5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет34/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Үйгө тапшырмалар
1. Нуска сѳздѳрдү окуп, талкуулагыла. 
2. Ынтымактуу кошунаңар жѳнүндѳ айтып бергиле. 
 
 
 


45 
№14 сабак 
ЭЛДИН КЫЗ БАЛАГА, АЯЛЗАТЫНА БОЛГОН
УРМАТТУУ МАМИЛЕСИ 
Сабактын максаты: Элибиздин кыз балага, аялзатына болгон терең 
урматтоосун түшүнүшөт. Аялзатына мамиле жасоодо башка элдердин өрнөктүү 
көрүнүштөрүнөн да үйрөнүшөт. Аялга арналган аздектүү сөздөрдүн кудуретин 
чечмелей алышат. 
Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, Курманжан датканын, Уркуянын ж.б. 
сүрөттөрү. 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим окуучуларга Т. Кожомбердиевдин “Апа” деген чыгармасынан үзүндү 
окуп, ал жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулардын оюн угат. Кыргыз акын-
жазуучулардын эне жөнүндө жараткан чыгармаларын эске салат. 
АПА 
Мудугар элинде “аял” деген сөз жок, токсондогу кемпирди да, секелек 
кызды да, “апа” дешет. Энени сыйлабоо укмуштуудай чоң күнөө, андай кылмыш 
үчүн аябаган катуу жаза колдонулат. 
(“Работница” журналы, 8, 1969-ж) 
Сен жөнүндө баштаарымда ыр ырдап, 
Сөздөр жайнап, чегирткедей чырылдап. 
Сөздөр чууруп, кумурскадай капташып, 
Жылдыз сымал бийиктердей жымыңдап. 
Сен жөнүндө баштаарымда ырымды: 
Телегейим келе калды төп болуп. 
Жалкы нерсем санат жеткис көп болуп
Столумдан сөздөр өсөт чөп болуп. 
Калемине тийгизерде колумду, 
Гүлдөр көзөп тактайланган полумду. 
Чачыратып алтынданган карегин
Шүүдүрүмдөр жарык кылат жолумду. 
Даярданып узак жолго басууга, 
Беленденип терең кенди казууга
Издейм сөздүн керектүүсүн, асылын 
Тиштеп көрөм, сала коюп азууга. 
Саргаямын, салам бардык дилимди 
Салым кошоор деп үйрөнөм илимди. 
Кымындай да кынтыктуу сөз кирбесин 
Жыттап көрөм, тийгиземин тилимди. 


46 
Жарты бөлбөй, жараш керек баарыга: 
Балтыр бешик балага да, карыга. 
Көз ооруга сыйпаганга жарасын 
Ашык тамчы кошулбасын дарыга. 
Бир тал чөптөн, бир ийнени тапкандай, 
Сокур зергер алтын шакек чапкандай. 
Шүүдүрүмдүн тамчыларын чогултуп –
Мөлтүр кашка булак кылсам, аккандай. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет