5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет36/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№15 сабак 
АДАЛ ЫРЫСКЫ 
Сабактын максаты: 
Окуучулар адал ырыскы эмне экендигин түшүнүшөт. Адал ырыскы менен нан 
табууга, бирөөнүн акысын жебөөгө тарбияланышат. жомоктун маанисин түшүнүп, 
талкуу уюштурушат.
Сабактын жабдылышы: 
 
Жомоктун негизинде тартылган сүрөттөр, ватман, маркер ж.б.
Сабактын жүрүшү: 
Мугалим доскадагы ватманга «Адал ырыскы» жөнүндө кластер түзүшөт. Жомок 
эмне жөнүндө экендигин алдын ала божомолдошот. 
Адал ырыскы 
Кадимки заманда өтө адал ынсаптуу, эл суктангыдай, байлыгы жети муунга 
жеткидей бир соодагерзаада өткөн экен. Ал өмүрүн соодагерлик менен өткөрөт экен. 
Бир күнү соода менен Багдадга барып кедей кызга ашык болуп калыптыр. Соодагер 
дилиндеги сөзүн билдириптир. Ошондо кыз ыктыяр атасында экендигин айтыптыр. 
Соодагерзаада Багдадддагы кедейлердин башчысы – кыздын атасы молдо Осмонго 
жолугуптур жана кызынын колун сурап канча байлык беришин айтыптыр. 
Кедейлердин башчысы күлүп соодагерзаададан өз малынан канча пайыз пайда 
алышын сураптыр. Соодагерзаада 10-15 пайыз экендигин айтат.Ошондо ал 
соодагерди маскарлап: 
-Эй, жигит! Сен нааданга кыз берейинби? Шаарам-шаар жүрүп ошол пайданы 
пайда деп жатасыңбы? Мына кара, мен сага көрсөтөйүн. Чеч колуңдагы шакегиңди. 
Мунун баасы канча? – дептир. 
Соодагер шакектин баасын балалуу төөнүн баасына ченептир. 
-Жакшы, - дептир кедей, - эми шакегиңди эртеге мен айткан жайдан аласың. 
Кедей жума күнү өтө чоң жамаат жыйыла турган мечитке барып имамга катуу 
үн менен кайрылыптыр: 
-Эй, имам! Мен ушул шаардын момун бир кедейимин. Өмүрүм кедейликте өттү, 
бирок адал жашадым. Мына бул шакекти үч күн мурун таап алдым. Өтө кымбат турат 
экен. Бирок мага арам керек эмес. Бир гана мага уулумду үйлөп, кызымды турмушка 
узатуум керек. Шаарыбыздын момундарына айтсаңыз, мечит дарбазасынын жанына 
оромол жазсам, мен бечараны курук коюшпас, - дептир. 
Бул сөздөрдү уккан момундар өтө таасирленишип, кедейдин адалдыгына айраң 
калышыптыр жана намаз окуп болушуп бардыгы анын белбоосуна акча 
ташташыптыр. Өтө көп акча жыйналыптыр. 
Кечкурун кедей соодагерди үйүнө чакырып, акчаны көрсөтүп мындай дептир: 
-Эй, соодагер! Муну кара – сен сапар машакатынан кыйналып, жан алып, жан 
берип 10-15 пайыз пайда кыла турган болсоң, мен эч кыйналбай бир күндө канча акча 
таба алам. Эми сен мына бул акчадан алып мечитке бар. Имамга учура, бул акчалардан 
сүйүнчү деп берип шакегиңди кайтарып алып бизге кошул. Ошондо кызымды сага 
берем. 
Анда соодагер айтыптыр: 


49 
-Эй, алдамчы! Бүтүн ата-бабамдын урмат акы мен кечтим сенин кызыңдан дагы, 
кымбат баа шакегимден дагы. Менин ата-бабаларым адал соодагерлер эле, мени адал 
оокат менен багышты. Мен дагы адал үй-бүлөдөн үйлөнүп Алла перзент берсе аларды 
адал даам менен баксам, - деп өз малдарын жыйып ошол шаардан чыгып кеткен экен. 


50 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет