Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет17/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Экинчи бөлүм. 
Башталгыч класстарда эне тилин текстке байланыштуу окутуунун 
технологиясын моделдештирүү. 
2.1. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун абалы. 
Башталгыч класстарда кыргыз тили негизги предмет катарында 
окутулат жана буга чейин окутулуп келген. Анын окутулуш абалы кандай 
болгон? Бул предмет боюнча окуу программалары жана окуу китептери 
кандай түзүлгөн? Мына ушул маселелерди изилдөө максатында окуу 
программаларын жана окуу китептерин анализдөөгө аракет жасадык, 
анткени, мектептер үчүн түзүлгөн окуу программалары- бул мамлекеттик 
баалуу документ болуп эсептелет. Программада мектептерде окутулуучу 
предметтердин мазмуну, кандай билимдердин негиздерине ээ болуу 
керектиги жөнүндөгү маселелер ачык- так көрсөтүлөт. Мектептерде 


57 
окутулуучу предметтерге арналып, анын талабына ылайык түзүлгөн 
программалар республиканын бардык мектептери үчүн бирдей колдонулат. 
Кыргыз башталгыч класстарында эне тилинен билим берүү ишинде бир 
катар окуу программаларынын колдонулгандыгын көрөбүз. 1918- жылдагы 
“Мектептерде билим берүү иштеринин материалдары”, 1921- жылдагы 
“Бирдиктүү жети жылдык эмгек мектебинин программалары көп кечигип 
келгендиктен, ошол мезгилде мектептерде колдонулган эмес . . . (49, 111.) 
1923-24- жылдары Кыргызстандын мектептеринде РСФСРдин Эл агартуу 
комиссариатынын мамлекеттик окуу советинин комплекстүү программалары 
пайда болгон. Бул программалар ар бир окуу предметинин спецификасын 
жок кылуу менен, “Коом” деген комплекстүү темалар боюнча маалымат 
берүүгө умтулган. Комплекстүү система кыргыз мектептеринде аз 
колдонулду. Мугалимдер программанын мазмунун түшүнүшкөн эмес”,- деп 
белгилеген академик А.Э.Измайлов (49, 116- б.) 
1934- жылга чейин “Комплекстүү метод” өкүм сүргөн. 1931- жылы 5- 
сентябрда ВКП (б) БК “Башталгыч жана орто мектеп жөнүндө атайын токтом 
кабыл алды. Анда окутуунун эне тилде жүргүзүлүүсү жөнүндө айтылган. 
1932- жылы 25- августта ВКП (б) БК “Башталгыч жана орто 
мектептердин окуу программалары менен режим” жөнүндө токтом чыгарган.
ВКП (б) БКнын ушул токтомуна ылайык 1932- жылдагы программалар 
мектептерде окутулуучу предметтерге ылайык кайрадан түзүлгөн. Ал 
программалар ар бир класста өтүлүүчү предметтерге ылайыкталып түзүлүү 
менен балдардын билим алышын белгилүү бир системага салган. 
1932- жылдан азыркы учурга чейин башталгыч класстар үчүн түзүлгөн 
кыргыз тили боюнча программалар бир нече жолу басылып чыгып, 
өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген. 
Башталгыч класстардын программалары 1937, 1941, 1947- жылдары 
жарыяланып, кыргыз тилинин фонетикасы, морфологиясы, синтаксиси 
боюнча материалдар системалуу түрдө жайгаштырылган. 


58 
1956-57- жылдары программалар кайрадан жарык көрүп, аларда да 
айрым бир өзгөртүүлөр киргизилген. 1958- жылы “Мектептердин турмуш 
менен байланышын чыңдоо жөнүндө жана СССРде элге билим берүү 
системасына ылайык башталгыч класстардын программаларына да 
өзгөртүүлөр киргизилди. 
1959- жылдан 1966- жылга чейинки түзүлгөн башталгыч класстардын 
программаларында кыргыз тилинин материалдарында айрым мүчүлүштүктөр 
кездешет. Мисалы, сөз түркүмдөрүнүн суроолору, алар жөнүндө жалпы 
маалымат берилүү менен гана чектелет. 
1966- жылы кабыл алынган “Жалпы билим берүүчү мектептердин 
иштерин мындан ары жакшыртуу чаралары” жөнүндөгү токтомунда илимге 
негизделген окуу пландары менен программаларын түзүүнү, билим берүүнүн 
мазмунун илимдин, техниканын, маданияттын өнүгүшүнө ылайыкташтыруу 
талабы белгиленген. 
Жогоруда көрсөтүлгөн программаларда кыргыз тили боюнча 
окутулуучу материалдардын ар түрдүү деңгээлде берилгендигин көрүүгө 
болот. Бул материалдардын оор, татаал, же тескерисинче, жеңил формада 
берилиши төмөнкүдөй себептер менен шартталат деп эсептөөгө болот: 
- мектептеги эне тилин окутуу тажрыйбасынын жаңыдан өнүгө 
башташы, 
квалификациялуу 
илимий 
кызматкерлердин, 
методисттердин, эне тилин окутууда тиешелүү педагогикалык 
байкоолорду жүргүзүп, белгилүү бир жыйынтыкка келбегендигине 
байланыштуу; 
- мектептерде окуу- тарбия ишинин жаңыдан жолго коюла 
баштагандыгына, окуу китептери менен программалардын түзүлүшүнө 
мугалимдердин сын көз менен карабай, кандай берилсе, ошондой 
окуткандыктарына байланыштуу; 
Кыргыз тили предмет катары окутула баштаган жылдары 
грамматикалык материалдар илимий жактан ар тараптан изилденип, 
программага киргизилбегендигин байкоого болот. 


59 
Педагогика боюнча эмгектерде окуучулар үчүн татаал жана оор болгон 
материалдардын программага киргизилиши ал материалдарды формалдуу 
түрдө өздөштүрүүгө алып келери жана окуучуларды тез чарчатып, 
тескерисинче, программада окуучулар үчүн жеңил, өтө оңой материалдардын 
берилиши алардын өсүш процессин, өздөштүрүүсүн кечиктирери 
белгиленген. 
Ошондуктан, программадагы материалдар окуучулардын билимине, 
жаш курактык өзгөчөлүгүнө, өздөштүрүүсүнө карай, дидактикалык 
принципти жетекчиликке алуу менен, жеңилден оорго, белгилүүдөн 
белгисизге карай жайгаштырылууга тийиш. 
70-90- жылдардын аралыгында башталгыч класстарда эне тилин окутуу 
боюнча программаларда грамматикалык материалдар элементардык- 
практикалык 
мүнөздө 
жайгаштырылган. 
Мисалы, 
морфологиялык 
материалдарды окутууда 1- класста сөз түркүмдөрүнүн суроолору, 2- класста 
алардын белгилери, ал эми 3-4- класстарда лексикалык- грамматикалык 
өзгөчөлүктөрү, алардын бөлүнүшү, жасалышы сыяктуу маалыматтар менен 
тааныштыруу пландаштырылган. 
90- жылдардан баштап башталгыч класста окутуунун программалары 
кайрадан иштелип чыккан жана кыргыз тилин окутууга да айрым 
өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, 1992- жылы жарыкка чыккан “Башталгыч 
класстардын программаларында морфологиялык материалдар (“Сөз. Ким? 
Эмне? Эмне кылат? Эмне кылып жатат? Кандай? Канча? Нече?) 2- класстын 
программасында берилген. (24, 92- б.) Демек, сөз түркүмдөрү боюнча 
алгачкы элементардык түшүнүктөр экинчи класстан баштап бериле 
баштаган. 
2000- жылы түзүлгөн окуу программаларында кыргыз тили боюнча 
материалдар класстар боюнча ирети менен, конкреттүү сааттары көрсөтүлүп 
жайгаштырылган жана ошондой эле материалдар өркүндөтүлүп берилген. 
Башталгыч класстардын программаларынын улам жакшырып, 
материалдарынын өркүндөтүлүп, туура берилишине республикалык 


60 
педагогикалык окуулардын, илимий- практикалык конференциялардын 
өткөрүлүшү, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдердин иш тажрыйбасын 
үйрөнүү, алардын ой- пикирлерин эске алуу, педагогикалык байкоолорго 
таянуу иштеринин жолго коюлушу оң таасирин тийгизди. 
Натыйжада башталгыч класстардын программаларында кыргыз тили 
боюнча материалдар такталып, өркүндөтүлүп, окуучулардын жаш- курактык, 
билим, өздөштүрүү деңгээлине ылайык түзүлө баштагандыгы байкалат. 
Бирок, ошондой болсо да, окуу программаларынын өркүндөтүлүп 
түзүлүшүнө жана аны ишке ашыруудагы, б.а. окутуудагы жетишкендиктерге 
карабастан, окуучулардын билим деңгээлинин көрсөткүчтөрү жогорку 
деңгээлде эмес экендигин жалпы республикалык тестирлөөнүн жана эл 
аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөттү. 
Окуучулардын билимдин негиздерин теориялык жактан терең кабыл 
алгандыгына карабастан, аны практикалык жактан пайдаланууга, андан ары 
өркүндөтүүгө, 
ой 
жүгүртүүгө, 
проблемаларды 
чечүүгө 
жөндөмдүүлүктөрүнүн жетишсиздиги байкалды.
Окуу китептери окуучуларга билим да, тарбия да берүүчү курал болуп 
эсептелет. Башталгыч класстар үчүн түзүлгөн кыргыз тили боюнча окуу 
китептеринде эне тилибиздин грамматикалык түзүлүшү, фонетика, 
морфология, синтаксис бөлүмдөрү боюнча материалдар жайгаштырылган. 
“Башталгыч класстарга арналып түзүлгөн китептерде тилибиздин 
грамматикалык түзүлүшүнүн элементардык мүнөздөгү негизги закондору
тилдик эрежелер, схемалар, графикалар, салыштыруулар берилген. Бир эле 
класста өтүлгөн грамматикалык материал улам жогорку класстарга өткөн 
мезгилде системалуу түрдө кайталанат жана ачык- айкын мисалдар менен 
бекемделип отурат”,- деп белгилешет окумуштуулар С.Турусбеков, 
Э.Бердибаев, Б.Рысбекова, К.Сартбаевдер кыргыз тили окуу китептери 
жөнүндө. (125, 125- б.) 
Башталгыч 
класстарда 
тилдик 
маалыматтар 
тереңдетилип 
өздөштүрүлбөстөн, 
элементардык- 
практикалык 
мүнөздө 
үйрөтүлө 


61 
тургандыгы белгилүү. Демек, окуу китептери да ошондой принципте 
түзүлүүсү керек. Жогоруда окумуштуулар белгилегендей, анда кыска- кыска 
эрежелер, схемалар, таблицалар, көнүгүүлөр жана ар түрдүү суроо- 
тапшырмалар жайгаштырылат. Эң негизгиси, берилген материалдар 
окуучулардын тигил же бул илимдин тармагы боюнча, ал эми конкретүү 
учурда кыргыз тили боюнча окуучуларга терең билим берүүчү окуу куралы 
болууга тийиш. 
Бул жагынан алып караганда окуу китептери өз функциясын кандай 
аткарып жаткандыгы жөнүндө буга чейин да көптөгөн окумуштуулар өз 
пикирлерин билдиришкен. 
Биз төмөндө кийинки жылдарда жарык көргөн 2,3,4- класстардын “Кыргыз 
тили” окуу китептерине талдоо жүргүзүүгө аракет жасадык. 
2- класс үчүн окуу китеби, автору- З.Маразыкова 1995- жылы 
Бишкекте, “Кыргызстан” басмасынан чыккан, 157- беттен турат. 
Окуу китебиндеги материалдар программада пландаштырылган 
темалар менен дал келет. Темаларга байланыштуу тапшырмалардын мазмуну 
ар түрдүү. Ар бир темага 18-20га чейинки көнүгүү, машыгуу иштери 
жайгаштырылган. Мында ар түрдүү суроо- тапшырмалар, сүрөттөр боюнча 
аңгеме түзүү, оозеки, жазуу түрүндөгү көнүгүүлөр бар. Макал- лакаптар 
менен иштөө, табышмактарды табуу, жаңылмачтарды айтуу, кроссворд чечүү 
сыяктуу окуучуларды кызыктыруучу тапшырмалар кездешет. Бул 
тапшырмалардын мазмуну өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн жана 
окуучулардын өз алдынча ойлонуп, изденүүсү үчүн шарт түзөт. 
Айрым тапшырмалар 2- класстын окуучулары үчүн татаал. Мисалы, 
даамды билдирген үч сөздү көчүргүлө деп, 48 сөз берилген. 2- класстын 
окуучусу үчүн ушунча көп сөздүн ичинен издеп, 3 сөздү табуу 
кыйынчылык туудурушу мүмкүн. “Эң чоң жемиш”, же “Ат- Башым” аттуу 
тексттердин мазмуну татаал, көлөмү чоң. Сүрөткө карап аңгеме түзүү 
тапшырмаларынын темалары да бул класстын окуучулары үчүн татаал. 


62 
3- класс үчүн 1996- жылы түзүлгөн “Кыргыз тили” окуу китеби, 
авторлору Ж.Мукамбаев, З.Маразыкова, “Кыргызстан” басмасынан чыккан, 
159 бет. 
Берилген материалдар окуу программасы менен дал келет. Ар бир 
темага 30-35ке чейинки көнүгүүлөр берилген. Көнүгүүлөрдүн мазмуну ар 
түрдүү. Мисалы, сүйлөмдөрдөн керектүү сөздөрдү табуу, сүрөттөр боюнча 
сүйлөм түзүү, макалдагы тиешелүү сөздөрдү табуу, макалдын маанисин 
чечмелөө, табышмактардын жандырмагын табуу, сүрөткө карата аңгеме 
жазуу, жаңылмачтарды, ырларды жатка айтуу тапшырмалары бар. 
Жалпысынан 
алганда 
көнүгүүлөрдө 
берилген 
тапшырмалардын 
мазмуну,анын ар түрдүүлүгү окуучулардын эне тили боюнча талапка ылайык 
билим алуусуна өбөлгө түзөт. Бирок, көнүгүүлөр үчүн алынган сүйлөмдөр, 
тексттер мазмуну жагынан көркөм, тарбиялык мааниси терең, окуучулардын 
жаш өзгөчөлүгүнө ылайык болуусу керек. 
4- класс үчүн 1991- жылы түзүлгөн “Кыргыз тили” окуу китеби, Фрунзе 
шаарындагы “Мектеп басмасынан чыккан. Авторлору: Б.Үмөталиева, 
К.Сартбаев. 175 беттен турат. 
Тапшырмалардын мазмуну эне тили боюнча окуучулардын 2,3- 
класстарда алган билимдерин өркүндөтүүгө багытталган. Бирок, бул окуу 
китебинин материалдары, тексттери мазмуну жагынан кызыктуу, көркөм 
эмес, айрымдары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө туура келбейт. 
Окуучулардын сөз байлыгын арттырууга, кебин байытууга, ойлоосун 
өстүрүүгө арналган көнүгүү иштери эң эле аз, жокко эсе. 
Ушундай эле жыйынтыктарды 2- класс үчүн 2001- жылы 
“Учкун”басмаканасынан жарыкка чыккан “Кыргыз тили” окуу китеби 
(автору- С.Рысбаев), 3- класс үчүн 2001- жылы “Педагогика” басмасынан 
жарыккөргөн “Кыргыз тили” окуу китеби (авторлору- С.Рысбаев, Ч.Исакова) 
жөнүндө да чыгарууга болот. Тапшырмалар ар түрдүү, программага шайкеш 
болгону менен, айрым тексттердин окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө 
туура келбегендиги (“Куу түлкү менен аңкоо жолборс”, “Кар, мөндүр, 


63 
жамгыр кантип пайда болот?”, 2-класс А.Осмонов “Өмүргө”, 3- класс), 
татаалдыгы, айрым тапшырмалардын оордугу байкалат. Айрым каталар 
кездешет, мисалы, түлкү деген сөз тулку, сүйлөмдөрдү түзгүлө дегенди 
сүйлөмдөрдү жүргүзгүлө, ж.б. 
4- класс үчүн түзүлгөн 2002- жылы “Педагогика” басмасынан жарыкка 
чыккан “Кыргыз тили” окуу китеби, автору- С.Шаелдаева. 
Окуу китебиндеги тилдик материалдар эң алгач көнүгүүлөрдөн башталат. 
2-3 көнүгүүдөн кийин грамматикалык эрежелер жайгаштырылган. 
Көнүгүүлөрдөгү тапшырмалар жалпысынан алганда окутулуучу темаларды 
камтыйт. Окуучуларды кызыктыруучу, ойлонтуучу тапшырмаларды берүүгө 
аракет жасалган. Бирок тапшырмалардын билим берүүчүлүк, тарбия 
берүүчүлүк жагына көп көңүл бурулбай калгандай. Айрым каталар 
кездешет, мисалы, салынган, жыртайган, жан ачыр деген сыяктуу атоочтук 
сөздөр автор тарабынан сын атооч деп берилген. 
Жалпысынан алганда кийинки мезгилдерде чыккан окуу китептеринин 
мазмуну программалык талаптарга жооп берет, бирок, тексттердин, 
тапшырмалардын мазмуну окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жана 
тарбиялык мааниси терең, ойлоо жөндөмдүүлүгүн жана кебин өстүрүүгө 
багытталса, катасыз, сабаттуу болсо деген ойду айтмакчыбыз. 
2012-2013- жылдары п.и.к. А.Акунова менен авторлоштукта 2,3-
класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китеби жана мугалимдер үчүн 
методикалык колдонмо иштелип чыгып, колдонууга берилген. 
Аталган окуу китептери грамматикалык тапшырмаларды тексттин 
негизинде аткаруу принцибинде түзүлгөн. 
Окуу китебиндеги пайдаланылган тексттер тематикасына, мазмунуна 
жараша бир нече бөлүмдөргө бөлүнгөн жана бир тексттин негизинде бир 
нече грамматикалык материалдардын өтүлүүсү пландаштырылган. Ар бир 
бөлүмдүн аягында угуу тексти боюнча баяндама жаздыруу иши каралган. 
Окуу китептери пайдаланылууга берилген соң, башталгыч класстардын 
мугалимдери тарабынан: “Окуу китебиндеги тексттердин бөлүмдөргө 


64 
бөлүнүшү”, “Адабий окуу” китебине окшош, тексттер көлөмү жагынан 
окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө туура келбейт, текстти окуу менен гана 
чектелип, грамматикалык тапшырмаларды аткарууга убакыт жетишпей 
калып жатат, тапшырмалардын айрымдары, мисалы: тексттеги окуяны, 
окуянын каарманын, окуянын болгон жерин, убактысын аныктоо, сөздөн сөз 
жасоо, ж.б.у.с. тапшырмалар кайра-кайра кайталана бергендиктен, 
окуучулардын тапшырманы аткарууга болгон кызыгуусун азайтат. Ошол 
себептен, берилген материалдар бөлүмдөргө бөлүнбөй, тексттердин көлөмү 
жана тапшырмалардын кайталануусу чектелсе, ж.б.у.с. сын пикирлер жана 
сунуштар келип түшкөн. 
Башталгыч класстардын мугалимдеринин сунуштарын эске алуу менен, 
2015-жылы жарыкка чыккан 4-класстын “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 
материалдар бөлүмдөргө бөлүнбөй, тексттердин көлөмү окуучулардын жаш 
өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылган жана аталган тапшырмалардын 
айрымдары таптакыр алынып салынып, айрымдары чектелип берилген. 
4-класстын «Кыргыз тили» окуу китеби куррикулумдун талаптарына 
ылайык окуучулардын жалпы жана предметтик компетенцияларын 
калыптандыруу максаттарын жетекчиликке алуу менен иштелип чыккан. 
Окуу 
китебинин 
мазмунун 
башталгыч 
класстардын 
окуу 
программаларынын талаптарына ылайык грамматикалык материалдар жана 
аларды коштогон окуучулардын таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн жана жалпы 
кругозорун өстүрүүчү элдик оозеки чыгармалардын мыкты үлгүлөрү: макал-
лакап, жаңылмач, табышмактар, балдар акын-жазуучуларынын тандалма 
чыгармалары жана таанып-билүү тематикасындагы ар түрдүү макалалар, 
балдардын грамматикалык сабаттуулугун, сөз байлыгын, логикалык ой 
жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын өстүрүүчү суроо-тапшырмалар жана 
көнүгүү-машыгуулардын топтомдору түзгөн. 
Окуу китебин түзүүнүн принциптерине ылайык окуучулардын жаш 
өзгөчөлүгүнө жараша тарбия берүүчүлүк мүнөздөгү чыгармалар жана 
макалалар жайгаштырылган. 


65 
Алар окуучу – мектеп – мугалим, ата-эне, туулган жер, Ата Мекен, 
адептүүлүк, сылыктык, эмгекчилдик, ден соолукка кам көрүү тематикаларын 
камтыйт. 
Окуу китебинин өзгөчөлүгү болуп, андагы жайгаштырылган бир чакан 
тексттин жардамы менен бүтүндөй бир грамматикалык тема боюнча суроо-
тапшырмаларды жана көнүгүү-машыгууларды аткаруу эсептелинет, ошондой 
эле тексттин тематикасын макал-лакаптар, жаңылмачтар, табышмактар жана 
иллюстрациялар коштойт. Мисалы, текст ата-эне жөнүндө болсо, ата-эне 
жөнүндөгү макал-ылакап, ыр, сүрөт, ж.б. жайгаштырылган. 
Окуу китебинин түзүлүшүнүн мындай ыкмасы окуучуга оюн топтоп, ал 
текстти талдоо жана анын негизинде грамматикалык тапшырмаларды 
аткаруу менен жаңы сөздөрдү үйрөнүп, сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн, 
сабаттуулугун калыптандырууга зор өбөлгө түзөт. 
Грамматикалык тапшырмаларды аткаруу кластер, синквейн, Венндин 
диаграммасы, инсерт, пирамидалык окуя сыяктуу интерактивдүү 
стратегиялар менен коштолот жана окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүгө 
багытталган сөздүк иши жүргүзүлүп, ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү ребус, 
кроссворддорду жандыруу сыяктуу иш чаралар аткарылат. 
Окуучулардын билимин баалоого тесттик тапшырмалар жана ар бир 
чейректин аягында тексттин негизинде грамматикалык тапшырмаларды 
аткаруу жана текстти пирамидалык окуя стратегиясы боюнча талдоо 
тапшырмалары бар. 
Методикалык колдонмодо окуу китеби боюнча сабактын үлгүлөрү, жат 
жазуу жүргүзүүнүн ыкмалары, нормативи, жазуу ишин баалоонун жолдору 
жана жат жазуу тексттери, баяндама жаздыруу үчүн тексттер, окуучулардын 
билимин баалоонун ыкмалары жана жыйынтыктоочу баалоо үчүн тесттер 
жайгаштырылган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет