5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет35/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Турар Кожомбердиев 
 
Мугалимдин сөзү: 
Элибиз кыз баланы, аял затын терең урматтап, сыйлап келишкен. “Кызды сыйла, 
ал конок”, “Кызды урсаң, жарды болуп каласың”, “Аялзаты үйдүн куту”, “Кыздын кырк 
чачы улуу” деген нуска сөздөрдү да таамай айтышкан. Аялзатына болгон аздектүү 
мамилени жаратууга аракет жасашкан. 
Кандай заманда, кандай гана шартта болбосун аялзаты адам баласы үчүн эң 
оболу – турмуштун туткасы, жашоого көрк берген жароокер жар, мээрман эне, 
сүйүктүү эже, сырдаш жеңе, боорукер карындаш, мээнеткеч тарбиячы жана үй-
бүлөнүн ыйык куту. 
Биз адамдар, ар дайым жакшылык, тынчтык, адамгерчилик сыяктуу асыл-нарк 
дөөлөттөр жөнүндө көп айтабыз. Бирок, бул асылдыктар биринчи кезекте 
аялзатынын бийик руху менен алтын колунан жасалып жаткандыгын адатта анча 
элес ала бербейбиз. Эң алгач алдей ырын энеден укканыбыз да эсибизден чыгып 
кетет. 
Албетте, адам таң кала турган эмне деген күчтөр бар. Бирок эненин сүйүүсүндөй 
кудуреттүү күч эч жерде жок. 
Бул жараткан жашоодо не бир керемет сулуулук бар. Бирок аялзатынан ашкан 
сулуулукту жараткан азырынча бизге тартуулай элек. 
Айтылуу немец философу Вильгельм Гумбольт “Элдин ар-намысы, адеп ахлагы 
аялга болгон мамилесинен билинет” деп айткан экен. 
Кыргыз журтунун руханий, тарыхый, философиялык көркөм энциклопедиясы 
болгон “Манас” эпосундагы аялдардын орду жана образы биздин элибизде 
байыртадан эле аялзатына өзгөчө мамиле болуп келгенин дагы бир ирет далилдейт. 
Кылым карыткан эзелки тарыхында Кыргыз Ата менен Кыргыз Эне эгерде 
кыздарынын азат-эркиндигине жана ар-намысына айрыкча аяр мамиле жасап 
келбесе, акылгөй Каныкей, айдай сулуу Айчүрөк, арстан жүрөк Жаңыл Мырзадай 
асылзаттар кайдан чыгат эле. 
Кечээги эле Курманжан Датка энебиздин атактуу Алай Ханышасы даражасына 
жетиши аялдар бизде кадимден эркектерден кем эмес орошон ролду ойноп 
келгендигин таасын күбөлөп турат. 
Совет мамлекетинин мезгилинде да Республикабыздын аялдары илимде же 
өндүрүштө, маданиятта же коомдук иште болбосун өздөрүн дайыма татыктуу 
көрсөтүп келишкен. Эмгекте айтылуу Өлмөскан Атабекова менен Зууракан 


47 
Кайназарова, искусстводо Сайра Кийизбаева менен Бүбүсара Бейшеналиеванын 
ысымдарын кантип унутабыз. 
Үй-бүлөнүн бекем болушу да аялзатына байланыштуу. Аял бар үйдө кут, береке, 
жылуулук бар.
Адамзат жашоосундагы эң асыл нерселер ар дайым аялдарга арналып келген. 
Дүйнөдөгү эң атактуу композиторлордун ажайып музыкалык чыгармалары 
аялзатына арналган. 
Дүйнөдөгү эң таланттуу художниктердин эң мыкты сүрөттөрү да аялзатына 
багышталган. 
Дүйнөдөгү эң күчтүү поэзия саптары да аялзатын даңазалоодон улам келип 
чыккан. 
Биздин жаш өлкөбүздө эмне жакшы нерселер болсо – ошонун баары адегенде 
аялдарга арналышы керек деп ойлойбуз. 
Урматтуу жаш жеткинчек, эненин улуулугун, эч нерсе менен өлчөбөс эмгегин эч 
качан унутпа. Кыз балага, эжеңе, карындашыңа аздектүү мамиле жаса, алардын 
дилин оорутпа. 


48 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет