5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Мугалимдин текст окулгандан кийин берүүчү суроолору



Pdf көрінісі
бет5/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Мугалимдин текст окулгандан кийин берүүчү суроолору:
 
1. Эмне үчүн Олуянын Шахка жини келди? 
2. Чындап эле элге зулум кылган адам ооруп калышы мүмкүнбү? 
3. Олуя Шахты кантип тарбиялады? 
4. Шах Олуянын айтканына эмне үчүн ынанды? 
5. Икаядан кандай тарбия алдыӊар? 
6. Адилеттүүлүк дегенди кандай түшүндүӊѳр? 
 
 
4
Даярдаган: Сезгин Яхйагил. Которгон Уулбүбү Кутманова. Сырдуу икаялар. –Б.: «AvrasyaPress», 2014, -23-б. 



№3 сабак 
ЖООМАРТТЫКТА ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУКТА 
 ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ 
Жоомарттык – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы, берешендиктин 
чексиз мухити кайрымдуулук кылуу – улуулук алып келет 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
окуучулар жоомарттык сапат жөнүндө түшүнүккө ээ болушат; 
➢ 
адамдагы жоомарттыкты байкоого көнүгүшөт; 
➢ 
бирөөгө кайрымдуулук жасоону үйрөнүшөт; 
➢ 
кайрымдуулуктун түрлөрүн билишет. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топтук таанытым (презентация) 
Керектелүүчү каражаттар: конверт, флипчарт (ватман), маркерлер, талкуулоо 
үчүн тексттер.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
класстагы окуучулар «бир», «эки» деп санашып эки топко бөлүнүшөт; 
➢ 
эки конвертке «жоомарттык», «кайрымдуулук» деп жазылган кагаздар жана 
сахналаштыруу үчүн темаларга тиешелүү тексттер салынат; 
➢ 
эки топ бирден флипчарт (ватман) жана түстүү маркерлерди алышат; 
➢ 
класстагы отургучтар «П» формасында жайгаштырылат; 
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
 
Сабактын башында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн «Салам-салам» 
деген музжаргыч ойнотулат. Музжаргыч төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт: 
Салам-салам 
Класстагы окуучулар ортого чыгышып, айлана түрүндө тике турушат. Класс 
жетекчинин тандоосу менен бир окуучу айлананын сыртына чыгып, окуучуларды 
айланып чуркайт. Чуркап баратып өзү каалаган окуучунун желкесине акырын бир-
эки жолу муштап кетет. Муш жеген окуучу урган окуучуга карама-каршы чуркайт. 
Экөө бет келишкен жерде бири-биринин колун кармап «Салам-салам» деп айтуусу 
керек. Саламдашып бүткөндөн кийин ким биринчи келип качкан окуучунун ордуна 
туруп калса ошол жеңүүчү болот. Оюн ушул тартипте улантыла берет. Кайсы окуучу 
үч жолу ордун таба албай чуркап калса, айып тартат. Окуучулардын каалоосу менен 
ырдап же бийлеп берет.
Музжаргычтан кийин мугалим окуучулар менен төмөндөгүдөй мүнөздө 
маектешүү өткөрөт: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет