5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет9/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Жаттоо үчүн: 
Ким башкага ыраа көрсө жарты нан
Ырыскысы бүтүндөлөт артынан. 
Кайрымдуу бол, акылдуу кыз, жаш жигит, 
Жоомарт адам алыс санаа дартынан.


13 
Жоомарттык бул – көк асмандай кененден, 
Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй тереңден. 
Жоомарттык бул – бар дүйнөңдөн сырткары, 
Сөзгө дагы берешен бол дегенден. 
Улукбек Омокеев 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


14 
№4 сабак 
БООРУКЕРДИКТЕ ЖАНА
МЭЭРИМДҮҮЛҮКТӨ ЖАДЫРАП ТИЙГЕН 
КҮНДӨЙ БОЛ 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
окуучулар боорукердик жана мээримдүүлүк сапат жөнүндө түшүнүккө ээ 
болушат; 
➢ 
боорукердиктин акыбетин акыбети кайтарын билишет; 
➢ 
мээримдүүлүктүн жашоодогу ордун белгилей алышат; 
➢ 
окуучулар бири-бирине, ата-энелерине, бир туугандарына жакшы мамиле 
жасоону үйрөнүшөт. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топтук талкуу 
Керектелүүчү каражаттар: А4 кагазы, флипчарт (ватман), ар бир катышуучуга 
маркер, скотч, стикерлер.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
класстагы окуучулар «бир», «эки» деп санашып эки топко бөлүнүшөт; 
➢ 
эки топ өз өзүнчө айлана түрүндө олтурушат; 
➢ 
мугалим эки флипчартка күндүн сүрөтүн тартып, бирине «боорукерлик» 
экинчисине «мээримдүүлүк» деп жазып доскага жабыштырат; 
➢ 
ар бир окуучуга бирден сары түстөгү стикер (жабышуучу түстүү кагаз) 
таратат.  
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
 
Сабак «Аркага комплимент» оюну менен башталат. Оюн төмөндөгүдөй 
тартипте өткөрүлөт: 
Аркага комплимент 
 
Ар бир окуучу А4 кагазын скотч менен өзүнүн далысына жабыштырат. Колуна 
маркер алат. Мугалим көрсөтмө бергенден кийин класста басып жүрүп далысындагы 
кагазга классташтарына комплимент жаздырышат. Мүмкүн болушунча көбүрөөк 
комплимент жаздыруу керек. Жыйынтыгында эң көп комплимент топтогон окуучу 
жеңүүчү деп табылат. Бул оюн балдардын бири-бирине жагымдуу сөздөрдү 
арноосуна түрткү берет. 
Окуучулар колундагы стикерге (жабышуучу түстүү кагаз) боорукердик жана 
мээримдүүлүк жөнүндө кыска пикирлерин жазышат. Ар бир окуучу жазганын 
доскадагы күндүн сүрөтүнүн нурларына жабыштырышат. 


15 
 
Мугалим окуучулардын жазган пикирлерин талдоого алып, ар бир идеяга 
токтолот. «Эмне үчүн мындай деп жаздың?» деген суроо аркылуу кайрылса да болот. 
Флипчартка илинген ойлор кайрадан талкуудан өтөт.
Мугалим: Азаматсыңар балдар, силер боорукердик менен мээримдүүлүк 
жөнүндө көп ойлорду билет экенсиңер. Бүгүнкү сабактын темасы «Боорукердик жана 
мээримдүүлүктө жадырап тийген күндөй бол!» деп аталганынын себеби жөн жеринен 
аталбаганына ынандыңарбы? Анда ушул темага байланышкан макалдарды, накыл 
сөздөрдү, залкар ойлорду айтып көрөлүчү. Кана ким айтат? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет