Солженицын А. И



бет1/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10


© Солженицын А.И.

© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2009. Бардык укуктар корголгон

Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес



www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21-июлу
Александр Солженицын

Иван Денисовичтин бир күнү

Повесть
Орус тилинен которгон Улан Жунушбаев. Кыргыз тилинде биринчи жарыяланышы


Кол алдыңыздагы бул чыгарма убагында дүйнөнү дүңгүрөтүп, анын авторун - белгисиз рязандык мугалимдин, мурдагы зэктин ысмын бардыгына белгилүү кылган. Улуу орус жазуучусу А.И.Солженицын кыргызчага алгачкы ирет которулуп, кыргыз окурмандарына тартууланып жатат. Бул повесттин жарыяланышы жазуучунун жылдыгына арналат – үстүбүздөгү жылдын августунда А.И.Солженицындын көз жумгандыгына бир жыл болот
Таңга маал саат беште, адаттагыдай, штаб барактын жанындагы рельске балка менен каңк эткирип ойгонууга чакырды. Үзүлүм добуш эки эли тоңгон муз айнектен араң гана угулуп, бир аздан кийин тынчып калды: суукта колду шилтей бергенден сакчы качты окшойт.

Добуш тынчыды, ал эми терезеде, Шухов түн ортосунда бейшептегени чыкканда караңгы болгондой, азыр да көзгө сайгыс караңгы жана үч саргылт фонарлар көрүнөт: экөө - зонада, бириси – лагердин ичинде.

Баракты ачканы келбей жатышты, кезектегилер бейшептеген челекти таяктарга илип чыгарып жатканы да угулган жок.

Шухов рельске балка урулаар замат турчу – тизилээр маалга чейин өзүңдүн бир жарым саат кызматтык эмес убактың бар, ким лагердик тирликти билсе, иштеп тапканга үлгүрөт: кимге эски ичтен колгабына каптама тигип бересиң; колунда бар бригадалаш үйүлгөн чокойлорду жылаңайлак айланып тандап отурбасын үчүн кургак чокойду түз эле анын койкасына коюп бересиң; же каптеркаларга чуркап, кимге жардам керек, шыпырасың же алып келесиң; же ашканага барып столдордон чөйчөктөрдү чогултуп, үймөктөп идиш-аяк жууган жайга алып барасың – ал жакта да шам-шум эткени беришет, бирок бу жерде шымалангандар көп, алар үзүлбөйт, эң негизгиси бирок – эгерде чөйчөктө калдык болсо, токтоно албай жалап баштайсың. Ал эми Шуховго биринчи бригадири Кузёминдин сөзү катуу эсине калыптыр – карт бөрү болчу ал, кырк үчүнчү жылы он эки жыл отурган киши эле, ошондо фронттон суурулуп, лагерге жаңы отургандарга кайсы бир ээн токой жолунда очокту тегеректеп отурганда айткан:

- Бул жердин закону, балакайлар, – тайга. Бирок адам бу жерде да күн көрөт. Лагерде мына ким жан берет: чөйчөктү жалаган, санчастка үмүт салган жана «кум» менен тил табышкан.

«Кум» тууралуу, албетте, ал аша чапты. Огулар өздөрүн сактай жүрүшөт. Бирок алардын сак калганы - бирөөнүн каны.

Шухов дайыма жанагы чакырык менен турчу, бүгүн гана турбай калды. Кечээтен бери жакшы болбой жүрдү, чыйрыгып жатабы, сөөктөрү какшайбы түшүнбөдү. Түн ичинде да жылыбай койду. Уйкусурап, бир өзүн ооруп калгандай сезет, бирде ооруганы койбергенсийт. Таң атпаса экен деген эле тилеги.

Бирок өз кезеги менен таң атты.

Терезеде муз калың жана барактын – килейген барак! дубалы менен үстү жагы кошулган сызыкты бойлой – ак желе. Кыроо. Каяктан анан жылыйсың!

Шухов турбай жатты. Ал вагонканын үстүндө жатат, жуурканы менен бушлатты башын көмдүрө жамынып, колу бар күрмө тондун бүктөлгөн жеңине эки таманды салып алган. Көзү менен көрбөсө да, добуштарды тыңшап, баракта жана өз бригадасы жайгашкан бурчта эмне болуп жатканын байкап турду. Мына, коридордон оор басып, дневальныйлар сегиз чакалуу бейшептеген бир челекти алып чыгышты. Майыптын жеңил жумушу болуп эсептелгени менен, кана, төкпөй-чачпай чыгарып көрчү! Мына, 75-бригадада кургатма жайдан алып келген чокойлорду жерге ташташты. Көп өтпөй – бизге да (чокойлорду кургатуу кезеги бүгүн биздики болчу). Бригадир менен помбригадир унчукпай буттарын чулгоолоп жатышты, вагонкасы эле кыйчылдайт. Помбригадир азыр нан кесчү жайга барат, бригадир болсо – штаб баракка, нарядчиктерге.

Нарядчиктерге бүгүнкү сапары, жөн эле күнүгө барып жүргөндөй эмес, - Шуховдун эсинде бар: бүгүн тагдыр чечилет – биздин 104-бригаданы устакана курулуштан «Соцбытгородок» деген жаңы объектке шилтеп салгылары бар. Соцбытгородок дегени – каар үймөгүндөгү ээн талаа, ал жерде бир нерсе кылаар алдында, жер оюп, устун орнотуп, өзүңө өзүң – качып кетпеш үчүн, - тикенек зым тартышың керек. Анан барып курулуш башталат.

Бери жагы, бир ай баш калкалап жылынууга жай болбойт. От жагып жылынууга да эч нерсе таппайсың. Иштеп жылынбасаң - андан башка айла жок.

Бригадир ойго чөмүлүп, кам көргөнү жөнөдү. Өзүнүн ордуна, башка тыңсынбаган бригаданы түртүп жибериш керек. Албетте, куру кол менен сүйлөшө албайсың. Жарым кило сало улук нарядчикке бериш керек. Аз десе – килограмм.

Аракетке - берекет дегендей санчастка барып, жумуштан бир күн бошонууга аракет жасап көргөндөбү? Дене бойду жанчып салгандай.

И-и баса – сакчылардан кезекте бүгүн ким?

Эсте бар, кезекте бүгүн: Бир Жарым Иван, арыкчырай, узун карагөз сержант. Биринчи көргөндө - жүзү каардуу, бирок жакын билгенде – күзөтчүлөрдүн арасында эң ак көңүлү ошол: карцерге отургузбайт, режим начальнигине сүйрөбөйт. Дагы жатып турса болот экен, ашканага тогузунчу барак баргыча.

Вагонка селкилдеп чайпала түштү. Эки кошунасы тең тура баштады: үстүндө - Алешка баптист, астында – Буйновский, мурда экинчи рангдагы капитан, кавторанг.

Эки дневальный чал, бейшептеген челектерди чыгарып койгондон кийин, кайнаган сууну ким алып келет деп бири бирин жемелеп жатышты. Катындардай жемелешип жатышты. 20-бригададан электросварщик аларга барк этти:

- Эй, бечелдер! – деген сөзү менен чокою ыргыды. – Азыр жараштырып коём!

Чокой күңк этип устунга урунду. Унчукпай калышты.

Коңшу бригадада күңкүлдөп помбригадир сүйлөп жатты:

- Василь Федорыч! Продстолдо чаташтырып салыптыр, арамдар: тогуз жүздүктөр төртөө болчу, эми үчөө эле болуп калыптыр. Кимге азыраак берсек?

Бул сөз акырын айтылганы менен тиги бригада, албетте, жым боло түшүп, бардыгын тыңшап турду: кечинде бирөөгө бир кесим кем беришет.

Шухов болсо чакан матрасынын ныкталган таарындысында жата берди. Деги бир жагына ооп кетсе го – же калтырата кара тер басса, же какшап ооруганы басылса. Ары эмес, же бери эмес.

Баптист шыбырап чокунгуча, Буйновский тыштагы шамалдан келип, эч кимге кайрылбай, табалуу кубанычы менен жарыя салды:

- Эх, кызыл флотчулар! Отуз градуска туруштук беребиз!

Ошондо Шухов санчастка барганы чечти.

Ошол замат бирок бийлиги бар бирөөнүн колу күрмө тонду жана жуурканды үстүнөн сыйрып салды. Шухов бушлатты бетинен алды, башын көтөрдү. Алдында, башы менен вагонканын үстүнө жетип, арыкчырай Татар туруптур.

Демек, өз убагында эмес кезекке чыгып, акырын уурданып келген экен.

- Ще – сегиз жүз элүү төрт! - деп Татар кара бушлаттын артындагы ак жамаачыдан окуду.- Үч сутка кондей жумушка чыгуу менен!

Анын кыстыккан өзгөчө үнү угулаар замат, бирин-серин лампочкасы күйгөн, кантала баскан элүүгө жакын вагонкаларда эки жүз адам уктаган күңүрт барактын ичи кыймылга келип, тура элек ким болсо, бардыгы шашпалактап кийине башташты.

- Гражданин начальник, эмне үчүн? – үндү болушунча кейиштүү чыгарып, Шухов сурады.

Жумушка чыгуу менен – бул карцердин жарымы, ысык тамак берилет, ойлонууга да убакыт жок. Толук карцер – жумушка чыгарбай.

- Тургула дегенде турган жоксуңбу? Бас комендатурага, - деп шашылбай түшүндүрдү Татар, анткени Шуховго да, өзүнө да, деги эле бардыгына кондей эмне үчүн берилгени айтпаса да түшүнүктүү.

Бир тал өспөгөн уйпаланган Татардын өңү кош көңүл. Ал дагы бирөөнү издегилеп карагыча, бардыгы – ким түнөрүңкү жерде, ким лампочканын жарыгында, вагонканын биринчи кабатында да, экинчи кабатында да буттарын кара кебез сол тизеде номерлери бар шымдарга салып жатышты же кийинип алып, кумтулана чыгууга карай жөнөгөндөр – Татардан сыртка чыгып кутулуш үчүн.

Шухов карцерди башка бир күнөөсү үчүн алса, мынчалык көөнүнө тийбейт эле го. Капа кылганы – дайыма ал биринчилерден турчу эле да. Бирок Татардан суранамын деп ойлонбой эле кой, пайда чыкпайт. Адатынча сурана берип, Шухов түнүчүндө чечпеген кебез шымы менен (анын сол тизесинде да эскирген кир жамаачы тигилүү, ал жамаачыда кара, өңү өчкөн боёк менен Щ-854 деген номер жазылган), үстүнө күрмө тонду кийип (анда жанагы номерлерден экөө бар – бири төшүндө, бири аркасында), жердеги үймөктөн чокоюн тандап алып, тумагын кийди да (жанагыдай алдында жамаачы номери менен) Татардын артынан чыкты.

104-бригада Шуховду алып кетип жатканын көрүп турду, бирок бирөө кыңк этпеди: кереги эмне? Эмне дей аласың? Бригадир болсо го бир аз болушмак, бирок ал жок. Ошондуктан Шухов унчуккан жок, Татардын жинине тийбей. Эртең мененки тамакты алып калышаар, билишет да.

Ошентип экөө чыгышты.

Суук мунарыңкы тарткан, дем аптыгат. Эки чоң прожектор алыскы бурчтагы чокулардан кайчылаштыра зонага жарыгын таштайт. Зона фонарлары жана ичтеги фонарлар да күйүп турат. Алардын ушунчалык көптүгүнөн, асмандагы жылдыздар көрүнбөйт.

Каарды чокойлору менен кычыратып, зэктер өз иштери боюнча зыпылдап жүргөнү – ким дааратканага, ким каптёркага, кимиси - жөнөтмөлөр кампасына, тигил болсо жеке ашканага таруусун тапшырганы баратат. Баарысы баштарын ийинге катып, бушлаттарын кумтулаган, баарысы кыштын гана ызгаарынан эмес, ушул суукта күн кечке жүрүш керек деген ойдон үшүп бараткан кишилер.

Татар болсо киргил мала көк петлица тагылган эски шинелде зыңкыйып басып баратты, суукту да кенегидей эмес.

Экөө бийик тактайдан тегерете королгон БУР2 – таш менен тургузулган ички лагердик түрмөнүн жанынан өтүштү; нан жапкан жайды камактагылардан коруп тартылган тикенек зымдардын жанынан; штаб барактын бурчунда калың зым менен устунга илинген бубактуу рельстин жанынан; башка устунда өтө төмөн көрсөтпөгөндөй катылуу жерде илинген кыроо баскан термометрдин жанынан өтүштү. Шухов анын сүттөй ак түтүгүнө үмүттөнүп кыйшая серп салды: эгерде ал кырк бирди көрсөтсө, жумушка чыгарышпайт. Бирок бүгүн кыркка жете турган эмес.

Штаб баракка кирип, түз эле сакчылар жайына өтүштү. Ал жерде, Шухов жолдо баратып ойлоп койгондой, чыныкый себеп ачылды: эч кандай карцер эмей эле, сакчылар жайында пол жуулбаптыр. Эми Татар Шуховго «кечирдим» деп, пол жууганды буйруду.

Сакчылар жайында полду жуумай зонага чыкпаган атайын зэктин – штаб барак боюнча дневальныйдын жумушу болчу. Бирок штаб баракка көнүп алып, майордун, режим начальнигинин, «кумдун» кабинеттерине кирип жүрүп, аларга кызмат көрсөтүп, айрым учурларда жөнөкөй сакчылар билбегенди билип, кайсы бир убакыттан кийин жөнөкөй сакчыларга пол жууганды өзүнө теңсинбей калды. Тигилер аны бир жолу чакырат, эки жолу, анан иштин жайын түшүнгөндөн кийин, пол жууганга жумушчуларды тарта башташты.

Сакчылар жайында меш дүпүлдөп жагылган. Кир гимнастеркасына чейин чечинип, эки сакчы шашки ойноп жатышты, үчүнчүсү болсо белден буулган тону, чокоюн кийген бойдон тар тактайда уктап жатты. Бурчта тряпкасы менен чака турат.

Шухов Татардын кечиргенине кубанычын жашырбай:

- Рахмат, гражданин начальник! Мындан кийин жата берген адетимди коём.- деди.

Бул жердин закону жөнөкөй: бүтөсүң – кетесиң. Эми, Шуховго жумуш бергенде, сыздап ооруганы да басылып калгандай. Чаканы алып, колгабы жок (шашпалактап, жаздыктын астына калтырып кете бериптир) кудукка жөнөдү.

ПӨБгө – пландык-өндүрүштүк бөлүккө барган бригадирлер устундун жанында үймөлөктөшүп турат, жашыраак бирөөсү, Советтер Союзунун мурдагы Баатыры, устунга чыгып алып, термометрди сүртүп атты.

Ылдыйдагылар кеңеш бергенин койбойт:

- Нары жака дем алсаң, көтөрүлөт.

- Көтөрүлгөнүн урайын! - көтөрүлөт!.. Эч нерсе болбойт.

Шуховдун бригадири - Тюрин алардын арасында жок. Чаканы коюп, колдорун жеңдерине салып, Шухов кулагын түрүп байкап турду. Устундагы тигил кырылдаган үнү менен:

- Жыйырма жети жарым, жумуранкал!

Өзүн текшергенсип, дагы бир жолу карады да секирип түштү.

- Туура эмес бул, дайыма алдайт, - деди бирөө. – Зонага туурасын илчи беле?

Бригадирлер тарап кетишти. Шухов кудукту көздөй чуркады. Кулак жапкычын түшүрүп, бирок байлабагандыктан кулактары сууктан тызылдап кетти.

Кудук тегерегине калың муз тоңгон, чуңкуруна чака эптеп кирчүдөй экен. Аркан тоңгонунан тике турат.

Колун сезбей, буу чакасы менен Шухов сакчылар жайына кайтып келди да колун чакадагы кудуктун суусуна сала салды. Жылуу-у.

Татар жок экен, сакчылардан болсо төртөө жыйылышып, шашки ойногонду жана уктаганды коюп, актаган таруудан январда канча берилет деп талашып жатыптыр (айылда азык-түлүк тартыш болчу, сакчыларга болсо, карточкалары эчак бүтсө дагы, айылдагылардан бөтөн анча-мынча азык-түлүктү жеңилдетип сатышчу).

- Эшикти катуурак тартсаң, эй бетпак! Суук ыркырап атат! – деп бирөөсү алаксыды.

Эртеден чокойду сууга салган болбойт эле. Башка бут кийим да жок, баракка чуркабай эле кой. Шухов отурганы сегиз жыл ичинде бут кийим менен ар кандай тартипти көрүп чыкты: кышты чокойсуз өткөргөн жылдар болгон, батинке да көрбөгөн жылдар болгон, дарак кабыгынан жасалган же ЧТЗ менен (резинадан бут кийим, автомобилдин изи калат) кыш өткөрөсүң. Азыр бут кийим жагынан жакшы болуп калды: октябрда Шухов бекем, учтары катуу, эки жылуу чулгоо менен кийгенге боло турган кенен батинке алган (ал эмне үчүн алды – помбригадирдин аркасына кошулуп каптеркага барган). Бир жума бедели көккө тийип, жаңы такаларын такылдатып жүрдү. Ал эми декабрда чокойлор келип калды – чиркин өмүр, өлбөстүн оокаты! Бирок бухгалтериядагы кайсы бир шайтан алгыр начальникке шыбырап коёт: чокойду, мейли алышсын, батинкени болсо тапшырсын. Ушундай болчу беле – зэктин эки бут кийимге ээ болгону? Шуховдун ошондо башы катты: же кыш бою батинкени жыртып бүтүр, же чокой менен жүр, мейли каар былчылдап ээрисин, батинкеңди болсо тапшыргын.

Көздүн карегиндей сактап, солидол менен жумшарткан жап-жаңы батинке, эх! – сегиз жыл ичинде ушул батинкедей эч нерсеге жаны ачыган эмес. Бир үймөккө ыргытылды, жазда сеники болбойт. Жылкыны колхозго тапшыргандай эле кетти.

Азыр Шухов мындай кылды: шып чокоюн чечип бурчка койду, чулгоолорду үстүнө ыргытты (кашыгы полго шаңк этип түштү; канчалык тез карцерге камынса да, кашыгын унуткан жок), жылаңайлак, тряпка менен сууну шалпылдата сакчылардын чокойлору алдын шамдагай жууп кирди.

- Э-эй, айбан! акырын! – деп бирөөсү бутун отургучка көтөрүп үлгүрдү.

- Күрүчпү? Күрүч башка норма боюнча кетет, сен күрүч менен теңебе!

- Сен эмне мынча шалпылдаттың, келесоо? Ушинтип да жууйбу?

- Гражданин начальник! Мынтпесең кири кетпейт. Жугуп калыптыр го…

- Катының кантип пол жууганын көрдүң беле, далдыр?

Шухов суусу шоргологон тряпканы колуна кармап, белин түзөдү. Оозун ырсыйтып, бирин-серин калган тиштерин көрсөттү. Кырк үчүнчү жылы Усть-Ижмада алдан тайып баратканда кара жамадан тиштери кырылып калган. Кан сийип калганга чейин алдан тайган, алсыраган ашказан эч нерсени аш кылбай калган. Ошол мезгилден эми шүүдүрөп сүйлөгөнү эле калды.

- Катындан мен, гражданин начальник, кырк биринчи жылы калгам. Катын кандай экенин да унутуп койдум.

- Мына мынтип жуушат алар…Эч нерсе кылганды билбейт, арамдар, кылгылары да келбейт. Берген нанды акташпайт. Бокту жегизсе буларга.

- Күнүгө жууй бергендин кереги не ошону? Сыз болгону кургабайт. Сен, ким, бери укчу, сегиз жүз элүү төртүнчү! Үстү-үстүнөн сүртүп кой, нымыраак болуп көрүнсүн, анан жөнөй бер.

- Күрүч! Актаган тарууну күрүчкө теңебе!

Шухов ыпылдап ишти бүткөрүп жатты.

Жумуш деген таяктын эки башындай: эл үчүн кылсаң – сапаттуу кыл, чоңдор үчүн кылсаң – сырт көрүнөсүн бер.

Болбосо бут тарта албай кулабайт беле бардыгы, ал турган иш.

Шухов пол тактайлардын бир кургак жерин калтырбай сүртүп, тряпканы сыкпай мештин аркасына ыргытып салды, босогодон чокоюн тартып кийиди да, сууну чоңдор баскан жолчого төгүп таштап, - кыя салып, мончо жанынан, клубдун муздаган күңүрт имараты жанынан, ашкана көздөй безди.

Санчастка да жетишиш керек, кайра какшатып ооруй баштады. Анан дагы ашкана алдынан сакчыга учурабай кирип кетиш керек: лагерь начальнигинин катуу буйругу чыккан – бириндеп калып калгандарды кармап, карцерге отургузгула деген.

Ашкана алдында бүгүн – ой, тобо кылдым! – эл үймүлөктөнбөй, кезек жок экен. Кире бер.

Ичинде мончодогудай буу турат, - эшикти ачып-жапкандан жана баланданын буусунан. Бригадалар столдордо отурушат же өтүш жерде кысылышып турушат, качан орун бошоорун күтүп. Тыгыздан үнүн коштоп өтүп, ар бир бригаданын иштерманы жыгач ташыгычтар менен экиден-үчтөн чөйчөктөрдө баланда менен буламыкты ташып, аларды столго коюш үчүн орун издешет. Баары бир укпайт, жалдырама тийгир, арты жакшылык көрбөс, мына сага, ташыгычты түртүп жиберди. Шөлп, шөлп! Бош колу менен – желкеден ары, желкеден ары! Туура болот! Жолго турба, жалаганга чөйчөк издеп аңдыба.

Тигил жерде, столдо, кашыгын салаардан мурда жаш жигит чокунуп жатат. Бендеровчу турбайбы, жаңылардан окшойт: картаңдары лагерде жашап, чокунганды коюшкан.

Орустар болсо – кайсы колу менен чокунганды да унутушкан.

Ашканада отурганга суук, көбү баш кийимин чечпей тамактанышат, бирок шашылбай, майда балыктын эзилген этин кара капустанын жалбырагы арасынан тандап, кылканды столго түкүрүшөт. Стол үстүнө үймөктөлүп калганда – жаңы бригада алдында кимдир бирөө аларды шилтеп салат, каалагандар калганын полдон кырчылдатышат.

Кылканды түз эле полго түкүргөн – тыкандыка жатпагандай.

Барактын ортосунда эки катар устунубу, тирөөчүбү турат, ошол устундардын бирисинин жанында Шуховдун бригадалашы Фетюков тамагын кайтарып отуруптур. Ал бригадалаштардын арты, Шуховдон начарыраагы. Сырттан бригада бирдей номерлер жана бирдей кара бушлат кийингени менен ичинен кыйла тең эмес – ар тепкичтери бар. Буйновский, мисалы, чөйчөк кайтарып отурбайт, ошол эле Шухов ар жумушту кыла бербейт, төмөнү да бар.

Фетюков Шуховду байкап, үшкүрүнө орун берди.

- Муздап калды бардыгы. Жеп койсомбу дегем, сен кондейде болсоң.

Дегени менен күтпөстөн кете берди, анткени Шухов эчтекесин калтырбай, эки чөйчөктү тең жылмалап салаарын билет.

Шухов чокоюнан кашыгын алып чыкты. Бул кашыгын жанындай көрчү, бүт түндүктө чогу болду, ал аны өзү алюминий сымдан кумга куюп жасаган, «Усть-Ижма, 1944» деген саймалап жазылганы бар болчу.

Шухов такыр башынан баш киймин чечип, – канчалык суук болсо да, баш кийим менен тамак ичкенге өзүнө уруксат берчү эмес – туруп калган баланданы аралаштырып, чөйчөктө эмне бар экендигин заматта баамдады. Ортосу экен. Челектин башынан да эмес, түбүнөн да эмес. Фетюков чөйчөктү кайтарганда, колун салып картөшкөсүн алган чыгаар, аны кылышы мүмкүн.

Баланданын бир жыргалы анын ысыгында, бирок Шуховго азыр муздагы тийди. Ошентсе да жайбаракат, сиңимдүү жей баштады. Мында өрттөнүп кетсин бардыгы, шашпашың керек. Уйкуну эсептебегенде, лагердеги адам өзү үчүн эртең мененки он мүнөт тамак ичкенде, беш мүнөт түшкү тамакта жана беш мүнөт кечки тамакта жашайт.

Баланда күндөн күнгө өзгөрбөйт, кышкыга кайсы жашылча камдалса, ошону менен чыгасың. Бир жылы жалаң туздалган сабиз камдалып, сентябрдан июнга чейин баланда ошол сабиз менен өттү. Азыр болсо – кара капуста. Лагердеги адамга эң токтуу убакыт – июнь: бүт жашылчалар түгөнүп, таруу менен жасашат. Эң жаман мезгили – июль: казанга чалкан чабылат.

Майда балыктын кылкандары эле жүрөт, эти эзилип, баш жана куйругунда гана калыптыр. Балыктын үлбүрөгөн сөөгүндө бир дагы кабырчыгын, бир дагы этин калтырбай, Шухов тиши менен аны дагы эзгилеп, сөөгүн соргулап – столго түкүрүп атты. Кайсы балык болбосун, анын бардыгын жечү: бакоолорун, куйругун, көзүн да, эгерде ордунда болсо, бирок өзүнчө калкып жүрсө - балыктын чоң көздөрү, - жебей койчу. Ушунусун шылдыңдап күлүп да жүрүштү.

Бүгүн Шухов үнөмдөдү: баракка кирбей калып, пайка алган жок, эми наны жок жеп жатты. Нанды кийин өзүнчө жесе тогумдуу болот.

Экинчиге магарадан ботко. Ал бир куйма болуп кармалып калыптыр, Шухов аны чекесинен сындырып атты. Магара муздагы эмес, ысыгы болсун – даамы да, токтугу да жок: чөп, жалаң чөп, түсү гана акталган таруудай саргылт. Таруунун ордуна ушуну берип көнүп алышты, кытайлардан үйрөнсө керек. Бышырганда салмагы үч жүз грамм барбы – жарай берет: ботко десең ботко эмес, бирок ботко ордуна кете берет.

Кашыгын жалап, аны чокойдогу өз ордуна салып, Шухов баш киймин кийип, санчастка карай жөнөдү.

Лагердеги жарыктан жылдыздары көрүнбөгөн асманда дагы эле караңгы. Баягыдай эле эки прожектордун багытталган жарыгы лагердик зонага кайчылаш уруп турду. Ушул Өзгөчө делген лагерь жаңы ачылганда фронттон келген жарык берчү ракеталар сакчыларда көп болчу, жарык өчсө эле – зона үстүнө ракета аттырып жатышчу, агыш, жашыл, кызылын, тим эле согуш өзүнчө. Кийин аттырбай калышты. Же кымбат болуп калдыбы?

Баягы ойгонуп турганда караңгы болгондой, азыр да ошол, бирок каныккан көзгө ар кандай майда-чүйдө белгилерден тизилмей жакындап калганы оңой эле билинет. Аксактын жардамчысы (ашкана боюнча дневальный Аксак жардамчыны өзү багып кармачы) эртең мененки тамакка майыптар, башкача айтканда зонага чыкпаган алтынчы баракты чакырганы кетти. Маданий-тарбиялоочу бөлүккө сакалчан карыган сүрөтчү сүйрөлүп кетип баратты – боёк жана кисточкасына, номерлерди жазганы. Жанагы Татар кадамын чоң таштап, штаб баракты карай шашылып жөнөп кетти. Деги эле сыртта эл азайып калды – демек, бардыгы эптеп жайланышып, акыркы таттуу мүнөттөрдө жылынып отурушат.

Шухов Татардан барактын бурчуна тез жашынып калды: экинчи жолу кармаса – дагы оңдурбайт. Эч убакта оозду ачып жүрбөш керек. Кайсы сакчы болбосун сени жалгыз эмес, топ кишилер арасында көргөнү дурус. Балким, ал жумуш кылганы адам издеп жүрөт, же жинин кимден чыгараарын билбей кагынып жүргөндүр. Барактар боюнча буйрук окулбадыбы – сакчы алдында беш кадам жетпей баш кийимиңди чечишиң керек жана эки кадам өтүп кийүүгө уруксат. Кай бир сакчы эч нерсени көзүнө илбей кете берет, кай бирөөнө бул буйрук - бал сүйкөп койгондой. Канчаларды кондейге ошол баш кийим үчүн сүйрөштү, кагыңгыр иттер десе. Бок силерге, бурчка жашынып туруп турабыз.

Татар өтүп кетти, Шухов болсо жакшы эле санчасть тарапка жылайын дегенде, эсине түштү – бүгүн эртең мененки тизилгенге чейин жетинчи барактагы узун латыш менен эки стакан тамеки сатып алганга сүйлөшкөн, Шухов жүгүрүп жүрүп такыр унутуп калыптыр. Узун латыш кечээ кечинде жөнөтмө алган, эртең ал тамекиси жок болот, бир ай жаңы жөнөтмөсүн күтө бер анан. Тамекиси болсо жакшы, чеги менен күчтүү да жыттуу. Тамеки чеккендей болосуң.

Шухов кейип-кепчип, алдастай түштү – жетинчи баракка кайрылгандабы? Бирок санчастка бир аз гана калган, ошондуктан ал санчасттын оозу көздөй тыпылдап жөнөдү.

Бут алдында каардын кычыраганы угулат.

Санчастта, коридор демейдеги ушунчалык таза болгондуктан, баскандан заарканасың. Дубалдары ак эмаль боёк менен боёлгон. Эмереги да аппак.

Бирок кабинеттердин эшиктери жабык. Врачтар төшөктөрүнөн тура элек болуш керек. Кезекчи жайда бир гана фельдшер отурат – Коля Вдовушкин деген жаш жигит, таза столчодо ак жаңы халат кийинген – бир нерсе жазып жатат.

Башка эч ким жок.

Шухов жетекчи алдында тургандай баш киймин чечип, лагердик көнүмүш боюнча көзүн ар нерсеге жүгүртүп, Николай тегиз-тегиз сап жазып жатканын, ар бир сапты четинен калтырып, бири астынан бирин чоң тамга менен баштап тыкан жазганын байкабай койгон жок. Албетте, бул жумушу эмес, жумуштан тышкары иши экенин Шухов заматта түшүндү, бирок аны менен иши да жок болчу.

- Мен эме… Николай Семеныч…ооруп калган окшоймун… - уяңдык менен, бирөөнүн мүлкүнө зар болуп жаткансып Шухов үн чыгарды.

Вдовушкин чоң бейкапар көздөрүн иштеген жумушунан бери карай көтөрдү. Башында ак чепчик, ак халат, номерлери да көрүнбөйт.

- Сен эмне мынча кеч? Кечинде эмне келген жоксуң? Эртең менен кабыл албаганыбызды билесиң да? Жумуштан бошотулгандардын тизмеги эчак ПӨБдө.

Ушунун бардыгын Шухов билет. Кечинде деле жумуштан бошонуу оңой эместигин да билет.

- Эми, Коля…Кечинде керек учурда оорубай калат анысы…

- Аның эмне? Эмнең ооруйт?

- Карап көрсөң, эч нерсем деле оорубайт. Бирок бүтүндөй дене боюм ооругансыйт.

Шухов санчастка жабышкан адамдардан эмес, Вдовушкин билет. Бирок эртең менен эки адамды гана жумуштан бошотууга укугу бар болчу - экөөнү бошотуп койгон жана жашыл түстөнгөн айнектин астында, столдо ошол эки адам жазылып, сызык чийилген.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет