Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы



Дата12.07.2016
өлшемі91.45 Kb.
#195747



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАДР КЫЗМАТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ



Тиркеме
Жаш изилдөөчүлөрдүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга докладдар үчүн изилдөөлөрдүн болжолдуу темалары
Баяндамачылардын эсине! Кара буллиттин (чекиттин) алдында жалпылаштырылган тема көрсөтүлгөн. Ачык булиттин (чекиттин) алдында жалпылаштырылган темага кирген суроолор көрсөтүлгөн. Докладдын темасы катары сиз жалпылаштырылган теманы да, ачык буллиттин алдындагы тизмеден бир же бир нече суроолорду да ала аласыз. Ошондой эле сиз доклад же изилдөө үчүн өз темаңызды тандасаңыз болот!
1-секция. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери


  • Мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелери

    • Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоо. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү маселеси. Элеттик муниципалитеттердин өнүгүүсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ролу – көйгөйлөр жана жетишкендиктер.

  • Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча айылдык аймактардын жана чакан шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен партиялардын өз ара аракеттешүүсү жана ролу

    • Партиялык кеңештер – эксперимент ишке ашабы? Шайлоочулардын укуктары бузулуп жатабы? Партиялык кеңештер натыйжалуу иштеп жатабы? Партиялык кеңештер менен ЖӨБнын аткаруу органдары – айыл өкмөтү менен мэриянын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн деңгээли кандай?

  • Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда саясий диалогду түзүүдө КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун ролу

    • Союзду түзүүнүн максаттары жана анын жетишкендиктери, ишмердигинин негизги багыттары. Муниципалдык түзүлүштөрдүн союздарынын иш алып баруусунда кыргызстандык жана чет өлкөлүк тажрыйбага салыштырма анализ.

  • Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттын (шаардын же айылдык аймактын) аймагынын көлөмүн аныктоо принциптери жана бул жааттагы көйгөйлөр

    • Кыргызстанга муниципалитеттерди ирилештирүү канчалык зарыл? Жергиликтүү жамааттын аймагын оптималдаштыруу (конкреттүү шаардын же айылдык аймактын мисалында)

  • Чет өлкөдө шаарларды же элеттик муниципалитеттерди уюштуруу принциптери жана алардын Кыргыз Республикасында колдонууга жарамдуулугу

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун европалык хартиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча жаңы эл аралык документтер

    • Принциптердин кайсынысы Кыргызстанда ишке ашырылып жатат?

  • Бишкектеги Муниципалдык аймактык башкармалыктар (МАБ)

    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында жана шаардын өнүгүүсүнө жасаган таасиринде МАБдын ролу. МАБды түзүүнүн жана каттоонун тартиби, алардын ролу. Шаарга МАБ керекпи? Алардын натыйжалуулугун кантип арттырса болот?

  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууну укуктук жактан жөнгө салуунун принциптери

    • Жергиликтүү маанидеги маселелердин курамы жана айрым өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышы. ЖӨБ эмне менен алектениш керек? Ушул тапта эмнелерди жасап жатат?

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасы

    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү, аткаруучу-бөлүштүрүүчү, көзөмөлдөөчү жана башка органдары. Башкаруучулук структураларды куруунун негизги принциптери. Кеңеш менен мэрия (айыл өкмөтү) ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну укуктук жактан жөнгө салуу жаатында компетенцияларды ажырымдоо.

  • Жергиликтүү кеңештердин ишмердигин өркүндөтүү

    • Кеңештердин (мэриянын, айыл өкмөттүн) ишинин натыйжалуулугун кантип жогорулатса болот?

  • Муниципалдык түзүлүштү башкарууда маалымат технологиялары.

  • Муниципалдар аралык кызматташтык

    • ЖӨБ органдарынын кызматтарды биргелешип көрсөтүү тууралуу макулдашуусу. Муниципалдар аралык кызматташтыкты башкаруунун формалары жана ыкмалары

  • ЖӨБнын натыйжалуулугу: түшүнүктөр, принциптер жана критерийлер

    • Башкаруунун натыйжалуулугун баалоонун заманбап концепциялары жана стандарттары. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатын баалоодо индекстер (социалдык адилеттүүлүк индекси, бюджеттин ачык-айкындуулук индекси ж.б. – Кыргызстанда жана чет өлкөдө)


2-секция. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары


  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо

    • Стратегиялык планды жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун, ишке ашыруунун жана ага мониторинг жүргүзүүнүн механизмдери.

  • Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр

    • Реестрлер, стандарттар, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана аларды уюштуруунун ыкмалары. Муниципалдык тапшырык жана муниципалдык имараттар.

  • Жергиликтүү экономикалык өнүгүү

    • Пландоо, аткаруунун катышуучулары. Бизнес менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара мамилелери. Жергиликтүү экономикалык өнүгүүдө маркетинг (фестивалдар, имидж, чакан бизнес жана инвесторлор). Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан бизнеске финансылык колдоо көрсөтүү – кепилдик фонддору жана каржылоонун башка булактары.

  • Муниципалдык ресурстар

    • Муниципалдык менчик, жер, суу, жаратылыш казындылары. Пайдалануунун натыйжалуулугу

  • Муниципалдык менчикти башкарууну уюштуруу

    • Муниципалдык менчикке ээлик кылуу, колдонуу жана башкаруу боюнча менчик ээсинин укуктарын ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары.

  • Муниципалдык менчикти ижарага берүү

    • Ага анализ жасоо жана кирешени көбөйтүүнүн резервдери

  • Муниципалдык менчикти башкарууда коррупция жана ачык-айкындуулук

    • Муниципалдык кыймылсыз мүлк базарына анализ, жергиликтүү бюджеттерде муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн кирешелердин мааниси. Коррупциянын деңгээли. Объекттер тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана аларга байланышкан бүтүмдөр

  • ЖӨБ органдары тарабынан укук бузуулардын структуралары

    • Жерлерди жана менчикти башкаруу, жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгү. Себептер жана кесепеттер.

  • Турак жай-коммуналдык чөйрөнү башкаруунун заманбап технологиялары

    • Турак жай менчик ээлеринин шериктиктери – ийгиликпи же кетенчиктөөбү? Турак жай фондунун жеке башкаруучулары. Жаңы көп батирлүү үйлөрдү башкаруу

  • Турак жай-коммуналдык чарбачылыкты реформалоо: масштабы жана абалы

    • Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн стандарттары жана тарифтери. Тарифтик саясат жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү. Тарифтерди орнотууну уюштуруу жана тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу процессине катышуу. Коромжуларды, чыгымдарды азайтуу, энергияны үнөмдөгөн технологияларды киргизүү, турак жай-коммуналдык тейлөөдө атаандаштыкты жайылтуу. Турак жай саясаты жана көрктөндүрүү.

  • Жергиликтүү бюджеттин өз алдынчалык принциби: ал Кыргызстанда аткарылып жатабы?

  • Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү

    • Бюджеттик системанын деңгээлдери ортосунда чыгашаларды бөлүштүрүү: дүйнөлүк жана ата мекендик тажрыйба. Гранттардын жергиликтүү бюджеттердеги ролу. Кыргыз Республикасында гранттар системасынын артыкчылыктары жана кемчиликтери: чет өлкөлөр менен салыштыруу. Жергиликтүү инфраструктуранын өнүгүүсүн жөнгө салуу максатында дем берүүчү гранттардын механизмин өркүндөтүү. Кыргыз Республикасында теңдөөчү гранттар системасын өркүндөтүү.

  • Жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин өз булактары

    • Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын чет өлкөлөр менен салыштыруу. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү. Кайсы кирешелердин эсебинен жергиликтүү бюджетти толтурса болот? Жергиликтүү салыктар бюджет кирешесин толуктоонун булагы катары

  • Айыл чарба жерлерине жер салыгы

    • Андан түшкөн кирешеге анализ жана өсүш резерви. Жер салыгынын коюмун көбөйтүш керекпи?

  • Мүлккө салык

    • Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөр ортосунда салыштырма анализ. Кыргызстанда салыктын коюмун көбөйтүш керекпи? Салыктын натыйжалуулугу

  • Жергиликтүү бюджеттеги салыктык эмес төлөмдөр: автотранспорттун токтотмосу үчүн жыйым

    • Жергиликтүү бюджетке канча киреше түшөт жана аны чогултуу ишин кантип жакшыртса болот?

  • Кыргызстандагы салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн формаларын колдонуудагы көйгөйлөр.

  • Кыргыз Республикасында ыктыярдуу патенттин чогултулушун арттыруу.

  • Кыргыз Республикасында жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин ачыктыгын камсыздоо.

    • Жарандардын бюджетти түзүүгө катышуусу. Бюджет боюнча коомдук угуулар жана 1999-жылдан баштап алардын эволюциясы. Бюджеттик ачык-айкындуулуктун индекси. Жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин катышуучулары. Жарандардын бюджеттик угууларга катышуусу. Мындан пайда чыгабы? Натыйжалуулугун кантип арттырса болот?


3-секция. Муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары)


  • Муниципалдык кызматтын баркы жана материалдык жагымдуулугу

    • Акыркы жылдардагы реформалар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар ортосунда ажырым азайдыбы? ЖӨБ органдарында кадрлардын бир орунда токтобой жатышынын себептери

  • ЖӨБ органдарынын структурасы. ЖӨБ органдарынын штаттык түзүмүн ким аныктайт?

  • Муниципалдык функцияларды аткаруунун жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн регламенттери

  • Муниципалдык кызматты уюштуруу жана муниципалдык кызматтын кадрларын даярдоо системасы

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппаратын күтүүгө кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу

  • Административдик укук бузууларды болтурбоодо жана алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу


4-секция. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу


  • Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу

    • Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түздөн-түз катышуусунун формалары: натыйжалуулугун баалоо. Эркин түз билдирүүнүн формалары жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда жарандардын катышуусуна кепилдиктер. Калктын өз эркин түз билдирүүсүн камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери. Калктын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышуу практикасы. Аймакты өнүктүрүү маселелеринде жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттешүүсү. Жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын жана тапшырмаларын түзүүгө жарандардын катышуусу. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жарандардын катышуусу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк, партиялар, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун баалоо.

  • Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу.

    • Отчеттор, жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызматтык адамдардын иши тууралуу маалымдоо.

  • Тоо-кен казуу тармагында инвесторлор менен өз ара мамилелерди түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө натыйжалуу коммуникацияларды түзүү жана өнүктүрүү

    • Айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын оң имиджин калыптандыруу. Жамааттык ММК, муниципалдык ММК, мамлекеттик ММК – жергиликтүү маселелер боюнча калыкты маалымдоодо ким алдыда болуш керек?

  • Этностор аралык тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөдө ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Кыргыз элинин салттарын сактоодо жана модернизациялоодо ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоодо, аялдардын укуктарын коргоодо ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Өлкөдө жаштар саясатын түзүүдө жана ишке ашырууда ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүдө ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү

  • Коомдук саламаттык сактоодо, адамдын жана үй жаныбарларынын ооруп калуусуна жол бербөө жана алдын алууда ЖӨБнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү (элеттик ден соолук комитеттери).

группа 12

Конференция жана докладдар сынагы

Швейцария өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын

Эл аралык өнүктүрүү министрлиги өнөктөштүктө каржылаган

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жооперчилиги:

бюджеттик процесс” долбоорунун



алкагында өткөрүлүүдөгруппа 3группа 9

группа 2




Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет