Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет28/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Скептицизм. «Скептицизм» термини байыркы грек сөзү «скепсис» 
дегенден келип чыгат жана карап чыгуу, байкоо, талдоо, солкулдоо дегенди 
билдирет. Ал гносеологиянын бир багыты катары ар кандай эле билим 
чындыкка дал келбейт деп билдирет. Скептицизм толук жана толук эмес, 
чектелген жана мээлүүн болушу мүмкүн. Толук скептицизм ар кандай чыныгы 
билимди четке кагат, толук эмес скептицизм кандайдыр бир белгилүү болгон 
чыныгы билимдин мүмкүндүгүн танат. Чектелген скептицизм эки карама 
каршы ой жүгүртүүдөн бирөө чындык эмес деп белгилейт. Мээлүүн скептицизм 
пробабализм (латынча probabalis – «мүмкүн болгон», «чындыкка окшогон») деп 
аталат. 
Скептицизмди агностицизмдин бир түрү деп айтса болот. Байыркы 
доордо агностицизм скептицизм формасында өнүккөн. Скептицизмдин 
негиздөөчүсү Пиррон (болжол менен б.з.ч. 360-275, 270-жж.) болгон. Анын 
окуучулары Тимон, Аркесилад, Карнеад, Энезидем, Агриппа, Секст Эмпирик 
ж.б. болгон. Пиррондун көңүлүнүн борборунда бакыт жөнүндө проблема 
турган. Кантип бактылуу боло алат? Бул проблеманы чечүү үчүн төмөндөгү үч 
суроого жооп берүү зарыл: Бизди курчап турган нерсе эмне? Бизди курчап 
турган нерселерге кандай мамиле жасаш керек? Бул мамиледе эмнеге көңүл 
буруш керек? Биринчи суроого жооп берип жатып өзүнө чейинки өнүккөн 
философияны жыйынтыктап, бардык философтор иш жүзүндө бири бирине 
каршы турушкан дейт. Биз дүйнө деген эмне экенин, анны түзгөн буюмдар, 
андагы болуп жаткан процесстер жөнүндө биле албайбыз деген ойду айтат. 
«Сен өлүп калган жоксуңбу?» деген суроого Пиррон «билбейм» деп жооп 
берет. Дүйнөдө бардык нерсе салыштырмалуу, бардык буюмдар бирдей жана 
бирдей эмес туруктуу жана туруксуз, башкача айтканда таанып биле албайбыз.
Сократ (б.з.ч. 470-399жж.) Байыркы грек философу, анын философиялык 
көз карашы, окуусу натурфилософиялык философиядан идеализмге бурулуш 
катары эсептелинет. Философиялык көз карашы боюнча объективдүү 
идеализмдин баштоочусу катары да саналат. Сократ философиялык ой 
пикиринин тереңдиги менен өзүнүн замандаш философторунан айырмаланган. 
Афинада биринчи философиялык мектепке негиз салып, баштоочулардын бири. 
Сократ Афинада жашаган, кылган иши боюнча жөнөкөй ширетүүчү болгон. 
Өзүнүн жүрүш турушу, мүнөзү боюнча философко окшобогон, ал көбүнчө 
жөнөкөй эле акылман адамга окшогон. Анын күндөлүк турмушта жүрүш 
турушу, кылган иши адамдарга айткан ой пикири, накыл сөздөрү катары эле 
чоң таасирин тийгизген. Сократ көп убагын Афина шаарынын ачык 
аянттарында, тосулган дубалдардын жанында өз ой пикирлерин адамдар менен 


34 
бөлүшкөнгө кетирген. Ким аны менен маектешип, пикир алмашкысы келсе, 
Сократ бардыгы менен, адамдарды тандабай алар менен сүйлөшкөн, оюн 
түшүндүрүп бөлүшкөн. Биринчи жолу Афинада угуучуларды топтоп, аларды ой 
жүгүртүп, өзүнүн түшүнүгүн далилдей билүүгө үйрөткөн.
Сократ философиялык көз карашы боюнча натурфилософияга каршы 
болгон. Философиянын негизги максаты – адамдардын жашоосундагы негизги 
маселени чечүү болуп саналат деп эсептеген, б.а. адамдарды жашоого үйрөтүү 
– философиянын негизги максаты. Сократ бүтүндөй табиятты таанып билүүгө 
каршы болгон, ошондуктан, адамдын сезүү органдарын керектүү деңгээлде 
баалаган эмес. Сократтын айтуусу боюнча адам өзүнүн кол алдындагысын гана 
биле алат, ал эми адамдын кол алдында табият эмес, аалам эмес анын жаны. 
Ошондуктан, адамдын чыныгы билими – жан жөнүндөгү гана билим. Ушуга 
байланыштуу, Сократ билимдин эң негизги максаты өзүн өзү таанып билүү, б.а 
«Өзүңдү өзүң таанып бил» деген накыл сөздү айткан. Бул учкул сөз мааниси 
боюнча өтө терең. Билимге түшүнүктү аныктоо аркылуу гана жетүүгө болот 
деп эсептеген. Сократ философияда диалектикалык принципте ой жүгүртүүнүн 
негиз салуучуларынын бири болуп саналат, анткени, ал өзүнүн маектешип 
жаткан адамын чындыкка жетиш үчүн терең ой жүгүртүүгө, ар кандай 
маселени талдай билүүгө, алардын ичинен керектүүсүн тандап алууга жана 
өзүнүн оюн ар кандай далилдер менен бекемдөөгө чакырган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет