АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН ӨЗ ЭЛИНЕН КЕТИШИ
Ошондо артык тууган
Алтынай
Төрөр чагы болуптур,
Тогуз айга толуптур.
Өөдө болсо, бели ооруп,
Эки кара сан ооруп,
Толгонуп жатып, толготуп,
Чыдабастан боздоптур,
Төрөй албай алты күн
Омуртка бели сыздаптыр.
Ажал жетсе, өлөм деп,
Башка келсе, көрөм деп,
Талаага чыгат жүгүрүп,
Бадачы Мажик көрүнсө,
Алтынай жаны калбай сүйүнүп.
Эмесе, Мажиктин жайын айталы,
Айта түшүп кайталы:
Алтымыш кошчу соодагер
Бээжинди көздөп келиптир.
Белестен Коңур көрүптүр;
Соодагердин баарысы
Коңурбайдан өлүптүр,
Алты жашта бул Мажик
Ошондо олжого түшүп калыптыр.
Алоокенин Коңурбай
Азизканга бериптир.
Уй кайтарган бул Мажик
Эми он жетиге келиптир.
Бул Мажикке кол булгап,
Алтынай турду бакырып,
Бери кел деп чакырып:
" — Ой уул, муңканган үндү уксаңчы,
Көк булуң өөдө чыксаңчы.
Көк-ала менен желсеңчи,
Касиеттүү мазардан
Таяк алып келсеңчи.
Токтобой мага берсеңчи?".
Мындай сөздү укканда,
Кайрылып Мажик келгени,
Көк булундун токойдон
Алтынайдын колуна
Таяк алып бергени.
Таякты колго алганы,
Үйүнө басып барганы.
Иши оңолуп жөнөдү;
Түн ичине жашынып,
Эч кишиге билдирбей,
Алмамбетти төрөдү.
Төрөлгөндө Алмамбет
Чекеси жерге жеткени,
Каканчындын Бээжинге
Жетимиш күнү күн жаап,
Жер титиреп кеткени...
Алты жашка келгенде
Төмөнкү Жалгыз көздүн элинде,
Суук-Төр деген төрүндө,
Аверден деген көлүндө,
Алтымыш баштуу ажыдаар,
Андан барып окууга
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Бурганактап шыбыргак,
Жандын жайын куп билип,
Кубултуп күндү бузууга,
Атышка кирсе алдырбас
Октун жайын окууга,
Оюн буруп ушуга,
Жөнөп кеткен Алмамбет, —
Мунун арты болот кандай кеп!
Алты миң бала бир жолдо
Ажыдаарга барганда,
Бир жакы башын көтөрсө,
Жамгырдай жайнап от чыгат,
Бир жакы башын көтөрсө,
Каптап жалын, чок чыгат.
Алты миң бала чыңырып,
Айласы кётип корккондон,
Өңгөсү калды кырылып.
Ошо балдар ичинен
Ажал жетип өлбөстөн
Алты бала соо калды.
Экинчи жылы болгондо,
Жети миң бала бир барды;
Калганы баары кырылып,
Жети бала бир калды.
Үчүнчү жылы болгондо,
Сегиз миң бала бир барды;
Сегиз миң бала ичинен
Ажал жетип өлбөстөн
Сегиз бала соо калды.
Төртүнчү жылы болгондо,
Тогуз миң бала бир барды;
Тогуз миң бала кырылып,
Тогуз бала тим калды.
Он миң бала бир барды,
Он миңи бирдей кырылып,
Он бала тирүү бир калды.
Каражөй уулу Шыпшайдар
Өнөрүн чындап токуду,
Ажыдаардын окуусун
Алмаңдан үч айча артык окуду.
Ошол кезде Алмамбет
Алтын кылыч, айбалта
Билегинде чалылуу.
Ирмегенде кан чыккан,
Катылгандан жан чыккан
Азиз кандын ак болот
Кынап кында салылуу.
Ошол кезде Алмамбет
Толуп турган кези эле,
Жазгы күндөй жадырап,
Болуп турган кези эле.
* * *
Бир күнү туруп Азиз кан
Алдындагы балага
Мына мындай кеп салган:
"Алмамбет, балам, сен, — деди, —
Аксакал болдум мен, — деди. —
Арыз кылган адам көп,
Ак-карасын текшерип,
Сурак кыла бер"-деди.
Ата сөзүн кайтарбай,
"Сурабайм"-деп айталбай,
Алмамбет такка илинди,
Ар мүнөзүн карасан,
Адилдиги билинди.
Канча түрлүү калк барды,
Кара кылды как жарды.
Таңшаң түгүл Алмамбет
Какан журтун башкарды.
Урматтады баланы,
Улук келет дегенде,
Кошуун күтөт калааны.
Кыруусун алтын чордогон,
Кырмызы гүлүн тордогон,
Кырк жылы сууда жатса да,
Кылайып өңү оңбогон
Кармоочу бар карк алтын,
Каңгайлар кылып өз салтын,
Астына килем жайдырып,
Жанаттан кылган төшөгүн,
Көчүгүнө койдурду,
Карк алтындан отургуч
Кабылан Алман олтурду
Каңгайлардын заңы экен,
Кырка турган жан экен,
Таншаң журтта турганы
Кырк сан киши бар экен.
Бир-бирине келтирип,
Колмо колдоп жеткирип,
Учкан куштай кетирип,
Келген шаары Кирешти,
Жети киши жетелеп,
Өлтүрүүгө энтелеп,
Алып келип калганы.
Алмамбет көзүн салганы
"Калайык кандай ишиң, — деп,
Чынжыр салган мойнуна,
Жашын төккөн койнуна,
Бул эмне болгон киши?" — деп,
Аныктап сурап калганы.
Канкун шаар баңбаңы
Жооп бере салганы:
"Сиздейлерге мурунтан
Урмат кылган ишибиз,
Таңшаңдан келген чоң улук
Садага кылып жолуча,
Чаба турган кишибиз.
Өлүм түшкөн мойнуна,
Күндө түшкөн колуна,
Ураатына чабабыз
Улуктардын жолуна*.
Айран болду Алмамбет,
Азыркы алган жообуна:
"Өлтүрмөккө келсеңер,
Азыр менин жолума,
Бериңер менин колума".
Жетөөн аман алганы,
Санын сактап бул жолго,
Өткүр Алмаң ошондо
Өкүм кылган оң-солго.
Андан өтүп Алмамбет
Бакбурчунга бет алып,
Узун түштү бир жолго.
Бакбурчундук чогулуп,
Баары даяр туруптур,
Баарысынын башчысы
Эр Алмамбет улуктур.
Эки киши күнөкөр,
Алты киши арыз берген
Күнөөсү жок тим бекер,
Сегиз киши даярдап,
Өлтүрүүгө аяндап,
Азирленип алыптыр.
"Өлтүрбөңөр тек тур" — деп,
Алмамбет айгай салыптыр.
Сундуң* менен калайды
Сумсайышты далайы.
Чыйтай* менен Жан-жуңу
Далдайышып калыптыр.
Каардайбы деп каныбыз
Улуктардын баарысы
Өз өзүнөн чочунуп,
Аман калар бекен деп,
Аманат кара жаныбыз,
Аны ойлонуп алышты,
Астына киши чаптырбай,
Кабар-атар айттырбай,
Алда кандай улук деп,
Айран азыр калышты.
Сураккана ордого
Сырттап Алмаң барганы;
Ордого жаңы киргенде,
Өлүмдөн калган жети адам
Үстүнө келип калганы.
Аларды көрүп Алмамбет,
Өкүм айтып салганы:
"Чабууга менин жолума
Азирлеген адамды
Бериңер менин колума,
Бейгүнө киши өлтүргөн
Бекер экен улугуң.
Арыз айтканды өлтүрткөн
Ар ишиңе силердин
Айран болуп турумун.
Он бешин түгөл багыңар,
Осол экен заңыңар.
Ушундан бирин өлтүрсөң,
Ордуна турбас тагыңар!
Алмамбет шылтоо кеп айтат:
"Жолума киши союуга
Жашым толбойт" — деп айтат.
Көпчүлүк кошуун барыптыр,
Көчөгө тура калыптыр.
Колмо колдол көтөрүп,
Алмаңды жолго салыптыр.
Калк тизилип жолуна,
Кармаганга себетти
Көбүнүн тийбей колуна.
Учкан куштай учуруп,
Жол боюнан көп адам
Кызмат кылып умтулуп,
Күндөп-түндөп нечен күн,
Чырым албай нечен түн,
Какандын келди калкына,
Карап көргүн калайык
Кара кытай, манжуунун
Кадимден берки наркына.
Күнөкөрдөн он киши
Тандап чыкты алдына.
Өлүмгө буюрган кишини
Амая-эсен ал онун
Коё берип ушуну,
Алмамбет катуу жабыгып,
Кара бою талыгып,
Кайра келди үйүнө,
Кабагы карыш салынып.
Чымын тийсе чың эткен,
Чертип ийсе зың эткен,
Корт этме болуп сынат деп,
Сары желим ичирген,
Тийгендин ишин бүтүргөн
Атасы Азаз кандын Акболот
Он колуна алганы,
Кай кетерин биле албай
Каары келип турганы.
Атакеси Азиз кан
Мына ошондо кеп айтат;
"Муну билгин — деп айтат;
Атакеңдин Кан-Жайлак
Коңурбай ээлеп алыптыр,
Көпөмсүгөн чоң калча*
Көтөрүлүп калыптыр.
Калчанын көрүп иттигин
Кантип чыдар жөнүң бар?
Сенин кай жериңде кемиң бар?! Жайлоому кайрып бербесе,
Калчага алың келбесе,
Кайра келбей өлүп ал,
Караңгы жайды көрүп ал.
Аргымак тандап ат миндиң,
Ок өтпөс соот тон кийдин,
Намысың болсо, жолго сал!..
Атасы мындай дегенде
Алмамбет Кылжейрен оозун
жыйганы,
Коңурундун алдына
Кан-Жайлак сурап барганы.
Кебез белбоо, кең— өтүк,
Кечилдин каны Конурбай,
Келберсиген чиркин-ай,
Мыкты болуп Каңгайга
Толуп калган кези эле,
Кандык атка калдайып
Конуп калган кези эле.
Көк өтүгү чойкоюп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Абайласа адамзат,
Жалаңгычтай көрүнүп,
Эки көздүн кычыгы
Ачылып калган көргө окшоп;
Алайган көзүн караса,
Күүгүм тарткан жерге окшоп,
Алтындан чылбыр жулкунтуп,
Алгарасын булкунтуп,
Алты миң жайсаң, миң калдай,
Атагы кыйын Конурбай.
Көпчүлүккө Алмамбет
Салам берди ийилип,
Көрө калган Коңурдун
Кабагы карыш түйүлүп.
Алмамбет эми кеп айтат:
"Ук, Коңурбай, — деп айтат,
Атакемдин Кан-Жайлак деген
жайлоосун
Кайра кайрып бересиң;
Атыңдын башын сен Коңур
Тартыбыраак жүрөсүң!
Каңгай калмак уруусун
Карап кылып турусуң.
Канчалык кыйын болсоң да,
Сенин узабайт ушул жумушуң!
Эсен кан кылса чоңдугун,
Көрсөтсө Коңур зордугун,
Коңурбай,өттү го сенин кордугуң!
Журт мүнгүрөп баратат,
Эми жутунганың койгунуң!
Атыңдын башын тарт Конур,
Напсиңди тыйып, кайт Коңур!"
Анда Коңур туруп кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Э, Азиз кандын арамы,
Калжыраба! — деп айтат. —
Жер дегениң эмне?
Жериңди бербейм дегеле!
Эл дегениң эмне?
Эрбеңдейсиң жөн эле.
Сен, кайдан чыккан калыссың?
Кара көзүң оёюн,
Кана, кашыма келчи жакындап,
Каныңа бүгүн тоёюн!
Өтүңдү жарып алайын,
Өлүм кылып салайын!
Өлүгүңдү жүктөтүп,
Эсен кандын алдына
Тартуу кылып барайын!".
Ал сөздү айтып Коңурбай,
Очогорун* октоду,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Алмамбетке октолду.
Алмамбет кирди акырып,
Доошу кулак тундуруп,
Коңурбайды бет алып,
Сыр найзасын сундуруп.
Алмамбеттин үнүнө,
Ажыдаардай сүрүнө,
Токтолуп Коңур туралбай,
Качырып найза суналбай,
Алгарага камчы салганы;
Алапайын табалбай,
Алактап жөнөп калганы.
Калдай менен жайсаңдар*.
Акылдан танып, чуркурап,
Качып баары дыркырап,
Сыймыгын баштан качырып,
Желегин жерге жапырып,
Жетти Алмамбет акырып.
Алмаңдан найза неткени,
Адырайган чоң Коңур
Алгаранын үстүнөн
Аңтарылып кеткени.
Бооруткалап оңолуп,
Болбой качып жөнөлдү.
Аркасынан калбастан,
Алмамбет кууп өмөлдү.
Каран калган Алгара,
Булуттуу көктүн астынан,
Буралган шибер үстүнөн,
Көрүнгөндө көрүнүп,
Көрүнбөсө жөн эле,
Закым болуп бөлүнүп,
Коңурбай кетти кутулуп;
Кууган Алмаң жете албай,
Кала берди умтулуп.
"Эми туруп нетейин,
Мен да, Эсен канга жетейин,
Барбай кантип калайын!
Тартынбай сөзүм айтайын,
Анан кайра кайтайын".
Аны ойлонуп Алмамбет,
Кылжейрен атын каргытып,
Жөнөп калган кези экен,
Аңгемесин арбытып.
Алмамбет кууп жетет деп,
Кеткен жолун чаргытып,
Капкасы болот коргонго,
Кирип барды Конурбай,
Эсен кандын ордого.
Таазим кылып бүгүлүп,
Эсен кандын алдында
Конурбай турду жүгүнүп.
Эми Коңур кеп айтаг:
"Э, Эсен кан!-деп айтат.
Коломтодон кор чыкты,
Азиз кандын арамы
Сооп издеп зор чыкты!
Айтсам анык сөзүмдү,
Азиз кандын арамы
Аттан сайып түшүрүп,
Кан жөткүрттү өзүмдү,
Ойгону турат көзүмдү!".
Карарып бети канталап,
Коңурбай турат анталап:
"Таш коргонун талкалап,
Кум коргонун кулатып,
Көөнү бузук санталак,
Экөөбүздү сулатып,
Кыям дейт сенин багыңды,
Кыйратат алтын тагыңды.
Колуңдан өкүм алам дейт,
Сенин илийиңди* которуп,
Башка жолго салам дейт.
Ниети бузук жери бар,
Айтса суук кеби бар.
Көөнүнө келсе арам ит,
Күн батыш көздөй бурутка
Кирип кетер чени бар.
Бул өзү киши ойноочу ит эмес,
Менин, кебиме, каным кулак сал!
Айтканымдан жанбайм деп,
Арыстандай чамынып,
Жете келген Алмамбет
Ордого кирди камынып.
Эр Алмамбет кеп айтат,
Эсен канга эми айтат:
"Кечилдип каны Коңурбай
Азапка журтту салганы.
Койдой башын кескени,
Коёндой ичин жарганы!
Атпай журту сандалды,
Арбытат күндө жанжалды.
Бул Коңурбай заңгарды*
Кой деп айтар жан барбы?!".
Ошол кезде Эсен кан
Эрди-мурду былк этип,
Койбой, дебей, чырт этип,
Чыгып кетти ордого.
Бак-байсалуу коргонго.
"Эсен кан эмес эсер го,
Эл бийлеши бекер го?
Адилет киши деп жүрсөм,
Бир журт куруткан көөсөр* го?"
Муну ойлонуп Алмамбет,
Оюна алып далай кеп,
Эшикке чыкса Эсен кан,
Алмадай башын алсам деп,
Ордодогу капкадан
Жети күнү күткөнү.
Жетинчи күнү болгондо,
Айнектей болгон сулуу кыз
Алмаңа бурала басып жеткени.
Жыпар күнкүп, жез бурап,
Жөн эле кыргоолдой кулпурат.
Кыздын аты Бурулча,
Акыл-эси кыйынча.
Бурулча сулуу кеп айтат:
"Ук Алмамбет! — деп айтат.
Эсен кан бүгүн сени айтты,
Азиз кан өзү көрөр деп
Баласынын аласын.
Аласын байкап алган соң,
Ошондо өзүнөн өлсүн баласы.
Атаңа Алма ишенбе,
Сени атакең салар кишенге.
Бара турган жер камда,
Бата турган эл камда.
Имерилип атаңа,
Аркан-жипсиз байланба.
Балтырың сыяр жер тапсаң,
Баш калкалар эр тапсаң,
Өлгөнчө жүрөм сөзүмдө,
Менин үмүтүм болор өзүңдө!
Убадамды актармын,
Аман болсоң Алмамбет,
Кеминде алты жыл жолуң
сактармын.
Желелеп жибек түйөрмүн,
Алмамбет келбей койбос деп,
Кеминде жети жылы күйөрмүн".
Кол кармашып коштошуп,
Бурулча туруп калганы,
Кылчак-кылчак бурулуп,
Алмамбет жолго салганы.
Кылжейрен атын чуратып,
Артыңан чаңын буратып,
Алмамбет келди коргонго,
Атасынын ордого.
Салам берди бүгүлүп,
"Кагылайын атам» — деп,
Кол куушуруп жүгүнүп.
Эми Алманбет кеп айтат:
"Атакем укчу! — деп айтат,
Абайладым көп ишти,
Арты жаман жумушту.
Эми Эсен канга ишенсең,
Көкө теңир урбайбы!
Ал бузулган турбайбы.
Ажал жалгыз, айда өлбөйт,
Адам уулу кайда өлбөйт.
Өлбөгөн адам не көрбөйт!
Тобокелге саламын,
Каптаган кошуун аламын.
Эсен кан менен Конурга
Кылгылыкты кыламын.
Балапан жүнүм башымда,
Чырымтал жүнүм бетимде,
Калдайган журтту ойлосом,
Кармашуу турат нээтимде".
Алмамбет сөзүн укканда
Азиз кан чоочуп токтолду,
Аюудай болуп бакырып,
Алмамбетке октолду:
Угузба андай сөзүңдү,
Уйпалап коём өзүндү.
Жалынсаң укпайм зарынды,
Чымындай кыям жаныңды!
Айттырбай кесем тилиңди,
Агытам кары жинимди!
Жайлоому айрып бер десем,
Көрсөтүп күчүн Коңурга,
Каңгайдын түпкү канына
Уулум, каралык барго оюңда?!
Бул жолуңдан кайт балам,
Бузулсан, чының айт балам!
Айнысаң, чының айт балам,
Азыткы жолдон кайт балам!»
Зыңгырап Алма турганда,
Кылычын кындан алганда,
Жаман көөнү бузулуп,
Жаалы келе калганда,
Азиз кан наалып токтолду,
Алдырады бул кезде
Айтар сөзү жок болду.
Алмамбет акыл ойлонуп,
Суу чыбыктай толгонуп:
"Эми туруп нетейин,
Көрөрмүн буркан* жазганын,
Эми бурутка кирип кетейин".
* * *
Энеси Алтынай эми кеп айтат,
"Кулунум укчу, — деп айтат. —
Жаңырыктуу кыядан,
Жалгыз элең уядан,
Эңилчектүү кыядан,
Элкин элең уядан.
Улуктун калдың каарына, -
Убара салар жаныңа.
Жалгыз туума жолборсум,
Каңгай, манжуу бул күндө
Жайлуу жер сага болбосун,
Жайыңдын билдим оңбосун.
Тегерегиң темирден
Торго калдың кулунум,
Тереңдиги кырк кулач
Орго калдың кулунум.
Же сабырлык да кылбадың,
Жан күйөр жолдош жыйбадын.
Жайдарым жалгыз Алмамбет,
Энекеңди кыйнадың.
Кагылайын каралдым,
Кыясы кымбат бел тапкын,
Кыйындык түшсө башыңа,
Кыйрашып берчүү эл тапкын".
Анда Алманбет кеп айтат,
"Энеке укчу! -деп айтат.
Гүлбагым урап ор болду,
Күмүшүм чирип бор болду.
Эми күндөшүм дуулап зор болду,
Гулүстөн элим кор болду.
Конурбай башым тепседи,
Кармашсам, колум жетпеди.
Өзгөсүн айтып нетейин,
Менин атама сөзүм өтпөдү.
Алдында эне туралбай,
Менин айламдын ушул кеткени.
Кош энеке, аман бол,
Күн батыш кетти биздин жол!
Ал сөздү айтып Алманбет,
Кыя карап турганда,
Жүзүнө каарын жыйганда,
Ордо бакчуу солондор
Кара жаны чыркырап,
Качып баары дыркырап,
Эшигине байланган,
Эликтей көзү жайнаган,
Окторулуп ойногон,
Ок жыландай сойлогон,
Кылжейренге мингени,
Кылчайбай жолго киргени.
Алманбет бизден качты деп,
Каргадан кабар жеткени.
Эсен кандын ордого
Куш тилиндей бир катты
Кайрылып таштап өткөнү.
* * *
Жаалы келип Эсен кан
Балбандарын чакырат,
Баарын жекип, бакырат:
"Өзөгүмдөн өрт күйдү,
Өз ичимен жоо чыкты!
Ким деп жүрсөм бул экен,
Туулбас десем, туулуу экен,
Арабызда анык жоо -
Азиз кандын Алманбет,
Арам сийдик уулу экен.
Баарыңа айтам ал итти,
Алтайдын белин ашырба,
Бурутту көздөй качырба.
Бурутка аны качырсаң,
Айткан сөзүм билип ал,
Беш-алты жылдын ортосу
Бээжиниңден көрүп ал.
Кокус аны кетирсең,
Жолобогун өзүмө,
Конурбай калдай баш болуп,
Көрүнбөгүн көзүмө!
Алманбет тийсе колуңа,
Эки колун байлап кел.
Өлтүрбөстөн чочкону
Бээжинге тирүү айдап кел!
Байлап, матап, кишендеп,
Жол үстүнөн кыйнап кел!
Алмамбет байлап келгенди,
Салтанаттуу жан кылам.
Ушул турган каканга
Алтын таажы кийгизип,
Алтын такка мингизип,
Канча жылы кан кылам!".
Муну суйлөп калганы —
Камдап жарак-шайманын
Калың кытай биригип,
Алгарага мингизип,
Конурбайды жиберген.
Андан кийин Эсен кан
Эрикпей согуш кылгын деп,
Нескараны жиберген.
Андан кнйин жабдыктап,
Жибериптир Эсен кан
Ыламадай калмагын —
Чоң Жолой деген балбанын.
Бөйрөгүнөн Бөрүкөз,
Бу да келип калыптыр.
Капталынан Канжаркол
Кыйкырып ураан салыптыр.
Алманбет эми качарда,
Чыгарда алыс сапарга,
Эр Коңурбай баш болуп,
Калың каңгай козголуп,
Тегеректеп калыптыр.
Колуна тийсе Алманбет,
Булар камдаган турат орунду,
Кандан буйрук келди деп,
Кылганы турат "сонунду".
Калың манжуу, калмактын
Кармашарын көргөндө
Кайраттан башка айла жок
Каран түн башка келгенде.
Каарына чыдабьй,
Боюнан дүрбү алганы,
Кумурскадай кангайды
Алманбет болжоп карап калганы.
Карап турса каңгайды,
Толкуну тоону ураткан,
Толкундаган көлдү көр,
Кумурскадай кайнаган,
Кумдай кытай элди көр!
Карап турса каңгайды,
Кылычтын учу кылкылдайт,
Адамдын башы былкылдайт.
Тегереги чөп болуп,
Темирден бетер көк болуп,
Көптүгүнөн каңгайдын
Куш учурбай чеп болуп,
Курчап жакын турганда,
Бел байлаган бели жок,
Жалгыздыгы курусун,
Бел болор тууган деги жок!
Ошолордун ичинде
Кебез белбоо, кең өтүк,
Келберсиген Коңурбай -
Кечилдердин чоң калдай -
Алтындан тизгин жулкунтуп,
Алгара менен булкунтуп,
Ошончо калың каңгайдын
Качырганын бир бөлүп,
Качпай найза сайчуусун,
Балбандарын бир бөлүп,
Чечекейди жара атар
Мергендерин бир бөлүп,
Алмаңа жетип келгенде
Жеткени белге курчанды,
Жергелеп келген каңгайга
Жеке Алманбет кол салды.
Жебеден мурун жеткени,
Жеткен жерден бир шилтеп,
Коңурбайдай калчаны
Дарбазанын оозунан
Бөйрөккө муштап өткөнү.
Бөйрөктөн муштап өткөндө
Аттан ыргып кетерде,
Ажалы эми жетерде,
Каңгайдын Жөөкүлүк деген аяры
Чуркап кирип келгени,
Жетип атка мингизип,
Коңурбайдай калчаны
Жөлөп таяй бергени.
Коңурбай эсең кеткенде,
Кылкылдап кытай жабылды,
Кыялында Алмаңды
Кармаймын деп камынды.
Жабылганда көп каңгай
Алмаңдын ашты өнөрү.
Чү дегенде Кылжейрен
Чаң созулуп жөнөдү,
Кылыч жеткен каңгайды
Кыя чаап сойлотту,
Найза жеткен жерине,
Аянбай найза ойнотту.
Жапалак кырды ашырып,
Ит-Өлбөс чөлүн бастырып,
Кууп кирди каңгайды.
Ит-Өлбөскө барганда,
Чындап согуш кылганда,
Алты жүз найза бир тийип,
Жарадан бою дал болду.
Айбалта, найза көп тийип,
Башы кызыл челек кан болду.
Жалгыз буга кайрылган,
Ошол согуш күнүндө
Астында Кылжейрен тууган мал
болду!
Айланса болот Кылжейрен
Үй күрөң тартып жөнөлүп,
Эчкидей болгон кайран баш
Кыпкызыл канга бөлөнүп,
Башын жерге салыптыр,
Алып учуп аркырап,
Төрт аяктан учкан таш
Так төбөдө зыркырап,
Эти кызып алыптыр.
Аркардай арыш алганы.
Кытайдын каны Нескара,
Калмактын каны эр Жолой,
Жети балбан биригип,
Астынан чыгып калганы.
Булар менен Алмамбет
Өзү жеке салышып,
Жетөөн кабат сайганда,
Ажырап аттан калганда,
Белинен найза бүктөлгөн,
Аманат жанга күч келген,
Ээринен көчүк кылтайды,
Үзөнгүдөн бут тайды.
Айбалтасын ала албай,
Алтын таман үзөнгү,
Кайра бутту сала албай,
Амал кетип турганда,
Жер айрылып дүркүрөп,
Алоокенин Коңурбай,
Учкан куштай көрүнүп,
Келе жатат күркүрөп.
Астындагы Алгара
Аркардай болуп түйүлөт.
Калың каңгай бул жалгыз,
Кара кылар киши жок.
Алмакең жандан түңүлөт,
Ошондо ак байбиче энеси
Тору бээни миниптир,
Түрмөктөлгөн кара чач
Төбөсүнө түйүптүр.
Ажал жетсе өлөм деп,
Асылым жалгыз Алмама
Караан болуп берем деп,
Өлбөй тирүү турганда,
Кай муратка жетем деп,
Асылым, берен жалгызга,
Медер болсом экен деп,
Белсенип жоого киргени,
Кыбалап курчтан соктурган,
Кызыл түпөк сыр найза,
Энекең колго алганы.
Алмамбетке жеткирбей,
Алоокенин калчасын,
Бөйрөктөн тосуп калганы.
Чаңга аралаш энеси
Коңурбайдын кара атын,
Жоого минчүү канатын,
Өпкө боор бети деп,
Жүрөктүн төмөн чети деп,
Атын сайсам жедим деп,
Анан өлсөм мейлим деп,
Кыска кармап найзасын,
Көздөп энең калганы.
Алгараны саярда
Көзүн жуумп алганы.
Кере карыш сыр найза
Ылдый тийип калганы.
Кар жиликтин булчуң эт
Була сайып салганы.
Атынын түсүн караса,
Үч бут менен жүгүрүп,
Эсил жаным өлдү деп,
Эси кетип чоң калча,
Кайран жандан түңүлүп,
Ээрче бел кыраңды
Ашып калган кези экен.
Акылынан ошондо
Шашып калган кези экен.
Кайра тартып алактап,
Каңгайды карап бет алып,
Качып калган кези экен.
Ошол кезде Алманбет
Кызыл кумду буратып,
Тунук күлүк Кылжейрен
Коңурбайдын соңунан
Кетип барат чуратып.
Бээжиндин бери четинен
Безелентип жеткени.
Алтындан соккон чарайна*
Анык ушу чети деп,
Айдалынын бетидеп,
Өпкө, боор тушу деп,
Как жүрөктүн учу деп,
Болоттон учтуу сыр найза
Чындап муштап өткөнү.
Муштаганда калчага
Балбандыгын билгизди.
Тоодой болгон доңузду
Ыйык жалга мингизди.
Түп этектен алсам деп,
Түртүп барып калчаны,
Алгаранын үстүнөн
Эңип таштап салсам деп,
Бар тилеги ошондо.
Көрө албай издеп көп санап,
Көк ала менен самсытып,
Көзүнүн жашы он талаа,
Кайран Мажик жакалап
Каршы алдынан бакалап,
Тосуп жүргөн кези экен.
Кантер айла таба албай
Күтүп жүргөн кези экен.
Ошол чакта эр Мажик
Ээликтирип жулкунтуп,
Коштоп чыкты жибербей,
Алмамбетти булкунтуп
Эми Мажик кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат;
"Коңурбайдын кара аты,
Качан болсо кууганга,
Жеткизбеген адаты.
Алгара чындап чуркаса,
Закым түгүл чаң жетпейт,
Бу Коңурдун атына
Төрт аяктуу мал жетпейт.
Канаттуу куш болбосо,
Мындан башка мал
жетпейт.
Алоокенин калчасы
Көрүнөө алдап алыптыр,
Капкага кирип кетиштин
Амалында калыптыр.
Качып кирип каңгайга
Капканын оозун жаппайбы,
Балбандары жабылып,
Башыңды жара чаппайбы!".
Бул сөздү айтып эр Мажик
Өчкөн отун тамызды,
Өлгөн жанды тиргизди.
Коңурбайдын айласы
Кандайлыгын билгизди.
Кызыккандан калчаны
Кыйын кууп алды эле,
Дарбазага киришке
Алмамбет бир чакырым калды эле,
Бура тартып бууругуп,
Кайра кирди согушка —
Каары катуу жумушка.
Кырда жүргөн Алмамбет
Төмөн жакка көз салган.
Жалгыз турат бир жерде
Энесинин тору бээси бош калган.
Коштоп алып бээсин,
Алы калбай бакырды,
Алтынай асыл энем деп,
Алда канча чакырды.
Караса көзгө илинбейт,
Кайран эрдин энеси
Кайда экени билинбейт.
Калың кытай чогулуп,
Добулбасын кагыптыр.
Алтынайдын сөөгүн
Бир качырга артышып,
Бээжинге жөнөп калыптыр.
Жетип калың кытайдын
Тополоңун тоз кылды,
Качырыша келгенин
Кара жерге туш кылды.
Кармашып жүрүп каңгайдан
Тартып алды энесин;
Көктүгүн дагы көрөсүң.
Койнуна каны толуптур,
Кезикпеске кезигип,
Каражойго тушугуп,
Ак бараң огу сайылып,
Энеси окус болуптур.
Сыр найзаны жерге уруп,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Кырк кабырга сөгүлүп,
Өлгөндү кайра тиргизер
Адамзатта дарман жок.
Эми Алмаңда дарман калган жок.
Ошонетип турганда,
Душманды көр, селди көр,
Туш-тушунан каптаган,
Калың кытай элди көр.
Кайра тартып кокустан,
Каңгай менен согушсам,
Кайран асыл энемдин
Этине жору тоёт деп,
Эки көзүн оёт деп,
Көмүүсүз чөлдө калат деп,
Коломолуу көп каңгай
Кордукту минтип салат деп,
Белинен эңип бүктөдү,
Тору бээге жүктөдү.
Жеңилди деген жаман ат,
Көк-Булуңду токойго,
Энесин койду аманат...
* * *
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Кетейин деп ойлосо,
Каңгай курчап алыптыр.
Жоболоңдуу шумпайлар
Жолун тосуп калыптыр,
Эми өлүүчүдөй күйүндү,
Өткөрө жандан түңүлдү.
Кайраттанып бакырып,
Эр Мажикти чакырды:
"Башка келген жамандык,
Ушу жерден көрдүкпү,
Ажалдан мурун экөөбүз
Бул токойдо өлдүкпү!
Кара кытай, манжуунун,
Камоосунда жүргөнчө,
Каран түн түшүп башыма
Айдоосунда жүргөнчө,
Келе Мажик чылбырды!".
Чылбырды колго алганы,
Бооруна баса салганы:
"Бек болгун Мажик өзүңө,
Жумгун эки көзүңдү,
Кидирбестен жүрөлүк,
Тетиги бийик дубалга,
Беттеп барып тиелик!".
Ушуну айтып Алманбет
Кылжейрен санга салганы,
Дубалды карап бет алып,
Сүйрөткөнү эр Мажик,
Сүрөп жүрүп калганы,
Дубалга жакын барганда,
Бул дүйнөдө мал таттуу,
Көөдөндөгү жан таттуу.
Эки көзүн жумганы,
Жалгыз жандан түңүлүп,
Кылжейрен кайран тулпары
Алдыдагы дубалдан
Алыс кетти түйүлүп.
Андан өтүп алган соң,
Алмамбет, Мажик сүйүнүп,
Жыгылат десе Кылжейрен
Төрт аяктап тик түштү.
Теги эле катуу, бек түштү.
Дубалдан ыргып түшкөндө,
Эми ажалым жетти деп,
Астымдагы Кылжейрен
Буту кыйрап кетти деп,
Кагып койсо оозун,
Ыргыштап жүрөт алдында.
Кылжейрен тулпар мал аман,
Кыймылдаса теңселип,
Үстүндөгү жан аман.
Күч менен тамга урунуп,
Көк ала качан келет деп,
Созуп мойну суурулуп,
Калдыбы деп кокустан,
Секиргенде мүчүлүп,
Бир мүчөсү үзүлүп,
Кайрылып кайта караса,
Көк ала, Мажик дын аман.
Ээр белдей муздакты
Аша качып жөнөдү.
Жанындагы Мажиги
Кошо качып жөнөдү.
Бөксөгө мөндүр жаадырып,
Жакага шыбыргак шамал салдырып,
Түзөң жердин баарысын
Жөө туманга алдырып,
Жайлап жатып кутулду.
Дайра ташып, көл толкуп,
Далай кыя бузулду...
|