5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет6/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 
Мугалим
 
Урматтуу окуучулар, силер шаркырап аккан суу жөнүндө кандай пикир айта 
аласыңар? 
1-окуучу: Шаркырап аккан суу эч качан токтоп калбайт. 
2-окуучу: Шаркырап аккан суунун алдын бөгөп койсоң да ташып кетет. 
3-окуучу: Шаркырап аккан суу таштан-ташка урунуп бышып калат. 
4-окуучу: «Агын сууда арам жок» деген кеп бар? 
5-окуучу: Адамдын өмүрүн да агын сууга салыштырышат. 


10 
Мугалим: Туура айтасыңар балдар, аккан суунун баркын адамдар жакшы 
билишет. Биз бүгүн силер менен ошо агын сууга салыштырылган адамдык асыл 
сапаттар тууралуу сөз кылабыз. Ал асыл сапаттар жоомарттык жана кайрымдуулук.
Эки топтон бирден окуучу чыгып столдогу конвертти алышат. Конверттин ичин 
ачып кимисине кайсы тема түшсө ошол боюнча топтук таанытымга даярданышат. 
Конверттеги текстти топто талкуулашып, аны сахналаштырууга даярданышат. 
Тексттин аягындагы суроолорго да жооп беришет. Ар бир топко бирден флипчарт 
(ватман) жана түстүү маркерлер берилет. Флипчартка тема жөнүндөгү топтун 
ойлорун түшүрүшөт.
Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблицаны сунуштап, ал окуучуларды 
сурамжылоо аркылуу толтурулат. Бул алгачкы түшүнүктөрдү аныктоого көмөк 
көрсөтөт. 
 
1-топ: 
 
«Жоомартык». 
 
Берилген текстти топто талкуулашып, ролдоштуруп аткарып беришет. 2-топко 
маанисин чечмелөө үчүн төмөндөгүдөй макал сунушташат: 
Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла. 
Жоомарттын жайы бейиште, сараңдар калат кейиште. 
Флипчартка жоомарт адамга мүнөздөмө жазып, таанытымда талкууга коюшат.
Жоомарт адам – берешен, ар нерсеге март келет. Ар кандай маселени буйдалбай 
шарт чечет. Душмандык кылып, жолун тороп жатса да аны кечире билип, ойлонтууга 
аргасыз кылат. Өзү кыйналып турса да бирөөнүн ажатын ачат. Адамдык асыл 
сапаттардын ана башында жоомарттык турат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет