркың жок. Кийин иштегенде, акчалуу болгондо унутпасаң болгону. Азыр менден, кийин сенден, - деп тамашалады.

Агайдын үйүнө чогуу кирдик. Аялы жок экен, кызы дасторкон жайып болгон тамак ашын жайнатты. Өзү муздаткычтан бир бөтөлкө "орус" арагын алып чыгып эки рюмкага куюп бирөөнү колуна кармап:

- Туке, - деди теңтушум сымал мээримдүү сүйлөп, -жаңылбас жаак, мүдүрүлбөз туяк болбойт дейт кыргыздын накыл сөзүндө. Бир кезде жаш болдуң, мас болдуң демекчи балдарга кошулуп бир жаңылдың. Түрмөнүн унверситетин бүтүрүп келдиң. Сен кандай ойлойсуң билбейм мен ага түшпөсөм да түрмөнү тирүүнүн тозогу деп ойлойм. Ошол тозокту аралап аман келгендигиң үчүн алып жиберели. Ылайым башыңдан бакты кетпесин, - деп кагыштырып тартып жиберди. Мен да алдым. Дагы эки рюмкадан айлангандан кийин курушкан денем жумшап, көңүлүм көтөрүлүп, жарпым жазыла түштү. Агай дагы сөз учугун улады:

- Туке, мен сени сыртыңан байкап жүрөм, - деди токтоо сүйлөп, -келгениңе эки айдын жүзү болду. Ошондон бери тынбай ичип келатасың. Бул арактын аягына эч ким жеткен эмес. Кууп ичкендер ары карап көрдө жок, бери карап элде жок ара жолдо калган. Сен да ошолордун жолуна жолдоп баратасың.

Сөз агымы кайда баратканын сезип:

- Жок, агай, мен аракеч эмесмин. Артынан кууп ичпейм. Алты жыл түрмөдө отуруп, айыл жерин сагынып, жоро-жолдош менен бир аз ичип коюп атам, - дедим актанып.

- Жетишет, - деди агай олуттуу, -эки айдан бери сагынычың тарады. Моокумуң канды. Эми ойлонор, акылга кирер кез келди. Иш кылбай иче берсең акыры чыккан жерге кайра барасың. Аны менден жакшы билесиң.

- Билем, агай, билем, - дедим жепилдеп.

- Билсең ойлон, Туке - деди агай акырын сүйлөп, - анан кеч болуп калат.

Бираздан кийин чай келди. Экөөбүз эрмектешип отуруп чай ичтик. Жанакы бөтөлкөнү түгөттүк. Көп сөз айтылды. Узатып сыртка чыкканда агай коштошкон колумду бекем кысып:

- Туке, дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат деген элде макал бар. Мен катуу айтып койдум көрүнөт ага капа болбо. Ашык кетсем оюңа алба, бирок айтылган сөздүн жакшы жагын эсиңден чыгарба, - деди.

Мен коштошуп жолго түштүм. Күн бүркөлүп кыбыладан сыдырым жел согуп келиптир. Азыркы акылды апам да, атам да айткан, бирок агайдын айтканы көңүлүмө мыктай кадалды. Беталдыман соккон жел агайдын сөзүн, апамдын "кой, ичпе" деп жалынып айткан кеңешин ызылдап, ышкырып кулагыма кайталап жаңырып туруп алды. Терең ойдун бешигинде термелип үйгө кандай келгенимди да билбей калдым. Мына ушундан баштап ичкиликти издеп ичкенди токтоттум. Атама, апама жардам берип жеңилин жерден, оорун колдон алып кубанттым. Эл катары эмгектенгенден баштап өзүмдү жакшы сезип, көңүлүм көтөрүлдү. Үйлөндүм. Ошол учурда атамдын агасы каза болуп үйү бош калды. Аялым экөөбүз ага көчүп кирип алдык. Уулду болдук. Совхоздо сугат сугарып жүргөндө чырмалган балээ чыйкан болуп чыга келди.

Майор окуганын акылдын сыдыргасына салып өткөрүп, анализдеп бир аз токтоп калды да каттын уландысын окуду.

- Ал күн алида эсимде, - деп жазыптыр катында, - жекшенби күн болчу. Үйдө отурсам пипилдеткен машинанын үнү чыгып калды. Терезеден карасам көчөдө бир ак жигули турат. Калдайып басып барсам машинанын ичинде үчөө отуруптур. Алдыңкы отургучта отурган "Волкту" көрүп жылаңайлак жылан баскандай бүткөн боюп жыйрыла түштү. Айла жок жек көргөнүм билгизбей арсалактап күлүп учураштым.

- Күткөн жок белең? - деди "Волк" колумду кармап, - Келип калдык.

- Келсеңер жакшы болуптур, үйгө киргиле, - дедим сыпайычылык көрсөтүп, - чай-пай ичели. Силердин кутулуп келгениңерди белгилейли.

- Убакыт жок, - деди "Волк" кезе айтып, - отур машинага. Сөз бар.

Айласыз машинага отурдум. Айылдын сыртына жеткенде токтоп машинадан чыгышты. Мен да чыктым. Ал жерден менин жашоомду ары-бери калчап сурашты.

Мен болгонун айтып бердим. Эми үй бүлөмдү адал эмгегим менен багып тынч жашарымды да айтып өттүм.

- Демек сен тынч турмушка өткөн экенсиң да, - деди "Волк" какшыктап, - аның абдан жакшы. Биз мунуңа кошулабыз, бирок карызыңды төлөшүң керек. Агерде сен биз менен чогуу болууну кааласаң карызды төлөбөйсүң. Ачка да болот, алтын да болот. Министир эмес пайгамбардан артык жашайсың. Кийбегенди кийесиң, ичпегенди ичесиң. Бир айдан кийин машиналуу болосуң.

Мен түрмөдөн чыгып акчанын артынан түшкөндөрдүн бейишин жакшы билем, алардын турмушу карышкырдын турмушу. Жолуң болсо бир-эки жума акчаны асманга сапырып жыргайсың. Нашаага көнгөндөр учурунда ийнесин алып оңуп калышат. Арамдан тапкан байлык бүткөндөн кийин азаптуу тозок кайра башталат. Акча табуунун жолун издеп кара өзгөйлүк, мыкаачылык ишке барасың. Башка айла да, жол да жок булар үчүн. Күнүмдүк жыргалдын өмүрү кыска, марасына тез эле жетет. Андан же өлүп, же түрмөгө түшүп кутуласың. Мен Ушуларды ойлоп сөздү чаргытып билмексенге салдым.

- Бу силерге кошулуп эрдик кылуу колуман келбейт, - дедим калп эле күлгөн болуп, - ал эми кайдагы карызды айтканыңарды түшүнбөйм.

"Волкко" менин тамаша сөзүм жакпай калды. Кабагы тырышып, бети бырышып, карегинен чагылган чартылдап, көзү чекчейди. Кейпинен коркуп кетенчиктедим.

- Унуттуңбу? - деди "Волк" ажыдаарга окшоп жакындап жылып, - андай болсо эстетип коёюн.

"Волктун" шойкомун сезсем да качып кутула албай калдым. Тарс дегизе ээкке коюп калды. Ок тийген кулаалыдай талп этип кулап түштүм. Жалтырак кара туфилийи менен ары оонатып, бери оонатып баш көтөртпөй тепкиледи. Бир оокумда жакаман сүйрөп тургузуп сурады:

- Эстедиңби?

- Эстедим, - дедим ээгиме агып келген канды алаканым менен сүртүп, -мен жөн эле тамашалагам. Берем ал карызыңды.

- Качан?

- Азыр бир тыйыным жок, иштеп акча чогултайын. Бир айдын ары-берисинде берем.

- Сени качан акча табат деп күтө турган убактым жок. Мага азыр керек.

- Азыр акча жок.

"Волктун" чокмордой колу дагы бетиме тарс дей түштү. Бу сапар жыгылганым жок кетенчиктеп барып токтоп калдым.

- Уурдасаң да табасың, - деди "Волк" база калчу жолборстой комдонуп, -үч саат срок. Үч сааттан кийин ушул жерге келем, сен да келесиң. Таап келбесең башыңды кесип алам. Качып кутулам деп ойлобо, сен мени билесиң. Уктуңбу?!

- Уктум, - дедим башымды ийкеп, - аракет кылам. Тапсам да, тапбасам да үч сааттан кийин ушул жерге келем.

Алар кетип калды. Мен темселеп акча издеп жөнөдүм. Өлдүм-талдым менен карыздап миң сом таптым. Айтылган убакытта алпарып колуна карматтым. Колумда жоктугун, ушул миң сомду карыздап араң таап келгенимди, калганын эптеп таап береримди жалынып-жалбарып айтсам "Волк" жибий түшкөнсүдү.

- Болуптур, - деди "Волк" жанындагы ширидей кара жигитти көрсөтүп, -сен бул бүркүттү таанып ал. Аты "Барчын". Айтканын аткарасың. Түшүндүңбү?

- Түшүндүм, - дедим божурап, - түшүндүм. Айткарам.

"Барчынды" тааныйм. Аты Бактыбек. Түрмөдөн көргөм. Элдин айтуусунда түрмөгө түшөр менен мен "Барчынмын" деп өзүн тааныштырыптыр. Ал ошол бойдон "Барчын" аталып жүрөт. Жолдон сүйлөшкөнбү же азыр ойлоп таптыбы ким билсин:

- Ай, салага, - деди "Барчын" басмырлап сүйлөп, - мен эмки жума түнү жүк ташуучу машина менен келем. Тээтиги чоң жолдун боюндагы коктуга токтойм. Сен түнкү саат бир-экиде айылдан мал чыгарып апкелип машинага салып бересиң. Аны кантип акча кылам ал менин ишим. Билдиңби?

- Билдим.

Алар шарт бурулуп жөнөп кетти. Мен бозала чаң болуп томсоруп кала бердим. Ушинтип тозокко чыккыс болуп кептелдим. "Барчындын" айтканы боюнча мал уурдай баштадым. Эң мурун атамдын атын уурдап барып карматтым, анан агамдыкын. Кийин эки жакын тууганымдын, жандай жакын көргөн кошунамдын короосуна түштүм. Бир жарым айдын арасында беш ат уурдап чыгарып бердим. Карзыман кутулгандай да болдум, бирок алардын напсиси агытылып "давай- давай" дей беришти. Эмне кыларымды билбей калдым. Акыры "Барчынга" мындан ары ууру кылалбасымды айттым. Ал тилдеп, сөгүп кетип калды. Кол салганга даабады. Арадан алты күн өтпөй баягы үчөө топтошуп дагы келип калышты. Мени машинага салып бир үйгө апарып, тепкилеп, эсимди оодарып мал сарайына камап коюшту. Сыртыман кулпулап, бирөө кароолчу болуп кайтарып калды. Экөө машинага отуруп көздөн кайым болушту. Булардан же өлүп, же өлтүрүп кутуларымды сездим. Ошондо камалып отуруп ушул катты жаздым. Ошол баш кесерлерге кошулбастын аракетин кылып мага жакшылык кылган жакындарымдын малын уурдадым. Уурдалган мал кармалып колго түшсөм туугандарым күнөөмдү кечирерине ишендим. Ушул себептен аргасыз уурулукка бардым. Өлүм алдында силерден кечирим сурайм, кечиргиле мени. Тирүү болсом төлөп берем, өлсөм айла жок. Сөзүм аяктап бараткансыйт анткени каракчылардын машинасы короого кирди. Алар мени тирүү коёр түрү жок.

Кош менин бирбоорлорум. Кош сүйүктүүм Рахат. Кечир мени. Арманым уулумдун ата деген үнүн укпай алтын башым азапка малынган турат... "Жаман айтпай жакшы жок" деп сенден сураарым көзүм тайып кетсе уулумду жакшы тарбияла. Жамандарга кошулуп мен көргөн тозокту көрбөсүн.

Муну окугандан кийин майор машинага түшүп түз эле канторго келип начальнигине айтты. Ошол замат колдогу күчтү чогултуп "Волк" менен "Барчынды" бир сутканын ичинде кармап келишти. Шоферу да, минип жүргөн машинасы да табылды... Өлөр алдында жазган каттын аягы өч алуу менен бүттү.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет