Кечирүүгө мезгил келет
Үшүдүм. Кар жаады көздөрүңүздөн.
Үшкүрдүм. От өчтү көкүрөгүмдө.
Байкатпай бекиттим жүрөгүмдү,
Үшүктөн тараган сөздөрүңүздөн.
Жакпадым. Кайрадан мен күнөөлүмүн.
Сиздеги сезимдердин күмөнүмүн.
Баары бир биз жакын болбойбуз го?
Сиздин эмес, бирөөнүн бүлөсүмүн.
Канча сөздөр кадалды төөнөгүчтөй,
Өтчүдөй бул жашоодон эч өкүнбөй,
Сапырдык мамилени болушунча,
Болгонду эс тутумдар өчүрчүдөй.
Тоң сезим бийлик кылып арабызда,
Томсоруп, унчукпастан калабыз да.
Ийилип, жибимиш болсок дагы,
Таарынычтар калат го аркабызда.
Мыскылдап бизди күндөр өтөт экен.
Учурунда кечирбестей болгон менен,
Баш ийип убакыттын мыйзамына,
Кечирүүнүн мезгили келет экен.
Эми жолдор кесилишпейт
Кайда элең карааныңа зар болгондо?
Сагынычка көкүрөгүм жык толгондо?
Жапжаш туруп чабал болгом өзүң үчүн,
Өмүр кыйгым келип сени ойлонгондо.
Кайда элең түндөр үмүт тоногондо?
Сага жолду сансыз санаа торогондо?
Жалгыздыкты ээрчитип аргасыздан,
Сени издеп көчөлөрдү бойлогондо?
Кайда элең мен жыл санап күткөнүмдө?
Мөөнөт бүтүп, чыдамым да бүткөнүндө?
Ыраа көрбөй тааныбаган бирөөлөргө,
Колум барбай бүт үмүттү үзгөнүмдө?
Кайдан келдиң айдап алга үмүтүңдү?
Эми менден алгың барбы үлүшүңдү?
Бактысыз деп ойлодуң го, же болбосо
Эмне үчүн күттүң менден күтүшүмдү?
Кайдан келдиң мен бакытка кезиккенде?
Тагдырыңа дагы адашуу буйрук беле?
Сен адашсаң, мен жолумду эбак тапкам,
Эми жолдор кесилишпейт такыр эле.
***
Улуган иттин үнү уйку бузду.
Жүрөк түшүп болк эте, уйгу-туйгу.
Уйкусун ошол иттин түн жарымда
Зээнин кейитип эмне бузду?
Кирдиби кумайыктын түштөрүнө,
Кичинекей толо элек күчтөрүнө,
Тараган энчиленип апта өтпөй,
Күчүктөрү чоочун жаңы үйлөрүнө?
А балким, кожоюну ошол үйдүн,
Жумгандыр чырак көзүн ошол түнү.
Эң жакын адамын жоктоп, ыйлап,
Тургандыр тыя албай жашын, үнүн?
Эмне болду? Эмне болуп кетти экен?
Эмнеге улуганың тыйбайсың сен?
Келе элек же кырсыкты сезип, туюп,
Эртелеп улуп-уңшуп жатат белең?
Арга жок, уйку качты, эмне кылам?
Улуган байкуш итти кантип тыям?
– Ит адамча билбегенин карачы – деп,
Тегеренип, айла таппай капаланам.
Эмне болду? Эмне болду кудай ай?
Жүрөгүмдүн туйлаганы тынч албай,
Ыйлап жаткан байкуш итти мен аяп,
Ошол түнү таң атырдым уктабай.
Төрт сап ойлор
***
Адаштырба! Жараткан, суранарым!
Адал жол – бул жашоодо бар тапканым,
Жетелеп чындык менен акыйкатты,
Таштак, бирок оң жолдо баратамын.
***
Азиздей сыйпалаган жолду таппай,
Тагдырдын буйругуна жетеленип,
Далайлар белес ашты жазбай, тайбай,
Далайлар калды жолдо тебеленип.
***
Өмүрдү жазбай, тайбай өтүү кыйын,
Такшалтат жашоо улам ачып сырын,
Башында адашуулар болсо дагы,
Акыры туура жолду тапкан кыйын!
***
Теспедей тегеренген колумдагы,
Буйдалып, кетпей санаа оюмдагы,
Убайым тартып жүрүп тең ортолоп,
Калыптыр ов, карасам жашым дагы.
***
Бакыттын бал татымын насип кылган,
Бала кез атам салган үйдө калган.
Багынып бейкүнөөсүз ошол кезге,
Дилимди тазартууга келип турам.
***
Сүйүү жашайт ортосунда эки жандын,
Жалгыз бирөө жага албайт сүйүү отун,
Тутанып, моюн бербейт ысык жалын,
Экинчиси таштап турса улам отун.
***
Кечеки тилектерим бүгүн мына,
Аткарылып, айланды бакытыма,
Жумшабай арзыбаган көр оокатка,
Жашоомду арнап келем балдарыма.
***
Үйүмдүн эң төрүндө кенен-кесир,
Оюнчукту чачып ойнойт, тентек, кежир.
Тамтуң баскан ар бир изи каухардай,
Үйүмдүн шул байлыгын сакта, Теңир!
***
Кайда жүрсө да, ыйласа, күлсө да,
Оюнда баласы, көз жумуп, өтсө да.
Түгөнбөс тилеги, балбан күч билеги,
Балага арналган эненин жүрөгү.
***
Балалык тээ алыска чуркап, ойноп,
Чурулдаган чоң арыкты кетти бойлоп.
Таманынан өөп жатты жер-энеси,
Үстүнөн кудай өзү турду колдоп.
***
Терек тигип, бала көрүп, үй да салып,
Урпактарга акыл-насаат кебин айтып,
Ырыстуу карылык кез келечекке,
Келет жаңы булактардын көзүн ачып.
***
Муз – уктап жаткан суу,
Кар – жерге конгон буу.
Кыз – колдон аккан суу,
Уул – сыймыктанар туу.
Балалык сыйкыр дүйнө
Балалык сыйкыр дүйнө
Гүлдөрдүн марттыгынан көйнөк кийип,
Аарынын чөйчөгүнөн шире ичип,
Курт-коңуз, айбандарга жолдош болуп,
Чунак кез ойноп жүрөт чыбык минип.
Эрчитип, жылаңайлак бейбаш күндү,
Тартуулап уйкуларга сыйкыр түштү,
Мингизип канатына зымырыктын,
Жеткирет алыс жерге кооз, түстүү.
Маанайлуу, абдан шайыр ал өзгөчө,
Бул өлкө башкалардан бир бөтөнчө,
Картадан издеп тапкыс укмуштай жер,
Балалыктын чоң мекени өзүнчө.
Андерсен арзуусунан азап чеккен,
Кошулуп ак кууларга издейт мекен.
А бирок күлкүсүнөн бөбөктайдын
жаралган башка жерди табар бекен?
Азаптын, муң-зардын татып даамын,
Зуулдатып боз тулпарын Толубайдын,
Сыйкырдуу ушул жерден мекен тапкан,
Бүкүрү чабандеси Нотрдамдын.
Балыкчы анан дагы алтын балык,
Издебей бул жашоодо мансап, байлык,
Каалгышат Пушкин менен көл үстүндө,
Аларга тармал толкун болот кайык.
Сүт булак, кыям суулар шаркыраган,
Момподон, бал муздактан шаар курган,
Карлсондой чунак жанга шерик болуп,
Питер Пен учуп жүрөт шымаланган.
Зерикпес, шаңдуу, куунак балачакта,
Асты чөп, чатыры жок алачыкта,
Шарль Пьерро, Гримм агалар, Экзюпери,
Тартуулашчу жомомкторун таң аткыча.
Бешик ыры
Алдей, алдей эң кымбатым балдарым,
Күүгүм кечте жарык берер нурларым.
Мээримимдин эң назигин арнаган,
Не бир тунук, не бир таттуу сырларым.
Алдей, алдей айдай сулуу балдарым,
Ак шооладай жылуу жүздүү жайдарым.
Шагым ийип мөмөлөгөн мен болсом,
Менден бийик өсүп чыгар чынарым.
Алдей, алдей таза жүрөк балдарым,
Тилек улап, үмүтүмдү актаарым,
Эч ким туйбас изгимдеги абалды,
Кирпигимдин кагышынан туярым.
Алдей, алдей акыл-эстүү балдарым,
Келечекте кенен кадам таштаарым,
Кудуретим жетпей калган ойлорду,
Кез келгенде менден ашык жасарым.
Алдей, алдей асыл мүнөз балдарым,
Бул жашоодо адал жолду тандаарым,
Адашпастын аракетин миң жасап,
Жолуңарга компас болуп жашаймын.
***
Сары ооз балапаным бал жыттанган,
Тазалыгың адамзатты тамшандырган,
Карачы, жарык күн да сени күткөн,
Төрөлгөндө өөп тосту маңдайыңдан.
Балкытып, жүрөгүмдү элжиреткен,
Кымбатым, борс-борс күлүп эркелеген,
Жашоонун бүт маңызы наристеде,
Кубат берип жакшылыкка жетелеген.
Көңүл толкуп, ойлорумда кыялдар көп,
Тилек, күрөш, үмүт менен өмүр өтөп,
Жараткандын тартуулаган зор белегин,
Мээримиме, убайымга жашайм бөлөп.
Сарамжал күтүп калдым күндөрүмдү,
Этият сүйлөп жүрөм сөздөрүмдү,
Ысырап кылбай бөөдө энеликке,
Буйруган эң бактылуу өмүрүмдү.
Ымыркай
Алакан туткансып өмүрдү,
Муштуму борсоет жаздыкта.
Кайталап кайрадан өзүмдү,
Из болуп калары анык да.
Мемиреп үй дагы ал менен,
Термелет чөмүлүп бакытка.
Бешиктен тараган нур менен,
Бөлөндү айлана жарыкка.
Бүт дүйнө шыбырап этият,
Алдейлеп терметет бөбөктү.
Бешик ыр – жашоого насыят,
Алпкелген ааламга өлбөстүк!
Санат ыры
Жаш курбум келечек алдыда,
Өткөнгө кылчайбай, алгала,
Сапарга белегим – кеп куржун,
Салып көр айтканым акылга.
Кечикпе жардамга келгенден,
Тартынба садага бергенден,
Сурагын ар дайым акылды,
Жашоонун оң-солун билгенден.
Таарынтсаң кечирим сурагын,
Жашоодо жамандык кылбагын,
Муңдуунун көңүлүн көтөрүп,
Кубаттап, үмүтүн улагын.
Айтылган сөзүңө бекем бол,
Тандагын ар убак адал жол,
Аттанып тээ бийик ашууга,
Тоолорго билимиң тете бол.
Ак сөздү жүрөккө түйө жүр,
Акыйкат сөзүңдү айта жүр.
Адашпай турмуштун жолунда,
Ак менен караны ылгай жүр.
Ар шартка баш ийип багынба,
Турмушта түйшөлүп арыба.
Жүрөгү сен үчүн сокпогон,
Адамды эңсебе, сагынба.
Сыйыңды төгө бер элиңе,
Эмгекти аяба жериңден.
Суратпай бере жүр бар болсо,
Жарыбайт бар туруп “жок”деген.
Элиңден чындыкты жашырба,
Энеңдин көңүлүн калтырба.
Кай жерде, ким болуп жүрсөң да,
Жериңден, тилиңден тартынба.
Сөзүмдү кеп куржун, капка сал,
Сапарга жүк болбойт алып ал,
Ким билет, а балким бир күнү,
Насаатым түйшүктөн арылтар.
Балдарга
Гүлдөгөн бала кездин бар чагында,
Күнөстүү баластандын бакчасында,
Эркеле энекеңдин сүйүүсүндө,
Эргитип эт-жүрөгүн апанын да.
Шаттангын балалыктын заманында,
Шар агып тең-туштардын арасында,
Шашылгын билүүгө дүйнө сырын,
Камкордуу Ата конуш калаасында.
Шоктонгун чеги менен өз дооруңда,
Коркунуч, уяң сезим түк жогунда,
Дос кылып Тентек менен Чунакбайды,
Ээрчиткин эркеликтин кең жолунда.
Кабар ал тээ алыскы ааламдардан,
Үлгү ал жалын жүрөк адамдардан,
Чоңдорго суроо берип күтүлбөгөн,
Табар бол жообун өзүң аалымдардан.
Илимдин ийилбеген шагын ийип,
Үзүп ал жемишинен эмгектенип,
Тете бол “Адам” деген бийик атка,
Кызмат кыл Мекениңе эрге жетип.
***
Сары кызым, кара балам, ак балам,
Силер менен жашап келем, узарам.
Таттуу түйшүк чарчатпайт го өзүмдү,
Силер үчүн менин тарткан убарам.
Канча ирет уу ичирди турмушум,
Канчасына бере алдым туруштук?
Пейилиңер нечен мени сактады,
Жолдорумду жакшы жакка бурушуп.
Демиңерден миң айыгып, жашарам,
Кубатымсың ойгоо жүрсөм, уктасам,
Элесиңер күн нурундай жылытып,
Турат мени сапар тартып узасам.
Кайратымдын оргуп турган булагы,
Силерсиңер бакытымдын турагы,
Силер менен канат күүлөп алдыга,
Жеңиштерге даяр турган убагым.
Арноолор
Булбул
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, акын Акбар Рыскуловго
Кубулжуган куштары көп жаз айдын,
Үнү, көркү черин жазган далайдын,
Арасынан не бир кооз куштардын,
Уну даңктайт боз булбулдун баралын.
Жарчы болуп жаңы жанган жашоого,
Жаманын да, жакшысын да ырдоого,
Бел байланган чакан булбул алп сыңар,
Мынча муңга, мынча шаңга чыдоого.
Кичинекей жүрөгүндө күч жалын,
Ала-Тоодон ары өтүп үнү анын,
Казак,Орус кең талаасын жаңырткан,
Өлчөп көрчү чабыттаган кыялын!
Ыргактары таамай тийип жүрөккө,
Ачат сырлар калып келген көмүскө,
Ойду арбап кубулжуган үнү улам,
Аруу сезим, көркөм кошот өмүргө.
Таңкы сүкүт кадырына ким жетмек,
Булбул таңшып ырдабаса таң эрте?
Элестете албай турам жаз айдын,
Булбулусуз жымжырттыгын эч эле.
Тынба, булбул, ырдоо үчүн тууллган соң!
Сезимдердин аскарына далай кон.
Ырың менен дилин козгоп адамдын,
Адамдыкты, асылдыкты ойготкон.
Күтүүнүн анты
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
А.Осмонов аттындагы адабий сыйлыктын ээси Бактыгүл Чотуровага
Күтүүнүн наркын күткөндөр билет,
Саргая жортуп, кыйналган билет.
Күтүүсүз жашоо кызыксыз бирок,
Болсо да күтүү өзүнчө тозок.
Жаратып улам асыл ой, тилек,
Күтүүнүн өзү жашоого тирек.
Жашоону Теңир күтүүдөн курап,
Келеби өмүр кербенин улап?
Күтүүдөн канча тажоолор болду,
Үмүттүү улам кароодон жолду.
Үмүттү үзбөө – күтүүнүн анты,
Үзүрлүү болот күтүүнүн арты.
Күткөнгө келет эңсеген тилек,
Тийгенсип колго күтпөгөн белек.
Күтүү – бул түйшүк, күтүү – бул азап,
Бакытты ансыз албайсың кармап.
Сабырдуу сапар – күтүүнүн өзү,
Сагыныч жазар күтүүнүн соңу.
Музыкант муңу
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Курмангазы Азыкбаевге
Кол шилтемден обон чачты аспаптар,
Селт дей түштү уктап жаткан асмандар.
Мейкиндикке жылажындай үн салып,
Жаңырышты жашырынган армандар.
Кай сезимден пайда болду обону?
Нече баага баалап койду болгонду?
Тагдырында эмне болгон мынчалык,
Эске салган эстебегис ойлорду?
Дарыядай эргүү каптап обондон,
Музыкант да түк тажабай ойноодон,
Сезимдерге таасир этти шараптай,
Жүрөк толкуп, муун бошоп ошондон.
Козгоп жатты канча дартты, арманды,
Көз жаш төгүп, тазалап бүт дарманды,
Музыканттын оор жүгүн бөлүшүп,
Тапкансыдык жан сергиткен дабаны.
Төө көтөргүс жүгүн арткан музага,
Кол чабылды бир добуштан дуу ага,
Музыканттын муңу дары белем бизге,
Сүңгүткөн шор, бирок, тунук сууга!
Эки жалгыз
Орус адабиятынын акыны Н.Гумилевго
Кызык. Арабыз бир кылымдык а бирок,
Биз экөөбүз туташылган сыяктуу ток.
Канча ирет издесем да окшошпостук,
Көз карашта, жан туюмда айырма жок.
Сиз акынсыз окко учкан, жүрөгү ток.
Мен аялмын жүүнүм бош жана коркок.
Бирок да ойлоруңуз абдан жакын,
Болсом да сизден канча сөзгө чоркок..
Ата-Мекен, жерим башка, доорум бөлөк
болсо дагы, ырларыңыз жанга өбөк.
Уккансып канча жылдар мурун менин,
Жарала элек жанымдын үнүн жүрөк.
Балким, мурун мейкиндикте ой жетпеген,
Адашышкан аң-сезимдер кезигишкен?
Эки жалгыз жан табышып бийиктикте,
Мезгилдерди, аралыкты энчилешкен?
Балким, азыр буюргандыр тагдырыма,
Жакын сезим, бирдей ойлор талпынууга.
Көк жайыкты карай буруп сөз куштарын,
Канат болгон асыл саптар акындарга?
Балким, азыр акын руху, аба сымал,
Жүргөндүрсүз куп түшүнүп абалыма.
Жуурулушуп, бассам-турсам эстен кетпей,
Ыр дан таштап, учук улап акылыма?
Балким, кийин ырларыңыз мени тапкан?
Ыр перилер сезим ачып туйбай жаткан,
Туйлатып, ыйлатып жаным койбой,
Ыр дүйнөдө жол издетип өзүм салган.
Мен күтөмүн, күтө берем ыйык кечти,
Күтүүлөрдүн кайтат, билем, акыбети.
Таңыркаткан кубанычтуу кезигүүнү,
Кунарлантат биз эңсеген ырлар кенчи.
Алыкулга
Жүргөндүрсүң сөз жеткис кооз жерде,
Каламыңды бекем кармап дагы эле.
Барактарың булуттардын абасынан,
Жаткандыр жайылып мейкиндикте.
Жүргөндүрсүң ырларыңды улам эстеп,
Эстегенде ыр түйшүгүн кайра эңсеп.
Жаңырып уйкаштыктар кайра-кайра,
Жаралып чексиздикте жаңы китеп.
Курчалып наристелер пейилине,
Кайрылып көптөн күткөн өз “жериңе”,
Кутулуп жалган дүйнө түйшүгүнөн,
Айланып мукам үндүү периштеге.
Сен эмес сага ашык ак перилер,
Жаныңдан карыш жылбай эркелеткен,
Аңкыган гүлдөн төшөп таманыңа,
Жаннаттын бактарына жетелешкен.
Маркумдарга
Белгилүү...
Күндөр кетер тээ алыска,
Айланар аккан суулар ак булутка,
Таш эзилип ыпыраган топуракка,
Кан-жаныбыз таралып урпактарга.
Чаң басып текчедеги сүрөттөрдү,
Күндөр өтүп, көмө берер өмүрлөрдү,
Көбөйтүп көөдөндөгү өксүктөрдү,
Кулпулап ой туткунга көңүлдөрдү.
Белгисиз сапар токтойт кай бекетте,
Жолугушуу болор бекен келечекте?
Ааламдын кай жылдызын мекен тутуп,
Жүрөсүңөр жакындарым кайсы жерде?
***
Пиалада чай,
мага арнап
куйганыңды мен байкабай,
сен да айтпай,
муздады,
ысыгында уурталбай.
Ошол чайдай
көп учурга
көңүл бурбай,
калгансыйт
мамилебиз муздагандай.
Курбума
Неченчи жыл карлар күбө сүйүүбүзгө,
Таттуу шире, өмүр азык экөөбүзгө,
Кумдуу чөлдө тамчы суудай таппас дары,
Сенин сүйүүң менин сенсиз өмүрүмдө.
Марсияна эжеме
Кургур жүрөк...
Карачы, бала үчүн неге даяр!
Үзүлүүгө, чачыроого кайыл.
Несин аяр?
“Мейли” – деп ичтен сызган турмуш жаман!
Чогулган таарынычтар өчүн алар.
Акын болсоң сөзгө күчүң чыгарып,
Ак кагаздар капа сөзгө карарып,
Тазаламак көөдөнүңдү түн ичи,
Калем чарчап, сенин дилиң тазарып.
Сырттан келген жатка шилтеп колуңду,
Куйкалатпай ачуу сөзгө бооруңду,
Ырчы болсоң, созолонтуп шаңдуу ыр,
Обон менен тосмоксун сен ооруңду.
Калкалабай, кайран жүрөк жабыркап,
Тешип чыкты кан чыдабай чыркырап,
Орой сөздөр октой тийип жүрөккө,
Өчтү сезим күйүп турган жалындап.
Кургур жүрөк...
Карачы, бала үчүн неге даяр!
Үзүлүүгө, чачыроого кайыл.
Несин аяр?
Суранамын, жүрөгүңдү үшүтпө
(Айгүл сиңдиме)
Бүлүк салба тынчтыгыма шамал доолуу,
Ала келген түштөрүңдү оңго жоору.
Маңдайына жазылган шамал-тагдыр,
Айдап кетти Россияга бир боорумду.
Шамал соксо, үшүйм эстеп жука үстүң,
Түндүк калаа түнөгүбү нымдуу күздүн?
Суранамын, жүрөгүңдү кайтканыңча
үшүтпөчү, карегиндей сактап көздүн.
Кара чачты боеп түскө ак булуттун,
Койгон жокпу көп түйшүгү бөтөн журттун?
Салкындатып койгон жокпу маанайыңды,
Сабыры суз боз асманы Петербургдун?
Майдаланып асман жааса сен жадаба,
Боз түндүктү кусаланып көп караба,
Толкуп, ташпай жай бараткан Нева суудай,
Сабыр тутуп, сүрдүү агып, апкаарыба.
Турмуш ушу. Башка салса көтөрөсүң,
Саргайсаң да, бир күн келет көгөрөрсүң.
Петербургдун ак түндөрү белек кылган,
Жаштык жалын жүрөгүңдө эч өчпөсүн.
Жылдыз
Тээ алыста жылдыз жанат балбылдап,
Келген дайым бийиктикти байырлап.
Жарыгынан бир учкунун кармоого,
Асман карайм келген учур багымдат.
Шоола, нурун аздан жаят жылдыздар,
Бөлөп жүрөк сезимдерге жылынар.
Жылдыздарды муздак деген жаңылат,
Неден жанат алар мынча кылымдар?
Алтын күндүн илебинен уланган,
Ак берметтер түн оокумда нурданган,
Сырдуу жарык жер жүзүнө таратып,
Жаралгандай жалаң гана кунардан.
Көрбөсөм да өзүңөрдү күндүзү,
Жер-ааламдын болуп чексиз күзгүсү,
Турарыңар көңүлүмдү көтөрөт,
Сырдашарым бар менин деп түнкүсүн.
***
Ак Жылдыздын миң учкуну – бир Учкун,
Бир Учкунга миң жылдыздан – бир Жылдыз.
Ээлеп алып ай-асмандын төрт бурчун,
Жаркырашат Учкун менен Ак Жылдыз!
Котормолор
Н.Гумилев. Мен билем...
Мен билем бизге эмес бактарга,
Жашоонун бийик чеги ыйгарылган.
Жароокер эже болуп жылдыздарга,
Бизге бөтөн, жер – мекен аларга.
Кеч күздүн ээн калган талаасында,
Жездей кызыл күндөр батып, атарда,
Янтарь түстүү боекторго үйрөтүшөт,
Эркин өскөн, жашыл өңдүү элдер да.
Моисей бар эмендердин катарында,
Мариялар пальмалардын арасында,
Бир-бирине жан дилинен кайрылуусу,
Түгөнбөс түн ичинде аккан сууда.
Түпкүрдө алмаз кайрып, таш майдалап,
Булак шашат, суулар бизге кыйкырышат,
Бир жерде сынып жатат кара жыгач,
Тигинде дарак жаңы бүрүн ачат.
О, эгерде шондой жерди мен да тапсам,
Ырдабай, ыйлабастан жашай алган.
Карытып сан жеткис мезгилдерди,
Үн катпай бийиктикке сапар алган.
Н.Гумилев. Түбөлүктүү
Жылчыгы жок күндөрдүн түнөлүндө,
Асманы оор күндөрдүн күндөрүндө,
Назар салып кылымдарга, учкай жашап,
Күтөмүн кезигүүнү улуу күнгө.
Коркунуч, ийгиликтин күтөм соңун,
Табышын сокур жандын туура жолун,
Келсеңчи, көз ачылып, көргөн күнүм!
Таңыркап суроолорго тапкан жообум.
Ээ болом шондо бөлөк жанга кайра,
Делебени козгогон бардыгына!
Алтындан жолду алкайм бийиктеткен,
Кара жерден алпарган күн-асманга.
Жанымда бир үн катпай кошо жүргөн,
Кыйналганда муңайым күйүп, түткөн,
Жол бербей жан жыргоого каарданып,
Күнөөлөргө кечиримдүү болуп жүргөн.
Унчукпаска үйрөткөн, күрөшүүгө,
Карт дүйнөнүн акылын үйрөнүүгө,
Аса-муса таягын коюп жерге,
ал айтат:– Биз келдик – деп, – үйүбүзгө.
Б. Пастернак. Кышкы түн
Жаады, жаады жер жүзүнө, жетер жерге,
Бүлбүлдөп жанып турду шам текчеде.
Жайында отко келген чиркей сымал,
Эшиктен кар жабышат терезеге.
Ак кардан тыным албай боз айнекке,
Бороон уулуп тартып жатты оймо-чийме,
Агарган түндү тиктеп, жай термеле,
Бүлбүлдөп жанып турду шам текчеде.
Жарык тийген шыпка түштү көлөкөлөр,
Кайчылашкан колдор, сандар, өмүрлөр.
Суугарылып шамдан аккан ысык жашка,
Шыпырылды төмөн карай көйнөктөр.
Ак буурул мунарыкта аралашып,
Тагдырдын буйругунан апкаарышып,
Жатты экөө, а текчеде шам дагы эле,
Бүлбүлдөп жарык берет күйүп-жанып.
Бурчтан шамга жел согуп, кумар деми
Көкөлөттү кош канатты периштедей.
Февраль ичи жаап чыкты тынбай деги,
Бүлбүлдөп жанып турду шам текчеде.
© Мунара Зарипова, 2013
Достарыңызбен бөлісу: |