5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси



Pdf көрінісі
бет4/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси: 
1.Кагаз табактарды окуучуларга таратыӊыз жана табактардын бирѳѳнѳ 
бактылуу, бирѳѳнѳ жини келген, бирѳѳнѳ ачууланган, бирѳѳнѳ болсо бир нерседен 
тажаган, эриккен кишинин бетин тартуусун айтыӊыз (Жогорку класстарда мындан 
башка сезимдерди дагы кошсоӊуз болот). 
2.Тѳмѳндѳгүдѳй ар кандай абалдарды айтып, окуучулардан мындай учурларда 
кандай сезим пайда болорун кѳрсѳткѳн табакты ѳйдѳ кѳтѳрүүнү сураӊыз: 
• Майрамда айылыӊарга барып, таенеӊерди кѳрѳсүӊѳр; 
• Апаӊар силерди сууга түшүрѳйүн дейт; 
• Мугалимиӊер силерге тапшырманы аткарбагандыгыӊар үчүн ачууланды; 
• Бѳбѳгүӊѳр ооруп калды; 
• Телевизоруӊар бузулду; 
• Атаӊар жекшемби күнү силерди зоопаркка алып барат
• Классташыӊар танаписте бутуӊарды басып алды. 
3. Класска тѳмѳндѳгү суроолорду берип, группалык баарлашууну баштагыла: 
❖ 
Ар кандай абалдарда классташтарыӊардыкындай табак кѳтѳрдүӊѳрбү? Эмне 
үчүн? 
❖ 
Ар 
кандай 
абалдарда 
классташтарыӊардыкынан 
башкача 
табак 
кѳтѳрдүӊѳрбү? Эмне үчүн? 



❖ 
Кандайдыр бир абалда башкалардыкынан башкача сезимдердин болуусу 
силердин оюӊар боюнча нормалдуубу? Ооба десеӊер, бир эле абалда башкаларда дагы 
биздикинен башкача сезимдердин болуусуна кандай карашыбыз керек?
3
Мугалим теманын маӊызын ачуу үчүн окуучуларга атайын текст таркатат же 
кѳрктүү окуп берет. Окуп жатканда тексттеги темага байланышкан жерлерин атайын 
дептерге белгилеп барышат.
Текст: 
Адилеттүүлүктүн чылбыры 
Иран шахтарынын бирѳѳсү бир күнү катуу ооруга чалдыгып, тѳшѳктѳ жатып 
калат. Кандай дарыгер чакыртып, кимге арызданса да айыга албады. Оорудан улам 
мурдагыдай ал-күчү калбай, ийне жеген иттей болуп арыктады.
Ошондой күндѳрдүн биринде анын алдына нѳкѳрлѳрүнүн бири келип, андан 
сүйлѳѳгѳ уруксат сурады. Падышанын жанындагылардын баары бул эмне дейт 
дегенсип аны карап, күтүп калышты. Ал: 
-Улуу урматтуу шахым! Сиздин мартабаӊыз артып, падышалык дооруӊуз узун 
болсун. Мен бүгүн сизге бир кабар айтканы келдим. Биздин шаарга аалымдыгы ченде 
жок, такыбаалыгына эч ким жетпеген бир улуу адам келиптир. Ал Кудай жолунан бир 
кадам да жазбай жүргѳн адам болгондуктан, анын тилеген тилегинин баары кабыл 
болуп, дубалары дайыма аткарылат экен. Эгер сиз макул кѳрсѳӊүз ошол адамды 
сарайга алдыралы. Алла Таалага сиз үчүн да жалбарып, дуба кылсын, - деди. 
Катуу ооруп жаткан Шах бул нѳкѳрүнүн айтканын угуп ойлонуп калды. 
-Анан Шах ал айткан олуяны чакырганга киши жиберди. Чынында аны 
алдырбагандан башка деле чарасы калган жок болчу. Канчадан бери кетпеген оору 
Шахтын таптакыр шайын оодарып, ал айласы кетип турган болчу. 
Шахтын буйругу менен жигиттери тезинен ал олуяны алып келишти.
Нѳкѳр айткан олуя адам аппак сакалы жайкалган, үстүндѳ ашыкча деле кийими 
жок жупуну адам экен. Ал Шахтын алдына кирип салам айтты да, эмне чакырттыӊар 
дегенсип күтүп калды. Шах ага ѳзүнүн дартын, канчадан бери бул оорудан кутула 
албай келе жатканын айтып, андан дуба кылышын суранды. Жанатан башын 
кѳтѳрбѳй момурап отурган олуя адам ушул жерден башын шарт кѳтѳрүп, Шахты 
карады да жактырбагандай: 
-Кудай башкаларга ырайымдуулук кылбаган адамга эч качан ырайым кылбайт, 
- деп катуу үн чыгарып сүйлѳдү.
Тегеректеп турган адамдардын баары анын үнүнѳн селт этип чочуп, эми эмне 
болоор экен дегенсишип дымдарын чыгарбай, Шахты алдыртан карап, унчукпай 
калышты. Каардуу падышадан ѳлгүдѳй корккон нѳкѳрлѳр, кудум ушул сѳздү ѳздѳрү 
айткансып, кирерге тешик таппай тыбырап жиберишти. Мынчалык оор сѳз күтпѳгѳн 
Шах олуяны акшыя карап алып, иреӊи бузулуп, ачуусун келтирди. Шахтын бул түрүн 
кѳргѳн олуя: 
-Кое тур жиниӊди! – деп буюра сүйлѳдү. 
Анан ого бетер үнүн катуу чыгарып: 
-Ачууланып баш кескенге шашылбай мени жакшылап ук! Эгер бул жашоодо 
кубангыӊ келсе, башкаларды да кубанычка бѳлѳ. Ырайымга бѳлѳнүп, жеӊилдик 
3
Сердар Эркан. Мектептерде группалык жолдоо иш-чараларынан мисалдар. –Б.: 2002, -29-б. 



кѳргүӊ келсе башкаларга да жеӊилдик тартуула. Бирок, мындайды кылбай туруп 
менден бир ооз да дуба күтпѳ. Мен сен үчүн жалдырап дуба кылганым менен баары 
бир кабыл болбойт. Сарайыӊдын алдындагы зынданыӊ кокосуна чейин адамдарга 
толуп турганда, Кудай сага мээрим тѳкпѳйт. Сен качан калкыӊа мээримдүүлүк кылып, 
жакшылык кылмайынча бул ооруӊдан такыр айыкпайсыӊ. Андан кѳрѳ кылган 
күнѳѳлѳрүӊ үчүн Кудайдан кечирим сура. Сен ѳзүӊ зулумдук кылган адамдарыӊдын 
каргышына калыптырсыӊ. Алгач ошолордун кѳӊүлүн ал. Ошондо гана Кудай сага 
ырайым кылыш мүмкүн, - деп сѳзүн аяктады олуя. 
Шахтын шакардай кайнаган ачуусу олуянын жүрѳккѳ таамай тийген сѳздѳрүнѳ 
алгач туруштук бере албай, анан бара-бара ачуусу акырындап таркай баштады. 
Акыры, ал олуянын айтканын туура кѳрүп, унчукпай башын ийип олтуруп калды. 
Олуянын ар бир сѳзү Шахтын чучугуна жетип, кѳз алдынан буга чейинки кылыктары 
бир-бирден чууруп ѳтүп жатты. Бир маалда желдеттерине бурулуп: 
-Камактагы туткундардын баарын бошоткула! – деп ѳкүм кылды.
Анан олуяга ыраазычылыгын айтып, ѳзүнүн бѳлмѳсүнѳ кирди да кѳпкѳ 
ойлонбой эптеп дааратын алып, намаз окуганга турду. Бир топко чейин башын 
кѳтѳрбѳй, Кудайга жалынып-жалбарды. Анан кѳзүнүн жашын тѳгүп: 
-Оо, улуу Жараткан! Мен буга чейинки кылгандарыма азыр аябай бушайман 
болуп турам. Менден кымындай болсо да жамандык кѳргѳндѳрдүн ар бирин эстеген 
сайын жүрѳгүм канталап жатат. Оо, Кудай, менин ушул кезге чейинки 
акмакчылыктарымды кечире кѳр. Экинчи ушундай зулумдук кылсам, оӊбой калайын! 
Мени кечиргениӊе чейин ушинтип жалдырап жүрүп ѳтѳйүн. Сен мени кечирсеӊ гана 
болду! – деп сыздап кечирим сурап жатты.
Шах ушинтип тообо кылып отурганда, сырттан олуя да алаканын кѳккѳ жайып, 
падыша үчүн дуба кылды.
Мына ошондо гана анын дубасы кабыл болуп, Шахтын оорусу жеӊилдей 
баштады. Абалы оӊоло түшкѳнүн байкаган шах кубанычы койнуна батпай ордунан 
ыргып турду да, желдеттерин чакыртып казынасынан толгон-токой алтын-күмүш 
алдырып, олуянын башынан-ылдый куйдурмакчы болду. Бирок, анын бул кылыгы 
олуяга жаккан жок. Унчукпай теср бурулду да, сарайдан чыгып жѳнѳндү. Так босогого 
жеткенде артына бурулуп: 
-Мен болгону ѳзүмдүн милдетимди гана аткардым. Чындыкты жашыруу 
чыныгы акмактык. Эми кайра ооруга кабылып, ажалыӊа тезирээк жолуккуӊ келбесе 
адилеттин чылбырын колуӊан чыгарбагын! – деди да, ѳз жолуна түштү.
4


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет