5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет3/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Мугалимдин суроосу: 
1. Эмне үчүн эгиздердин бирѳѳсү тамак-ашты жегенден баш тартып, шаар 
башчысын издеп жѳнѳдү? 
2. Ачкалыктан ѳлгѳнү жаткан киши ээсинен сураш керек эле деп алдындагы 
тамактан баш тартканын кандай түшүнѳсүӊѳр? 
3. Анча-мынча арзыбаган нерсени ээсинен сурап отурбай эле пайдаланса боло 
береби? 
4. Эгиздердин кайсынысынын жасаганын туура деп эсептейсиӊер? 
5. Бирѳѳгѳ кул болгон жигиттердин бирѳѳсүн ууру деп эсептѳѳгѳ болобу? 
6. Жомоктон кандай тарбия ала алдыӊар? 
2
Даярдаган: Сезгин Яхйагил. Которгон Уулбүбү Кутманова. Сырдуу икаялар. –Б.: «AvrasyaPress», 2014, -10-б. 



Жогорудагы суроолорго жооптор угулуп, текст боюнча жалпы талкуу 
жүргүзүлѳт. Ар бир окуучунун жообун кубаттап, айрым пикирлерге коментарий 
берилиши шарт.
Сабактын жыйынтыгында окуучулар сабактан алган таасири тууралуу беш 
мүнѳттүк эссе жазышат.



№2 сабак 
ЖАКШЫЛЫКТЫН АКЫБЕТИ – ЖАКШЫЛЫК
МЕНЕН КАЙТАТ 
Сабактын максаты: 
➢ 
Жакшылык жасоонун акыбети кандай болорун билишет
➢ 
Жакшылыкка жакшылык кылыш керек экендигин түшүнѳт; 
➢ 
Адилеттүүлүк тууралуу түшүнүк алышат; 
➢ 
Бирѳѳгѳ кандай мамиле жасалса, ѳзү да ошондой мамиле күтүүнү үйрѳнүшѳт; 
➢ 
Мээримдүүлүк, боорукерлик, кеӊ пейилдүүлүк сапаттары калыптанат; 
➢ 
Себепсиз эле адамдарды күнѳѳлѳбѳш керек экендигин түшүнүшѳт; 
➢ 
Адамдардагы жакшы сапаттарды баалоого кѳнүгүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Ватмандар, маркерлер, А4 форматындагы кагаздар, түстүү карандаштар. 
Окуучуларга таркатылуучу темага байланыштуу “Адилеттүүлүктүн чылбыры” деген 
текст. 
Сабактын жүрүшү: 
Сабактын башталышында мугалим ар бир окуучуга бирден А4 форматындаы 
кагаз, түстүү карандаштарды таратып берет.
Окуучулар 
жакшылыктын, 
адилеттүүлүктүн, 
боорукерликтин, 
мээримдүүлүктүн символун сүрѳт аркылуу кагазга түшүрүшѳт. Ѳз эмгектерин 
презентациялашат.
Мугалим сабакты “Бир табак сезим” кѳнүгүүсү менен баштаса да болот. Бул 
кѳнүгүү окуучулардын ѳз сезимдерин билүү деӊгээлдерин жогорулатууга жана 
башкалардын сезимдерин урматтоо түшүнүктѳрүнүн түптѳлүшүнѳ жардам берет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет