1.2.Шыктандыруу
3мин
|
“Асыл ойлор” айтылат
Кандай гана асыл сөздөр!
Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” Адамдык асыл сапаттарды алып жүрүүдө ушундай асыл ойлор алга жетелейт.
Эмесе ,балдар сөз жөнүндөгү философиялык ойлорду ортого салалы.
“Сөздун философиясы”деген эмне?
|
Окуучу:Сөз- адамдын жан дүйнөсүнүн алтын ачкычы!
Сөз менен таш кулпуну, темир сандыкты да ачууга болот. Бирок, сөз жетпесе , сөз менен эбин келтирбесе, сөз менен жолун таппаса,жагымдуу айтылбаса, эт жүрөктүн жибек түймөсун да чече албайсың!
окуучу: Сөз -адамдын эмоциясынын барометри. Кандай гана кыял-жоругу түрдүү болгон адамдын эмоциясын сөз гана билдирет,болгондо да ,анын ким кандай адам экенин ,учурдагы көңул маанайын, кылган-эткенин,үндөгөн сүйлөгөнүн, ойлоп -кыялданганын, кайгы-кубанычын, көкөлөп-чөккөнун,сүйүүсү менен жек көрүүсүн,деги койчу,баарын таасынбилдирип жана көркүнө чыгара сөз.
Окуучу:Албетте,”сөздүн көрку-макалда” экендиги талашсыз. Макал-лакаптар тилде “кептин даяр материалы” катары колдонулуп,кептин орундуу,көрктүү,мазмундуу, салмактуу жана да бай болушуна кызмат кылып,кеп билген адамдын бир сапатын билгизет .
|