5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет48/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1. «Абийир, ыйман аздап куюлуп, чѳйчѳккѳ чогулган суу сыяктуу» дегенди 
кандайча түшүнѳсүңѳр? 
2. «Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста», эмне үчүн мынтип 
айтышат? 
3. «Абийиринди жашындан сакта» дейт. Эмне үчүн? Жаш улуулаганда сактаса 
болбойбу? 
4. Окуядагы Назар менен Сакиптин азилдери эмне үчүн аягында зилге айланды 
деп ойлойсуң? 
5. Сакип топусу жерге түшүп кеткени үчүн ачууланды. Ачууланбай койсо болот 
беле? 
6. Фазл эмне үчүн Сакипке абийиринин тѳгүлгѳнүнѳ кѳп эле убакыт болгонун 
айтты? 
7. Сакиптин айтканын жалган деп айтууга болобу? Мүмкүн чындап эле анын аты 
бир түндѳ Мавр шаарынан Нишапурга жеткендир. Сен кандай деп ойлойсуң? 
8. Сакиптин ѳз абийири үчүн талашканы туурабы? Бул окуядан абийирдүү адам 
кандай болушу жѳнүндѳ тыянак чыгара аласыңбы? 
Хадис 
Жамандыктан кайтаруу ыймандыктын белгиси. 
«Араңардан кимдир бирѳѳ күнѳѳлүү ишти кѳрсѳ аны колу менен токтотсун, эгер 
ал колунан келбесе тили менен токтотсун, ал да колунан келбесе анда ал жүрѳгү 
(ниети, дили) менен жек кѳрсүн, бирок, бул үчүнчүсү ыймандын (ишенүүнүн) эң 
алсыз даражасы (белгиси)». 
(Муслимден) 
Залкар ойлор 
Абийирин сактай албаган адамдардан алыс бол... 
Э.Делакруа 
Абийирин саткан байыбайт. 
Л.Вавенарг 
Адамдын абийирдүүлүгү менен абийирсиздиги жеке гана анын ишинен 
билинбестен, анын үмүтүнѳн да билинет. 
Демокрит 
Эр жигиттин эң күчтүү куралы, анын абийирдүүлүгү. 
Элден 
Абийир - миң күбѳгѳ татыйт. 
Квант 


66 
Абийири кеткен адамдын,
Айыбы бир күн ачылат.
Жаап алган менен жаагын бек,
Жалдыр кѳз кантип жашырат. 
Г.Фильдинг 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет