5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет33/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Кошунанын акысы улуу 
Азирети Умардын уулу Абдуллах бир күнү тѳѳ сойду. Тѳѳ сойулуп эти 
жиликтенди. Абдуллах кызматкерлерине: 
-Кошунабызды унутпагыла, - деди жана арадан бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин 
дагы, «кошунабызды унутпадыңарбы?» деп сурады. 
Кызматкер: 
-Урматтуум, азыр эле айттыңыз эле. Кошунага эт бѳлүп койдук, азыр алып 
барып беребиз, -деди. 
Үч-тѳрт мүнѳт ѳтүп Абдуллах кызматкерди чакырды да «кошунанын акысын 
бердиңби?» - деп сурады. 


44 
Кызматкер: 
-Урматтуум, үзүр сураймын. Ушул убакка чейин сизден эч нерсе сураган 
эмесмин, билесиз. Эмнеге бул кошунага мынчалык кайгырасыз? -деп сурады. 
Абдуллах: 
-Кошунанын акысы жѳнүндѳ кѳп насаат айтылат. Дайыма кошуна кошунанын 
малына мураскор болот, - деди. 
Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 
1.Абдуллах эмне үчүн кайра-кайра кошунага эт бердиңерби деп сурады деп 
ойлойсуңар? 
2.Кызматкер эмне үчүн анын себебин сурады? 
Талкуу үчүн текст: 
Кошунанын баласы 
Тилек менен Кушубек кошуна жашайт. Бир күнү алар жолду чаңдатып ойноп 
жүрүштү. Анан чарчашты. 
-Чыбыктан ат минели, -деди Тилек. Экѳѳ үйүнѳ кетишти. Тилек короодогу 
талдан сындырайын деп ойлоду. Бирок аяды. Атасы кѳрсѳ тилдейт да. Анан ал 
Кушубектин короосун карады. Эч ким кѳрүнбѳйт. Жашырынып чуркап келип 
алардын талынан сындырып алып, короонун тешигинен сойлоп чыгып келе жатса 
алдынан Кушубек жолукту. Экѳѳ сүзүшүп калышты. Ал дагы талдан сындырып 
алыптыр. Тааныды, кѳрсѳ Кушубек да ѳзүнүкүн аяп, Тилектин короосунан 
сындырганын эми түшүндү. Ошентип, экѳѳ бири-биринен аябай уялып калышты. 
Анан ойнобой эле үйлѳрүнѳ тарап кетишти. 
Ой жүгүртүү үчүн суроолор: 
1.Эки кошуна эмне үчүн бири-биринин талынан сындырып алды? 
2.Экѳѳ эмне үчүн ойнобой эле кетип калышты? 
Нуска сѳздѳр 
Кошуначылыктын белгиси алыш-бериш,
Досчулуктун белгиси барыш-келиш. 
Кошунасы жаман үйүн сатат. 
Кошунанын ити кошунаны тиштебейт. 
Кошунаң тынч болбосо сенде кайдагы уйку. 
Кошунаң менен кѳрктүүсүң. 
Кошунаң илээнди болсо, ѳзүңѳ чыйрак бол.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет