5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет8/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

2-топко: «Кайрымдуулук». 
Берилген текстти топто талкулашып, ролдоштуруп аткарып беришет. 1-топко 
маанисин чечмелөө үчүн төмөндөгүдөй макал сунушташат: 
Кайрымдуу карындаш – түгөнбөгөн казына болот. 
Кайрымсыз жүргөн туугандан, кайрымдуу болгон дос жакшы. 
Флипчартка кайрымдуу адамга мүнөздөмө жазып, таанытымда талкууга 
коюшат.
Кайрымдуу адам – боорукер, сезимтал, көңүлү назик келет. Колунда барын 
кыйналган бирөө менен бөлүшүүнү каалайт. Ар дайым көңүлүндө кедей-
кембагалдарга садага берүү керек деген ой болот. Толуп-ташкан байлыгынан эмес 
бирөөгө берген садагасынан ырахат алат.
Сахналаштыруу үчүн текст: 
Садага берүү - кайрымдуулук 
Бир карыянын көздөрү азиз эле. Ошондуктан намаз окуй турган бөлмөсүнөн 
эшиктин алдына чейин жип тарттырып койгон эле. Эгерде кайыр сурап тилемчи 
келсе, ошол жиптен кармап эшикке чейин барып садага берчү. Балдары: 
- Ата, эмнеге өзүңүздү мынча убара кыласыз? Сиздин ордуңузга бул ишти биз 
дагы кылабыз го, - дешти. 
Ошондо карыя балдарына: 
- Кишинин өз колу менен кембагалга садага бериши, аны ар кандай 
жамандыктардан сактайт, - деди.
Суроолор: 
1. Балдарынын атасына айткан сөздөрүн туура деп ойлойсуңарбы? 
2. Кайрымдуулуктун маанисин кандайча түшүндүңөр? 
3. Кембагалга берген садага кантип эле жамандыктан куткарсын? 
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
Мугалим: Урматтуу окуучулар, бакылдыктан ыраак болгула. Атыңарды 
жоомартчылык менен белгилүү кылгыла. Калайык бакыл жана төрөпейил адамды 
душман, жоомарт жана кушпейил адамды дос туткан. Силер да ушул изди 


12 
улагыла.Кимдир 
бирөөгө 
жоомарттык 
жасоодо, 
кайрымдуулук 
кылууда 
буйдалбагыла аккан суудай шар чечим кабыл алгыла. Бул силердин колуңардан келет 
деп ишенем. Сабакты төмөндөгүдөй икая менен жыйынтыктайбыз: 
***
Байыркы арабдардын кадырлуу адамдарынан Хасан, Хусейин жана Абдулла 
Жафар аттуу үч агайын Багдад шаарынан Басрага сапар жүрүшөт. Жолдо алардын 
азык-оокат жүктөлгөн төөсү жоголуп кетет. Кыдырып издешет, таба алышпайт. Бир 
топ жол жүрүшүп чаңкап-чаалыгып, арып-ачкан абалда бир аялдын үйүнө жетип 
келишет. Баягы аялдан суу менен оокат сурашат. Аял аларга суу алып келет. Анын 
жалгыз кою бар эле, ошол койду жетелеп келип: 
- Ушул койдон башка эч нерсем жок эле. Кааласаңар союп жегиле, - дейт. Алар 
аялдын ушунчалык алпейимдигине тан беришип: 
- Берешендигиңе ыраазы болдук. Ачкалык өтө алсыратып койгону үчүн коюңду 
союга мажбурбуз. Биз Басрага бара жатабыз. Тез эле кайрадан мекенибиз Багдадга 
кайтабыз. Сөзсүз биздин алдыбызга бир келип кеткин. Сага бир нерселер тартуу 
кылып, көңүлүңдү табабыз, - дешти. Койду союп, этинен жетээрлик өлчөмдө алып, 
бышырып жешти. Анан жолго чыгууга камынышты. Кетээр алдында ал аялга үйлөрү 
Багдаттын кайсы көчөсүндө экендигин айтышты. 
Алар кеткенден кийин эле баягы аялдын эри келип калды. Аялы болсо окуяны 
баян кылаары менен, күйөөсү: 
- Болгону жалгыз коюбуз бар эле. Аны дагы тааныбаган жат адамдарга союп 
берипсиң. Эми эмне кылабыз? – деп аялына абдан кейиди. 
Көп убакыт өтпөй эле эрди-катын жакырчылыктан өтө эле начар абалга түшүп 
калышты. Баягы үйлөрүнө келген меймандардын берген убадаларын эстеп, экөө 
Багдатты беттеп жолго чыгышты. Жолдо тилемчилик кылышып, эптеп Багдатка 
жетип келишти. Бир нече күн шаардын көчөлөрүн кезип жүрүп акыры Хасан
Хусейиндин үйүн табышты. Агайындар баягы аялды таанышып, үйлөрүнө алып 
киришти. Аял болсо күйөөсүн алар менен тааныштырды. Хасан менен Хусейин 
аларды бир нече күн меймандашып, көптөгөн алтын жана бир нече кой тартуу 
кылышты. Баш-аяк сарпай кийгизишти. Соңунан Хасан аялга карап: 
- Сизге көп ыраазыбыз. Чаалыгып чарчап, ачып-арыган учурда сиздин үйүңүзгө 
келип мейманыңыз болдук. Өзүңүздүн жармач турмушуңузга карабай, бизди 
жайдары кабыл алып, жападан жалгыз коюңузду союп меймандадыңыз. Берешен, 
жоомартчылыгыңыз бизди таң калтырды. Эми сиздерди үчүнчү агайыныбыз 
Абдулла Жафардын үйүнө жиберебиз. Ал дагы сизди күтүп жатат, - деп бир 
кызматчысын кошуп жөнөтүштү. Ал шаттык менен каршы алып, бир нече күн конок 
кылды. Хасан менен Хусейиндин тартууларынан эки эсе көп тартуу берди. Алар 
шаттанып үйлөрүнө кайтышты. Ошентип алар калган өмүрлөрүн жоомарттыктын 
арты менен жыргалда өткөрүштү.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет