47
3. Кайра жаралуу доорундагы пантеисттик көз караштын өзгөчөлүктөрү.
Кайра жаралуу доорундагы социалдык-саясий философия
Кайра жаралуу дооруна жаңы социалдык-саясаттык көз караштар
калыптанат. Ошол мезгилдин көрүнүктүү ойчулдардын бири
Никколо
Макиавелли (1469-1527-жж.) болгон. Ал ээлеген жерлеринен түшкөн пайдага
чиренип бекерчилик турмуш кечкен феодалдык-дворяндык
жашоого каршы
мамиле кылган. Н.Макиавелли католиктик дин өзүнүн жашоосун жашап бүттү
деп эсептеген. Ал баштапкы христианчылык үндөгөн идеалдарды жактабаган.
Макиавеллини чыныгы жашоодон иренжиген, моюн сунган жоош адамдарды
идеалдуу адам катары диний элестетүүлөр канаттандырбады.
Мамлекеттин жаңы концепциясы. Макиавелли ошол мезгилде өкүм
сүргөн мамлекеттик теократиялык концепциясына карама-каршы келген
мамлекеттик жаңы концепциясын иштеп чыккан. Ал адамдын кыймылынын эң
кубаттуу стимулу – бул кызыгуу экенин айткан. Анын көрүнүштөрү көп
образдуу, бирок ал баарынан көбүрөөк адамдардын өзүнүн байлыгын, өзүнүн
менчигин сактоону каалоосунда көрүнөт. Мамлекет Кудайдын эрки менен эмес,
адамдардын өзүн бири-биринен коргонуу керектигинен пайда болгон.
Макиавелли бийлик ортоңку камтардагы кызматчы жана соодагердин мүлкүнө
таандык болуш керек болгон кубаттуу
борборлоштурулган улуттук
мамлекеттин жактоочусу.
Макиавелли саясатчыларга чыныгы жыйынтыкка жетишүү үчүн иш
жүзүндөгү насыяттарды берет. Макиавеллинин оюу боюнча бардык
цивилизацияланган адамдар принципсиз, өзүмчүлдөр болуп эсептелет.
Макиавелли саясаттын максаты – башкаруучунун
жекече кызыкчылыгы эмес,
«жалпы жыргалчылык күчтүү жана бирдиктүү улуттук мамлекетти түзүү» – деп
белгилейт. Макиавеллинин кеңештери менен көрсөтмөлөрү чечмелөөдө туура
келүүчү башкаруучуларга абсолюттук жана тоталитардык режимде кабыл
алынган. XV кылымдын аягында гуманисттик
кыймыл жалпы европалык
мааниге өсүп чыккан. Гуманизм идеясын жайылтуу китеп басуучулукту,
транспорт менен байланышта техникалык жаңылыктарды колдонууга
мүмкүндүк берген. Эреже катары гуманисттер өкүм сүргөн диний көрүнүштөр
жана аларды схоластика менен камсыз кылгандар менен чыр-чатакта болушкан.
Достарыңызбен бөлісу: